Адабий сынак 53 Ыр

53

КЫЗЖИБЕК

Кызжибек деген атыңдан,
Кырк ѳрүм кундуз чачыңдан.
Кылыгың жанга жагымдуу,
Кызга бир бүтпѳс затыңдан.
Кыргызда чыкпас сенчелик,
Кызыл гүл сенсиң ачылган.
…………………………………………….
Ѳзүңсүң кыздын жибеги,
Ѳзүңсүң кыздын чүрѳгү.
Ѳзүңѳ даап баралбай,
Ѳрттѳнгѳн жигит жүрѳгү.
Ѳзгѳгѳ ыраа кѳрбѳгѳн,
Ѳзүңсүң жүрѳк тилеги.
……………………………………..
Тиктесем кѳзүм канбады,
Тиктѳѳдѳн кѳзүм талбады.
Алчадай мѳлтүр кѳздѳрүң,
Арбаган сайын арбады,
Аячы мени, сулуу-деп,
Айтуудан арга калбады.
……………………………………..
Кыялкеч тура жашчылык,
Кыялга кээдэ мас кылып.
Болумсуз кылат ишиңди,
Болбогон жерден шаштырып.
Кеп айтсам сага сүйѳм-деп,
Кебимдин укпай аягын,
Кетеби деймин шарт туруп.
………………………………………………
Сезсеңчи кѳңүл санаасын,
Сен гана ага дабасын.
Билинбей улам кѳңүлдү,
Бир ѳзүң ээлеп барасың.
Капыстан калсаң жолугуп,
Кабынан ыргып кетчүдѳй,
Каккылап жүрѳк канатын.
………………………………………
Кыйын да болсо түтѳйүн,
Кылым да болсо күтѳйүн.
Үлбүлдѳп турса биликтей,
Үмүтүм кантип үзѳйүн.
Тартынсам деле болбостон,
Талпынат жүрѳк кайра эле,
Тапкандай чындап түгѳйүн.
…………………………………………..
Сүйүү бар деген чын беле,
Сүйүүгѳ баары кул беле.
Чыдабай жүрѳк сыздаткан,
Чын сүйүү деген шул беле.
Экѳѳ тең бирдей сүйбѳсѳ,
Эңсешип отко күйбѳсѳ,
Аягы барып муң беле.
……………………………….
Күн жылат түнгѳ жалгашып,
Үмүткѳ жаным алдатып.
Эзилип жүрѳм санаада,
Элесиң менен арбашып.
Сүйүүмдү сунган колума,
Сүйүүңдү сунуу ордуна,
Кетпечи чокту карматып.

 

Титаник

Көп жыл мурда эл жүктөп,
Көк мухиттен өтөм-деп.
“Титаник” аттуу зор кеме,
Кырсык басып, чөккөн-дейт.

Ал кемеде, айтымда,
Кедей болгон…, бай болгон….
Маскарапоз, окумуштуу….,
Айтор, түрдүү жан болгон….

Ал кеменин тагдырын,
Кейиш менен эстейбиз.
Бирок, андан ачуураак,
Бир чындыкты сезбейбиз.

Мейкининде космостун,
Улам зуулдап, күч алып.
Алып-учуп бараткан,
Жер да өзүнчө “Титаник”.

Айдыңында ааламдын,
Алып миң сан тагдырды.
Бараткан Жер-кеменин,
Айтчы, жолу даңгырбы?!

Алаксыбай, сак болсо,
Көр тирилик “оюнга”
Жер-кеменин тагдыры,
Адамдардын колунда.

Эй адамдар! Келгиле!
Ынтымакка келели!
жаңылбасын Жер-кеме,
Туура багыт берели.

“Кыруучулук” кесипти,
“Куруучулукка” алмашып.
Жер-кемени сактайлы,
Миллиард колдор кармашып.

