Эдгар Аллан По: Береника /Новелла/ Которгон: Эрмек Шоруков
Эдгар Аллан По
БЕРЕНИКА
Англисчеден оодарган Эрмек ШОРУКОВ
Dicebant mihi sodales, si sepulchrum amicae visitarem, curas meas aliquantulum forelevatas.
Ebn Zaiat [1]
Күйүт көп кырдуу келет. Жер жүзүндөгү кайгы-капа – ар кыл. Ал мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алып, турпаты күн желесинин куюлушундай өзгөрмөлүү, ар сүртүмү бири бирине жуурулбайт, ошол эле учурда түпкүлүгү бир. Мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алат! Анан кантип мен сулуулуктан ушундай жексурлукту, бир бүтүн бейпилдиктен чулу кайгыны тамырлата сууруп алдым? Антсе дагы этикада айтылгандай жамандык – жакшылыктын туундусу, чынында кубанычтан капа жаралат. Анан да өтмүштөгү ырахат тууралуу эс-тутум – бүгүнкүнүн азабы же кайсы бир убакта боло турган ачуу шаттыкта башаты бар касырет.
Диний жөрөлгө менен коюлган ысымым – Эгей, толук аты-жөнүм сыр бойдон калсын. Бул жерде атамдан мураска калган үңүрөйгөн, караңгы сарайдан башка мезгил изин салган башка мунаралуу турак жок. Биздин тукумду көзү ачыктар уруусу деп коюшат, бул ой жорумду күбөлөндүргөн негиздер алда нечен укмуш көрүнүштөрдө – биздин үй-бүлө очогубузда, чоң конок үйдүн фрескасында[2], уктоочу бөлмөлөрдөгү гобелендерде[3], гербовниктеги кылдат иштелген тирөөчтөрдө, айрыкча байыркы сүрөттөрдө, учурга бап китеп бөлмөсүндө, акырында андагы өзгөчө мазмундагы адабияттарда жетишерлик.
Эс тарткандан баштаган бардык окуялар ушул бөлмөгө, анан андагы китептерге байланыштуу, эмне китептер экенин айтпай турайын. Бул жерде менин апам акка моюн сунган. Так ушул жерде киндик каным тамды. Мурда жанымдын болбогондугун, жашабагандыгымды кеп кылуу анчейин сөз болуп калат. Макул таппайсыздарбы? Талашкандан алысмын. Өзүмө ишенем, башкаларды ишендирүүдөн алысмын. Анткен менен бизде көрүнчү кебетеленген, тереӊ, рухий мазмундагы көз караштын, мукам болсо дагы муӊдуу үндөрдүн эс-тутуму жашайт; булаңгыр, өзгөрмөлүү, белгисиз, жылма көлөкөдөй эс-тутумдан оолактай албайсың; жана акыл-эсимдин шооласы тийип турганда көлөкөдөй ээрчиген андан ажырай албайм.
Ушул бөлмөдө мен төрөлгөм. Узактай, бирок жоктой сезилген узак түндөн араң ойгонуп, жомоктогудай жерде – кыял сарайында ой кечили менен китепкөйдүн жапайы үстөмдүгүндө эсиме келдим, тегерегимди таң калуу, күйгөн көзүм менен кадала карасам мында таң каларлык эч нерсе жок, өспүрүм чагымды китеп кучактап өткөрдүм, таттуу кыялга батып жүрө берип жаштыгым кандай өткөнүн билбей калдым, жылдар тоголонуп атамдын үйүндө бойго жеттим, жашоо жазым сенейип калды, болгон ой мүнөзүмдө канабайран орун алганы айран каларлык болду. Дүйнө чындыгы элес катары сезилчү болду, элес гана катары, ошол эле учурда удургуган ойлор менин күндөлүк бардыгымдын маанисин гана түзбөстөн, чынында бирден бир болмушумдун талашсыз өзү болуп берди.
