Калчоро Көкүловдүн ырларынан
* * *
Шарт ушул бири билбей, бири билип,
Шашылып бири чыкса, бири кирип.
Бул турмуш чамгарагын атып турду,
Бул дүйнө жүрүп турду чимирилип.
Бирибиз алыс кетип атагыбыз.
Бирибиз азга жетпей капалуубуз.
Ашууну болжоп атсак да бирибиз,
Агарды бирибиздин сакалыбыз.
Бирибиз арамдыка жоро болуп,
Бирибиз арсар ишке жолободук.
Бул жашоо бир жаңырып, бир эскирди,
Бир ушул дүйнө турду тоголонуп.
Аргымак атты миндик азанатып,
Аш бердик, той чакырдык казан асып.
Бирибиз арыш керсек оомат тилеп,
Бирибиз аксап турдук жаза басып.
Бирибиз, жолдо калдык тебеленип,
Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.
Бир гана аалам турду аласалып,
Бир гана дүйнө турду тегеренип…
* * *
Далайларды көргөн болдук көз менен,
Далайларды уккан болдук сөз менен.
Көөдөндөргө эрибеген муз тоңуп,
Көкүрөккө тактар түштү өчпөгөн.
Далай жолу далай ырды ырдадык,
Далайларга турдук далай кырданып.
Далай жерден далай ирет кулпуруп,
Далай жерден далай ишти булгадык.
Далай жүрдүк, далайлардан коргонуп
Далайлардан кепсен алдык жол болуп.
Алда нечен кайыр күтүп бөлөктөн,
Атаң көрү алтын башты кордодук.
Далай менен ынак болдук кылгырып,
Далайларды жүрдүк катып сыр кылып.
Канчалардын көңүлүнөн түнөк таап,
Канчалардын көңүлүнөн ыргыдык.
Далай жолу, далай жүрдүк жарыбай,
Далай жолу булут басты жарык ай.
Ким бирөөгө катып турсак таш болуп,
Ким бирөөгө керек болдук дарыдай.
Далай жолу сөз сүйлөндү илептүү,
Далай отко салып бердик жүрөктү.
Оомал-төкмөл ойну тура турмуштун,
Ошо менен өмүр өттү, күн өттү.
Далайлары далай жолу башкарды,
Далайлары далай жолу ташка алды.
Көөдөндөргө эрибеген муз тоңуп,
Көкүрөктө кетпей турган так калды…
* * *
Мен турмуштан издебедим жеңилди,
Отко салдым, сууга салдым өмүрдү.
Күйүп турдум алоо болуп жалбырттап,
Ийип турдум ийлегендей темирди.
Мен жашоодо мансап деле күтпөдүм,
Манчыркама маңызына түшпөдүм.
Чала бышып калбайын деп камектей,
Чаңызгытып чаң-топондо иштедим.
Жамандардын көрдүм канча азабын,
Жакшылардын бөлдүм канча назарын.
Жамандардын жазгырыгы жанды жеп,
Жакшылардын жарыгында жашадым.
Далай төнүп, кайра далай табылдым,
Акыл калчап артын туттум сабырдын.
Эчен ирет суудан чыктым тазарып,
Эчен ирет отко түшүп жаңырдым.
Аруулуктун азабынан качпадым,
Азгырылма арам ишке баспадым.
Жакшылыгын берип турду эне жер,
Жарык нурун төгүп турду асманым.
Мен турмуштан издебедим тегинди,
Издебедим сыйкылыкты, төгүндү.
Оттой аруу, суудай тунук болом деп,
Отко, сууга салып турдум өмүрдү…
* * *
Кысыр отту келип кээде тамгызгым.
Кышта туруп жытын эңсейм жалбыздын.
Бирок дагы бул турмуштун бири мен,
Бир жагында сен барыңдан – жалгызмын.
Ырыс-кутка толуп турат этегим,
Ызы-чуусу болуп турат көчөмүн.
