Аракетке жараша – берекет…

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку аттестациялык комиссия аспирант-изденүүчүлөргө мамлекеттик тил боюнча кандидаттык экзамен тапшыруунун жобосун жана типтүү программасын иштеп чыгып, ал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилди. Ушул жылдан тартып бардык аспирант-изденүүчүлөр милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден кандидаттык экзамен тапшырышат.

Республикалык «Сен сүйгөн кыргыз макалы» эссе сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынактын жалпы республикалык туруна 125 иш келип түшкөн. Анын ичинен жогорку окуу жайлардан – 41, мектептерден жана кесиптик окуу жайларынан – 84 эссе.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирдикте Туяк ырчынын 160 жылдык маарекесин өткөрдү. Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Социалдык-педагогикалык институтунда ырчынын маарекесине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ал эми салтанаттуу маареке Кадамжай районунун Пум айылында өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №286 Жарлыгына ылайык «Менин энем» республикалык сынагы өткөрүлдү. Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жаш калемгерлерди колдоо жана аларга дем берүү, энелерди даңктоо максатында уюштурулган сынакка республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлерге катышууга мүмкүндүк берилген. Сынакка келип түшкөн 76 автордун чыгармасынын арасынан 58 чыгарма  тандалып алынды.

Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын туңгуч энциклопедиячыларынын бири Закон Бейшеевдин 80 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана өркүндөтүү багыттары” деген аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Андан тышкары, юбилярдын туулган күнүнө карата Бишкек шаарында китеп жарманкеси уюштурулган.

z_beysheev

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган республикалык көркөм окуу сынагын жыйынтыктады. Бишкек шаарындагы жогору жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын ичинен тандалып алынган 28 катышуучу республикалык көркөм окуу сынагында таймашты. Сынактын жыйынтыгында баш байгени Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти Ажыбек Турумбеков алды. Ал эми 1-орунга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Гундуз Юсуф, 2-орунга Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенти Жанара Кайрат кызы, 3-орунга болсо К.Карасаев атындагы БГУнун студенти Гүлжан Камчыева татыды.

bgu

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, Юстиция министрлигине, Социалдык фондуна, Коргоо комитетине мамлекеттик тилдин абалы менен таанышуу жана практикалык жардам көрсөтүү максатында текшерүү жүргүздү. Адистерге иш кагаздарын жүргүзүү жана орфография ченемдерин сактоо боюнча бир катар сунуштар берилди.

Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош областында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилде иш жүргүзүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингге катышкан 190 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 50 пайызы башка улуттун өкүлдөрү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын башкармалыгынын “Көп түрдүүлүктөгү бирдейлик” аттуу долбоорунун алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден турган 36 топко 72 сааттык курс акысыз окутулду. 540 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер А1, А2, В1, В2 деңгээлдеринде кыргыз тили курсунан өтүп, тастыктамаларды алышты.

Мындан тышкары, мекемелерден келип түшкөн өтүнмөлөргө, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына” ылайык Бишкек шаарында окуу, семинар-тренингдер жүргүзүлүп, 80ден ашык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер окуудан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жарыяланган мамлекеттик тапшырыктын негизинде жарыяланган тендерге катышуу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору окутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык жер-жерлерде 250дөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 72 сааттык окутуудан өтүп, тастыктама алышты.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Г.К. Кудайбердиеванын 2016-жылдын 4-октябрындагы №21/61 Протоколдук тапшырмасынын негизинде мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээлдеринин тизмегин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээлдеринин тизмегин иштеп чыгат.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын  24, 26, 27, 28, 29-беренелерин тийиштүү кызматтарга туура түшүндүрүү боюнча үзгүлтүксүз иштер жүрүүдө. Көчөлөрдөгү мыйзамсыз жарнамаларды текшерүү боюнча 10дон ашык рейд жүргүзүлгөн жана тиешелүү органдарга чара көрүү боюнча сунуштар берилген. Мыйзамга туура келбеген жана мыйзамсыз илинген жарнак такталары боюнча альбом даярдалып, mamtil.kg сайтына жайгаштырылды. Натыйжада, ар бир жарнама агенттигинин такталарынын саны такталды (жалпы 712) жана аларды кыргызчалатуу маселеси көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы ишканалардын тизмеси алынып, алардын продукциясынын этикеткасын мыйзамга ылайыктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Быйылкы жылдын кубанычтуу жаңылыктарынын бири – Кыргыз Өкмөтүнүн алдында Терминологиялык комиссиянын түзүлүшү. Аталган комиссия расмий документтерде колдонулган терминдерди бирдейлештирүү максатында уюштурулду. Терминком ар кайсы тармактан чогулган 11 адистен куралып, өзүнүн 3 жолку жыйынын өткөрүп, терминдерди талкуулоо, китептерди басып чыгаруу иштери жүрүп жатат.

Кыргыз жана чет тилдери боюнча компьютердик котормочу программалары, акысыз компьютердик тексттери жана окутуу программалары бар улуттук Интернет ресурстарын өркүндөтүү үчүн Кыргыз тили Google Translate кызматына киргизилди. Муну менен автоматтык түрдө жасалма интеллекттин жардамы менен дүйнөлүк 106 тилден кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Кыргыз Уикипедиясына башка (англис, орус, түрк, казак) тилдерден миңдеген макалаларды келечекте автоматтык которуп киргизүүгө жол түзүүчү куралдарды өздөштүрүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Ошондой эле азыркы мезгилде, Кыргыз Уикипедиясы жаңы макалалар менен толукталып, алардын жалпы саны 60 миңден ашты.

Кыргыз тилин жеңил үйрөнүү жана которуу максатында 35 500 сөздөн турган кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүктөрү жана тармактык сөздүктөрдүн электрондук версиясы даярдалып, mamtil.kg сайтына жайгаштырылды. Андан тышкары, СD дисктерге жаздырылып мамлекеттик мекеме-уюмдарга таркатылды.

Мындан сырткары ушул эле келишимге ылайык кыргыз тилин чет элдиктердин, анын ичинде түрк, англис, орус тилдүүлөрдүн жеңил үйрөнүүсүнө багытталган жана интерактивдүү сүйлөшмө катары пайдаланылуучу IOS жана ANDROID базалары боюнча мобилдик жабдуулар үчүн тиркеме иштелип чыкты.

Ушул жылы Улуттук программанын, Концепциянын  негизинде жана Тарых жана маданият жылына карата дүйнө сериясы, адабият сериясы, окуу-усулдук китептер, балдар үчүн адабий колдонмолор, бардыгы болуп 87 аталыштагы китеп басмадан чыгып, республикадагы мекеме-уюмдарга жана билим берүү мекемелерине акысыз таратылып жатат.

Аида Ишеналиева,
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.