 

Кыз ала качууга каршы кош сап ураандар

Кызды уурдап кылмыш кылба,
Кызыгы жок турмуш курба.
…………………………
Кыз да адам, анда ыйман бар,
Алып качам дебе, мыйзам бар.
………………………….
Кыз мал эмес, уурдаба,
Кыз намысын булгаба.
…………………………..
Уурдап үйрөнбө,
Уурдап үйлөнбө.
…………………………
Сүйүүсү жок турмуштун кунары жок,
Сүйбөй алган жубайдын кумары жок.
…………………………
Кыз ала качуу салт эмес,
Кыргыздар түркөй калк эмес!
………………………….
Кыз сүйбөсө зордобо,
Кызды уурдап кордобо.

 

Акын Байдылда Сарногоевге
Кайрылуу

Өзүбү кыздын, саныбы,
Өзөндө өскөн кайыңы.
Жаштыгың эске түшүрүп,
Жалындап ийет жаныңы
(Б. Сарногоев. “Чаткал баяны”)

Акындын чапма жоргосу,
Байдылда абам эстейин.
Ырларын гана жандай чаап,
Ыраактап андан кетпейин.

Ыр менен салып тамаша,
Ыр менен болгон даңаза.
Кең болмок мындан атагы,
Кезинде аны бааласа.

Байдылда, Мидин, Райканды,
Билбеген кыргыз аз чыгаар.
Азырга чейин көрүнбөйт,
Алардын ордун басчулар.

Кыргыздын акын булбулу,
Кылымдын акын жоргосу.
Билсе да түгөл Ала-Тоо,
Бийликтен болбой колдоосу.

Ырларын калың эл жаттап,
Келмедей жүргөн кайталап.
Байдылданы билбейм-деп,
Кай кыргыз азыр айта алат.

Байдыкем Союз кезинде,
Ала-Тоону тегиз кыдырып.
Чалкыган ырлар жазсам деп,
Чаткалга келген чыгынып.

Ал кезде Чаткал күтүрөп,
Чарбасы турган кенелип.
Бапырап ашып байлыгы,
Башкаларга теңелип.

Ак жоргосун желиптир,
Байдыкем мында келиптир.
Кара-Буура ашуудан,
Чаткалга салам бериптир.

Жаратылышы Чаткалдын,
Кооздугу менен даңкталган.
Көркөмү көздү тайгылтып,
Көп жерде чыны, макталган.

Байдылда акын келгенде,
Толукшуп турган жай экен.
Кайберен менен төрт түлүк,
Аралаш жүргөн маал экен.

Чаткалдын суусу күрпүлдөп,
Жээгинде кайың үлбүрөп.
Аралап аюу, карышкыр,
Тоо бетте арча үргүлөп.

Чаткалдын укмуш кооздугу,
Байдыкеме дем берип.
Эчен сонун ыр саптар,
Эргүүсү менен тең келип.

Жазган дейт “Чаткал баянын”,
Келгенде илхам табына.
Чаткалдын аппак кайыңын,
Окшотуп кыздын санына.

Оо кийин, Союз бузулуп,
Эмнелер болуп өткөн жок.
Чарбаны талап, тономой,
Чаткалды кыйгап кеткен жок.

Төрүндө кийик калбады,
Сайында кайың калбады.
Төрт түлүк төрткө бөлүнүп,
Чарбасын кошо жалмады.

Кайыңдан кыздын санын “таап”,
Байдыкем турса жалындап.
Кесишти аны отунга,
Кар түшкөн кезде калыңдап.

Байдыкем жазган ыр кылып,
Кайыңдын баары кыркылып.
Көмүскө мындай ой келет,
Көңүлгө кээде бир туруп-

Таштакка кадам ташталат,
Таш жолдон Чаткал башталат.
Мурдагы кезин эстесем,
Муңканып, көздөн жаш тамат.

Чалкыган кооз жергенин,
Киришти казып кендерин.
Кенеп да койбой, тоотушуп,
Кең пейил, жоош элдерин.

Аркар, кийик жүргөн төрлөргө,
Техника барды даңгырап.
Казакка ооп илбээсин,
Төрлөрү барат аңгырап.

Оргуштап, көөлбүп көбүктөн,
Ак кайың менен өбүшкөн.
Дарыясын булгап киришти,
Алтынын казып өрүштөн.

Байдыке, айтсам арман көп,
Айтышпас муну жалган деп.
Суусун булгап, алып алтынын,
Суук колун мында салган көп.