Бирок дагы бир дүйнөнүн бири мен,
Бир жагында сен барыңдан – жекемин.
Канча күлдүм, канча жаркып кубандым,
Канча эсепти каалагандай чыгардым.
Өзөлөнүп эстей берчү өмүрдө,
Өктө-зарде сен барыңдан – сыңармын.
Ойлогондо ооруп турат жүрөгүм,
Очор-бачар толуп турат тилегим.
Бул жашоодо сенин нуруң азгырып,
Бул жашоодо сен барыңдан – бирөөмүн.
Канча бүрдөп, канча гүлдөп жалчыдым,
Канча күлүп, кабак ачып жаркыдым.
Бирок ушул тирүүлүктүн бири мен,
Бир жагында сен барыңдан – жалкымын.
Барга бардай, жокко жоктой түтүпмүн,
Барды бардай, жокту жоктой күтүпмүн.
Бул жалгандын зейнеби сен барыңда,
Бул жалгандын зардеби мен – күкүкмүн…
* * *
Коругансып бөлөк элдин үрөөнүн,
Короосунда күн көргөнсүп бирөөнүн.
Сырттан деген затым калып капкайда,
Сыздап жүрөт кыргыз бүткөн жүрөгүм.
Бөтөн элдин салган өңдүү токумун,
Бөтөн журттун алган өңдүү отунун.
Кың дей албай мендикердей күн көрөм,
Кыйрагандай кыргыз бүткөн кошунум.
Башкалардын күүгүмүндө, таңында,
Башкалардын толкунунда, шарында.
Кыйын кыстоо күндө калып буулугам,
Кыргыз деген кыян жүрүп канымда.
Бар мүдөөмдү басып алып ичиме,
Бапа болчу байым таппай кичине.
Башкалардын сурагында жүргөнсүйм,
Баягы бир кыргыз кирип түшүмө.
Ээсиз, башсыз эл болдук го бечел бир,
Элди бузган балдар чыкты эчен бир.
Эркинмин деп илебине нан бышкан,
Энөө кыргыз, эндей кыргыз эсен жүр.
Ким бирөөнүн чапкан өңдүү арыгын,
Ким бирөөнүн тарткан өңдүү чалымын.
Сырттан деген арым кычап бул күндө,
Сыздап турат кыргыз бүткөн тамырым…
ЖОЛ
Кашкайып күлөт чындык,
Кашкайып жатат жолдор алдыңарда.
Үмүтүң көөдөнүңдө,
Тагдырың канжыгада…
“Оң жакка кеткендердин өлөт аты,
Сол жакка кеткендердин өлөт өзү,
Түз кеткен таалай табат”.
Деп энем жомок айтып берээр эле.
Түз кеттим таалай издеп,
Түшпөдүм оң жагына, сол жагына.
Ишендим балалыктын жомогуна,
Ишендим апам айткан жол барына.
“Сапарда дулдул арыйт,
Сапарда карыйт жапжаш дубаналар”
Эзелтен келе жаткан дүң жомоктор,
Эзелтен келе жаткан уламалар…
Кашкайып жатат жолдор даңгыраган,
Чындыктын мөөрү болуп алдыңарда.
Максатың көкүрөктө,
Шыбагаң канжыгада.
-Жолоочум бакыт тилейм ак жолуңа,
Оомийин, таалай тапкын сапарыңан.
Ак бата агып түшөт,
Акпейил карыянын сакалынан.
Ак бата, аппак сакал,
Аргымак туягында эленет жол.
Ак тилек, аппак сапар,
Ааламда мындан өткөн керемет жок.
Жолдосуң өмүр боюу,
Орундайт оюңдагы бир тилегиң.
Жолдосуң өмүр боюу,
Жолоочум илкибегин.
Кан жолдор, өрүм жолдор,
Кан жолдор өмүр жолдор.
Бир ууртам ичээр сууң бар,
Жолуңду иңир чалды.
Бир айтчу керээзиң бар,
Бир кочуш күнүң калды.
