Болот Таштаналиев: Топчугүл Шайдуллаева- аңгеме чебери
Болот Таштаналиев агай 16- октябрда болгон Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларын талкуулап атканыбызда, талаш- тартышка аралашпай, кунт коюп угуп отурду. Агай учурда эңшерилип турган адабий сындын жүгүн көтөргөндөрдүн бири. Мындан ары түрдүү көз караштагы адабий сын, ой- пикирлерди такай жарыялап турабыз.
Рахат Аманова
Болот Таштаналиев
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева эженин чыгармачылыгына арналган адабий талкууда сөз сүйлөбөгөнүм менен, эженин чыгармачылыгына карата өз пикирим, жеке көз карашым бар. Т.Шайдуллаева эже негизинен элет турмушу, карапайым элет адамы тууралуу жазат. Жазганда да элестүү жана ширин, кандай болсо, дал ошондой, буруу-терүүсүз, ашырбай да кемитпей, бир окуган соӊ өмүр бою унутулбай тургандай жазат.
Жазуучунун кыска аӊгемелери ар бири өзүнчө бир бүткөн полотно. Ошол эле учурда ал аӊгемелердин баары биригип келип, айыл турмушу тууралуу чоӊ бир полотнону түзөт. Аӊгемедеги ар бир каармандын образы, мүнөзү ар башка болсо да, жыйынтыгында ал образдар бири-бирин толуктап турат.
“Манас” баштаган эпосторубуз, элдик оозеки чыгармачылыгы, анын ичинде жөө жомокторубуз болгону менен, кыргыз адабияты өтө жаш адабият. Жазма адабиятыбызга болгону 100 жылдын аралыгы болду. Ушул 100 жылдын аралыгында кыргыз адамынын образы, урбанизация доору, анын ичинде табияттай таза бойдон калган элеттик адамдын образы толугу менен чагылдырылды деп айтууга али эртелик кылат.
Миӊдеген жылдарды камтыган элдик адабиятта кыргыз адамынын образы Манас, Бакай, Кошой, Алманбет, Сыргак, Чубакка окшогон эл-жерин коргогон баатырлардын образы аркылуу ачылып берилген. Кийинки эле Курманбек баатыр, Эр Табылды, Жаныш-Байыштардын образында баатырдык дух бар.
Ал эми жазма адабияттын бир кылымдык жолунда жаӊы образдар пайда болду. Баатырлардын образы менен катар, башкалардын образдары да жарала баштады. Улуу муундагы Аалы Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, кийинки муундагы Т.Касымбековдун чыгырмачылыгында ата-бабалар даӊазалаган ошол баатырлыктын учкундары калган. Ч.Айтматовдо “Саманчынын жолунда” ата-бабалардын баатырдык салты даӊаланганы менен, “Бетме бетте” мекенге чыккынчылык – пендечилик туурасында сөз болот.
Акыркы жылдарда тарыхый чыгармалар көп жазылды. Бирок… ошол тарыхый аталган чыгармалардагы каармандардын тарыхтагы орду кандай, тарыхый романга каарман болчу деӊгээли барбы деген суроолор күн тартибинде кала берет. Бул бир. Экинчиден, бир катар “аттуу-баштуу” жазуучулар кыргыз окурмандарына эмес, Батыш окурмандарына ылайыктап, чыгарма жазыбатышат.
Ким, эмне тууралуу жазат, ал ар кимдин өз эрки. Көркөм живопись өнөрүндөгү сюрреализм, авангард стилдеринин келип чыгышында обьективдүүлүккө караганда, субьективдүүлүк күчтүү. Реалисттик полотно жаратууга талант кудурети жетпегендердин көбү сюрреалист, авангард болуп кетишкен. Кыргыз жазуучуларынын 90-жылдардан кийинки толкунунда да ошондой көрүнүш байкалат. Баары болбосо да, эл жазуучусу болгон азаматтар чыныгы турмуштан алыстап, ойдон чыккан каармандар менен жашоодо жок турмушту идеалдаштырып жазууга өтүштү. Натыйжада, улуттук нарк-насил, салт, улуттук дөөлөттөр искусство болмуштун тепсендисинде калды. Булардын минтип жазып калганынын эки эле себеби бар. Биринчиден, алар чыныгы реалдуу турмушту чагылдырып берүүгө чамалары чак, калемдеринин күчү жетпейт. Экинчиден, алар эйфорияга алдырып, Батыш окурмандарынын аудиториясын алып, Нобель сыйлыгын багындыргысы келгендей. Арийне, бул топтогулар катуу жаӊылышат. Себеби ал модалуу теманын капкачан эле ишпалдасы чыгып калган.
Үчүнчүдөн, Нобель сыйлыгы эч качан улуттук тамырынан ажыраган чыгармаларга, көркөм туундуларга берилген эмес. Нобель сыйлыгы берилсе, Т.Шайдуллаеваныкындай нукура улуттук колоритке ээ аӊгемелерге берилиши ыктымал.
Ушул өӊүттөн алсак, акыркы жылдарда аӊгеме чебери катары таанылган эки жазуучубуз улуттук Улуу Сөздүн, көркөм сөздүн кудуретин, мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтчү чыгармаларды жазуу менен, улуттук адабияттын уӊгулуу өзөгүн, көрөӊгөсүн арттырып келатышат. Бири – Топчугүл Шайдуллаева, бири – Мамат Сабыров. Алардын эӊ башкы артыкчылыгы экөө да элет турмушу тууралуу жазгандыгында.
Азырынча айтаарым ушул. Дагынкысын дагы айтаарбыз.
(Автордун пикири “Кыргыз маданият борборунун” көз карашын билдирбейт)