Абдулла Каххар:Миң бир жан (Аңгеме) Которгон:Кубантай Эрназаров

АБДУЛЛА КАХХАР  (1907 – 1968)

 

 

 

 

 

 

Өзбек тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

МИҢ БИР ЖАН

Аңгеме

Марттын аягы. Көктө каалгый сүзүп жүргөн булуттар күн бетин тосуп, аны түйшүккө салып жатты. Күн улам булут астына кирип чыккан сайын жаз келгенинен дале болсо кабары жоктой жаткан чөп-чарды, курт-кумурсканы ойгото тургандай мурдагыдан да жарык, мурдагыдан да ысык шооласын чачып жаткандай туюлат.

Ооруканага жакында түшкөн Миррахимов чыканактай арык киши. Өзүнө шөлбүрөп чоң келген халатка оронуп, ийинден башын чыгарып турган чычкан сымал терезеден сыртты карап олтурган, бир маалда асанкайгыланып кетти: ушундай жылуу күндө колу-буту соо адам көчөгө чыга албай, терезеден сыртты тиктеп олтурат деген эмнеси!…

Миррахимов илмийип арык болгону менен үнү жоон жана дарылдап катуу сүйлөгөн киши. Медайым жүгүрүп кирди. Миррахимовдун ал-акыбалын, маанайын сурап, андан кийин дартты кайрат жеңерин, бул туурасында Мастура Алиевадан үлгү алыш керек деген тейде бирдемелерди божурады.

Мастура Алиева сегиз айдан бери палатадан чыкпай жаткан дарты оор аял, муну ооруканада элдин баары билет, көп киши кирип көргөн экен. Муну укканда, Миррахимовдун ага боору чындап ачыды:

– Шордууну кирип сурап чыгайлы! Бечара канча өмүрү калды дагы… Сурап койгонубуз сооп деле болор…

– Ооба, өтө оор акыбалда, – деди медайым күрсүнүп, – он жыл бою дарт менен алышуу оңой бекен!

Муну укканада, кире бериштеги керебетте китеп окуп жаткан оорулуу –  Ажы аканин олбурлуу денеси селт этип, башын өйдө көтөрүп, көз айнегин алды.

– Он жыл? Он жылдан бери ооруйт бекен?

– Ооба, он жыл болуптур. Бечара турмушка чыкканына бир жыл болуп-болбой жатып ушул дартка чалдыгыптыр да. Тамагынан эч нерсе өтпөйт. Оокатты кардына куюшат… Тешип коюлган… Кээде өзү куят, кээде эри.

Ажы аканин көздөрү чакчайды.

– Эри дейсизби? Эри барбы?

– Бар. Ушул жерде. Беш айдан бери бирге!

Ажы ака бир топко аңырайып туруп, анан:

– Оорукчан аялын он жыл бакканы аз келгенсип, эми ооруканада да биргеби? – дебеспи.

– Ошону айтсаңыз, – деди медайым. – Доктурларга жалынып-жалбарып жатып палатага керебет койдуруп алды.

Ажы ака дарт-илдетин кайрат менен жеңип келаткан аялды көрүштөн алдын, оорукчан аялына ушунчалык мурду бүткөн эрин көрүшкө ашыгып калды дейсиң, халатынын белин бекем бууп, тапичкесин кийди.

– Кана, жүргүлө, жүда кыйын акыбалда экен. Көрүп, акыбалын бир сурап чыгалы.

Медайым Мастура менен анын эрине кабар бергени кетти.

Көп өтпөй, карды салаңдаган Ажы ака алдыда жол баштап узун корридор аркылуу онунчу палатага карай жөнөдүк. Палатанын эшигинен өңү-башы индустарга окшогон капкара, бакырайган көздөрү жанып турган бир жигит, кебетесине караганда Мастуранын эри окшойт, бизди тосуп алды да, ар бирибизге ыраазычылык билдирип, бизди ичкери киргизди. Ушул маалда күн дагы булут астына кирди да, палатанын ичин караңгы тарта түштү. Чоң терезе тарапта жайгашкан керебет тараптан араң жан, жок, араң жан эмес, майин үн угулду:

– Келиңиздер… Ыракмат! Адамга адам кубат болот тура, миң ыракмат! Акрамжан, отургуч коюп бериң…