Береника экөөбүз бөлө болчубуз, атамдын үйүндө чогуу чоңойдук. Бирок биз ар башкача өстүк, мен – оорудан улам илмийген, үӊкүрдөй үӊүрөйгөн баламын, ал болсо – акыл десе зирек, боюна келсе келбеттүү, күч-кубаты ашып-ташкан кыз; анын кылар иши – адырдагы апай бетте оӊкочук атып оюн салуу, меники – бекинип алып битикчилик кылуу. Өзүм менен өзүм жашоо кечирем, өөнө боюм менен оюмду алсыраткан, кыйноого салган ой-санаага жакынмын; ал жолундагы көлөкөнү же учкан куштай акырын зуулдаган убактысын капарга албастан жашоодо бейгам делдектеп жүргөнү жүргөн. Береника! Береника! – деп атын атап чакырган үнүмө жооп болуп таш-талканы чыккан эс-тутумумдун арасынан толгон окуя чымын-куюн боло атылып чыгат! Бах, бала кезиндеги баёо, шат күндөрүндөй анын келбетин азыр да көрүп турам! Жомоктогудай айтып бүткүс сулуулук эй! Арнгейм[4] шаарынын бак-шактарынын арасындагы сымбаттуу айым! Оргума суунун ортосундагы суу пери! Андан ары, андан соӊ купуя сыр, коркунуч, анан айтылбай турган окуя. Айыккыс оору кум учурган куюндай ага жабышты да калды; ал турсун көз алдымда куюлма жин акыл-эсине кирип, жүрүм-турумун, мүнөзүнөн бери таанылгыс кылып өзгөрттү, баарынан жаманы арамзалык, кара өзгөйлүк менен анын өздүгүнө доо кетиргени болду. Каап! Бузуку келди дагы, кетти! Курмандыгычы, ал каякта? Анын ким экендигин билбей калдым, эми ал баягы Береника эмес болучу.
Бөлөмдүн руханиятына, өөнө боюна ушундай касаптуу өзгөрүш алып келген ошол арты жаман топ оорунун арасынан бөтөнчө азапка салган, түпкүлүгүндө оӊой менен сакайбас талманын бир түрү катары эскере кетсе болот. Анысы кармаганда өлүктөн дээрлик айырмасыз, көп учурда күтүүсүз өзүнө келгендеги жүрүм-туруму эс чыккыдай болор эле. Аӊгыча өзүмдүн оорум – мага аны ушундан башкача айтпоо айтылган – өзүмдүн оорум мени тез эле үстөмөндөдү, акыры мономаниянын көз көрбөгөн, таӊ каларлык түрүнө айланды, саат сайын, көз ирмем сайын күч алып, акыр түбү акыл жеткис бийлигине чулгап алды. Бул мономаниянын өзөгү, эгер аны ушинтип аташ керек болсо, метафизика илиминде көӊүл буруу деп аталган жан дүйнө касиеттеринин оору менен коштолгон туталануусунда турат. Кыязы менин айтканым түшүнүксүз болуп жатканы айкын, бирок чынын айтканда карапайым окурмандын аӊ-сезимине чыӊалган кызыгуу дүрмөтү тууралуу так түшүнүк берүүдөн алысмын деп кооптоном, ал аркылуу менин учурумдагыдай сүкүт тартуу (“лам” деп ооз ачпастан) күч-кубаты ааламдын эӊ жупуну нерселеринде өз ордун таап, жайбаракат кыялга батат.
Китеп бетиндеги кайсы бир таназар албас укумун же тамгаларын тиктеген бойдон алда нечен саат бою ойго чөмүлүү; жай саратанынын толукшуган күнүндө гобеленге же жерге кыйгач тийген көз талдырар көлөкөгө көз айырбастан көз жүгүртүү; бир калыпта күйгөн шам жалынына же очоктогу чокко түн бою өзүн жоготуу менен абай салуу; гүлдүн жыпар жытын жыттап күнү кечке кыялдануу; эсепсиз кайталагандан улам кадыресе сөздү мазмуну жоголгонго чейин бир калыпта кайталай берүү; кыймыл сезимин жоготуу же көпкө чейин көгөрө былк этпестен тынч туруу: акыл жөндөмдүн абалы менен пайда болгон эӊ жупуну, бүлгүнү азыраак кылык-жоруктардын ичинен айрымдары ушулар боло турган, балким, эми анчалык деле чектен тыш эместир, бирок кылдат талдоого же түшүндүрмөгө чакырык таштай турганы ачыктан ачык иш.
