Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Унаа жана жол министрлиги

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Унаа жана жол министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүдөгү мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып чыгуу жана жардам көрсөтүү максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталды: министрликте иш кагаздары мамлекеттик тилде жана расмий тилде жүргүзүлөт. Борбордук аппараттын иши, т.а.  жалпы бөлүмдүн жана кадрлар бөлүмүнүн иш кагаздары: буйруктар, коллегиянын протоколдору, отчёттор, иш пландар, чыгыш каттар, токтомдор мамлекеттик жана расмий  тилде, эмгек өргүүсү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Сырткы ички көрнөк-жарнактар, кабинеттердин аталыштары эки тилде жазылган. Сырттан келген каттарга жооптор кайрылуу тилине карата жазылат: мамлекеттик тилде жазылган каттарга кыргыз тилинде жана расмий тилде жазылган каттарга орус тилинде жооп берилет.

Министрге жазылган кызматтык каттар кыргыз тилинде жазылганы менен жетекчинин резолюциясы орусча, министрдин орун басарларына, статс-катчыга жана башкармалыктын башчыларына жазылган кызматтык каттардын дээрлик басымдуусу орус тилинде. Буйрутмаларга тиркелген көрсөтмөлөр, сунуштар, түшүндүрмөлөр расмий тилде.

“Кыргыз Республикасында 2014–2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июлундагы № 119 Жарлыгын ишке ашыруу максатында мамлекеттик тилди өркүндөтүү, аны ишке ашыруу жана иш  кагаздарын этап менен мамлекеттик тилге өткөрүү иш-чараларынын планы Министрликтин коллегиясында каралып, бекитилген эмес.

2016-жылы Унаа жана жол министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы саны 29137 бирдикти түзгөн.  Анын ичинде документтердин түрлөрү боюнча абал төмөнкүдөй:

Кириш документтер 18 557 (мамлекеттик тилде – 1 798; расмий тилде – 16 759). Чыгыш документтер – 10 580 (мамлекеттик тилде – 178; расмий тилде – 10 402). Өздүк чечимдер – 1 199 (мамлекеттик тилде – 520; расмий тилде – 679). Ички документтер (кызматтык каттар) – 989 (мамлекеттик тилде – 380, расмий тилде – 609).

Булардын ичинен: Президент Аппаратынан – 281 (мамлекеттик тилде – 8; расмий тилде – 273). Өкмөт Аппаратынан – 3 926 (мамлекеттик тилде – 393; расмий тилде – 3 533). Жогорку Кеңештен – 594 (мамлекеттик тилде – 221; расмий тилде – 373). Ченемдик-укуктук актылар – 446 (мамлекеттик тилде – 24; расмий тилде – 422). Министрликтер менен ведомстволордон – 5 932 (мамлекеттик тилде – 808;  расмий тилде5 124).

Унаа жана жол министрлигинде 2017-жылдын 1-январынан 30-мартына чейинки иш кагаздарынын жүгүртүлүшү  менен таанышканыбызда абал төмөнкүдөй болуп чыкты.

Бардык иш кагаздары – 6 166, анын ичинде:  Кириш документтер 2 919 (мамлекеттик тилде – 466; расмий тилде – 2 453). Чыгыш документтер (жооптор келген каттын тилине жараша) – 2 386 (мамлекеттик тилде – 32; расмий тилде – 2 354). Ички документтер – 187 (мамлекеттик тилде – 37; расмий тилде – 150). Булардын ичинен: Президент Аппаратынан – 52 (мамлекеттик тилде – 1; расмий тилде – 51). Өкмөт Аппаратынан – 706 (мамлекеттик тилде – 79; расмий тилде – 627). Жогорку Кеңештен – 112 (мамлекеттик тилде – 58; расмий тилде – 54). Ченемдик-укуктук актылар – 124 (мамлекеттик тилде 12; расмий тилде – 112). Министрликтер менен ведомстволордон – 954 (мамлекеттик тилде – 49;  расмий тилде905).  

2017-жылдын 3 айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан  келип түшкөн 52 документтин 1өөсү гана мамлекеттик тилде болсо, Өкмөт Аппаратынан келген 706 документтин ичинен 627 документ расмий тилде келген.

Жогоруда көрүнүп тургандай, жогорку бийлик бутактарынын мамлекеттик тилге болгон мындай мамилеси кечиктирилбестен  иштиктүү колго алынбаса, эне тилдин абалынын жакынкы мезгилде өзгөрүшү күмөн жаратат.

Министрлик тарабынан 2016-жылы 1 199  өздүк чечим кабыл алынса, анын 520сы гана мамлекеттик тилде, калган 679 иш кагазы расмий тилде жүргүзүлгөн. Ал эми 2017-жылдын 1-январынан 30-мартына чейин 187 ички документ ишке киргизилип, анын 37и гана мамлекеттик тилде болсо, калган 150 документ расмий тилде жүргүзүлгөн. Сырттан келген каттардын абалы жогоруда көрсөтүлдү. Ага Министрликтин күнөөсү жок, кат кайсы тилде келсе, жооп ошол тилде болот. Бирок Министрликтин өзүнүн чечимдери менен ички документтеринин, жогоруда көрсөтүлгөндөй, 70-80 пайызынын расмий тилде жүргүзүлүп, мамлекеттик тилде жүргүзүлбөгөндүгү кейиштүү көрүнүш.