Күн дагы жарк дей түштү. Мастураны баарыбыз карап калдык… Көз алдыбызда оорукчан эмес, өлүк, чыныгы өлүк, кер-сары териси сөөгүнө чапташкан кесесине батып кеткен көздөрүн чоң ачып тирүү өлүк жатат… Табытта жаткан өлүктүн колу же буту кандайдыр бир себеп менен кокустан кыймылдап кетсе, көргөн адам кандай акыбалда калат?  Анын өлүм пардасы жабылган жүзүндө жанып турган көздөрүн көргөндө дал ушундай жаман акыбалга түшкүдөй киши. Бая бизди күтүп алган жигит – Акрамжан отургуч коюп берди. Миррахимов экөөбүз олтурдук. Ажы ака олбурлуу денеси менен Мастураны тосуп тике туруп калды. Жанымдагы отургучту түртүп,  Ажы аканин этегинен тарта отуруңуз дейин десем, карды бүлкүлдөп жатыптыр… Тообо кылдым, бу киши эмне күлүп жатабы деп кебетесине карасам, ыраңы купкуу боло түшүптүр! Анын коркконун байкаган медайым дароо жол баштады:

– Ий, баса… Ажы ака, сизге дары бериш такыр эсимден чыгып кеткен тура, жүрүңүз! – деди да Ажыны ээрчитип чыгып кетти. Ажы ака корридорго чыгып ыйлап жибере бекен деп ойлодум эле, жок, кудайга шүгүр, бышактаган үн угулбады.

Медайым ишаарат кылып Ажыны акырын алып чыгып кеткени менен, баары бир Мастура муну сезди. Анан жүда калааты иш болду, Миррахимов экөөбүз эмне дешибизди, эмне кылышыбызды билбей дендароо отурабыз десең. Бул турган кебетебиз оорукчанга кандай таасир кылды экен деп, Мастураны акырын карадым. Мастура бозоргон эрдин кыбыратып жылмайган болду да, анан эрин карады:

– Акрамжан, дептериңизге жазып коюң: эңгезердей үч эркек мени көргөнү келишти, мени көргөндө, бирөөсү эшикке чыга качты, экөө качканга үлгүрбөй, отуруп калышты.

Мастура кыткылыктап күлүп жиберди; жана күлдү, анан жаш баладай өзүн кармай албай каткырып күлүп кирсе болобу. Бул азил аралаш күлкү куник, адамдын дене-боюн дүркүрөтө турган даражада куник угулду, кийин эмнегедир Мастуранын жүзүнөн өлүм пардасы сыйрылгандай, нурдуу көздөрү өлүк жүзүнө жан киргизгендей болду. Миррахимов Ажы аканин кылыгы тууралуу кечирим сурагандай тейде бирдеме демекчи болуп кеп баштаганда, Мастура сөздү жула тартты:

– Мындай нерселер мага таасир кылбайт, – деди, – Акрамжан, буларга табыт туурасында айтып бериң… Жок, жок, өзүм айтып берем! Буга беш жылдан ашты. Көз алдымдан кетпейт… Калың кар жааган күн эле. Мен терезенин оро-парасында мына ушундай акыбалда жатам. Акрамжан ирегеде байпагын жамап олтурса керек эле. Сырткы дарбаза ачыла калып, кызыл бирдеме кирип келатат, эмне экен деп карасам – табыт! Акрамжандын эки досу эшик алдына табыт көтөрүп кирип келишсе болобу, ботом! Жүрөгүм шуу дей түштү… Шорум, ай, шорум, өлгөн болсом, бир жөн… Эс-учумду жыйнап, Акрамжанга бирдеме дегиче болбой, эки досу табытты дубалга сүйөп коюп, үйгө кирип келишти; үйгө киришти да, мени көргөндө, экөө  баягы Ажы акаңиздай болуп акылынан айнып кала жаздашты. Акрамжан айраң-таң… Мен ана өлөт, мына өлөт болуп жаткан элем да, ошол күнү бирөө автобуста ыйлап бараткан бир баланы көрүп, менин үкама окшотот да, Мастура өлгөн имиш деген кеп таркап кетет… Табытты бузуп, печкеге калашты. Мына ушул да таасир кылган жок мага. Мындай нерселер өз өлүмүн күтүп үмүтсүз жаткан оорукчанга таасир калтырышы мүмкүн, мен эч качан өлүмдү күткөн эмесмин, күтпөйм дагы! Бул жагын сурасаңыз, мен адам баласы өлүмүн күтүп, жашоодон үмүтү үзүлөт дегенге түк ишенбейм. Тил-ооздон калып өлүм алдында жаткан адамдын коштошуп жаткандай карашы жашоодон үмүт үзгөнү эмес, «коштошууга али эрте» деген үмүт менен, дүнүйөдө теңдеши жок, улуу үмүт менен жашоодон үмүт кылып караганы деп билем. Адам эч качан үмүтүн үзбөй жашаганы дурус.

Акрамжан Мастуранын биз менен чер жазып отурганына канчалык курсант болуп турса да, аялынын чарчап калышынан ушунчалык кабатыр болуп жатканы билинип турду; Ошондуктан Мастура эс алсын деген тейде бизди көбүрөөк сүйлөтүп, өзү да көбүрөөк сүйлөшкө аракет кылып жатты.

– Сиздин эмне дартыңыз бар? – деп сурап калды бир маалда Миррахимовго карап.

