Дооронбек Садырбаевдин адабий мурасы
Айтылуу кинорежиссёр, акын жана прозачы, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин чыгармаларынын “Даанышман” аттуу беш томдугу жарык көрдү. Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду чыгарган томдуктардын бет ачары ушул жылдын 13-февралында саат он бирде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт.
“Даанышман” китебин чыгарган Садырбаев атындагы кайрымдуулук фондунун башчысы Кубанычбек Садырбаев менен маектештик.
“Азаттык”: Кубанычбек мырза, Дооронбек аганын артында калган адабий-маданий мурасын беш томдукка топтоп, элге сунуш кылып жатыпсыз.
Садырбаев: Дооронбек агамдын кол жазмалары, кылган иштери унутта калбасын деген ниет менен беш томдукка “Даанышман” деген ат коюп чыгардык.
Бул томдуктарга Алыкул Осмонов тууралуу романы, эки томдугуна парламенттик ишмердиги, сүйлөгөн сөздөрү кирди, андан кийин мурда чыкпай кол жазма бойдон калган аңгемелерин, ырларын топтодук. Буга чейин “Жалгыздын жары Кудай” деген китеби чыккан. Баары беш том болду, бет ачарын 13-февралда, туулган күнүндө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөргөнү жатабыз.
“Азаттык”: Дооронбек ага ар тараптуу талант эле. Кинодо роль жаратып, өзү да кино тартчу. 1970-жылдары анын аңгемелери басма сөзгө көп чыгып, элге таанылган. Дегеним, жыйнакка бардык чыгармалары кирдиби?
Садырбаев: Негизинен топтолду. Бирок мурда бизге айтып жүргөн айрым кол жазмалары бар экен. Топчубек Тургуналиевди Каракол түрмөсүнөн бошотуп алган “история делается нами” деген сөзү бар эле. Ошол чыкпай калды. “Прости, мой брат кыргыз” деген дагы бир сөзү бар. Феликс Кулов камалганда жазган. Бул да кирбей калды. Аларды кийин өзүнчө чыгарам.
Дооронбек Садырбаев атындагы кайрымдуулук фондун түзгөм, аны өзүм жетектейм. Бул иштердин баарын ошол фонд аркылуу жасап жатабыз. Ушул жерден айта кетишим керек. Китепти чыгарам деп кайрылганымда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 250 миң сом, депутат, мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин эсебинен 200 миң сом акча берди.
Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган кезинде 100 миң, вице-премьер Тайырбек Сарпашев 100 миң, ыраматылык Табылды Эгембердиев 100 миң сом берген. Мына ушинтип акча чогултуп, ага китептерди чыгарып, агамдын эмгектерин түбөлүккө калтыргыбыз келип турат.
Дооронбек агамдын бул эмгектерин мен чыгарбаганда ким эстейт эле? Булардан тышкары жыл сайын фонддун атынан жардамга муктаждарга, бей-бечараларга ун таратам. Китептин сатылышынан түшкөн акчага жылына бир берилчү Дооронбек Садырбаев атындагы сыйлыкты уюштурсакпы деп жатабыз.
Сыйлык 100 миң сомдун тегерегинде, ал кино тармагынабы же акын-жазуучуларга берилеби – аны Байкоочу кеңеш менен макулдашып чечебиз.
“Азаттык”: Дооронбек Садырбаевдин жоктугу азыр аябай билинип турат. Кашкайган чындыкты тартынбай бетке айткан, акыйкатты туу туткан, ага өзүнүн башын сайган чыныгы мекенчил, патриот, сөз чечени, кайталангыс акын, жазуучу, киночу эле. Ушундай үлкөн таланттын жаралышына кандай шарт-жагдайлар себеп болгон?
Садырбаев: Биздин чоң ата, чоң энелерибиз, өтө таланттуу, колунда бар адамдар болгон. Ал эми атам 44 жашында эле өтүп кетиптир. Ал комузду мыкты черткен адам болгонун айтышат. Мен атамды билбей калдым, ал каза болгондо сегиз айлык бала экем. Атам тамашакөй, Бухарадагы эски мектепти бүткөн дин адамы болуптур. Ошондон улам эл аны Садырбай кары дешчү экен.
Атам балдарынын жетилип, Дооронбектин депутат, Кыргыз эл баатыры болгонун, карындашы Гүласал депутат болуп, жооптуу майданда эмгектенгенин, менин чоңойгонумду көрбөй калды. Ушуга арман кылам. Атам менин түшүмө кирбейт, Дооронбек кирет.
Апам ыраматылык: “Балдарым, атаңар эрте кетти. Анын атын булгабагыла. “Баланчанын балдары жаман чыкты” деп айтышат. Андан көрө окугула” деп көп айтчу эле.
Дооронбек байкемдин колуна мен 10-классты бүткөндөн кийин келгем. Анда жаш баламын, ойнойм, күлөм, бир жактарга барам, уктайм. Кайсы маалда турбайын уктоочу бөлмөсүндө каламы колунан түшпөй отурганын көрчүмүн. Ак мээнет менен ушул даражага жетти. Өз киндигин өзү кести, бирөөлөр жардам берген жок.
Агам тилге келбес нерселерди келиштирип жазып койчу. Бардык маселени так сыпаттап, келиштирип айтып, жазганга келгенде алдына киши салчу эмес. Чукугандай сөз тапкан чечен эле. Мына шайлоодо көрдүк, каршылаштары аны жамандап, эмнелерди гана айтпады. Биз “Эй, Дооронбек аке, бирдеме дебейсизби” десек, унчукпай бирок убагы келгенде келиштире айтчу эле.
“Азаттык”: Мен байкагандан Дооронбек ага архивине аябай этият мамиле кылчу эле. Алардын баары сакталып турабы? Китеп болуп чыккандан кийин алар Кол жазмалар фондуна өткөрүлөбү же өзүнүн фондунда сакталып тура береби?
Садырбаев: Агамдын өзүнүн китепканасы бар. Кол жазмалары – баары ошол жерде сакталуу. Ал эми кол жазмаларын көрөбүз, жеңем менен макулдашып анан чечебиз. Агамдын окуган ырларын “Алтын фондго” жаздырдым. Радионун архивине берип, өзүбүзгө бир нускасын алып койдук. Анын бардык үн архивин жаздырып, сактап койдук. “Алтын дискке” жаздырдык. Учурдан пайдаланып элге кайрылып коёюн:
Урматтуу замандаштар! 13-февралда, Дооронбек Садырбаевдин туулган күнүндө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада саат он бирде “Дооронбек Садырбаев. Даанышман” аттуу китептин бет ачары болот. Дооронбекти сыйлагандар, кадырлагандар ушул иш-чарага келип кетиңиздер!
Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. “Кайран эл” саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору. Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон.
Бекташ Шамшиев, «Азаттык», 10.02.2018-ж.