Канткен менен мени натуура түшүнүүгө жол бергим келбейт. Табиятында көӊдөй нерселерге олуттуу, орунсуз, оорулуу көз карашта кароону бардык адамзатка таандык, асыресе кыялы алып учма адамдар берилген кадыресе ой толгоого жакындык менен чаташтырбоо зарыл. Бул адегенде көрүнгөндөй мындай ышкылыктын жеткен чеги же ашкере апыртуу дагы эмес болушу мүмкүн, ал түпкүлүгүндө башкача, ар кыл. Адатта көӊдөй эмес нерсеге кызыккан кыялкеч же ынталуу адам андан чыккан ой корутунду, жоромол чытырманына тереӊдеп кирип, аны байкоостон көз кырынан жоготуп алган учур болот, көп учурда ырахатка тойгон ой кыял жыйынтыкталгыча өзүнүн таптакыр жоголуп унутулган ой толгоосунун incitamentumун же түпкү себебин таппайт. Алгач мендеги мындай көрүнүш анчалык байкалчу эмес, кесел көрөгөчүмдүн айынан бурмаланган, нукуралыктан тыш мааниге ээ болгон, бирок чындыгында андай болгон эмес. Аздыр-көптүр ой кудугум ошол көрүнүшкө чулу уютмага тартылгандай кыйшаюусуз кайтып жатты. Бул сүкүт тартуулар эч качан жанга жагымдуу болбогон жайы бар, кыялый эстен тануу аяктаганда, анын көз ирмемге да көздөн далдоо болбогон башкы себебине болгон кызыгуу табияттан тыш өлчөмгө чейин жетти, бул менин кеселимдин үстөмдүк кылган өзгөчөлүгү эле. Бир сөз менен айтканда, жогоруда айткандай ой чабытымдын күч-кубаты ыкылас койгонго корогон болсо, кадим кыялкечтики ой чабагандаганга кетет.
Ушул учурдагы окуган китептерим жан дартымдын козгогучу болбогондо, кандай болсо дагы өзүнүн көркөмдүгү, ыраатсыз табияты менен кеселдин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн ак чагылдырат. Алардын ичинен өзгөчө эсимде калганы – италиялык улуу Целиус Секундус Курионун “De Amplitudine Beati Regni Dei”[5] эмгеги; Ыйык Августиндин[6] “Кудай шаары” улуу эмгеги; Тертуллиандын “De Carne Christi”[7] аттуу эмгегиндеги “Mortuus est Dei filius; credible est quia ineptum est: et sepultus resurrexit; certum est quia impossibile est”[8] деген кайчы пикири убактымды алып, нечен жумалап маӊдай тер тамыза жемиши жок изилдөө жүргүзүүгө туура келди.
Ошентип, акыл-эсим арампөөш нерселерден улам теӊ салмактан тайып, Птолемей Гефестион айткан адам зомбулугунун чабуулуна, суу менен шамалдын буркан-шаркан жаалын былк этпестен көтөргөн, болгону асфодель[9] гүлүнүн бир серпилишинен селт эткен мухиттеги аска-зоого окшошуп кетет.
Үстүртөн караганда камырабас ойчулга Берениканын рухий абалындагы кара жолтой кесел алып келген өзгөрүү сөзсүз боло турган иштей сезилиши ыктымал, ал карбаластуу, алаӊгазар ой калчамыма чыктуу түрткү берүүгө тийиш болучу, түпкүлүгүн чоӊ далалат менен түшүнүк бергим келген, бирок андай болгон жок. Оорум кармабай көӊүлүм сергек учурда анын аянычтуу абалын көргөн мага чынында оор, бир калыптагы нурдуу жашоосунун толук кыйраганын жүрөгүмө жакын кабыл алып, чагылгандай тездикте чукул өзгөрүш алып келген керемет күч тууралуу күйүттүү ойго батчу болдум. Бирок бул ой жорумда менин дартымдын калдык изи жок болучу, мындай кырдаалда кадыресе көпчүлүк адамзат так ушинтип ой бакмак. Өзүнө ишенимдүү бүлүнгөн көӊүлүм Берениканын турпатындагы анчалык байкалбаган, ошол эле учурда эс чыгарган өзгөрүүлөргө, кешпириндеги оголе адаттан тыш бурмаланууга сугалактана бурулат.
Анын теӊдешсиз сулуулугунун болуп турган күндөрүндө сүйбөгөндүгүм анык. Менин кызыктай болмушумдагы сезимим жүрөктөн чыкпагандыгы айкын, көӊүл кушум акылымдан айкашып чыкчу. Таӊкы үрүл-бүрүл жарыктабы, күн төбөдөгү тор көлөкөлүү токой арасындабы, түнкү китепкана жымкырттыгында болобу, ал көз алдымда делдектегени делдектеген, жан тендүү Берениканы эмес, кыялый Берениканы көрөм, жердеги зат катары эмес, мындай заттын сөлөкөтү; суктанганга сук арттырбаган, болжоп билсе боло турган; сүйүктүү жан катары эмес, өтө тереӊ маанилүү чачкын ой толгоо олжосу катары көзүмө көрүнчү. Азыр болсо… азыр ал жанымда болгондо, калтырачу болдум, жакындаганда өӊүм кубарып; чөгүӊкү, муӊдуу абалына күйүп жүрүп, ал мени узакка сүйгөндүгүн эсиме тык эттирдим дагы, кыйчалыш учурда колун сурадым.