Оо дүйнө опасызсың!
Ойлонот кары болжоп,
Мүрзөгө кетчү жол бар,
Мүрзөдөн ары жол жок…
Кашкайып күлөт чындык,
Кашкайып жатат жолдор алдыңарда.
Тилегиң көмөкөйдө,
Өмүрүң канжыгада…
* * *
Аты жок ырлар,
Атасы жок балдардай кашкөйлөнүп.
Бой уруп жаңылыкка,
Болбосо жашка айланып,
Чакырып адамзатты адалдыкка,
Көңүлдүн тереңине кирип барат.
Көнмүшкө улам, улам сиңип барат.
Киндигин өзү кесип,
Ураанын айтып өзү.
Куду эле жетимдердей делделектеп,
Калкымын кулумун-деп.
Калпты калп, чынды чын деп турумун-деп.
Ыйманын айтып өзү,
Эң айкөл сезип өзүн.
Айкырып адалдыктын уюгунан,
Кыйкырып кыйындыктын кыйырынан.
Уйкашка бирде кирсе, бирде кирбей.
Уятты бирде билсе, бирде билбей.
Жосунсуз жорук баштап бирде туруп.
Бир туруп албууттанып, бирде тынып.
Аты жок ырлар,
Атасы жок балдардай чыйрак басып.
Бирде күлүп, а бирде ыйлакташып.
Бирөөгө жанын жеген жалган болуп,
Бирөөгө түгөнбөгөн арман болуп.
Турмуштун тузуна бир ачуурканбай,
Жазмыштын жаргагына эч арданбай.
Дикилдеп жанын үрөйт.
Аты жок ырлар,
Атасы жок балдардай…
* * *
Булуму да, туруму да кештелүү,
Бул дүйнөнүн жок дейсиңби эч кеми.
Атаганат айтып айтпай не пайда,
Ал эле эмес аяк-башы тескери.
Чырдан бүткөн, чуудан бүткөн кyнары,
Мээнет менен шордон бүткөн дубалы.
Арабадай тегеренип жебеси,
Азап менен күйүп турат чырагы.
Азан-казан түшүп турат байлыгы,
Аялдабай чуркап турат ай-жылы.
Аңыздагы аштык даны кодура,
Алда нени чалып турат кайрыгы.
Баягы эле байлык бийлик билгени,
Баягы эле көр тиргилик жүргөнү.
Кайда болсо басаар жолу өр талаш,
Качан көрбө түтөп турат бир жери.
Бирге ийигип, бир жакшылык кылбаган,
Билгениңди нускап койсоң чырдаган.
Дабаасы жок бир сыркоонун залындай,
Дары сүртсөң ого бетер ырбаган.
Андан-мындан алып турган сесиңи,
Анда-мында тийип турган кесири.
Атаң көрү ушул дүйнө бейоопа,
Атаң көрү ушул дүйнө тетири…
* * *
Аркар болдум, асман челген сүзөнөөк,
Аргымактай азоо болдум кишенеп.
Азыр эми алдан күчтөн кагылып,
Аргасыздан туруп бердим тизелеп.
Ачык элем эми мына боз болдум,
Андагыдай аска эмесмин козголдум.
Көбү кетип азы калды өмүрдүн,
Көчү кетип изи калды достордун.
Өрт кезекте чактым турмуш чакмагын,
Өр таянсам ачык болду асманым.
Азгырганда шайтан өзү азгырып,
Сактаганда кудай өзүң сактадың.
Тыйын болду убакыттын өткөнү,
Тыйын болду тагдырыңдын өктөмү.
Күлүп койсом аалам бүткөн шаңгырап,
Күүлүп түштү ак жылдыздар көктөгү.
Билбейм чыны кандай чыкты эмкилер,
Бүт ааламды чырайына келтирер.
Аруу тилек арбын болчу жүрөктө,
Аруукедей сулуу болчу селкилер.