Миррахимов бир жаны үч дарт менен алышып жүргөнүн айтып берди.

– Иэ, кокуй!… Ушул тепкедей боюңузга кантип үч дартты батырып алдыңыз? – десе болобу Мастура.

Кыраан каткырык! Айрыкча, буга Миррахимов боору эзилгенче күлдү. Оору, өлүм туурасында кеп түгөнүп, тамашалуу маек жүргөнүнө кушбак богон Акрамжан да Мастуранын тамашалуу сөзүн улай бура тартып сүйлөп кирди; эрди-катын тамаша кепке жүда уста адамдар көрүнөт, оору эмне, өлүм эмне экенин такыр унутуп, аябай күлүп чер жазыштык. Өкүнүчтүүсү, Миррахимовдун карылдаган үнү маектин бузулушуна себеп болду; врач корридордон өтүп баратып,  анын дарылдаган күлкүсүн укса керек, эшикти ачып карады да, Мастурага назар салып, анын чарчаңкы жүзүн көрдү шекил, бизди чыгарып жиберди. Акрамжан артыбыздан чыкты, биздин бул салам-дубайыбыз Мастурага канча күч-кубат бергенин айтып, өзүн коёрго жер таппай толкунданып, бизге болгон чексиз ыраазычылыгын жаш чайган көздөрү айтып тургандай, кебетесинде Мастуранын бир мүнөттүк шат көңүлү үчүн оң көзүн оюп беришке да даяр экени билинип турду.

Палатабызга кайттык. Ажы ака керебетте жамбаштап, кант чай ичип, өзүн желпип олтуруптур. Болуп өткөн кыжаалат иш тууралуу ал да ооз ачпады, биз да кеп козгогон жокпуз. Ажы акага бирдеме деш быякта турсун, Миррахимов экөөбүз да кечке бири-бирибизге сөз катпадык; кебетебизде, баарыбыз Мастура тууралуу куюндай чарк урган таасирлер, пикирлер тууралуу кеп кылганга даай албай турдук окшойт.

Кеч кирди. Ажы ака акырын коңурук тартып уйкуга кетти. Миррахимов тияк-биягын каранып, менин ойгоо жатканымды байкап, башын көтөрдү.

– Бул аялдын жаны бирөө эмес, миң! – деди бир маалда, – азыр түгөнө калчудай жал-жал жанган шамдай бир жаны жалп өчөр кезде калган миң жандын бирине жалынды узатып берип, ушул ишеним гана Мастурага ажалды жолотпой турат.

Бир топтон кийин Миррахимов чыдабай дагы сөз баштады:

– Эрин айтсаң, эрин. Ал да миң бир жандуу жигит тура. Миң бир жанын бир-бирден Мастурага курмандык чалып келатканын айт.

Эртеси Мастура тууралуу дагы кайгылуу кеп уктук: бечаранын тамагынан эчтеке өтпөгөндүктөн кардына тез-тез суу топтолуп жатыптыр.

Күндөр өтүп баарыбыз таркадык. Миррахимов МТСтеги жумушуна, Ажы ака курортко кетти.

Бир топ мезгил өткөн соң ушул тарапка дагы бир иштерим менен келип калдым. Оорукананын жанынан өтүп баратып, кыя өткүм келбеди. Кирип тааныш медайымдан сурасам, Мастура бир сааттан кийин операцияга кирет экен. Доктурлар операциядан чыкпай калбасын деп, беш ай бою анын бир аз тыныгышын күтүшөт. Эч жылыш жок – акыры Мастура өлсөм эч кимге арыз-доом жок деп тил кат жазып бериптир.

Кирип көрүп чыгайын десем, доктур уруксат бербеди. Менин жоктоп келгенимди көрсө, кайрат бере турган бир ооз сөз айтсам, аз да болсо чыйрала түшөт беле деген үмүткө жетеленип күттүм.

Убакты-сааты келгенде, Мастураны медайым менен Акрамжан эки тарабынан сүйөп жетелеп чыгышты. Эшиктен чыгары менен Мастура экөөнү тең түртүп жиберип, өзү басып жөнөдү. Операция залынын каалгасын өзү ачып кирип кетти. Акрамжандын бүткүл дити жубайында болуп жатканы үчүн мени байкабады. Мастура гана мени бир карап алып, тааныбады окшойт, үндөгөн жок.

Боло турган операцияга доктурлардын көңүлү анча чаппаганы, оорукчандын абалы өтө оорлошуп колго түшүп калганы, Мастуранын ажалдын жүзүнө мынчалык тик караганы – караңгыда корккондон өзүн алаксытыш үчүн ырдап кирген айласыз адамдын иши да деген ойлор башымды бийлеп, муну көрүп күйгөнчө, көрбөй күйгөнүм оң деп операциянын бүтүшүн күтпөстөн, кетип калдым. Кечкурун ооруканага телефон чалмак болуп, чынын айтсам, телефон трубкасын колум калтырап жатып араң кармадым. Жок, кудайга миң мерте шүгүр, операция ийгиликтүү өтүптүр. Ушундай кыска жооп алдым.