Акыры нике үлпөтүбүз жакындап келатты, ошол жылдын кышынын кыштагыдай эмес жылуу, жымжырт, тумандуу, Гальцион сулуу[10] алпештенген күндөрүнүн бир күнүндө, түш оой китепкананын ички тынчтыгында (жалгызмын деген ойдо) олтургам. Башымды көтөрүп карасам, маӊдайымда Береника турат.
Өзүмдүн беймазалуу элестетүүм же мунарык тумандын таасириби же бөлмөнүн күӊүрт ымырты же анын денесин кынаптап турган бозомук мата анын сөлөкөтүн айра тааный албай бүшүркөөмө себеп болдубу? Айта албайм. Ал үн дебестен турду, мен эки ооз сөз кошуп айтууга дааган жокмун. Муздай муздактык бүткөн боюмду каптады, жан чыдагыс коркунуч мени кысып кирди, сыйыртмактуу ашкере кызыгуу жанымды өзүнө оп тартты, отургучка сүйөнүп, анын кебетесине дем чыгарбай мыктай кадала олтуруп калдым. Кантейин! Өӊдөн азганы өзгөчө эле, өөнө боюнун калган-катканы бир кездеги сөөлөтүнөн кымындай бир белги берген жок. Оттуу көз карашым жүзүнө келип кадалды.
Узунунан келген, сөөктөй купкуу, кере карыш ачык маӊдайы, бир кезеӊде көөдөй кара чачынын жарымы чекесине түшкөн, ачык сары түскө өткөн сансыз калыӊ тармал чачы саамайына көлөкө түшүрөт, бул ойку-кайкылык жүзүндөгү убайымга үндөшпөй турду. Көздөрү жансыз, нуру өчкөн, бир караганда карексиздей сезилет, айнектей муздак көз карашынан жүзүмдү кеберсиген жука эринине аргасыз буруп кеттим. Эриндери ачылды, бул табышмактуу жылмаюуда өзгөрүүгө тушуккан Берениканын тиштери көзүмө акырын урунду. Анын тиштерин желкемдин чуӊкуру көрсүн же көрөр менен Кудайдан суранарым: жан таслим болсом кана!
Эшиктин жабылганынан селт этип кеттим, өйдө карасам, бөлөм бөлмөдөн чыгып кетиптир. Бирок тиштеринин агыш-бозомтук элеси мээмдин башаламан бөлмөсүнөн, кудай акы, чыккысы жок! Тишиндеги темгил ала такты, эмалынын карайганын, четиндеги кемтикти – баарын унуттум, бирок ошол жылмайган учуру эс тутумума эн тамга болуп басылып калды. Ошол көргөн учурдагыдан да азыр ачык даана көрүп турам. Тиштер! Ушул тиштер! Мынакей алар, тигине, бардык жерде, көз көрүнө, кол жетерлик жерде, узун, ичке, кардай аппак; тегерегинде үрөй учурган адепки башталганындай азаптан жыйрылган кубарган эриндери. Андан соӊ менин мономаниямдын буй түшүргөн жаалы кармады, анын кызыктай, кубаттуу таасирине каршы курулай күрөшө баштадым. Жарыкчылыктагы не бир түркүндүн ичинен ушул тиштерден башка оюм жок болучу. Буларга бейаӊ азгырык менен тартылдым. Калганынын бардыгы, не бир түркүн кызыктар мунун сыӊар мелтиремине сиӊип кетти. Алар гана көзүмө элестеп, өзүнүн кайталангыстыгы менен рухий жашоомдун мазмуну болуп калды. Улам жарыкка салып оюмда аларды шыкаалайм. Болгон жагынан айлантып карайм. Ичин аӊтарып изилдейм. Ар өзгөчөлүгүнө мээ эздим. Түзүлүшүнө ой түрдүм. Табигый өзгөрүшүнө баам салдым. Калтырак аралаш шыкаалап жатып, алардын сезүү, туюу жөндөмүн, жадесе эринсиз эле жакшы-жаманды айтуу сезимин ачтым. Салле[11] айымдын мындай деп жакшы айтканы бар: “Que tous ses pas étaient des sentiments”[12], Берениканын que toutes ses dents étaient! Des idées![13] экендигине алда канча көбүрөөк ишенчүмүн. Des idées! – атаӊдын көрү, мени куруткан кем акыл ой ушул болбодубу! Des idées! – анткени алардын адаттан тыш артынан түшкөнүм! Аларга жетишим гана эс-акылымды калыбына келтириши ыктымалдыгын сездим.