Мен бар үчүн тийип турчу күн жаркып,
Мен бар үчүн сүзүп жүрчү ай калкып.
Салып уруп жүргөн күндү сагындым,
Саат жебесин салмоор таштай1 айлантып.
Мезгил жээке серпти кылып шиленди,
Мээнет жеди күч кубатты, жигерди.
Алгалаган үмүт тилек азайып,
Ала качма ой-кыялдар түгөндү.
Бир жагынан түйшүк турду чегелеп,
Бир жагынан турмуш турду тебелеп.
Карылыктын бутка кийип чидерин,
Калч-калч этип туруп бердим чөгөлөп…
___________________________________
1 Маятник
* * *
Атакебай көңүлдө эле турдуңуз,
Көңүлдө эле жүрдү кетпей бул жумуш.
Кыйын экен бийиктикке кол сермеш,
Кыйын экен ыйыктыкты ыр кылыш.
Жапжаш калып таалиминен атанын,
Жашоо менен болду канча чатагым.
Жетим болуп бармактайдан көк чилтен,
Жетим деген каргы менен жашадым.
Басаар жолду берчүлөр жок оңойлоп,
Азап болду ашка жетип чоңоймок.
Маанайымды тороп турса тагдырым,
Маңдайымда турмуш турду боройлоп.
Нечен чөгүп, нечен кайра көшөөрдүм,
Нечен ирет шорун таттым бечелдин.
Баягынын баласы экен десин деп,
Баягы эле сиздин тууну көтөрдүм.
Уулуңузга сиз болупсуз камылга,
Сиз жүрүпсүз кубат болуп жанымда.
Сиз кармашып, сиз күрөшүп, сиз күйүп.
Сиз чуркапсыз жүрөк, жүлүн, тамырда.
Канча жолу кан жөткүрүп бүлүндүм,
Канча жолу кара баштан түңүлдүм.
Карайласам арбагыңды, атыңды,
Караан кылып, кайра туруп жүгүрдүм.
Атакебай жадымда эле болдуңуз,
Жаннатта эмес жанымда экен ордуңуз.
Атыңызды алып жүрүш бир оомат,
Ата арбагын козгоп ырдаш оор жумуш
* * *
Тапканды ичип, буйруганын жеп коюп,
Бирге жетип, бирге жетпей тек болуп.
Эптеп-септеп өткөрүпмүн ай-жылды.
Эми качан айлык тийет – деп коюп.
Ошол тушта, ошол залкар ирмемде.
Мен ошентип айлык күтүп жүргөндө
Кораблдер мухит ичин аңтарып,
Космос иши жүрүп турду бир демде.
Да бир жерде да бир мүдөө эшилди.
Да бир тоодо да бир өтмөк тешилди.
Кадырмандар конгресске жыйылып,
Кабыл алды калк аралык чечимди.
Баатыр уулду төрөп турду энелер,
Баатыр болуп балкып турду эне жер.
Баатырларга алакан чаап түптүү журт,
Баатырдыкты даңктап турду теребел.
Баардык жерде балбан сөздөр сүйлөнүп,
Баардык жере балбан иштер ийленип.
Базар болуп толкуп турду тирүүлүк,
Бапырады байманалуу дүйнө бүт.
Капарсыздык болду бекен мынчалык,
Калкка керек иш бүтүрбөй кылчалык.
Аргам куруп айдан-айга акыйып,
А мен болсо айлык күттүм ырсайып
Бирөө менин жеп кеткен жок акымы,
Азар сүйлөп кемсинткен жок атымы.
Анда деле алсыздыкты ачыктап,
Айтып коюш шарты бар да акыры.
Буйруганы ушул тура деп жүрүп,
Буру-терүү жолго түшүп көп жүрүп.
Эсеп-чотсуз өткөрүпмүн өмүрдү,
Эми качан айлык тийет деп жүрүп…
* * *
Кайыр күтпөй карадан да актан да,
Каякадыр кайып бара жатканда
Карааның бар медер болчу жаныма,
Кара күүгүм, кеч бешим, же ак таңда.
