Жылдызча: Экөө Аял…Эркек… (Аңгеме)

Жылдызча Венера Бөлөкбаева

(“Жүрөгүмдөкитебинен алынды, 2005-жылы жарыкка чыккан.)

ЭКӨӨ
АЯЛ… ЭРКЕК…

Экөөнү эмнегедир көп эстейм. Биринчисин эстегенде, экинчисин. Экинчисин эстегенде, биринчисин.
Экөө… Бир Кудай, бир асмандын алдында, бир айылда, бир арыктан суу ичип жашашкан.
Экөө… Эки башка үйдө, эки башка турмушта, тагдырда өмүр сүрүшкөн.
Аял — көп балалуу.
Эркек — баласыз эле.
Экөө… Бири-бирине жакшылыктарда эч жолугушпаса керек… Чакырылышчу эмес!..
Айылдын бир пендеси башка дүйнөгө узаганда гана экөөнө “чакыруу” келчү…
Ошентип, жакшылыктардан калып, жамандыктарга гана барып, кара кийинген караандардын арасынан гана экөө бири-бирин сөзсүз көрүшчү.

ЭРКЕК
Дайыма кырдагы бейиттердин арасында, маркум болгонго жай казгандардын башында жүрчү эле. Бейит казгандар алмашса да, ал Эркек эч алмашчу эмес. Башкалар жер казган кетмен-күрөктөрү менен кошо чарчап, эс алып олтуруп калышса да, Эркектин колу менен күрөгү эс алууну билчү эмес.

АЯЛ
Аялды болсо маркумга кошок айттырганга чакырышчу, айылдын эли. Маркумду кайгылуу кошок ыры менен узата тургандары жок болуп калганда же кайгы ырын “ырдай” албаган жакындарына Аял сөзсүз жардамга келчү.
Кээде маркумдун башка жакындары кошок ырын кошуп жатса деле, Аялдын кошогу жанындагылардын бирөөсүнө да эч окшобогон үн менен жаңырып турчу. Жүрөгүнөн жулунуп, көөдөнүнөн суурулуп чыккан, кубулуп, миң бөлүнүп, кайра бир болуп биригип турган өзгөчө бир үн эле. Кошокторунун саптары ирээти менен сап-сап болуп куюлуп, төгүлүп айтылчу.
Башка аялдар кошогун токтотсо да, бейит казган эркектин күрөгүндөй болуп, Аялдын кошогу да бир нече убакытка чейин токточу эмес…

ЭРКЕК
Кыска бойлуу, тегерек бет, көздөрү ичкерээк, бир караганда күлүмсүрөп тургандай көрүнчү. Бейит казгандан башка эмне иш кылганын деле билбептирмин.
Өзүндөй чакан үйү, үйүндө аялы, короосу, короосунда боз эшеги жашачу эле.
Өзү дайым казган бейиттердин эң аягындагы, узун кыр ылдый жайдак эшегин минип алып, комуз чертип кетип жатканда колунан комузун көргөм бир жолу. Андан кийин деле андай көрүнүштө айылдан көп көрдүм. Бир жолу, комузуна кошулуп муңканган муңдуу ырын кыңылдап ырдап кетип жатканын көрүп таң калгам. Ырынабы же комузунабы таң калгам.
Ким билсин? Андан мурун деле муңдуу ырын ырдап жүргөндүр, мен укпагандырмын.
Ойноп жүргөн биздин жаныбыздан — балалыктын жанынан көп өтчү. Кээде байкап калчубуз, кээде көңүл деле бурчу эмеспиз. Байкап, карап калганыбызда, көзүн жумуп, башын чайкап, комузун кыңгырата чертип, баягыл муңканган ырын ырдап, жайдак эшегин минип алып өтчү. Боз эшеги өзү эле жол таап, үстүндөгү комузчусу комузун чертип кете беришчү.
Айылдын улуулары менен жарыша кичүүлөрү, аларды туурап, бешиктен бели чыга электер деле Эркекти ысымынын айтышчу. Андай мамилеге таарынчу деле эмес окшойт?..
Эркектин кубанычы, сооротучусу аялы анан комузу, ырлары болсо керек. Эшегине го, дайыма жанында жүргөн досундай мамиле кылганын көп көрдүм. Чаппай, урбай, сылап-сыйпап минип. Убагында суусун ичирип, жашыл чөптүн түрүнө аралатып, “каалашыңча же” дегенсип арасына калтырып коюп…