Ошондон кийин мен узак сапарда жүрүп калдым, Мастуранын кийинки тагдыры мага белгисиз бойдон калды, бирок эсиме тез-тез түшчү болду; бул жаны темирден аялдын түзөлүп кетишин, дагы жашашын, узак өмүр сүрүшүн анын өзүнөн да көбүрөөк тилеп, көп-көп дуба кылып жүрдүм. Жок, өкүнүчтүүсү, менин тилегим орундалбаптыр. Арадан үч жыл өткөн соң Акрамжанды бир бейтааныш жашыраак аялды ээрчитип кетип баратканын көрүп, ичимден каңырыгым түтөдү, аттиң!

Пахта майрамы эч жерде Мырза-Чөлдөгүдөй кызыктуу өтпөсө керек, бул жерге республиканын түрдүү облустарынан келген адамдар өз облусунун ырларын ырдап, оюн-зоок көрсөтүшөт.

Пахта майрамын дос-жарлар менен Гулистан районунда өткөрдүк.

Акрамжанды баягы жаңы аялы менен ушул жерде, райборбордун чыга беришинен көрдүм. Орто бойлуу, сулуусунан келген, дене-бою кайраттуу кара торусунан келген аял ат үстүндө алма жеп, жол боюнда турат. Акрамжан өзү минген аттын басмайылын тартып жатып, мени көрөр замат, аялга бирдеме дегендей болду. Аял дароо аттан түштү. Экөө тең жүгүрүп келди да, мени менен эски достордой жүда узакка ал-акыбал сурашты. Бирок мен канча аракет кылбайын, палатадан чыгып, операция залына кирип бараткан Мастура көз алдымдан кетпей, булар менен көңүлүм ачылып көрүшө албадым. Акрамжанды гана бир ирет кучактаганым болбосо, бейтааныш аялга жүзүнө тике карабастан, суз гана кол учумда салам бердим.

Аял:

– Мени тааныдыңызбы, амаки? [1] – деди да, куржундан эки алма алып, бирин мага сунду.

– Бир жерден көргөндөй болуп жатам…

Аял колундагы алманы карс-карс тиштеп, чала чайнап бүкүлү жутту да:

– Дале тааныган жоксузбу мени? – деп дагы сурады.

Тааныдым! Көзүңдөн тааныдым, садагасы! Мастура! Күлүмсүрөп, ааламга нур чачып турган бул аял Мастура эле. Мен эмне дешимди билбей шашкалактап:

– Иэ, бул жакта эмне кылып жүрөсүз? – деп жиберипмин.

Мастура каткырып жиберди.

– Ал-күчүмдү толук ишке арнап коюп жүрөм да.

– Операцияга кирип баратканыңызда мен четте карап турган элем, өзүңүз араң турсаңыз керек, тааныбадыңыз…

– Жок, амаки, – деди Мастура бир аз кыжаалат болуп, – кечиресиз, ошондо атайын үндөгөн эмесмин… Саламдашсам, мага кайрат айтмаксыз… Ошол учурда мага айтылган кайрат сөздөр өзүмө болгон ишенимди азайтып, мени бошоштуруп, жашытып жибериши мүмкүн эле.

Көпкө сүйлөштүк. Эрди-катын аттарын жетелеп, мени далай жерге дейре узатып коюшту. Андан соң мени менен жылуу коштошуп, сол тарапка аттарын чапкан бойдон кетишти.

Мен чөлдө ылаажын куштай сызып баратышкан Мастура менен Акрамжанга узакка карап калдым. Экөө кыйла узап калганда, бири аттын башын кайра артка бурду да, аз өтпөй мага чаап жетип келди.

Бул Мастура экен, жолдон бир нече кадам нарыда туруп:

– Амаки, Ажы акама менден салам айтың, – деди да, тээ ыраакта күтүп турган Акрамжанды көздөй атын чапкан бойдон кетти.

Шаарга кайткан соң Мастуранын аманатын тапшырыш үчүн Ажы аканин үйүн издеп табышы таап, бирок салам-дубайын жеткире албадым. Бечара Ажы ака каза болуп калыптыр.

1956 – жыл.

[1]. Амаки – ага, байке деген мааниде. Өзүнөн жашы улуу эркек кишиге урматтоо иретинде айтылган каратма сөз.

