Адабий сынак 54 Поэма

54

ЖООМАРТ
(поэма)

1.Кетмен-Төбө

Тезирээк ырга салайын,
Теңдешсиз Кетмен-Төбөнү.
Дүрбүдөн сени карайын,
Дүйнөнүн өскөн өрөөнү.

Ааламда сендей аймак жок,
Айландым татым тузуңдан.
Албетте, мындай ардак жок,
Атырдан артык жытыңдан!

Жаңыртып салам айтамын,
Жагымдуу салкын төрүңө.
Таазимди кылып кайтамын,
Тамандан өпкөн чөбүңө.

Ыракмат Кетмен-Төбөгө,
Ыр деңиз чалкып жаткан жер.
Ачылып аппак көшөгө,
Аруулук түгөл баткан жер.

Токтогул – кыргыз булбулу,
Токтогон эмес кезинде.
Эшмамбет – ырдын дулдулу,
Элимдин турат эсинде.

Кош атчан Коргол Досу уулу
Коңгуроо добуш салган жер.
Арзуудан эрте озунуп,
Ажарды айдан алган жер.

Сыйкырдуу Арым жайлоосу
Сырыңды козгойт эң ички.
Ким келсе таркап чарчоосу,
Көргөндөй болот бейишти.

Торгойлор таңшып талаада,
Толукшуйт таңкы көңүлдөр.
Кыпындай кир жок санаада,
Кыйырдан өрдөйт өмүрлөр.

Кудайдын түшүп назары,
Кулундай туйлайт булагы.
Оо, кандай үнү тазарып,
Обонду созот улары.

Ай, ушул жерде төрөлгөн
Асылдын бири – Жоомартым.
Арчадай толук көгөргөн
Акындын пири – Жоомартым.

2.Башат

Сүйүнчү берчи, сүйүнчү,
Сүйкүмдүү бөбөк туулду.
Сый-урмат көрүп биринчи,
Сууланган нурга жуунду.

Ыңаалап кызыл ымыркай,
Ыргактуу ырга киринди.
Ааламга аң-таң таңыркап,
Акындык жайы билинди.

Бешикте жаткан чүрпөгө
Берешен ысым коюлду.
Алыска барчу үлкөнгө
Ашыкча өң-түс жуурулду.

“Жоомарт” деп аппак таң атып,
“Жоомарт” деп жолдуу күн чыкты.
Балапан кагып канатын,
Башаттан күмүш күү чыкты.

Жашоого кире бериште
Жараткан өзү колдоду.
Жандаган камкор периште
Жоомартка оомат жолдоду.

Апасы анын тим эле
Алтындан бүткөн зат экен.
Ак булут калкып, Күн Эне
Алдейин айткан чак экен.

Бакыттын кармап ачкычын,
Балалуу эне жашасын.
Адепке арнап бар күчүн,
Атасы кантип тажасын?!

Энелик жылуу мээримге,
Эркетай бала бөлөндү.
Көрөңгө көктөп дээринде,
Кенжетай алга жөнөлдү.

Өйдөгө ташы куланып,
Өзүнчө там-туң басканы.
Каадалуу тилек кылалы,
Катуулап чыксын таскагы.

Ачылган гүлдөй балалык
Азгантай кезге созулду.
Бал татым кыска аралык
Башкача нукка кошулду.

3.Өкүнүч

Көр турмуш болбойт катасыз,
Көйгөйдү көздөй жетелеп.
Кайыпка кетип атасы,
Касирет эстен кете элек.

Айрылып Бөкөнбайынан,
Алтынай күңүрт кийинди.
Жүдөткөн муңдун айынан,
Жүзүнө бырыш чийилди.

Сулууга кимдер көз артпайт,
Суктанган жандар көбөйдү.
Олжону колдон узатпай,
Ойлоду Борбу мөөрөйдү.

Алтынай менен Борбуке
Айрылыш жолдо баш кошту.
Бул кайдан келген кордук, ээ,
Булактын көзүн таш тосту!

Күлкүгө күлпөт кезигет,
Күйүткө кантип чыдайсың?
Буулуккан дартың эзилет,
Буйругу сымал Кудайдын.

Баягы баёо боз бала
Башканын коюн кайтарды.
Буюккан бороон, боз талаа
Байкуштун бугун аңтарды.

Мандалак тербей жашынан,
Манаптын бакты козусун.
Тозокту топтоп башына,
Толтурду ыйга кочушун.

Он беши жарык айдын да,
Ойрондуу түндөр караңгы.
Түгөнөт аргаң алдыңда,
Тырмалап эски жараңды.

Үшкүрүк, азап, жамандык
Үзбөсүн үмүт, күдөрдү.
Саргарган сайын амандык,
Сагынды азат күндөрдү.

Кыялда оттой жанат шык,
Кызытып муздак бүйүрдү.
Аңгыча орноп азаттык,
Ак калпак Жоомарт сүйүндү.

4.Умтулуу

Жашоонун жаңы барагын
Жаш Жоомарт шаңдуу баштады.
Ишенген изги кадамын
Илгери карай таштады.

Арыштап Арым мектеби,
Арипти андан үйрөндү.
Колунан түшпөй дептери,
Көркөмдөп түздү сүйлөмдү.

Шурудай катар тизилип,
Шылдырап акты ай, жылдар.
Каректен көз жаш үзүлүп,
Кайдандыр тамган кайгы бар.

Өспүрүм үнсүз ыйлады,
Өкүттө өткөн күнүнө.
Тагдырдын тартуу кылганы:
Туш болду балдар үйүнө.

Так ошол таалимканада
Талыкпай китеп окуду.
Жомокту жаттап, анан да
Жоргосун сөздүн токуду.