АЯЛ
Жерге жакыныраак кыска бойлуу адамдар бир башкача болот окшойт? Жердей төмөн, жердей бекем!..
Аялдын да бою кыска эле. Эки бети бышкан боорсоктой кызарып, борсоюп турчу. Маңдайкы эки тиши алдыга чыгып, оозу жакшы жабылчу эмес. Аялдын жоош жүзүнөн эле көрүнчү, бир да адам жөнүндө жагымсыз ой ойлобой турган периштедей жан экени.
Аял күйөөсүнүн экинчи аялы болуучу. Күйөөсү өзүнөн бир топ жаш улуу, бирок, сакал-муруту кап-кара эле.
Күйөөсү биринчи аялынын үйүндө көбүрөөк түндөсү. Анысына карабай, кошокчу Аял тигил күйөөсүнө тогуз бала төрөп берген.
Мага ушундай сезилчүбү, Аял дайыма суз жүрчү. Башкалардай болуп, үймө-үй кыдырганын, айылчылаганын деле көрбөптүрмүн.
Эмне үчүн ал Аял суз жашоодо жашады экен? Же, күйөөсүнө нааразы беле? Жайнаган жакшына балдары турса да күйөөсүнүн жүрөгүнө толук батпаганы үчүн көңүлсүз күндөрдү кечирсе керек.
Аял өз дүйнөсүндөгү болгон сырын, ызасын, капасын, көз жаштарын кошкон кошоктору аркылуу чыгарып алчу окшойт…

ЭРКЕК
Бир күнү, жалаң биз — кичинекейлер айылдын четинде бүлдүркөн терип жүргөнбүз. Колунда комузу, оозунда ыры жок эле Эркек эшегин минип жаныбызга келип калды.
— Ии, балдарым, бүлдүркөн бышып калыптырбы? — эшегин токтотуп сурап калды. Улуулар тоотпогону аз болгонсуп, кичүүлөр да Эркектин сүйлөгөнүнө көңүл бурчу эмес экенбиз. Күңкүлдөп жакшы деле жооп берген жокпуз. Ага карабай, Эркек эшегинен түшүп, башындагы жашыл топусун чечип алып, биз менен жарыша төгөрөк топусунун ичине бүлдүркөн терип сала баштады. Эшеги болсо ээсин күтүп тура берди. Эркек топусуна бат эле
бүлдүркөн толтуруп алды.
— Балаңыз жок го, кимге алып барып бересиз? — деп, арабыздагы чакасы бош, бүлдүркөндү жакшы тере албаган, көп сүйлөгөн өспүрүмдөрдүн бири сурап калды.
–Аялыма да!.. — деп кудуңдап, бүлдүркөндү топусун көкүрөгүнө аяр кысып, баарыбызды бир сыйра сүйө карап коюп эшегине минип жөнөп кетти.
–А-аа… Аялы бүлдүркөн жейт экен… — деп, арабыздан бир бала балалык каткырыкты салды.
— Уят, уят… Уялбай кантип бүлдүркөн алып барат?
— Чопо-чоң эле аялы бүлдүркөн жейт экен!..
Ушинтип чуулдап, шылдыңдап күлүп жаттык.
— Баласы жок да, ошон үчүн аялына эле берет бүлдүркөндү, аялынын көзүн карайт жалдырап… — деди арабыздагы эң улуу, бою да узун бала.
Ушундай сөздөрдү айтып жаттык артынан. Эркек укса да укмаксан болуп, бооруна бүлдүркөндү кысып минген эшеги менен бизден алыс узап баратты.
Бүлдүркөн болсо деле, бүлдүркөн менен кошо аялына камкордук, сый, мээрим, сүйүү деген адамкерчилик сезимдерди кошо алып баратканын биз анда түшүнбөптүрбүз.
Тырмактай болуп алып муштумга айланып чоң эле Эркектин жүрөгүн “муштагылаганыбызды” кечирүүгө болбойт. Кечиримсиз…
Эмдигиче, Эркек жөнүндө жазып жаткан ушул саамда да ойлоно берем. Бүлдүркөн терип барган күнү, кокустан, бираялы капа кылбады бекен?.. Жок! Андай болушу мүмкүн эмес! Бала төрөбөсө да акылдуу болуш керек аялы. Эркектин баласынын жоктугу — муңдуу ыры аркылуу ырдалып, колундагы комузу аркылуу чертилип, ал эми, бир калыпта жайдары жүргөнү — аялынын мыктылыгынандыр?!?

