Сөз тыңшаганды “жансыз” дейт
“Ирет” деген сөз “катар” деген маанини билдирет.
“Өлкөдө тартип болсо башкаруу да ирети менен жүрөт” дейт.
“Ирети жок сүйлөбөгүлөчү?” дейт. Тушкелди сүйлөбөгүлөчү дегенди билдирет.
“Ирети келген жок, ирети келгенде айтайын” дейт. Ыгы келген жок, сааты келбеди, маалы келбеди, убагы келген жок… убагы келгенде айтайын дегени.
“Ишибиз иретсиз башталды” десе, “Ишибиз башаламан башталды” дегенди түшүндүрөт.
“Чачы-башыңды иреттеп алып чыксаңчы?” десе, “чачы-башы” деп түз маанисинде түшүнбөш керек. “Чачы-башыңды” дегени, жакшы кийинип, бою-башыңды жасалгалап алып көчөгө чыксаңчы деген маанини түшүндүрөт.
“Ирети жок киши экен” десе, башаламан жүргөн киши экен дегенди билдирет.
* * *
Эми “жансыз” деген сөзгө келели. “Жансыз” деген “жаны жок” дегенди түшүндүргөн сөз.
Бирок баарыбыз эле араб тилинен кирген дагы бир “жансыз” деген, бирок азыр унутулуп калган сөздүн маанисин биле бербейбиз. Көрсө бул “жансыз” деген сөз илгери “сөз ташыгыч”, “сөз тыңшагыч” же орусча түшүнүк менен айтсак “шпион” дегенди билдирген сөз экен.
Мисалы: “Ар күнү жансыз жиберип, Манастын жайын чалайын” деген саптар бар эпосто. Бул деген “Ар күнү чалгын жиберип, Манастын жолун чалайын” дегенди билдирет.
Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 27.01.2017-ж.