“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды

Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат.

“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде “Манас” кинотеатрында болот.

Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — “Борбор Азиядагы мыкты актер” жана “Борбор Азиядагы мыкты актриса” кошулган.

“Мыкты тасма” номинациясы үчүн “Асман алдында”, “Биртууганчик” жана “Сүтак” фильмдери ат салышмай болду.

Номинациялардын тизмеси:

  • “Мыкты тасма”
  • “Мыкты режиссер”
  • “Мыкты сценарий”
  • “Мыкты оператор”
  • “Мыкты художник”
  • “Мыкты композитор”
  • “Мыкты үн режиссеру”
  • “Мыкты монтаж”
  • “Эркектин мыкты ролу”
  • “Аялдын мыкты ролу”
  • “Мыкты даректүү тасма”
  • “Мыкты кыска метраждуу тасма”
  • “Көрүүчүлөр тандаган мыкты тасма”
  • “Улуттук кинематографиянын өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн”
  • “Борбор Азиянын мыкты тасмасы”
  • “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн”
  • “Борбор Азиядагы мыкты актер”
  • “Борбор Азиядагы мыкты актриса”

«Sputnik-Кыргызстан», 25.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.