Мындан тышкары Комиссия Министрликке баш ийген  Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жана Жол чарба департаментинин иштери менен да жеринде таанышып чыкты. Буларда чогулуштар, протоколдор эки тилде жүрүп, калган иш кагаздары негизинен расмий тилде жүргүзүлөт.  Тышкы ички көрнөк-жарнактар кабинеттердин аталыштары эки тилде жазылган.

Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинде 2016-жылы иш кагаздарынын саны 1740 бирдикти түзсө, анын 1618и расмий тилде жүргүзүлүп, 122си гана мамлекеттик тилде ишке ашкан. Ал эми 2017-жылдын 3 айындагы иш кагаздарынын саны 552  болсо, анын 505и расмий тилде болуп, болгону 47 документ гана мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн. Мында көрүнүп тургандай, Департаментте негизинен кыргыз тилдүү кызматкерлер эмгектенерине карабай, иш кагаздарынын дээрлик 95 пайызы расмий тилде ишке ашырылган. Ушундан эле Министрликтеги мамлекеттик тилдин абалынын деңгээлин билсек болот.

Жол чарба департаментинде мамлекеттик тилдин абалы салыштырмалуу дурус. 2016-жылы бул мекемеде иш кагаздарынын жалпы саны 4 755 бирдикти түзгөн. Мунун ичинен 2 287 документ мамлекеттик тилде болсо, 2 468и расмий тилде. 2017-жылдын үч айындагы иш кагаздарынын саны 1 268 болсо, мунун 608и мамлекеттик тилде, 660ы расмий тилде болгон.

Мамлекеттик тилдин мындай жагдайы  Унаа жана жол министрлигинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин толук кандуу иштебей жаткандыгынан кабар берип тургансыйт. Андыктан Министрлик бул маселеде чечкиндүү кадамдарга барып, мамлекеттик тилдин абалын жакшы нукка буруусу абзел. Антпесе, мамлекеттик тилдин жагдайы бир ордунда жылбастан кала берет.

Негизинен Унаа жана жол министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын ишке ашырууда жетекчилик тарабынан демилгелер бар. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн цифраларга таянсак, иш тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканы көрүнүп турат.

Комиссия мүчөлөрү: Т.Осмоналиев, А.Супатаева, Н.Асанбекова, К.Токтошов,
«Кыргыз тили», 25.04.2017-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Унаа жана жол министрлиги

  • 07.05.2017 at 22:52
    Permalink

    Саламатсыздарбы.Тил көйгөйү-менин көйгөйүм деп билем.Канчалык аракет кылган менен мамлекеттик тилди одоно бузгандар эч качан мыйзам жообуна тартылган жок.ушул кунго чейин жарандык күбөлүктөрду алууда,балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлуктөрдөгү жарандардын аттары,туулган жерлери -оркойгон кталар менен жазылууда. илгери кандай жазылса ошондой жазабыз дешет. Өмүрбек-өмүрбк,Джумалы,Джениш,Беш-Курюк-Бешкөрүк,же=Төлөк-Тюлек айылдары,москва районундагы 12 айыл өкмөттүн 8 айылы орус тилинде аталат,ал эмес айыл ичиндеги көчөлор да расмий тилде. Райондун борбору Беловодск айылында 7-8 бала бакчанын ичинен бирөө гана кыргыз тилинде,мектептер дагы ,көчөлөр- Пушкин,Гагарин,Ломоносов,ж.б.Сыйданоав атындагы бир кыргыз мектеп калгандары степаненко,мирошниченко,Черняховка ж.б. аталышта.Райондогу кемчиликтерди айтайын десем Жогорку кеңештеби же шаардык кеңештеби 7-апрелге карата илинген жарнама “7 апрел Кыргызстандын кайра жаралуу күнү” Жети деген сандан кийин -тире коюлуп жазылышы керек эле. Бул оркойгон кемчиликтерди жоюуга кимдин күчү жетет,билбейм. нотариустарда иш кагаздары кыргыздарга кыргызча жазылса болбойт,банктардагы кардаларга насыя берүү келишимдери расмий тилде которууга да болбойт.Казакстандын Президенти айткандай-казак тилинин душманы -казак тилин билбегендер,барктабагандар деп казак тилин биринчи орунга коюп жатат.Биздегилерди кыргыз тилинин душмандары кыргыз тилине кайдыгер карагандар деп айтсак болобуМына ушул маселелер боюнча 2015-жылы Жогорку Кеңеште -мамлекеттик тил көйгөйлөрү боюнча кайрылуу жасап,районубуздагы расмий тилде аталган айылдардын аттарын которуу жөнүндо кайрылуу кылгам.Көрсө жүз жыл бою орусча аталган айылдарды кыргыз тилине которууга акыбыз жок экенин билбептирмин. Демек ,Москва району,Беловодск,Петровка,Предтеченка,Спартак,Сретенка,Александровка,Целинный,Первомайский- айылдары эч качан өзгөрүүгө болбойт экен. Кыргыз айылында,кыргыз жеринде төрөлгөм дегендин ордуна ,келечек муундарыбыз орусча аталага айылда т,бирок кыргыз жеринде төрөлгөм деп дагы бир нече кылымдар жашайт экен.министрликтен келген каттар бир-серин гана кыргыз тилинде келбесе бардыгы расмий тилде.Демек айтайын дегеним,Мамлекеттик тил мыйзамы күчүнө кире албай жатат.канчалык текшерилген менен жоопко тартылбаган жетекчилер,300 кыргыздын арасында олтурган башка улуттун үч өкүлу үчун орус тилинде сүйлөп жыйналыш өткөргөн жетекчилерге эмне деп айтып,кандай чара колдонобуз.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.