Качкан болуп каргашанын огунан
Кайрат түгөп, каршыкканда жол улам,
Карааныңды кубат кылып жаныма,
Караңгыдан чыгыш үчүн жолугам.
Жардам түшпөй жараткандан эгемден,
Жанып-күйүп жабыкканда көрөңгөм.
Кайра-кайра карегиңен кагылып,
Карааныңды айланчыктап келем мен.
Алда кайда келип калды жаш дагы,
Азыр өктөм тагдырымын жазганы.
Жомок болуп көзүң турат элестеп,
Жоодураган, жоогазындай жаздагы,
Кайыр таппай карыдан да жаштан да,
Каякадыр качып бара жатканда.
Жымыңдашың кубат берип демиме,
Жылдыз болуп сен турасың асманда…
* * *
Бирге жетип, бирге жетпей кекенип,
Билип-билбей бир өмүрдү өтөдүк.
Буркан-шаркан ушул дүйнө мени эмес,
Бул дүйнөнү мен алыпмын көтөрүп.
Бирде жайлап, бирде болуп чимирик,
Билек менен багелекти түрүнүп.
Ала-кула бул дүйнөнүн ордунда,
Алка-шалка мен жүрүпмүн жүгүрүп.
Бирден ашып, бирдин калып соңунда,
Бирде жайнап, бир жашынып коңулга.
Менменсиген ушул гөзөл дүйнөнүн,
Мен тартыпмын азабын да, шорун да.
Бир да шыпаа, бир да дуба түшпөгөн,
Бир тынчыбай күнү-түнү иштеген.
Карсылдашып кара баштын камы деп,
Каршыгыпмын дүнүйөлүк күчкө мен.
Кайыр күтүп касабына жуурулуп,
Кайрат жыйып, кайра түтөп буулугуп.
Караан калган ушул арман дүйнөнүн,
Калч-калч этип туруптурмун суугу уруп.
Бирде как баш, бирде жапжаш эселек,
Бирге жетип, бирге акылы жете элек.
Буй түшүрмө ушул дүйнө мени эмес,
Бул дүйнөнү мен келипмин жетелеп…
* * *
Күз деген күз, күзгө мезгил жетеби,
Күлгүн курак, гүл турмуштун этеги.
Сары талаа, сары адырлар, сары жон,
Санаа менен, сагынычтын мекени.
Сан дүйнөнү каптап турат күз деми,
Сары аңыздар сары алтындай түздөгү.
Сансыз ойго салып турат адамды,
Сапырылып жалбырактын түшкөнү.
Бир обонду чалып турат кыштагы,
Бир береке чарбак, короо, тыш дагы.
Асман-көгү аралашып түйшүкө,
Азанаган араа балта. Кыш камы.
Бирде турат ак жамгыры себелеп,
Бирде асманда аппак айы тегерек.
Буулуктуруп, бүт дүйнөнү кусалык,
Буй кылды го бул күз деген керемет.
Башкача бир бойго тарап каныбыз,
Базар толгон коон, анделек, дарыбыз.
Күз дегениң той тилеген береке,
Күз дегениң бой ширеген сагыныч…
* * *
Мен карыдым, күүдөн кетип карыдым,
Агайынга эми тийбейт жарыгым.
Эстүүсүнүп эки ооз сөздү бек айтсам,
Теңин укса, уулум укпайт жарымын.
Мен улгайдым, алдан тайып, улгайдым,
Таңдан-кечке белен турат бул кайгым.
Андагыдай сергек эмес көңүлүм,
Алда-кимге арка болуп турбаймын.
Каркырадай калып калган сабынан,
Кайран кезди эстеп алып сагынам.
Аралашып арыш керчү чамам жок,
Айлар-жылдар аласалат жаныман.
Алдым-артым аска болуп жалама,
Ар кыл ойлор келип-кетет санаама.