Аңгыча кеч да кирди, караӊгылык улам коюуланып баратты, бир аз аярлады дагы тарап кетти. Таӊ куланөөк салды, экинчи түндүн туманы басты, ал эми мен ошол обочо бөлмөдө былк этпестен олтура бердим, эрктен тыш ой кумун куюлтуп олтура бердим, тиштердин phantasmaсы[14] үрөй учурган үстөмдүгүн коё берген жок; бөлмөнүн улам алмашкан жарыгы менен көлөкөсүндө кынтыксыз ачык неме сүзүп жүрдү. Кыялдануумду коркууга, аптыгууга толгон кыйкырык бузду, ага улай бир аз тынымдан соӊ кайгынын же оорунун басмырт онтоо аралаш тынчсызданган үн коштоду. Ордумдан туруп, китепкананын каалгасынын бирин ачсам, алдымда жүзү жашка жуулган кызматчы аял турат, ал мындан кийин Береника жок экендигин айтты! Ал эртеӊ менен талмасы кармап калыптыр болучу, азыр болсо түн кирерде мүрзөсү даяр, өлүк көмүү зыйнатына бардык даярдык бүткөн.
Карасам китепканада кайра эле жалгыз олтурам. Беймаза кылган булаӊгыр түштөн жаӊы эле ойгонгонсуйм. Түн ортосу болуп калганын байкадым, күн ордуна олтурар менен Берениканы жайына алышканын жакшы билем. Ошол убайымдуу мезгил ичинде бир оозго аларлык, ал турсун айкын түшүнүгүм болбоду. Түш тууралуу эс тутумум коркунучка жыш, элес-буластыгынан улам кооптуу, белгисиз күӊүрттүгү ансайын үрөй учурат. Ал менин таржымалымдагы окуганга түшүнүксүз, эс чыгарлык, байланышпаган коркунучтуу эскерүү бети болучу. Алардын мазмунун ачып берүү далалатын көрдүм, аракетим текке кетти; ушул учурда эчак басылган үндүн жаӊырыгы сыяктуу аялдын ачуу чаӊырыгы кулагыма улам-улам жаӊыргансыды. Эмне илинчек кылдым, эмне эле бул? Өзүмө өзүм үн чыгара айттым, бөлмөнүн шыбыраган жаӊырыгы “эмне эле бул?” деп жооп кайтарды.
Жанымдагы үстөл үстүндө чырагдан бүлбүл жанат, ага жанаша тыпырайган куту жатат. Эч кандай өзгөчөлүгү жок кадимки куту, биздин үй-бүлөлүк дарыгерибиздики болгондуктан муну алда курдай көргөм, бирок кантип бул жерге, менин үстөлүмө келип калды, анан да көрөрүм менен бүткөн боюмду калтырак басканы кандай? Кандай амал кылбайлы, аӊдаш кыйын болду, акыры ачылып турган китептеги алды сызылган сөздөргө көзүм түштү. Ал Ибн-Зайат акындын: “Dicebant mihi sodales si sepulchrum amicae visitarem, curas meas aliquantulum fore levatas” деген таӊ калычтуу, ошол эле учурда жөнөкөй сөздөрү болучу. Ынтаа коюп окуурум менен чачым тик туруп, кан тамырымдагы каным катып калганы эмнеси?
Китепкананын эшигин акырын тыкылдаткан үн угулду, көрдөн чыккандай өӊү бопбоз кызматчы жыла басып кирди. Коркконунан алактаган неме калтырак баскан, кырылдаган, үзүл-кесил үн катты. Эмнени айтты? Үзүк-үзүк сөздөрдү кулагым чалды. Ал түн бейпилдигин бузган жапайы айкырык, эл чогулуп, үн чыккан жакты көздөй кеткендиги тууралуу айтты. Бир кезде анын добушу чочугандай таптак чыкты, бузулган мүрзө, кепинделген өлүктүн тытмаланганы, дагы эле дем алып, жүрөгү согуп жатканын, тирүү экендигин шыбырады!
Ал баткак болгон, кан чачыраган кийимимди көрсөттү. Менден үн чыккан жок, колумдан аста алды: кишинин тырмагынын издери. Ал көӊүлүмдү дубалда илинип турган бир нерсеге бурду. Бир топко карап калдым: бул темир күрөк болчу. Кыйкырып барып үстөлгө жабыштым, андагы кутуну ала калдым. Бирок аны күч менен ача албай койдум, калтыраган колумдан жылмышып жерге катуу түшүп, чачырап кетти; тырсылдаган үн чыгып, пилдин сөөгүнөн жасалгандай кичинекей, аппак отуз эки майда сөөккө аралаш тиш доктурдун шаймандары полго чачылып кетти.
