Жылдызча:Комуз(Миниатюра)

ЖЫЛДЫЗЧА

КОМУЗ
(миниатюра)

Отуз жаштан деле өтүп калгам.
Мени аяшчубу же чын эле үй оокатын кылганга алсыз, мажирөө, кыбыр, ылжырак белем?
Апам менен атам мейман тосоордо мага жардамдашуу үчүн, менден улуу эки-үч эжелерди үйгө чакырып коюшчу.
Бир күнү. Үйгө араң сыйган меймандардын баарын узатып, андан кийинки: үй жыйноо, тазалоо, идиш жуу менен алек болуп жатканбыз.
Кызыл жүздүү, узун бойлуу, бирок, толмооч киши кокустан, алыстан үн салбай эле келип калды. Мемиреп уйкусу келип турса да, басып-туруп жүрө берген кишидей көрүндү мага. Караганы, сүйлөгөнү, басканы жай анан бир калыпта экен да.
Жашы улуу киши өзү менен куракташ атама келиптир.
Бири-бирин көргөн көздөрүнө ишенишпегенсип, кучактарын кенен жайып, эзилип ал-жай сурашып көрүшүштү. Көп жылдардан бери жолугушпай калышкандыр. Атам ардактуу адамы келгенин билгизип, сый катары “үйгө кириңиз” дегенсип колу менен үй жакты жаңсап, кирип кетишти.
Эмнегедир, экөөнүн кубанычы менин да кубанычым болгондой болду. Эки кубанычка үчүнчү кубаныч болуп кошулдум!
***
— Сен кылчу ишти биз эле кылабыз, бас, жүр! Тигил, көк көз кишини өзүң эле сыйлачы, барып аларга чай куйчу…
— Биз жытына чыдай ала турган эмеспиз! Өф-и-ий!.. Бизге караганда жаш эмессиңби, чыдайсың…
— дешип каткырып күлүшүп, үйдүн ичинде кызмат кылып жүргөн эжелер сыртта идиш жууп турган менин жаныма шарактап күлүп басып келип калышты. Экөө эки жагымдан жулкулдатып колтуктап алышып, атам менен мейман кобурашып олтурган үйдүн эшигине чейин алып барышып, бири эшикти ачып, бири мени түртүп эле киргизип жиберишти. Эшиктин артында эжелердин каткырган күлкүлөрү калды жаңырып…
Нан, май, чай жана дагы башка таттуулар сыяктуу баардык тамактын түрлөрүн алдыларына даярдап коюшуп, анан жеңил эле жумуш — чай куюп берип олтуруудан экөө тең эмнеге качышты? Түшүнбөй деле калдым…
***
Узун сөзгө кирип алган атам менен келген таанышы тигил эжелердин каткырыгына, менин кирип келип чай куюп берип олтуруп калганыма деле көңүл бурушкан жок.
Мейман ичине бук толгондой төгүлүп сүйлөп, атам берилип, андан көзүн албай бирде жылмайып, бирде кабагын бүркөп, анда-санда таң калып чын дилден угуп олтурду.
Тигил эжелерди “качырган” жыты деле мага билинген жок. Же менин мурдум коңкойгону менен жытты деле сезбейт окшойт. Бирок, качпай-этпей эле атам деле жанында олтурбайбы!?!
Улуу адамдарыма чайдан куюп, салаттардан алдыларына салып берип тейлеп олтурдум.
Келген кишинин сүйлөгөнү, сөздөрү атама эле эмес, мага да жакты. Мүнөзү да жумшак, токпейил кишидей…
Башынан өткөргөн окуяларды же кимдир бирөө менен жолукканын шашпай баяндап чайдан кичинеден уурттап, алдындагы тамактардан кичинеден татып олтурду. Сөз гана баалаган, сыпаа жан окшойт!
Анан дагы, элде жок кызыктуу киши экен! Өз ысымы менен чексиз сыймыктанганына күбө болдум. Өз ысымын кошуп айтып, өз ысымы менен сөз баштап сүйлөп олтурду! Туура эле! Ысым — жаныңа жабышкан куттуу бир белги да!
Мен болсо, ысымымды чанып жүрбөймүнбү…
***
— Мырза деди, алдыңа келдим эле жардам берип койчу деп. Колдон келген жардамды берип кетирдим…
— Мырза акелеп, ал иним мен күткөндөн да ашыра сыйлады…
— Мырза, мырза дешкен классташтарымдын баарынын көзү өтүп кетти….
— Мырза аталап турат, мени көрсө эжемдин уулу…
Мына, эч ким тааныштырбаса деле, келген кишинин ысымын билип алдым, Мырза экен!
Сырттагы эжелердин бири “көк көз” дешти эле. Жо-ок, көздөрү көк эмес, жап-жашыл экен го!?! Жазга окшош жашыл көздүү киши — жаман болмок беле?!!
***
Узакка олтурду, Мырза аттуу киши. Сөзүнөн чарчаган жокпуз. Убакыт өткөнүн билбей калып, таңга чейин сүйлөп олтура берсе деп тиледим.
Бирок, күүгүм кечте үйүнө жөнөдү. Жөө кетти…
Сыртка чыксак, биздин үйгө жардам берген эжелер да үйлөрүнө кетип калыптыр.
Ал киши үйдөн узап кетээр менен,
атамды да, мени да жуунуп, кийимиңерди которгула дегендей буйрук берди, апам.
— Жыты сиңип калды, силерге… — деди.
Ал киши даам сызган бөлмөнүн эшигин аңырайтып ачып салды.
— Сасыган, терчил да… — деп жактырбай сүйлөндү.
Жагымсыз сөз акыркы мейман кеткенден кийин айтылды, бирок, мага катуу тийди…