 

Автор тууралуу учкай кеп: Абдулла Каххар (1907–1968) – өзбек жазуучусу. 1924-жылдан баштап фельетонист катары «Муштум» журналына, «Жаңы Фергана», «Кызыл Өзбекстан» газеталарына чыгармалары жарык көрө баштаган. «Ууру», «Анар», «Оорукчан», «Сейил бак», «Коркунуч» ж.б.у.с. көптөгөн аңгемелери жарык көргөн. «Дүйнө жашарууда» (1933), «Аңгемелер» (1935), «Эки чынар» романы (1937), «Закым» романы (1937), ж. б. бир нече китептери жарыкка чыккан. Комедиялык жанрдагы: «Жаңы жерде» (1950), «Оорулуу тиштер» (1954), «Табыттан чыккан үн», «Айланайын апалар» чыгармаларын жараткан.

Өзбек тилине А.С.Пушкиндин «Капитандын кызы», Н.В. Гоголдун «Үйлөнүү», «Ревизор», Л.Н.Толстойдун «Согуш жана дүйнө», М.Горькийдин, А.П.Чеховдун жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине которгон. Бир катар белгилүү, жаш өзбек жазуучуларын тарбиялап чыгууда зор эмгек өтөгөн.

Жазуучунун чыгармалары өзбекчеден кыргыз тилине алгачкы жолу котормочу – Эрназаров Кубантай тарабынан 2020 – жылдан баштап которула баштаган.

Өзбек адабиятынын «Чехову» деген атка ээ, улуу жазуучу Абдулла Каххар 1968-жылы Москвада каза болуп, сөөгү Ташкенттеги Чагатай көрүстөнүнө коюлган.

 

Абдулла Қаҳҳор.

Минг бир жон

(ҳикоя)