Оргуштап жаштын арааны,
Ойгонду ылдам жүрүштөр.
Багынтып максат, маараны,
Багытын тапты күлүктөр.

Тандалган жаштар тобунда
Тармал чач Жоомарт жол баштайт.
Маңдайдан соккон добулда
Манаска окшоп кол баштайт.

Агартуу окуу жайында
Аруулук менен сырдашты.
Ыр дүйнө аттуу айылда
Ыпысык ырды шыр жазды.

Шооласын айдын чубалтып,
Шоокумдуу өзөн шаттанды.
Билимдин көчүн улантып,
Борборго акын аттанды.

Мынакей, туңгуч кыргызым
Маскөөдөн билим алганы.
Таңдагы Чолпон жылдызым
Таажысын тагып жанганы.

5.Махабат

Жаштыктын кырчын жылында
Жолукту Жоомарт Тентиге.
Баа берген барбы кылымда,
Бир келген мындай селкиге.

Тентинин теги тереңде,
Тереңдик деген өлчөнбөйт.
Бой-тулку жетип кемелге,
Бир көргөн эки көрсөм дейт.

Керемет жаштык кезинде
Кезикти Жоомарт Тентиге.
Башкача укмуш сезимдер
Баш ийбей койду эркине.

Койнунда улуу тоолордун,
Коймолжуп өскөн куш экен.
Жунушбай менен Оңолдун
Жылдыздуу кызы курч экен.

Жогору жактын чүрөгү
Жоомартты алды энчилеп.
Береги жигит жүрөгү
Берилип согот “Тенти” деп.

Сүйгөнүн тиктеп миң жолу
Сүрдөндү биздин сүйөрман.
Түшүндө экөө бир болуп,
Түйшөлдү биздин күйөрман.

Кармашсаң ачык билинет,
Кайнаган каның – махабат.
Жармашсаң колго илинет,
Жайраган жаның – махабат.

Билдирип бүчүр, бүрүнө,
Биригип бүттү эки жаз.
Үйрүлүп бири-бирине,
Үй-бүлө күттү эки жаш.

Жаздыкты коюп жылдызга,
Жаштыкта күйүп жанышты.
Сулуулук сунуп кыргызга,
Сүйүүдөн перзент табышты.

Кулубек, Сырга, Зайнидин –
Кудайдын берген бермети.
Үчөөсү бирдей аруу дил,
Үлпүлдөп турган кербези.

6.Эрдик

Коёндой окшош күндөрдү
Кокустан коога козутту.
Күн сүйгөн күлгүн гүлдөрдү
Күйдүргү согуш тозутту.

Кабылан Жоомарт шерденип,
Калемин катуу кайрады.
Калкына кайрат, дем берип,
Казатка ырын айдады.

Мөгдүрөп карап турбастан,
Мөндүрдү бат-бат жаадырды.
Жүрөктөн сууруп ыр-дастан,
Журтуна өктөм кайрылды.

Тоолорду атка мингизип,
Толкунду тике тургузду.
Тамырда канды жүргүзүп,
Талпынтты Жоомарт кыргызды.

Дүрт этип жеке жанган жок,
Дүйшөнкул – саптын башында.
Чокуга жалгыз барган жок,
Чолпонбай, Самат – кашында.

Жоолашкан коркок кастарды
Жоомарттын эли жок кылды.
Мукурап артка качканды
Мукайдын эли жок кылды.

Темиркул менен Жусуптар
Темирдей күчтүү эр экен.
Асманды тиреп турушкан
Акындын баары шер экен.

Сүр-айбат менен чыгышты
Сүйүнбай жана Сооронбай.
Күрөштө жоону жыгышты,
Күзөткөн күбө – толгон ай.

Акындын алпы турганда,
Ажалды жеңди Ар-Намыс.
Эр Жоомарт жазган ыр барда
Эртеңге бирге барабыз.

Жаз келип, калың кар кетип,
Жаңырды биздин жерибиз.
Эрдиктер жандуу жарк этип,
Эгемен болду элибиз.

7.Кылы уланган комуз

Атыңа затың жарашып,
Абдан март, жоомарт экенсиң.
Бооруңду ачып карачы,
Болоттон бексиң , бекемсиң.

Мен сени “Өттү” дебеймин,
Миң жылга тете жашадың.
Өзүңдү тынбай “Кел” деймин,
Өмүрдө кайра жашагын.

“Жанар тоо өчтү” дебеймин,
Жалындуу чок бар көзүңдө.
“Аскар тоо чөктү” дебеймин,
Ал жашайт сенин өзүңдө.

“Кайыпка кетти” дебеймин,
Кайрылып келди келкелиң.
Байкушка сени бербеймин,
Баркыңа жетти эл- жериң.

Отуз төрт жашың чек эмес,
Отуз төрт кылым жашагын.
Өзгөрөм десең кеч эмес,
Өтө чоң өсүш жасагын.

Дөө-шаага көмөк көрсөткөн
Дөөлөттүү Бакай Атамсың.
Сөз үчүн маңдай тер төккөн
Сөөлөттүү Кошой Атамсың.

Мен сенден өчпөс бата алып,
Мейкинге колду сунайын.
“Жоомарттай жолборс” аталып,
Жолумду шыдыр улайын.

Мекенчил ырдын кылымын
Мен өзүң менен баштайын.
Биз жаккан отко жылынып,
Бийлесин көктөм, жаз айым!

Көктөгү Алтын Казыкка
Комуздун кылын байлайын.
Жүрөгүм чыгып ачыкка,
Жылдызды чогуу кармайын.

Мойнума опол тоону артып,
Мунара курдум ыр саптан.
Атакем сенсиң, Жоомартым,
Арналды сага бул дастан.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.