АЯЛ
Менин эле эмес, бүт айылдын ар бирине Чоң энедей болгон — Гүкү энем да жүз жашка жакындап, күздүн бир күндөрүн карайтып дүйнө салды. Оо, балалык өзөгүм өрттөнгөн ал күн эч унутулбайт…
Өзү келдиби же чакыртыштыбы баягыл кошокчу Аял да келди. Мен ичимден ойлогом, Гүкү энеме кошок айтчулар бар болсо деле ал Аял келсе керек деп. Өзүмдү чоң кишидей сезип алып күттүм, анткени, биздин үйдөгүлөр менен ымаласы ысык эле.
Ооба, чын эле кошокчу Аял келе жатты, алыстан эле кайгылуу ырын созолонтуп алган. Жакындай берди, жакындай берди энемдин муздак денеси жаткан бой үйгө. Көзүндөгү жаштары таштан-ташка урунган шар аккан суунун тунук тамчыларындай чачырайт, Аялдын жаштарын ошондо жакындан биринчи жолу көргөм. Боз үйгө кирди, кошокчулардын катарына келип олтурду. Боз үйдөгүлөрдөн өтүп, өзгөчө үнү менен сызылып, сыздап кошогун кошуп кирди. Жети аялдын үнү биригип, ал Аялдын үнүнө жеткен жок. Энемдин жүрөгүнүн айкөлдүгүн Ала-Тоого теңештирип, энемдин бийиктигин бүт дүйнөнүн тоолорунан бийик кылып кайгылуу ырына салды. Табияттын сулуу, таза, кооз көрүнүштөрүнүн баарына салыштырды энемди.
Бой жеткенде гана ойлоп жатпаймынбы, ал Аял кошок эле айтпай, сезген-туйганын, көкүрөгүндөгү жеке көйгөйүн ырга салып, кагазга түшүргөндө же төгүп ырдаганда акын же жазуучу Аял болмок экен…

ЭРКЕК
Ошентип, бир кылымга жакын жашаган Гүкү Энемдин бейитин казмакка жигиттер камданып калышты. Алардын колдоруна кетмен, күрөктөрдү издеп таап карматып, баягыл бейит казган Эркек жүргөнүн көрдүм. Беркилер, жанындагы өзүнөн кичүү жигиттердин жүздөрүнө караганда, баары эле шайыр-шатман.
Бир гана Эркектин көздөрү муңайым, жүзү азалуу. Маркум болгон айылдаштарынын баарына өзү баш болуп жай казып жүрүп өлүмдөн көңүлү калганбы?..
Бул айтканым бир чети туура эмес. Эшегин минип эл аралап жүргөндө, комузун чертип муңдуу ырларын ырдап кетип жатканда деле, биз менен бүлдүркөн терген күнү деле жүзү мынчалык капага батчу эмес, тескерисинче, жайдары адамды көрчү элем го?
Эркекти да бейит казардын алдында жакындан биринчи көрүшүм! Күлүп, ырдап коюп жүрө берет деп ал жөнүндө ойлогон алсыз оюмду жек көрдүм!.. Көрсө, ар бир маркумга көздөй жакынын жоготкондой кейип, каңырыгы түтөп жай казат турбайбы?!? Канча бейит казды? Өзү деле санабаса керек.
Канча бейит казса да, ошончо жүрөгү тилинген экен да жарыктык Эркектин!?!
Ичимдиктерди, суусундуктарды, жечү тамактарын кетмен-күрөктөрү менен кошо көтөрүшүп шарактап бейитти көздөй жөнөгөн жаш жигиттерге жол баштап, жүрөгү тилинип, убайым, аза тартып, арасындагы улуусу, аксакалы болгон Эркек эң алдыда бара жатты, бейитти көздөй кетишти…

Экөө… Аял… Эркек…
Мезгилдер жылыптыр, жер үстү жашыл болуптур, ак да болуптур. Ушинтип нечен жолу өзгөрүптүр.
Балакайлар бой жетиппиз.
Бир күндөрдө, Аял менен Эркектин да бул жашоодон өткөндөрүн уктум.
Баарын көз алдыма тарттым, жүрөгүм жаштады, жаздым, ким бирөөлөргө айтып да бердим Экөө жөнүндө.
Бирок, Экөөнө –Экөөндөй гана болуп чын дили менен азага батып кимдер бейит казып, кимдер аза ыйын ырга салды экен?
Жүрөгүмдө Экөө да өчпөй жашай берет… Аял… Эркек…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.