Мартнинг охирги кунлари. Кўк юзида сузиб юрган булут парчалари офтобни бир зумда юз кўйга соляпти. Офтоб ҳар сафар булут остига кириб чиққанида, баҳор келганидан бехабар ҳануз ғафлатда ётган ўт-ўланни, қурт-қумурсқани уйғотган, аввалгидан ҳам ёруғроқ, аввалгидан ҳам иссиқроқ шуъла сочаётгандай туюлади.
Касалхонага яқинда тушган Мирраҳимов, жиккаккина киши, ўзига жуда ҳам катта кўк халатга бурканиб, енгчадан бошини чиқариб турган сичқондек деразадан кўчага қараб ўтирган эди, бирдан тутақиб кетди: шундай ҳаво бўлса-ю, оёқ-қўли бутун одам кўчага чиқолмай, деразадан мўралаб ўтирса!..
Мирраҳимов жуссаси кичкина бўлгани билан товуши жуда йўғон ва бунинг устига секин гапиролмас эди. Ҳамшира югуриб кирди, Мирраҳимовнинг соғлиғини, кайфиятини сўради, кейин дардни бардош енгади, бу хусусда Мастура Алиевадан ибрат олиш керак, деган мазмунда шама қилди.
Мастура Алиева саккиз ойдан бери палатасидан чиқмай ётган оғир хаста, уни касалхонада ҳамма билар, кўп киши кириб кўрган экан. Мирраҳимовнинг одамгарчилиги тутиб кетди:
— Шу шўрлик аёлни бир кириб кўрайлик! Уч кунлиги борми, йўқми… Соб бўлган дейишади…
— Ҳа, анча оғир,— деди ҳамшира хўрсиниб,— ўн йил дард тортиш осонми!
Пойгахдаги каравотда китоб ўқиб ётган Ҳожи ака деган хаста йўғон гавдасига номуносиб чаққонлик билан бошини кўтариб, кўзидан ойнагини олди.
— Ўн йил? Ўн йилдан бери касал эканми?
— Ҳа, ўн йил бўлибди. Бечора турмуш қилганига бир йил бўлар-бўлмас шу дардга йўлиққан экан. Томоғидан ҳеч нарса ўтмайди. Овқатни қорнига қуйишади… Тешиб қўйилган… Баъзан ўзи қуяди, баъзан эри.
Ҳожи аканинг кўзлари ўйнаб кетди.
— Эри? Эри борми?
— Бор. Шу ерда. Беш ойдан бери бирга!
Ҳожи ака узоқ анграйиб қолганидан кейин:
— Ўн йил касал боқиб, яна касалхонада ҳам биргами? — деди.
— Шуни айтинг,— деди ҳамшира.— Докторларга ялиниб-ёлвориб палатага каравот қўйдириб олди.
Ҳожи ака дардга бу қадар бардошли аёлдан ҳам кўра бунчалик вафодор эрни кўришга иштиёқманд бўлиб қолди-ю, халатининг белбоғини маҳкам боғлаб, шиппагини кийди.
— Қани, юринглар, табаррук одамлар экан, бир кўриб чиқайлик.
Ҳамшира Мастура билан унинг эрига хабар бергани кетди.
Хаял ўтмай, қорни чиққан Ҳожи ака олдинда, узун коридордан ўнинчи палатага томон йўл олдик. Палата эшиги олдида бизни ҳиндига ўхшаган қоп-қора, катта-катта кўзлари ёниб турган бир йигит, афтидан, Мастуранинг эри камоли эҳтиром билан кутиб олди ва ҳар қайсимизга айрим миннатдорчилик билдириб, ичкарига йўллади. Палатага кирдик. Шу пайт офтоб яна булут остига кирди-ю, палатани шом қоронғилиги босди. Каттакон деразанинг чап томонидаги каравотдан заиф, йўқ, заиф эмас, майин товуш эшитилди:
— Келинглар… Раҳмат! Одамга одам қувват бўлади, минг раҳмат! Акрамжон, курси қўйиб беринг…
Офтоб яна ёришди. Мастурани баралла кўрдик… Кўз ўнгимизда хаста эмас, ўлик, ҳақиқий ўлик, сап-сариқ терию суякдан иборат бўлган мурда ичига ботиб кетган кўзларини катта очиб ётар эди… Тобутда ётган ўликнинг қўлими, оёғими бирон сабаб орқасида бехосдан қимирлаб кетса киши қай аҳволга тушади? Унинг ўлим пардаси қоплаган юзида чақнаб турган кўзларини кўрган киши худди шу аҳволга тушар эди.
Боя бизни кутиб олган йигит — Акрамжон курси қўйиб берди. Мирраҳимов икковимиз ўтирдик. Ҳожи ака йўғон гавдаси билан Мастурани тўсиб тикка туриб қолди. Ёнимдаги курсини суриб Ҳожининг этагидан тортай десам, қорни силкиняпти… Ажабо, бу одам нега кулаётибди, деб афтига қарасам… ранги бўз бўлиб кетибди! Унинг қўрққанини пайқаб, ҳамшира дарров йўл қилди:
— Ие, Ҳожи ака, сизга дори бериш эсимдан чиқибди-ку, юринг! — деди ва Ҳожини етаклаб чиқиб кетди. Ҳожи коридорга чиқиб йиқилармикан, деб ўйлаган эдим, йўқ, хайрият, гумбурлаган товуш эшитилмади…
Ҳамшира йўл қилиб Ҳожини олиб чиқишга чиқди-ю, лекин барибир, Мастура пайқади. Жуда-жуда хунук иш бўлди. Мирраҳимов икковимиз нима дейишимизни, нима қилишимизни билмай қолдик. Бу ҳол касалга қандай таъсир қилди экан, деб секин қарадим. Мастура қонсиз лабида табассум билан эрига юзланди:
— Акрамжон, дафтарингизга ёзиб қўйинг: уч марди майдон мени кўргани кирган эди, биттаси аранг қочдию, иккитаси қочгани ҳам бўлмай, ўтириб қолди.