2022-жылдын 31-майы
Сүйгөнүмдүн бейитине барсам, күйүтүм басыларын досторум айтты (латынча) – Ибн-Зайат – XI кылымдагы араб акыны.
[2] фреска (италиянча fresco – жаңы, чийки) – монументалдык живопистин акиташты негизги байланыштыруучу зат катары колдонгон маанилүү техникалык бир түрү.
[3] гобелен (французча gobelin) – Париждеги гобелен деп аталган мануфактурада дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган көркөмдүк сапаты жогору, кол менен токулган француз килеми.
[4] Арнгейм – Нидерланддагы шаар.
[5] Италиялык гуманист Целиус Секундус Курионун (1503–1559) “Кудайдын абат падышалыгынын улуулугу тууралуу” китеби 1554-жылы жарык көргөн.
[6] Христиан уламасы, жазуучу Ыйык Августиндин (354–430) “Кудай шаары” аттуу эмгеги
426-жылы жазылган;
[7] Хринстиан уламасы, жазуучу Квинт Септимий Флоренстин (160–230-жылдар) “Исанын кайра жаралышы” китеби.
[8] Кудайдын уулу өлгөнү чын, анткени сандырактык, өлгөндүн тирилгени шек жаратпайт, себеби мүмкүн эмес.
[9] Асфодель – лилия түркүмүндөгү гүл антикалык доордо өлүм гүлү катары кабылданган.
[10] Юпитер кыштын күнү катары менен жети жылуу күндү жөнөтөт. Ушул жылуу учурду эл грек мифологиясындагы шамал кудайы Эолдун кызы “Гальцион сулуунун бешиги” атап калышкан.
[11] Салле Мари (1707–1756) – XVIII кылымда Лондон менен Париждин театрларында даӊкы чыккан француз балеринасы.
[12] Анын ар бир кадамы – сезим (французча).
[13] Бардык тиши мазмунга толгон. Мазмунга! (французча).
[14] Көрүнчү (латынча)
Эдгар Аллан По
БЕРЕНИКА
Рассказ
Бывают различные несчастия. Земное горе разнородно; господствуя над обширным горизонтом, как радуга, цвета человеческого страдания так же различны и точно так же слиты, и оно точно так же царит над обширным горизонтом жизни.
Я могу рассказать ужасную историю и охотно умолчал бы о ней, если бы это была хроника чувств, а не фактов.
Мое имя Эгеус, фамилию же свою я не скажу. Нет в стране замка более славного, более древнего, как мое унылое, старинное, наследственное жилище. С давних времен род наш считался ясновидящим, и, действительно, из многих поразительных мелочей, из характера постройки нашего замка, из фресок нашей гостиной, из обоев спальни, из лепной работы пилястров оружейной залы, но преимущественно из галереи старинных картин, из внешнего вида библиотеки и, наконец, из характера книг этой библиотеки можно было вывести заключение, подтверждающее это мнение.
Воспоминания первых лет моей жизни связаны с библиотечной залой и ее книгами. Там умерла моя мать; там родился я. Но странно было бы сказать, что я не жил прежде, что у души нет предыдущего существования… Вы отвергаете? не станем об этом спорить. Я же убежден и потому не стану убеждать вас. В человеческой душе живет какое-то воспоминание о призрачных формах, о воображаемых глазах, о мелодических, но грустных звуках, воспоминание, не покидающее нас, — воспоминание, похожее на тень, смутное, изменчивое, неопределенное, трепещущее; и от этой тени мне трудно будет отделаться, пока будет светить хоть один луч моего разума.
В этой комнате я родился, в этой комнате я провел среди книг мое детство и потратил юность в мечтах. Жизненная действительность поражала меня, как видения и только как видения, тогда как безумные мысли мира фантазий составляли не только пищу для моего повседневного существования, по положительно и исключительно мою действительную жизнь.
* * *
Берениса была моей двоюродной сестрой, и мы выросли вместе в отцовском замке. Но мы росли совершенно различным образом: я — болезненным и вечно преданным меланхолии; она — живой, грациозной и полной энергии; ее дело было бегать по холмам, мое — учиться взаперти. Я жил сам в себе душой, предаваясь самым упорным и трудным размышлениям, она же беззаботно встречала жизнь, не заботясь о тени на своем пути или о молчаливом полете времени с его черными крыльями. Берениса! При ее имени черные тени восстают в моей памяти. Образ ее стоит, как живой, передо мною, — такою, какою она была в первые дни своего счастья и веселья. Как была она фантастично хороша! А потом, потом наступил полный ужас и мрак, и свершилось нечто неподдающееся рассказу. Болезнь, страшная болезнь набросилась на нее и на глазах моих изменила ее так, что трудно было узнать ее. Увы, болезнь отходила и снова подходила, но прежняя Берениса уже не возвращалась! Настоящую Беренису я не знал или, по крайней мере, не признавал ее за Беренису.
