Кубатбек Жусубалиев

1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында туулган.

1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп,

1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон.

Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган.

1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон.

1964-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери,

1965–1985-жж. «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталып, биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген ат менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.

1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

Күн автопортретин тартып бүтө элек: Повесть, аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1967. – 110 б.

Толубай сынчы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981.– 184 б.

Муздак дубалдар: Романдар жана повесть.– Б.: Адабият, 1990. – 432 б.

Жети сөз жана Конфуций: Көркөм чыгармалар.– Б.: Учкун, 2003. – 488 б.

Уикипедиядан алынды

 

К.Жусубалиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Күн автопортретин тартып бүтө элек»

Соболо

Кердегейден кептеркана: Кубатбек Жусубалиев «тойдум ушул цивилизацияңа» деди (1)

Кердегейден кептеркана: Кубатбек Жусубалиев «тойдум ушул цивилизацияңа» деди (2)

Кубатбек Жусубалиев: «Жалгыздык макоолорду эле тажатат»

Кубатбек Жусубалиев: «Өмүргө келгенден кийин өлүм жок»

Кубатбек Жусубалиев: «Жүрөктүн ичинде улуу сыр катылган»

Кубатбек Жусубалиев: «Дүйнөнү жек көрүү башкарып калды»

Чындыкты тапкан, телегейи тегиз Кубатбек Жусубалиев

Кытайга сапар

 

Чыгармалары

Улакчы (аңгеме)

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.