Ал ансайын алып учуп убакыт,
Ал ансайын албууттанат замана.
Ага-буга көзүм турат чачырап,
Аны-муну жүргөн болом кашылап.
Кошулсам дейм кошун тартып бир иштин ,
Колдон келбейт. Белим катуу, чачым ак.
Мен карыдым, алым куруп карыдым,
Андагыдай арбый бербейт арымым.
Даакы болуп дарбып турган мезгилде,
Дайны кайсы жогум менен барымын…
* * *
Бир калаада, бир тарапта көчөбүз,
Бир жол менен эки бөлөк кетебиз.
Анан неге аягынан башына,
Айта берчү айың болдук экөөбүз.
А мен турам жалган сөздү эп көрүп,
Жалаа, имиштин жалынына өрттөнүп.
Жок дегенде жомок менен жоромол,
Жолубузда жанып турсун көрк берип.
Мени болсо тажаал турмуш кыйнады,
Сен адеми жан экенсиң ыйбалуу.
Күкүк менен зейнеп жүрчү бул жолдо,
Күйүп турсун айткандардын ыйманы.
Тагдыр бизге жасаган жок ырайым,
Табыштырып тамшантпады кудайым.
Аныгынан төгүнү көп бул жолдун,
Айың сөздөр абат кылсын чырайын .
Бул жол менен ал өтөөр да, бул өтөөр,
Бул жол менен ай өтөөр да, күн өтөөр.
Ак карасы аралашкан алп дүйнө,
Акыр жүрүп аргабызды түгөтөөр.
Бир өмүрдү эки бөлөк кечебиз,
Бир мүдөөнү эки бөлөк эшебиз.
Бир өмүрдө бирин-бири издеген,
Бир өзүнчө жомок болдук экөөбүз…
* * *
Оо жараткан мандикердин ишин кой,
Мала тарткан көк өгүздүн күчүн кой.
Бар болгонун келе бер- деп сурабайм,
Жалгыз ушул ыйманымды бүтүн кой.
Өмүр өттү, азыр анча жердемин,
Адал болсун, эл-журтума бергеним.
Ийги сөздү сүрөй албай жалтактап,
Ийри сөзгө ыктап турсам өлгөнүм.
Канча жашап, канча өмүрдү бүктөдүм,
Каада болсун, нуска болсун күткөнүм.
Көз кызартып бекер олжо кубалап,
Көмөчүмө күл шилесем, бүткөнүм.
Жаштык калды алда кайда кылактап,
Жакшы, жаман күндү бердиң кынаптап.
Медер кылган тирүүлүктү, актыкты,
Мемиреген мээримиңе рахмат.
Пенде жолу кең экен да, тар экен,
Жомок мисал “жок экен да бар экен”.
Бирде туруп ишин кылсам намыстын,
Бирде туруп иш бүтүрдүм алешем.
Эми мага ак инектин сүтүн кой,
Ак арпадай, ак буудайдай түшүм кой.
Арзыгандын баарын бер деп айталбайм,
Арым менен абийиримди бүтүн кой…
* * *
Ушул эле көр оокаттын гөйүнөн,
Ушул эле көр турмуштун тейинен.
Эчен жолу жаным күйүп кашайып.
Эчен жолу жүрөк зилдеп кейигем.
Каалаганда каалагандай уча албай,
Каалаганды каалагандай быча албай.
Колго кишен салып турду бул турмуш,
Бутка будоо болуп турду тушаардай.
Мен ошондо мүрүм менен иштедим,
Желим жедим, ириң болду ичкеним.
Бут жетпесе боорум менен тырмышып,
Кол жетпесе тишим менен тиштедим.
Жанталашып канча жолу көжөлдүм,
Канча жолу өпкөгө жеп өзөрдүм.
Каруум кетип кайрылганда канатым,
Кайра туруп кайрат жыйып кекендим.
Канча жолу жалбырактар күбүлдү,
Канча жолу булут көктөн сүрүлдү.