***
Ошентип, айына бир жолу, кээде эки жолу Мырза аттуу киши атама келе баштады. Ал кишинин келгени мага — майрамга айланды. Өзүм гана чай берип, сөзүн тыңшап, кирип-чыгып тамак жасай коюп олтургум келет! Ой-тобоо, майрам делген күндөр мага майрам болбой, Мырза аттуу киши келсе мага майрам болуп калганын!
Андан башка меймандар келишээрин билгенимде каңырыгым түтөп кетчү. Анткени, алар машиналарын минип, белек-бечкектерине кошуп арак-шарабы менен келишчү. Алып келген ачуу ичимдиктерин атам-апам болуп чогуу ичишип, кутургандай бийлешип, ырдашып, аягы ызы-чууга айлангандыктанбы? Аларды тосуу — мага көңүлсүздүктү алып келүүчү, каңырыгым түтөчү…
Мырза аттуу киши келсе гана менин көңүлүм куунак болчу.
Башкалардай болбой, куру кол келсе да үйгө ынтымактын, мээримдүүлүктүн үрөөнүн сээп кете тургансыган, мен зарыгып күткөн кишиге айланды. Жашыл көзүн жайнатып атама кызыктуу окуялардан, санжыраларды башатын, комуз күүлөрүнүн тарыхын, канына сиңген чоң атасынын тарбиясын жайма-жай айтып берип кетээр эле…

***
Бир жолку келишинде гана, чай үстүндө атам суроо берди:
— Мырза досум, сага жардам кереги жокпу, менден эмне жардам керек? Дайыма эле келесиң… Айта албай эле кетип жатат окшойсуң? Айт ачыгын, колдон келчү иш болсо бүтүрүп берем!
Айтса экен, айтып атама аткартып алса экен деп, ичимден кудуңдап күтүп калдым. Анткени, кийимдери эски эле, биздикине келген башка меймандардыкындай машинасы же минген аты да жок эле. Тээ-тигил көзгө көрүнгөн, бирок, алыскы талаадагы жалгыз үйдөн бери биздикине жөө келүүчү.
— Мырза досуң сенден эч нерсе үмүт этпейт. Айта албай турган суранычым деле жок. Андай эле зарылчылык болсо айтмакмын, сага айтпаганда кимге айтат элем. — деди акырын.
— Акыркы жылдары бат-баттан каттап… Унчукпай эле келип-кетип калып жатканыңдан эле сурап койдум… — деп атам ыңгайсыз боло түштү.
— Кызыксың доктор досум! Сага эл бир нерсе бергиси келгенин берээрде, алгысы келгенин алаарда же пайда көрөөрдө гана келип көндүрүп койгон окшойт.
Мен жөн гана келем, сен үчүн…
Байбичемдин көзү өткөндөн кийин комузум алаксытуучу, сооротуучу кызматта болуп калган. Бир жолу, үйдө мен жок элем. Катуу жамгыр жаап, тоолордун боору эзилип, таштар кулаптыр. Бир чоң таш эшигимдин алдындагы тапчанды сындыра тоголонуп өтүптүр. Ошол тапчанга тиреп койгон комузумду да талкалап кетиптир. Таш менин жанымды кошо сындырып кеткенсип, баткак болуп чачырап жаткан комузумдун капкагын, кылдарын көргөндө өтө катуу кыйналгам. Эстегим келбейт…
Табигаттан өч алмак белем…
Бир жаман жери: таштан катуу коркуп калдым…
Комузумду каалашымча чертип, күйүтүмдү күңгүрөнүп күүлөр менен чыгарып алчу элем. Сүйлөшөөрүм комуз эле. Тең-туш досторумдун көбү бул дүйнөдөн өтүп кетти. Эми Кудайдан сенин өмүрүңдү тилеп жүрөм.
— Бир уюң бар эмес беле? Таш кулаганда ал аман калдыбы? — деп, атам уй жөнүндө сурап жиберди.
— Оо, ооба, аман, аман. Кудай сактады. Ал уйумдан сүт, каймак, айран болуп, эрте кеткен инимдин бала-чакасын багып жатат. Өзүң жаныма тирек болуп, байбичемди жерге бергенимде чоң жардам бергенсиң. Силер кеткенден кийин, эсиме келип эки жагымды карасам, уюм, комузум, өзүм болуп — үчөөбүз эле калыпбыз. Уйумду карасам эле, сүтүн саап жаткан байбичем көз алдыма келип… Инимдин баласы балалуу болгондо ошол уйумду тартуулап койдум. Уй эми алардыкы! Ошентип, комузум экөөбүз эле калганбыз. Калган өмүрүмө үмүтүм, кубанычым, кайратым болуп турганда, комузум да талкаланды!..
Комузу, байбичеси жөнүндө муңайым болуп ызалангансып айтса, тартууга кеткен уйу жөнүндө сыймыктана айтты.

