Султанов: Евтушенко менен бир дүйнө кошо кетти
Орусиялык жана советтик белгилүү акын Евгений Евтушенко 1-апрелде 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Кыргыз эл акыны, коомдук ишмер Омор Султанов Евгений Евтушенкону эскерип, “Азаттык” үналгысына маек курду.
Омор Султанов: Евгений Александрович алтымышынчы жылдардагы абдан белгилүү, жылдызы жанган акын болгон. Ошол мезгилдеги поэзиянын бирден бир көрүнүктүү өкүлү эле. Ага катарлаш Вознесенский, Ахмадулина, Украианадан Лина Костенко бар эле. Буларга Булат Окуджава да кирчү. Анан алардын катарына Москвадагы адабият институтунда окуган кыргызстандык Рамис Рыскулов менен мен да кирип калдым. Баарыбыз чогуу ыр окуганы Москвадагы адабият үйлөрүнө, окуу жайларга, адабий кечелерге барчубуз.
“Азаттык”: Омор агай, көзмө-көз кездешкен, адабий кызматташкан учурларыңыз эсиңиздеби?
Омор Султанов: Бир ирет “Чарчоонун жүзүнчү ыры” деген китебимди жаздым. Анан Москвага барып, ага кезигип калып: “Женя, мына ушундай китеп жаздым. Орусчага которбойсуңбу?” – деп айтып калдым. Аны угары менен Евтушенко аябай таң калып: “Эмнеге бул ат менин башыма келген эмес? Анткени мен да абдан чарчаган акынмын. Китебиң мыкты. Бирок азыр Циолковскийдин өмүрүн тасмага тартып, ошого сценарий жазып, башкы ролун ойноп жаттым эле. Кийинки китептериңе сөзсүз кол кабыш кылайын”, – деп калды. Андан кийин деле далай кезигишип жүрдүк.
Евтушенконун Переделкино деген жерде дачасы бар. Анын биринчи аялы Белла Ахмадулина деген белгилүү акын эле. Белла менен мен да аябай жакшы тааныш болуп, бирге ыр окуп, эл алдына да чогуу чыгып жүрдүк. Грузияда, Пермде бирге болдук дегендей. Ошондо Ахмадулинадан тамашалап: “Силер кандайча үйлөнүп калдыңар? Евтушенко деген киши эмес да. Андай күйөө сага ылайык эмес эле”, – деп сурап калдым. Анан ал чогуу окушканын, жаштык, сүйүү алардын жолун кошконун айтып, мага эч жерде жарыялана элек ырларынын кол жазмасын берген эле.
“Азаттык”: Евтушенконун ошол доорго, бийликке мамилеси кандай болду эле?
Омор Султанов: Евтушенкону чынын айтканда, акын катары эмес, эстрада акыны же эстрадник катары кабылдашып, бийлик куугунтукка алган. Алтымышынчы жылдардагы поэзияда чоң орду бар дебедимби. Оппозицияда эле да. Хрущев Вознесенский менен Евтушенконун өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган да. Алар менен чогуу жүргөнүм мага абдан эле пайдалуу болду.
“Азаттык”: Акыркы ирет качан жолуктуңуз эле?
Омор Султанов: Беш-он жыл мурда Алматы шаарында кезиккенбиз. Андан мурдагы бир кызыктуу окуясы азыр эсиме түшүп жатат. Советтик учурда ал Алматыга бир адабий конференцияга келген экен. Ошол кездеги аялы британиялык эле. Анан мага Евтушенко: “Кыргызстандын кызгалдактарын бир ирет көрдүм эле. Кыпкызыл болуп талаа, түзгө укмуш көрк берет. Ушул англис аялыма бир көрсөтсөм болобу?” – деп калды. Бирок ал кезде мындай маселелер борбордук бийлик тарабынан чечилчү да. Дисидент акын болуп, оппозицияда жүргөнү жеке эле бизге эмес, элдин баарына маалым болчу. Ал учурдагы Кыргызстан Борбордук компартиясынын башында Турдакун Усубалиев турган. Бийликке кирип, акындын өтүнүчүн айтсам, Москвадан коркуп болбой коюшту. Ошентип Евтушенко аялына кызгалдактарды көрсөтө алган жок. Кийин кышында жолугуп калдык. Кышында Ала-Тоодо кызгалдак өспөйт деп тамашалаганым эсимде.
“Азаттык”: Евтушенко деген дегеле сиз үчүн ким?
Омор Султанов: Албетте, Евгений Евтушенконун өлүмү менен бир дүйнө кошо кетти. Ал абдан чоң эрудит эле. Жайбаракат жүргөндү жактырчу эмес. Адамдык натурасы күчтүү киши болчу.
Бактыгүл Чыныбаева, “Азаттык”, 02.04.2017-ж.