Адабий сынак 50 Ыр

50

Мекеним

Кооздугуң көз талдырган өзгөчө,
Кашка сууң,мөлтүр аккан булагың.
Куштар болом алыстасам көргөнгө,
Качан келсем дайым жылуу кучагың.

Бийигиңден сугум артат көркүңө,
Бактым толуп куштарланып турамын.
Баары түгөл токой-чер төрүңдө,
Бугу,марал,илбирс,аюу,уларың.

Тамшандырган көргөн жанды,Мекеним,
Табияттан жоктур сага теңдеши?
Тоолоруңда баа жеткис кендериң,
Таң калтырган адамзатты,пендени.

Аалам түгөл баары сага багынып,
Ажайыпсың кызыл-тазыл гүл өңдүү.
Ала-Тоолуу кучагыңа тартылып,
Айбыгамын тик кароого дүйнөңдү.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.