Азамат Омош: “Кийим”аттуу аңгеме тууралуу азыноолак кеп

Азамат Омоштун “Кийим” тууралуу пикири

КМБ сайтындагы конкурска келген аңгемелердин ичинен “Кийим” өзгөчө талкуу болду окшойт. Келгиле, окуяны кыскача эстеп алалы.
Баары кокус эле башталат. Көз алдыбызда санаксыз кийимдерин чачып алып, “көз көрсөткөнү” жөнөп жаткан аялдын кийим издеп жатканын көрөбүз. Чехов: “Краткость – сестра таланта” – деген экен. Авторубуз өтө эле өзүнө ишенип жибергенби, же өтө эле шашылыш беле, айтор бизге аты белгисиз каарманыбыздын кийим тандаганы да кызык. Кийимдерин бир сыйра сапырып (бул автордун баяндоосунда) чыгып, бир шым, кофта жана суртюкка токтолот. Эмнеге каармандын кийимин санап өттүм ? Анткени чыгарманын аты ошондой. “Кийим”. Ара-чолодо аялдын таңдан кечке жаны тынбай, тытынып иштегенин кыстарып өтөт. Эки ооз эле сөз. Болду. Ушуну менен чыгармабыз бекеттен уланат. Кийим болгонго жараша кана күзгү ? Кана аялдын күзгү алдында али бул кийимин, али ал кийимин кийип көрүп, улам жактырбай чечип, улам кайра тандаганы ? Анын ордуна автор кайра эле курулай баяндоо жолуна түшөт да, каармандын апасынын сөзү менен аялдын көп кийимин жактырбашын билебиз. Болгону ушул. (Ушул жерде жеке баамымда аял кишинин табити менен табиятын толук ачып бералбаганынан, бул чыгарманын автору эркек киши го деп ойлоп калдым.)
Эми бекетке келели. Ал жерден биздин каарман аял ушунчалык шашып жаткандыктан, автобус күтпөй эле таксиге отура калат. Тойдон келаткан дагы бир эркек буларга сапарлаш болот. Такси ордунан жылат.
Эми авторго суроо: Кана деталдар ? Эшикте аба-ырайы кандай ? Жол кандай ? Машине кандай ылдамдыкта баратат ? Жол боюндагы үйлөр, столбалар, талаа, зуулдаган машиналар,.. кана ошонун баары ? Анын ордуна салондогу үч эркек саясат, дин жөнүндөгү кызуу талкууга киришет. Талашып жаткандагы тигилердин эмоциясы кана ? Болгону жолоочу аялдын “Уф!” деген үшкүрүгүн угабыз. Мындайда адам эмоциясын үшкүрүк менен эмес, көз караш, кыймыл-аракет менен билдирет. Кана ошол эмоция ?
Мейли, муну автор мүмкүн жаш, мүмкүн эми эле жазып баштагандыр дейли да, окуянын андан ары өркүндөшүн карайлы. Күтүүсүздөн эле айдоочу каарман аялга “Жамынбайсыңбы” – деп асылып кетет да, айдоочу менен каарман аялдын ортосунда конфликт чыгат. Улам тереңдеп бараткан конфликтти тойдон кайткан ала күү кишинин айдоочуну кагып бергени токтотот да, башында таксиге отурганда оозунан арак сасып жаткан бул кишини жактырбай жаткан каарман, негедир ыраазы болуп кетет. Кийимин чече салып жылаңач чуркагысы келип кеткени да кызык.


Эми ушул жерден бир нерсени айта кетпесек болбос. Эмнегедир конкурс болуп калса эле бир дааватчысы бар, болгондо да ал дааватчысы “отсталый” болгон чыгармалар келе калат да, адабиятка жакын дегендер андай чыгармаларга ички симпатияларын ачык эле билдиришип, эмнегедир дин жолунда жүргөн каармандарды “отстой” көрсөткөн аңгемелерге приоритет бергени да кээ бир шашма авторлорго стимул берди окшойт да, “Кийим” сыяктуу курулай баяндоо стилиндеги зериктирме аңгеме болмуштардын көбүрөөк жазылып жатканына себеп болуп жатат окшойт.
Дагы бир айта кетчү жагдай, “Кийим” сыяктуу жеңил-желпи жазылган базар аңгемелеринде эмнегедир эле ичкен адам өтө эле акыйкат, калыс, чынчыл, анан да дүйнөгө көз карашы кенен адамдай сүрөттөлүп, дин жолундагы каармандар акыл-эс, аң-сезим жагынан он тогузду мындай кой, он сегизинчи кылымда калып кеткендей сезим калтырат. Бул мүмкүн кайсы бир деңгээлде радикалдашып кеткен сүрмө топ диний азчылыкка (муну теологдор “инкарчилер” деп аталса керек эле) ички протест катары каралса да, менин оюмча бул болгону бир дешевизнадан ары болчу нерсе эмес.
Туура, дин жаатында баары сыдыргыга салгандай тегиз деп айта салуудан алыспыз. Көйгөйлөр толтура. Бирок арак ичкен адамды акыйкатчыл, дааватка чыгып жүргөндөрдү келесоо көрсөтүү менен адабиятта чоң секирик жасап жиберүү кыйын. Анткени исламдын өзү ар бир мусулманды билимдүү болууга үндөгөн дин. Эгер менде бирден бешке чейинки баллдык баалоо мүмкүнчүлүгү болсо, анда мен бул аңгемеге “ЭКИ” деген баа коёт элем.
Акырында айтаарым, “Кийимдин” автору курулай баяндоодон качып, каармандардын эмоциясын диалогдор аркылуу ачып бергенди өздөштүрсө кыйла чыйрак аңгемелерди жаза алаары көрүнүп турат. Авторго мындан кийинки чыгармачылыгында ийгилик каалап кетем.
Чоң ыракмат!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.