Көптүн бири көр оокатка жем болуп,
Көп катары көрүп келдим күнүмдү.
Ушул эле көр оокаттын жайынан,
Ушул эле көр турмуштун айынан.
Тирүүлүктүн аптабына өрттөнүп,
Тириликтин аязына кайыгам…
Нээ болсо да жакшылыктан түңүлбөйм.
Бир тартылып, бирде ташып иримдейм.
Титиретип тейлеп турган ааламды,
Тирүүлүккө, миң мертебе шүгүр дейм…
* * *
Кудум эле меникиндей билгени,
Кудум эле меникиндей жүргөнү.
Жадында бар жарашыгы, пастыгы,
Жакшы көрөм ушул сонор дүйнөнү.
Теңи жарык, теңи мүлдө караңгы,
Теңи карып, теңи мүлдө таланды.
Жакшы көрөм ушул сонор ааламды,
Жакшы көрөм отту, сууну, шамалды.
Бирине таң, да бирине кеч кирди,
Бири жаңы, дагы бири эскирди.
Жадыбалдай жаңылбаган эсептен,
Жакшы көрөм жаасы катуу мезгилди.
Кудум эле меникиндей эрмеги,
Кудум эле меникиндей өрнөгү.
Жаны таттуу, жады тайкы, ичи ала,
Жакшы көрөм адам деген пендени…
Котормолор
К. Симонов
Күткүн мени, келем мен,
Көшөрбөсөң жарабас.
Күткүн мени. Куса төккөн,
Ак жамгырга аралаш.
Борошолуу карда күткүн.
Күн саратан маалда күт.
Бөлөктөр бүт унутканда,
Сен да унутуп калба. Күт.
Кат келбейт деп алыс жерден,
Камыкпагын арманга.
Күт, күтө бер, күтүшкөндөр,
Бүт түңүлүп калганда.
Күткүн мени, келем мен,
Кезере күт болгону.
Күтө турган күн-айыңдын,
Түгөнсө да болжолу.
Апам менен уулум менден,
Түңүлсө да ишенбе.
А досторум шарап кармап,
Мени эскерип ичээрде.
Куса менен сагынычтын,
Алоо жанган отунда,
Арман күүгө аралашып,
Алар менен отурба.
Күткүн мени, келем мен,
Көргөн жандар кеп айтышсын көбүргөн.
Кантсин анан ажал кечип,
Келип турсам өлүмдөн.
Алдым-артым, төрт тарабым,
Кыл-кыямат бүт өлүм.
Мени ажалдан сактап калган,
Сенин сыйкыр күдөрүң.
Мунун сырын биз билебиз,
Мен ажалга түтө алдым.
Ал анткени бөлөктөрдөн,
Сен бөлөкчө күтө алдың.
Молло Пенах Вагиф,
17-кылымда жашаган азербайжан акыны
Керемет бир олоң чачтуу периште,
Чарбагында жүрөт сыя гүл терип.
Гүлү да гүл, өзү да гүл буруксуйт,
Теребелге куду гүлдөй түр берип.
Түшүп турат кара чачы ийнине,
өртөөчүдөй көргөн жандын көңүлүн.
Ар бирине сыя гүлдөн кыстарып,
Бекем тартат олоң чачтын өрүмүн.
Быйыл толот он сегизге бул сулуу,
Бирок турат даңазасы таш жарып.
Жолукканга учурашып көргөнгө,
Нурун төгөт сыя гүлдөй кашкайып.
Эсти оодарат көкүрөгү, сымбаты,
Оо жараткан, сакта жаттын көзүнөн.
Карап туруп сыя гүлүн чогултуп,
Кетсе дейсиң гүл бакчадан тезинен.
Ачык турган сенин жүзүң көргөндө,
Эстен танып кулап кала жаздагам.
Эгер Вагиф бул сулууну ырдаса,
Сагынганы сыя гүлдү, жазды анан…
Калчоро Көкүловдун башка ырларын бул жерден окуй аласыздар.