Залкарбек Назарматовдун “Кептеркана” тууралуу пикири
КМБ сайтындагы адабий конкурсу, “Кептеркана” аңгемеси тууралуу кеп
Биз конкурс дегенде эң ириде өз калеминин күчүнө ишенген, конкурстук байгени жеңип алууга ашыккан авторлорду ойлойбуз. Ал эми калган жоон топ калемгерлер бир катар жабык конкурстарда көңүл сыртында калып келген. Дагы деле жабык шартта жүргүзүлүп жаткан адабий конкурстар ушул тейде өтүп келет. Эки-үч жылдан бери «РухЭш» сайты уюштуруп келаткан конкурстар калемгерлер үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк болду. КМБ сайтынын жетекчиси Рахат Аманова бул саамалыктын ийгилигин арттырууга өз салымын кошууда.
Эмесе дароо эле ошол КМБ конкурсуна келген прозалык чыгарма жөнүндө кеп кылсак.
«Бу дүнүйө кептерканадыр, бири келсе бири кететтир…» Дал ушундай фраза менен башталат 44 – номурдагы прозалык чыгарма. Баш каарман – сексен алты жаштагы темир уста Махмутжан карыя. Кичинесинен жетимдик тагдырга тушуккан Махмутжандын кийинки жашоосунун да бактылуу ирмемдери чакталуу болду.
Адегенде атасы аскерге кеткен бойдон кайткан жок. Кийин он үчкө толгондо энесинен айрылды. Темир усталык өнөрдү ошо атасы салып кеткен, Ак-Буура дайрасынын үстүндө жайгашкан үйүнүн маңдайындагы беш – алты катар тизилген устаканаларга көмүр жагар болуп жүрүп үйрөндү. Кийин ошол устакананын бирине ээлик кылып калды. Үй алдында жарды жай кылган кептерлер боло турган. Кээде устаканага баратканда аларды көзү чалып калчу эле. Адегенде эки кептер эле. Кийин бара-бара алар көбөйдү. Көбөйгөн сайын кептерлердин жырткыч жоолору да пайда болду. Муну көрүп жаны ачыган Махмутжан аларды колго көндүрүп, кептеркана салып бермей болду. Адегенде жем чачып, кептерлерди өзүнө үйүр алдырды. Аялы экөө гувала тоголоктоп дубал тургузуп, кептеркана курушту.
«Бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кететтир» – деп кайсы бир акындын ушул эки сабын эртедир-кечтир Махмутжан кыңылдап ырдап кептерлерин эш тутуп, аларды кептерканасында бапестеп багып жүрөт. Махмутжан үчүн жашоо өз нугуна түшкөндөй. Устаканада эртеден кечке узанат. Бирок ал үчүн тагдырдын сыноосу дагы да токтогон жок окшобойбу. Биринчи аялынын согончогу канабады. Он тогуз жыл өмүр сүрүп, күндөрдүн биринде аялын атасыныкына жеткирип койду. Экинчиси менен да оту күйүшкөн жок. Ошентип Махмутжан кайрадан коколой башы калды.
Чыгарманын идеялык мазмуну дал ушул кептерлер менен тыгыз байланышкан. Адам тагдыры, жашоо айлампасы «бу дүнүйө кептерканадыр, бирөө келсе – бирөө кететтир» деген саптар аркылуу чечмеленүүгө аракет жасалган. Махмутжандын өмүрүндө тапкан адамдары, жоготкон адамдары анын кептерканасына бирде келсе, бирде кеткен кептерлер менен параллель сүрөттөлөт.
Автордун чыгармадагы подтексттик аракеттерин жаңылык катары баалообуз чекилик болор. Албетте аңгемеде байма-бай кайталанып турган «бу дүнүйө кептерканадыр…» фразасын окуган сайын оюбузга « Поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттап турат…» деген улуу ойчул жазуучунун романында улам кайталанып туруучу цитатаны эстейбиз. Албетте автор алган таасирин өз бетинче ишке ашырууга аракет кылган деп болжоп туралы. Бирок аңгеме үчүн бул фраза абдан эле көп колдонулуп калган десек жаңылышпайбыз. Анткен менен адам тагдыры, адамдын жаралуу максаты эмне деген табышмакты айланчыктоодо, аны көркөм каражаттар менен ачып берүүгө болгон аракеттерде кыйла ийгиликтүү кадамдарды жасай алган. Чабалдык жагына таптакыр көз жумуп коё турган болбосок – аңгемедеги баяндоонун солгундугу, улам эле примитивдүү сүрөттөөлөргө азгырыла бергендиги анын идеялык баалуулугуна көлөкө түшүрүп турганынан автордун жазуучу катары дагы да өсүү жолунда экендигин баамдоого болот.
Аңгеменин финалындагы айрым окурмандар таңданып жаткан – Махмутжандын жаңы кыйналып, бул дүйнө менен кош айтышып жатса бейкапар кептерлерге жем берип жүргөн бакма баласы жөнүндөгү суроого жооп издеп көрөлү. Махмутжандын ичер суусу түгөнүп, өмүрү өттү. Бири кетсе бири келген кептерлердей жашоо айлампасы өз нугунда уланып жатат дегендик. Экинчиден, автор улам кийинки муундардын ата-энесине кайрымсыз өсүп жатканын жана аны шарттаган бир катар себептерин айтып, коңгуроо кагып жаткандыр. Муну тиги баланын Махмутжанга чейинки тагдырынан көрүүгө болот.
Махмутжандын көз алдында ата-энеси, жакындары, достору бул дүйнөдөгү вазийпасын өтөп, биринин артынан бири түбөлүк сапарга бет алышты. Махмутжан аягында өзү да кептерлерине окшоп кете берет. Бакма баласы колундагы жемди алып: «Бу дүнүйө кептерканадыр, бири келсе – бири кететтир», – деп кыңылдап ырдай кептерлерге жем берип жүргөнүн да уккан жок…