Байдыкем дагы келгенде,
Чаткалды даа бир көргөндө.
Бар-жогун түгөл баяндап,
Бир дастан жазып бергенде.

Кыдырып баарын бир баштан,
Эч жерден кайың таппастан.
Олтуруп терек түбүнө,
Жазмак ал минтип бир дастан.

Кайра бир баштан келтирип,
Дастандын оңдоп “кемтигин”.
Көк теректи айтмакпы,
Саны-деп сулуу селкинин

-Табылбай калды дайыны,
Чаткалдын барбы кайыңы.
Көк терекке окшотом,
Көрүп бир калсам саныңы.

 

Ак-Башат айылыма

Жылдар өтүп, кайра келдим өзүңө,
Жатыптырсың, жай тирилик өткөрүп.
Олтурамын мен өзүңдүн жериңде,
Эчак кеткен балалыкты эскерип.

Балалыгым-эч айтканын койбогон,
Балалыгым-эч оюнга тойбогон.
Саздарыңда дале чуркап жүргөнсүйт,
Бир кездерде көпөлөк кууп ойногон.

Эң алгачкы өспүрүмдүк кезиме,
Эң биринчи сүйүүмө кезиктим.
Мен өзүңө жаңы гана барганда,
Турмуш курду бирөө менен-деп эшиттим.

Эми сездим, канча мезгил өткөнүн,
Карап туруп жашоонун бир көктөмүн.
Сенде жүрүп, сенде өсүп, чоңойдум,
Сезип анча турмуш шарын, өктөмүн.

Ой-кыялдар жаштык өтүп, чектелип,
Жаш кезимди кайра келдим эскерип.
Карап балалыктын, өспүрүм кездин өткөнүн,
Өзүмө калдым, бой жеткенде кез келип.

 

Кең Чаткалга кыш келди

Мурункудай мөмөлөр жок, бактагы,
Топ каргалар ээлеп алган, шактарын.
Кар жаачудай түнөрүңкү булуттар,
Чаткалымдын тосуп алат, ак таңын.

Кен өрөөндү туш-тушунан камалап,
Туман өрдөп, сай-сайлардан, салаалап.
Ызгаардуу кыш кылычына таяна,
Салам айтат, эшиктерден сагалап.

-Салам тууган, кышка кандай камылгаң?
Ойгонгунуң, жата бербей түш көрүп.
Сыртка чыгып теребелди карачы,
Күтүп турат, босогоңо кыш келип-

Кышкы Күндүн алсыз нуру чачырап,
Тээ көктөгү булуттарга жашынат.
Кыйкуулашып-Кең Чаткалга кыш келди-,
Каз, турналар түштүк көздөй ашыгат.

 

Студент кызга

Бир селкини окшоштуруп өзүңө,
Тике карап тиктей албай көзүнө.
Эчак кеткен сүйүүм кайра козголуп,
Дендароомун, келе албай эсиме.

Сен шаардан, же келдиңби окуудан,
Башым катып, сени ойлоп олтурам.
Дүрт!-дей түшөт, сен-деп соккон жүрөгүм,
Күйүп бүткөн махабаттын отунан.

Же башкабы, же сенсиңби чын эле,
Окшоштуруп жатамбы же, тим эле.
Көз кыйыгын мага салган, тааныштай,
Сен болбосоң, анда ал кыз ким эле.

Көңүлүмө салып койдуң дүрбөлөң,
Мен өзүңсүз, кантип өтөм дүйнөдөн.
Бир улуу күч мени кыйнап баратат,
Акыл-эске кымындай баш ийбеген.

 

Сен жөнүндө сансыз ойлор….

Кайдасың сен?….
Жолугабыз биз качан?……
Сен жөнүндө сансыз ойлор чубурат.
Сулуу жүзүң көз алдыма элестеп,
Шайыр күлкүң кулагыма угулат.

Сулуулугуң, назик, шайыр мүнөзүң,
Алган эле жүрөгүмдү жай кылып.
Күтүп жүрөм, элесиңди унутпай,
Билсең дагы, келбестирсиң кайрылып.