Главные страдания кузины моей заключались в эпилепсии, которая часто кончалась летаргией, похожей на смерть, от которой она просыпалась совершенно внезапно. Между тем и моя болезнь, — мне сказали, что это ничто иное, как болезнь, — быстро развивалась, усиливаясь от неумеренного употребления опиума, и, наконец, приняла характер какой-то странной мономании. С часу на час, с минуты на минуту, болезнь действовала энергичнее, и, наконец, совершенно подчинила меня своей власти. Эта мономания заключалась в страшной раздражительности умственных способностей, которую можно определить раздражительностью способностей внимания. Очень может быть, что вы меня не понимаете, и я боюсь, что не буду в состоянии дать вам точного понятия той нервной напряженности, с какой мысль углубляется в созерцание самых обыденных в мире вещей.
Моим постоянным занятием бывало: думать без устали, по целым часам, над какой-нибудь беглой заметкой на полях книги или над фразой в книге; задумчиво смотреть в продолжение целого долгого летнего дня на причудливые тени, стелящиеся по стенам; забываться по целым ночам, наблюдая прямое пламя лампы или пламя углей в камине; мечтать по целым дням над запахом цветка; монотонно повторять какие-нибудь обыкновенные слова до тех пор, пока звук от повторения перестанет занимать мысли; в полном, упорно сохраняемом покое забывать всякое чувство движения и физического существования.
Мысли мои в такие минуты никогда не переходили на другие предметы, а упорно вертелись около своего центра. Человеку невнимательному покажется очень естественным, что страшная перемена в нравственном существовании Беренисы, вследствие ее страшной болезни, должна бы была послужить предметом моей задумчивости. Но ни чуть не бывало. В светлые минуты несчастие ее, правда, меня огорчало, я думал с грустью о страшной перемене, происшедшей в ней. Но эти мысли не имели ничего общего с моей наследственной болезнью. Болезнь моя питалась не такой переменой, а переменой физической, страшно изменявшей Беренису.
Во дни ее поразительной красоты, можно сказать наверное, я не любил ее. Чувства мои никогда не шли из сердца, а всегда из головы. Берениса являлась мне не настоящей Беренисой, а Беренисой моих мечтаний, не земным, а абстрактным существом. Теперь же я дрожал в ее присутствии, бледнел при ее приближении; горюя о ее гибели, я все-таки помнил, что она давно любила меня, и когда-то в грустную минуту заговорил с нею о браке.
День, назначенный для нашей свадьбы, приближался. Однажды после обеда я сидел в библиотеке; я думал, что в комнате нет никого, кроме меня, но, подняв глаза, увидал стоявшую передо мною Беренису.
Она казалась мне какой-то призрачной и высокой. Я молча откинулся на спинку кресла; она стояла тоже молча. Худоба ее была ужасна; в ней не осталось ничего от прежней Беренисы. Наконец, взор мой упал на ее лицо.
Когда-то черные волосы теперь стали светлыми, а мутные и поблекшие глаза казались без ресниц. Я взглянул на губы. Они раскрылись особенной улыбкой и взору моему представились зубы новой Беренисы. Лучше бы мне никогда не видеть их или, увидав, лучше бы умереть!
* * *
Скрип двери пробудил меня; подняв глаза, я увидел, что кузины в комнате нет. Но белый и страшный призрак ее зубов не покидал и не хотел покинуть комнаты. На поверхности их не было ни точки, ни эмали, ни пятнышка. Мимолетной улыбки достаточно было, чтобы они врезались мне в память. И потом я их видел так же ясно, как и прежде, видел даже яснее, чем прежде. Зубы эти являлись и тут, и там, и везде: длинные, узкие и необыкновенно-белые, с бледными губами, натянутыми вокруг так, как они никогда не бывали прежде. Затем наступил полный припадок моей мономании, и я тщетно боролся против ее непреодолимого и странного влияния. В бесконечном числе предметов внешнего мира, я только и думал, что о зубах. Я чувствовал к ним страстное желание. Все окружающее было поглощено мыслью о зубах. Они сделались для меня источником жизни. Я изучал их, и мне казалось, что зубы Беренисы — это идеи. И эта-то безумная мысль погубила меня. Вот потому-то я так страстно и стремился к ним! Я чувствовал, что только обладание ими может возвратить мне рассудок.