Ошол акыркы келиши экен…
Көп убакыт деле өткөн жок.Сүйлөшөөр бир эле адамы калган, жалгыз гана келчү атамдын досу жөнүндө кара түстүү кабар уктук. Биздин чакан үй-бүлө да бардык. Топураган эл жок, саналуу эле эл чогулуптур.Үйүнө жакын эле, ата-теги жаткан эски бейиттердин арасына сөөгү коюлду.
***
Кийин мен Мырза аттуу жакшы киши жөнүндө кино тарткым келди. Роман жазгым келди. Жашыл көзү менен досун көргөн сайын кубанган кубанычын, байбичеси менен комузун айтып жаткандагы муңун батырып сүрөтүн тарткым келди. Бирөөсү да колуман келген жок!

Көпкө ойлондум, атама айтпай эле көкүрөктөгү максатымды ишке ашырайын дедим. Мырза досунун сөөгүн койгону барганыбызда атам өтө катуу кайгырып, көз жашы токтобой, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Дарыгерлерди жардамга чакырышкан. Өзү элдин баарын дарылайт, бирок, атам өзү оорубайт деген ишенич менен жүргөм. Ал күнгө чейин бир жери ооруганын көргөн эмесмин.
Ошондуктан, атамдын ички жаратын козгобошум керек деп чечтим.
Мырза аттуу жакшы адамга өзүм эле, атам экөөбүздөн болсун, эстелик жасатайын деп чечтим.
Бирок, атаман акча алышым керек, менде чоң акча жок. Дүкөндөрдө турган комуздарды сурап билип алгам, баасы канча экенин.
Мен сураган акчаны атам берди. Комуз сатып алдым. Жамгыр өтпөс, кар өтпөс, шамал учурбас, ичине комуз гана баткан жалтылдаган калың, ак темирден төрт бурчтуу тыш жасаттым. Усталар комузга ченеп, сонун кылып жасап беришти. Колдоруна береке!
Бир олбурлуу замандашым бар эле. Экөөбүз комузду, комуз салынган оор темирди анын машинасына жүктөп алып, жакшы адам болуп жашап өткөн Мырза аттуу адамдын сөөгү жаткан алыскы, эски бейитке жөнөдүк.
Бейитин белгилеп туруучу, кадимкидей эле ак, кызыл, кара таштардан бирөө да коюлбаптыр. Балким, туура эле кылышкандыр…
Замандашым экөөбүз дөмпөйүп катып калган эски бейиттердин арасындагы, мага тааныш бейитти оңой эле таап алдык. Үстүнө комуз салынган жалтыраган төрт бурчтуу оор темирди аздектеп коюп койдук.
Эми, ысымы да Мырза, оор турмуш кечирсе да мырзалыгынан жазбаган жакшы адамдын бейитинин үстүндө: тирүү кезинде кубанычы, муңу, кайраты, үмүтү болуп жүргөн — Комуз деген бир аспап жаңы бойдон сакталып, белги катары туруп калды.

2007-жыл. Декабрь

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.