Мастура пиқирлаб кулиб юборди; яна кулди, ёш боладай ўзини тутолмай қиқирлар эди. Бу ҳазил ва айниқса кулги аввал хунук, одамнинг этини жимирлатадиган даражада хунук эшитилди, кейин нучуқдир, Мастуранинг юзидан ўлим пардаси кўтарилгандай, ҳаёт тўла кўзлари ўлик юзига жон киргизгандай бўлди. Мирраҳимов Ҳожи аканинг қилмиши тўғрисида узр тариқасида бир нима демоқчи бўлиб гап бошлаган эди, Мастура сўзини оғзидан олди:
— Бунақа нарса менга таъсир қилмайди,— деди,— Акрамжон, буларга тобут воқеасини айтиб беринг… йўқ, йўқ, ўзим айтиб бераман! Бунга беш йилдан ошди. Кўз олдимдан кетмайди… Қалин қор ёққан кун эди. Мен деразанинг рўпарасида мана шу хилда ётибман, Акрамжон пайпоғини ямаётган эди шекилли. Бирдан кўча эшигимиз очилди-ю, қизил бир нарса кирди, нима экан деб қарасам — тобут! Акрамжоннинг икки ўртоғи ҳовлимизга тобут кўтариб кирди! Юрагим жиғ этиб кетди… Вой шўрим, наҳот ўлган бўлсам… То эс-ҳушимни ўнглаб, Акрамжонга бир нима дегунимча, бояги иккови тобутни деворга суяб қўйиб, уйга кириб келди; уйга кирди-ю, мени кўриб иккови ҳам бояги Ҳожи акангиздай шайтонлаб қолаёзди. Акрамжон ҳайрон… Мен ана кетди, мана кетди бўлиб ётган эдим-да, ўша куни эрталаб биров автобусда йиғлаб кетаётган бир болани кўриб, менинг укамга ўхшатибди-ю, шундан ҳалигидай гап тарқалибди… Тобутни бузиб печкага қалашди. Менга шу ҳам таъсир қилгани йўқ. Бунақа нарсалар ўлим кутиб ётган касалга ёмон таъсир қилиши мумкин, мен ҳеч қачон ўлим кутган эмасман, кутмайман ҳам! У ёғини суриштирсангиз, мен одам боласининг ўлим кутишига, яъни дунёдан умид узишига ишонмайман. Ҳатто тилдан қолган касалнинг розилик тилашиб қарагани ҳам дунёдан умид узгани эмас, балки «розилик тилашгани ҳали эрта» дермикин деган умид билан, дунёда тенги йўқ, тимсоли йўқ зўр умид билан қарагани деб биламан.
Акрамжон Мастуранинг биз билан ёзилиб ўтирганига қанчалик хурсанд бўлса, толиқиб қолишидан шунчалик хавотирда экани кўриниб турар эди; шунинг учун Мастурага тез-тез дам беришни кўзлаб, кўпроқ бизни гапиртиришга, ўзи гапиришга ҳаракат қиларди.
— Сизнинг нима дардингиз бор?- деди Мирраҳимовга юзланиб.
Мирраҳимов бирданига учта дарднинг номини айтди.
— Вой шўрим!..— деди Мастура, — жиндаккина жонингизга-я! Шу жуссангизга учта дард сиғдими?
Бўлди кулги! Айниқса, Мирраҳимов завқ қилиб кулди. Касаллик, ўлим тўғрисидаги гап тугаб, хушчақчақ суҳбат бошланишига илҳақ бўлиб турган Акрамжон Мастура бошлаган аскияни илиб кетди; аскияга жуда уста экан, оламда дард нима, ўлим нима эканини буткул унутиб, роса кулишдик. Афсуски, Мирраҳимовнинг йўғон товуши суҳбатимизнинг бузилишига сабаб бўлди: врач коридордан ўтиб бораётиб, унинг бесўнақай кулгисини эшитган бўлса керак, эшикни очиб қаради ва Мастурага зеҳн солиб, унинг юзида ҳорғинлик кўрди шекилли, бизни чиқариб юборди. Акрамжон кетимиздан чикди, бизнинг бу илтифотимиз Мастурага қанча куч-қувват беришини айтиб, кўнглида мавж уриб, ёш пардаси босган кўзларида кўриниб турган чексиз мин-натдорчилик туйғусини айтиб битиролмас, афтидан, Мастуранинг бир минутлик ороми учун ўнг кўзини ўйиб беришга ҳам тайёр эди.
Палатамизга қайтдик. Ҳожи ака каравотида ёнбошлаб, қанд чой ичиб, ўзини елпиб ётар эди. Бўлиб ўтган хижолатли иш тўғрисида у ҳам индамади, биз ҳам индамадик. Ҳожи акага бир нима дейиш у ёқтса турсин, Мирраҳимов икковимиз ҳам кечгача бир-биримизга сўз қотмадик; афтидан, борлиғимиз Мастура билан банд, қуюндай чарх ураётган таассуротлар, фикрлар, туйғуларни ифода қилгани сўз тополмас эдик.
Кеч кирди. Ҳожи ака ўртачароқ хуррак тортиб уйқуга кетди. Мирраҳимов дам-бадам у ёқдан-бу ёққа ағдарилар эди, ниҳоят, менинг уйғоқ эканлигимни пайқаб, бошини кўтарди.
— Бу хотиннинг жони битта эмас, минг битта! — деди, — ҳозир тугаб қолган шамдай липиллаб ёнаётган жони башарти сўнган тақдирда ҳам, қолган мингтасини ёқиб кейин сўнади. Мана шу ишонч Мастурага ўлимни йўлатмайди.
Мирраҳимов узоқжим қолганидан кейин яна бирдан:
— Эри-чи, эри? — деди, — бу йигитнинг ҳам рафторидан, йигитлик умри минг биттаю, шундан биттагинасини Мастурага қурбон қиляпти.
Эртасига Мастура ҳақида яна бир кўнгилсиз гап эшитдик: бечоранинг томоғидан ҳеч нарса ўтмаслиги устига қорнига тез-тез сув тўпланар экан…