Дни проходили один за другим, а я все сидел в своей комнате с призраком зубов. Но раз, во время моей задумчивости, раздался внезапно крик ужаса и, спустя немного, я услышал рыдания и вздохи. Я встал, отворил дверь и увидал горничную, которая сообщила мне, что Берениса умерла и что могила ее уже готова.
* * *
С сердцем, замирающим от страха и отвращения, я отправился в спальню покойницы. Комната была большая, мрачная; на каждом шагу я натыкался на приготовления к похоронам. «Гроб, — сказал мне слуга, — стоит за занавескою на кровати, и Берениса лежит в гробу».
Кто же спросил меня, хочу ли я видеть покойницу? Я не заметил, чтобы чьи-нибудь уста шевелились, а между тем вопрос был сделан, и отголосок последних слов еще раздавался в комнате. Отказаться было невозможно, и с чувством какой-то подавленности я направился к постели. Я тихо поднял темные занавеси, и когда опустил их, они упали мне на плечи и отделили меня от живого мира, и заперли меня с покойницей.
В комнате пахло смертью; особенный запах от гроба производил во мне дурноту, и мне казалось, что от тела отделяется уже запах разложения. Я бы отдал все на свете, чтобы бежать от этого страшного влияния смерти, чтобы еще раз дохнуть воздухом под чистым небом. Но у меня не было сил шевельнуться, колени тряслись, я точно прирос к полу и пристально смотрел на вытянутый в гробу труп.
Господи! может ли это быть? Неужели у меня помутилась голова? Или покойница действительно пошевелила пальцем под саваном? Дрожа от страха, я тихо поднял глаза, чтобы взглянуть на лицо покойницы. Носовой платок, которым была привязана челюсть, развязался. Бледные губы улыбались, и из-за них смотрели на меня белые, блестящие, ужасные зубы Беренисы. Я судорожно отскочил от постели и, не говоря ни слова, как безумный, бросился вон из этой страшной комнаты смерти.
* * *
Я очутился в библиотеке, и сидел в ней один. Мне казалось, что я пробудился от какого-то ужасного, смутного сна. Была полночь. Я распорядился, чтобы Беренису схоронили до заката солнца; но я не сохранил точного воспоминания о том, что делалось в это время. А между тем мне припоминалось что-то ужасное, что-то смутное, и потому более ужасное; оно походило на какую-то страшную страницу моего существования, написанную темными воспоминаниями, ужасными и неразборчивыми. Я старался разобрать их, но не мог. Между тем, по временам в ушах моих раздавался звук, похожий на пронзительный крик женщины. Точно я совершил что-то. Я громко спрашивал себя: «что такое?» и эхо комнаты отвечало мне: что такое?..
На столе подле меня горела лампа, а подле стоял ящичек из черного дерева. Ящик был очень обыкновенный, и я часто видел его: он принадлежал нашему годовому доктору. Но как он попал ко мне на стол? почему я дрожал при виде его?.. Взор мой упал, наконец, на страницы открытой книги и остановился на одной подчеркнутой фразе. Это были странные, но простые слова поэта Эбн-Залата: Dicebant mihi sodales, si sepulchrum amicae visitarem, curas meas aliquantulum fore levatas. — Отчего от этих слов волосы мои становятся дыбом, и кровь застывает в жилах?
В дверь библиотеки кто-то тихо постучал, и ко мне на цыпочках вошел слуга, бледный, как мертвец. Глаза его блуждали от ужаса, и он заговорил со мною тихим, дрожащим, глухим голосом. Что говорил он мне? Я понял только некоторые фразы. Кажется, он рассказывал, что ночью в замке слышали страшный крик, что вся прислуга собралась, и побежала на крики. Тут голос его стал ясен; он говорил о поругании могилы, об обезображенном трупе, вынутом из гроба, — трупе еще дышавшем, еще вздрагивавшем, еще живом!
Он взглянул на мою одежду; она была выпачкана грязью и кровью. Не говоря ни слова, он взял меня за руку; на ней оказались следы от ногтей человеческих. Он обратил мое внимание на предмет, приставленный к стене. Я посмотрел: то был заступ. Вскрикнув, бросился я к ящику из черного дерева. Но у меня недоставало силы открыть его; он, выскользнув у меня из рук, тяжело упал па пол и разбился в мелкие дребезги. Звеня, выскочили из него несколько инструментов для дерганья зубов, и вместе с ними рассыпались по всему полу тридцать два белых маленьких кусочка, похожих на кость.