Адабий сынак 51 Ыр
51
ТУМАН
Айланамды бүтүндөй каптап туман,
Көз тунарып, көрүнбөс жолдо турам.
Кирдеп барат көөдөнүм күндөн-күнгө,
Деги билбейм, тазарып качан тунам.
Турмуш жолдо баратам камчыланып,
Туш тарапка чачылдым жартыланып.
Караңгылык каптоодо эмнегедир,
Бара жаткан түз жолум кайчыланып.
Убакыт эй токтобой бат-бат жылат,
Убайымга ууртумду чаптап турат.
Табияттын туманын сагындырып,
Тагдырымдын туманы каптап турат.
ЫР ДҮЙНӨМ
Ыр дүнүйөм, мени адам кылдыңар,
Ырахатка бөлөп бакыт сундуңар.
Жалгыздыкка чөмүлгөндө түн ичи
Силер келип жакшы маек курдуңар.
Эх, ыр дүйнө, сенсиз көпкө сүйрөлдүм
Сен аркылуу сүйгөндү да үйрөндүм.
Тар чөйрөдө жүргөн кезде сенделип,
Таптым, билдим, тазалыгын дүйнөңдүн.
Ырлар менен кубаттандым, чыңалдым,
Ырлар менен муң арманды чыгардым.
Курсак ачып, куруп дүйнөм турса да,
Ыр дүйнөмдөн бир сап ырды сурандым.
Экөөбүздү түшүнмөк ким өмүрдө,
Экөөбүздү албайт эч ким көңүлгө.
Эрмек кылып жатат балким бириси,
Эрки жетпейт бирок, бизди сүйүүгө.
КЫЗГАНУУ
Аруу жанга ыр баштасам олтуруп,
Ай суктанат тээ бийиктен кол сунуп.
Калем сабым эргип жазат эринбей
Ак баракты нечен ырга толтуруп.
Туш тараптан чурулдашып көп саптар,
–«Мени кошуп жазып көрчү сүйүүңө,
жүрөгүнүн түпкүрүнөн жай табып,
балким окуп калаар”–дешет сүйүнө.
Бүт ырларым, кайгырганда кайгырып
Мен сүйүнсөм кошо жыргап күлүшөт.
Сүйүндүрүп, кээде мени кызгантып,
Сүйгөнүмдү ырлар дагы сүйүшөт.
Сүйүктүүмө ширин сөзүн арнашып,
Ырлар мени кызгандырып жүрүшөт.
***
Ушул убак, унутулгус ушул күн,
Уучтап турган ууз сезимди түшүнгүн.
Убалынан ак сүйүүнүн коркпогон,
Сендей жанды келбей турат түшүнгүм.
Жоок, жок жаным, бул сен эмес, бул тагдыр,
Сыноо мени жаш көчөттөй бутаптыр.
Бажырайып бир күн кайра чыгаарсың,
Бизди бөлгөн сөздөр, балким ушактыр.
КОРКОМ
Чоң аталар сүйлөгөндө жомоктоп,
Денем балкып, түшкө оронуп жай жатчу.
Корком азыр өз жанымдан тайсалдап,
жомок эмес деңгээлим жок сөз айтчу.
Эртең менден талап кылса урпактар,
Эмне айталам күлүк аттай чуркатаар.
«Эр Манастай бабам бар»–деп аларга,
эрдиктерин айталамбы бир катар.
Мезгил өтүп, жыл алмашып бир күнү,
Эскерилчү саатым күтөт күн-түнү.
Аны ойлосом жемелейм өзүмдү,
«Адам бол”–деп келечекке үлгүлүү.
СЕНИН КӨЗҮҢ БАШКАЧА
Сенин көзүң чындыгында башкача,
Сезбейттирсиң, аны балким айтпаса.
Мээрим төгүп, жай алдырган адамды,
Мүмкүн сенин жүрөгүң да таптаза.
Бажырайп көзүң Күндөй сезилди,
Бүлүк салды, бүт козгоду сезимди.
Суугу тийип кетпесин деп өзгөнүн,
Сулуулугуң балким көзгө бекинди.
Көздөрүңө ашык болгон көздөрүм,
Керек эмес, сенин мага өзгөрүүң.
Кыпындайда жамандыкты көрбөсүн,
Кубулжуган сенин сулуу көздөрүң.
КОШ 19 ЖАШ
Балалык кез менен коштошуп,
Бал ичип, кээ күнү от тосуп.
Кош айттым кубанып бүгүн мен,
Он тогуз жашымды боздотуп.
Жылдарым билинбей бат урап,
Жыл өтүп көздөрүм ачылат.
Жыйырма жашымдын башаты,
Жылдыздай жымыңдап чакырат.
Кош эми он тогуз курагым,
Корооңо келалбайм чын аным.
Кыйналган кезимде турмуштан,
Мен сени эскерип турамын.