Кунлар ўтиб ҳаммамиз тарқалдик. Мирраҳимов ўзининг МТСига, Ҳожи ака курортга кетди.
Орадан бир қанча вақт ўтгандан кейин шу томонга йўлим тушдию, касалхонани босиб ўтолмадим; кириб таниш ҳамширадан сўрасам, Мастура бир соатдан кейин оператсияга ётар экан. Докторлар оператсия столидан туролмайди, деб беш ойдан бери унинг раъйини қайтариб келишар экан, охири бўлмабди — Мастура ўлсам товоним йўқ, деб тилхат берибди.
Кириб кўрай десам, доктор ижозат бермади. Менинг йўклаб келганимни кўрса, далда бўладиган бирон сўз айтсам, зораки дармон бўлса деб кутдим.
Вақт-соати еттанда Мастурани ҳамшира билан Акрамжон икки томондан суяб олиб чиқишди. Лекин эшикдан чиқиши биланоқ Мастура икковини икки томонга итариб ўзи юрди; бардам қадам ташлаб, оператсия залининг эшигини ўзи очиб кириб кетди. Акрамжон, бутун диққати хотинида бўлгани учун мени пайқамади. Мастура эса менга бир қарадию, танимади шекилли, индамади.
Оператсияга докторларнинг кўнгли чопмагани, хастанинг ҳоли ўзимга маълум бўлгани, Мастуранинг ўлимнинг юзига бунчалик тик қарагани қоронғида қўрққан киши ашула айтганидек эмасмикин, деган гап кўнглимдан ўтгани учун оператсиянинг натижасини кутмадим, кечқурун касалхонага телефон қилмоқчи бўлганимда, ростини айтсам, телефон трубкасини дадил ололмадим. Йўқ, хайрият, Мастура оператсиядан бардам турибди. Шунақа дейишди.
Шундан кейин мен узоқ сафарга кетдиму, Мастуранинг тақдиридан бехабар бўлдим, лекин уни тез-тез эслар эдим; бу тоқати тоқ, жони темирдан инсоннинг тузалиб кетишини, яшашини, узоқ умр кўришини унинг ўзидан ҳам кўпроқ тилар эдим. Шунинг учун орадан уч йил ўтгач, Акрамжонни бир бегона хотин билан кўрганимда аламимдан дод деб юбораёздим.
Пахта байрами ҳеч қаерда Мирзачўлдагидек қизиқўтма-са керак, чунки бу ерга ресггубликанинг турли областларидан келган одамлар ўз областининг ашуласини, ўйинини ҳам олиб келган дейишади.
Пахта байрамини ёр-жўралар билан Гулистон раёнида ўтказдик.
Акрамжонни, боя айтганим хотин билан шу ерда, Гулистон раёни марказининг чиқаверишида кўрдим. Ўрта бўйли, хушқомат, вужудидан ёшлик кучи ва ғайрати ёғилиб турган қоп-қора жувон отда олма еб, йўл бўйида турар, Акрамжон ўз отининг айилини қайта боғламоқда эди. Акрамжон мени кўриб қолди-ю, жувонга бир нима деди. Жувон дарров отдан тушди. Иккови югуриб келди. Иккови ҳам мен билан жуда эски қадрдондай сўрашди. Бироқ мен, ҳарчанд қилсам ҳам, палатадан чиқиб оператсия залига кириб кетаётган Мастура кўз ўнгимдан кетмай, булар билан самимий кўриша олмадим: Акрамжонни бир нав қучоқлаган бўлдим, жувонга эса қўлимнинг учини бердим.
Жувон:
— Амаки, мени танимадингизми?— деди ва хуржундан иккита олма олиб, бирини менга берди.
— Қаердадир кўргандай бўламан, лекин…
Жувон қўлидаги олмани устма-уст бир неча мартаба тишлади ва чала чайнаб ютди.
— Eнди ҳам танимадингизми?— деди.
Танидим! Фақат кўзидан танидим! Кулимсираб, оламга табассум сочиб турган бу жувон ўша Мастура эди. Мен нима дейишимни билмай:
— Бу ёқда нима қилиб юрибсиз? — дедим.
Мастура кулди.
— Кучимни, ғайратимни тўла-тўкис ишга солиб юрибман, — деди.
— Оператсияга кириб кетаётганингизда мен йўлакда турган эдим, ҳаяжонда бўлсангиз керак, танимадингиз…
— Йўқ, амаки,— деди Мастура бир оз хижолат бўлиб,— кечирасиз, атайин сўрашмаган эдим… Сўрашсам, менга тасалли берар эдингиз… Ўша тобда менга тасалли бериб айтилган ҳар бир сўз ишончимга рахна, кўнглимга ғулғула солиши мумкин эди.
Узоқ суҳбатлашдик. Эр-хотин отларини етаклаб, мени талай ергача кузатиб қўйишди: сўнг хайрлашиб сўл томонга от қўйиб кетишди.
Мен саҳрода лочиндай учиб кетаётган Мастура билан Акрамжонга узоқ қараб қолдим.
Иккови уфққа етганда, бири орқага қайтди, хаял ўтмай етиб келди.
Бу Мастура экан, йўлдан бир неча қадам нарида туриб:
— Амаки, Ҳожи акамга салом айтинг, — деди ва уфқда кутиб турган Акрамжонга томон от қўйиб кетди.
Шаҳарга қайтганимиздан кейин Мастуранинг омонатини топшириш учун Ҳожи акани топдим, лекин саломини топширолмадим: Ҳожи ака бечора қазо қилган экан.

1956

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.