Чындыгында туура жолдон адашып,
Жүрөктөргө так калтырган кимибиз?
Мезгил өтөт, кечирүүгө кеч болот,
Тушүнгөнчө бирибизди бирибиз.

Туура жолдон адашканың түшүнсөң,
Түбөлүккө ичтен сызып өтөөрсүң.
Билем бирок, сүйүү деген туруксуз,
Бирөө менен кол кармашып кетээрсиң.

Чачың сылап, ак жүзүңдөн аймалап,
Эркин соккон желден айткан саламды.
Жарк-деп өчкөн махабаттын күбөсү-
Эстей жүргүн, сени унутпас адамды.

 

Казак кызы-садагам

Сулуулугуң ченде жок,
Сүрөттөөр сөз менде жок.
Сүйүүмдү сезээрге,
Сүртүмгө да жетээрдей,
Сүйүү сезим сенде жок.

Жылдыз жанган көзүңдөн,
Балдай ширин сөзүңдөн.
Колдоруңду кармасам,
Денем оттой балбылдап,
Кете жаздайм өзүмдөн.

Же, сүйүүмдү туйбадың,
Же, өзүңдү кыйбадым.
Тийишип сүйлөп-байкелеп,
Тентек мүнөз карындаш,
Мени абдан кыйнадың.

Тентектигиң койбодуң,
Минтсең баарын “сойгонуң”.
Бойдоктордун баарысын,
Ашык кылып алыпсың,
Мына ушул жагын ойлогун.

Кээ бир жерде тентексиң,
Кээ бир жерде элпексиң.
Бала болсоң эгерде,
Тентектигиң көтөрбөйм,
Менден бирди “көрмөксүң”.

Көпөлөктөй айланып,
Калдым сага байланып.
Коеюн дейм кыйбаймын,
Ашык болгон жүрөктү,
Бир өзүңдөн кайра алып.

Жүрөгүндө жарадан,
Түгөндү го жан агаң.
Арзуумду түшүнүп,
Айыктырчы жүрөктү,
Казак кызы-садагам.

 

Апама кат

Апаке,
Турмуштун оор сабагын көрдүм азыр,
Көз көрбөс көпкө көңүл бөлдүм азыр.
Сиз айткан насааттарды жээрип жүрсөм,
Баарына сизсиз эле көндүм азыр.

Апаке,
Турмуш бул-мугалимдин зору тура,
Сабагы уунун уусу, заары тура.
Сиз айткан акыл кептер, накыл кептер,
Дүйнөдө акыйкаттын баары тура.

Апаке,
Жаштыкта койнуңуздан чыкпай жүрүп,
Бул дүйнө абдан, абдан кең көрүнчү.
Андагы адам, чөп-чар, жаныбарлар,
Бири-бирине сүйкүм болуп, тең көрүнчү.

Апаке,
Ал дүйнө, дүйнө эмес койнуң экен,
Ал оюм балалыктын оюну экен.
Өзүңдөн кетип турмуш чындыгына,
Көнө албай, акылым нес болдум эчен.

Апаке,
Чын турмуш бурай кармап моюнумдан,
Бой жетип, алыс кетип коюнуңдан.
Күбүлүп жалбырактай, кутулганмын,
Сиз чыдап жүрчү далай жоругумдан.

Апаке,
Сыртка кетип нени билдим?
Чын айтсам, акыйкатты эми билдим.
Адамга өмүр берген Жараткандын,
Жердеги өкүлү деп сени билдим.

Апаке,
Таяк жеп, мурда алдыңа ыйлап барсам,
Эми мен кубангандан ыйлап барам.
Теңирдин мээриминин булагысың,
Мен сени Теңиримдей сыйлап барам.

Апаке,
Бул турмуштан көп жаңылдым,
Адаштым, көп согулдум, көп кагылдым.
Айкөлдүк сапатыңа мен багындым,
Урчу эми, таягыңды мен сагындым.
Апаке, өзүңдү абдан мен сагындым….

Соц тармактар:

One thought on “Адабий сынак 53 Ыр

  • 30.11.2021 at 21:04
    Permalink

    53 номердеги акын эң мыкты

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.