Эрмек Шоруков: Арслан Койчиевдин “Добул-таштык “Заратустранын аңгемеси” повестине ой-пикир

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арслан Койчиевдин “Добул-таштык Заратустранын аңгемеси” повестине ой-пикир

Айтылуу агайыбыз Арслан Койчуевдин сыясы кургай элек “Добул-таштык “Заратустранын аңгемеси” (Бишкек, “Турар” басмасы, 2022) чыгармасы окурмандардын пикирине суусап турган кези.

Жаратманын башталышы өз кезегинде зор империянын идеологиялык ириткилеринин сары изине чөп салган КГБнын ардагери эки күндө бир чыккан гезитти карап олтуруп, өзүнүн бир кездерде түздөн-түз катыштыгы бар кишинин сөөктөрү табылгандыгы тууралуу кабарды көзү чалып калганы менен башталат. Гезиттердин биринен калыӊ элге “Камасутранын” усулдарын окуп, сары чач аялга ышкылуу күүлөнгөн ындыгаранын сүрөтүн көрүп, рухий тизгинден ажырап, салмаксыз вакуумда ой келди сүзгөн коомдун абалына кейийт. Эгемендиктин шарапаты менен сөз эркиндигинин жүрүшүндө журналисттин түрдүү талаптарына куйкасы курушат. Бир түндө он эки кишини өзүнө – жыйырма беш жаштагы жигитке аттырып, “Молодец, киргиз!” деп далысынан таптаган лөкүйгөн орус майорду, качанкы окуяны эстейт. Дымагы дагы эле күчтүү отставкадагы полковник кат-кат болуп тирелип турган билдирмелердин элге ачыкка чыгышын, атайын кызматтын, бүтүндөй мамлекеттин тарыхый каталыгын коомго ачыкталышын каалабайт.

Эскинин саркындыларын түп тамыры менен жоюу милдетин аркалаган атайын кызматтын ардагери жети ондук доорду сүргөн өлкөнүн каймана өкүлү, өзү катары бааласак болот. Таза жаӊы коомду курууну көздөп, уурулуктан, калпычылыктан алыс болууга чакыргандардын өздөрү нагыз таш боор, эки жүздүү калк экендигин мойнуна алып, өкүнөт. Вайнштейндин аӊгемесин окугандан кийин Сталин менен Моисей окшош, ал турсун экөө санаалаш деген тыянакка келет. Ошол замандын эл душмандарынан арылгысы келген Моисей болсо, Сталин советтик адамдарды азыркынын “мадиандарынан” арылтуу машакатын тарткан деп түшүнөт.

Автор журналисттин көзү менен ошол учурдагы коомдун өлөк-жөлөксүз калган төкөр адамдай бырчаланган абалын кылдат сүрөттөп берет: “Мурдуна тааныш ис урунду. Ко-ош! Жакшылап алдыртан, жеӊ ичинен жашырынып, кагазга ороп кара куурай чеккендерди табасыӊ арасынан… Чак түштө эле шайтандай азгырып, жоон сандарын айбыкпай булактаткан, этеги аласын араӊ жапкан чолок юбкачандар урундубу назарыӊа?”. Журналисттин сөзү менен жетимиш жыл бою куу тумшуктардын караламан калктын мээсин карандай калпка тундурганын, транска, гипнозго, кара дубага салганын коомго ачыктан ачык ашкерелейт, кыӊыр иш кырк жылда ачыларын билдирет.

Журналисттин машакаттуу макаласынан кийин Москвадан Михаил Вайнштейн аттуу атазар адам чалып, “Тоорат”, “Библияны” казган, Моисей тууралуу жомок жазган атасы египтолог Исаак Вайнштейнди үчилтик кармап, Кыргызстанда атылгандыгын, Добул-Ташта табылган сөөктүн арасында болушу ыктымалдыгын саймедирейт. Ар бир союздук өлкөнүн башын көтөрүп келе жаткан тыӊ чыкмаларынын тамырын кыркуу тапшырмасынын бир элементи, көрүнүшү бир Исаак Вайнштейндин тагдыры аркылуу эске салынат, окурманга улуттун эн белгиси, өзөгү өтмүшүндө экендигин кайманалайт. Башы теӊ жарылайын деп турган журналист менен Вайнштейндин телефон менен сүйлөшүүсү, дегеле ар бир кейипкердин ой толгоолору, монологдору кыргыз кыртыштуу жалпак тил менен келиштире түзүлөт.

Кызыл-Аскердин чаӊдак көчөлөрү – жашыл Фрунзеден инфраструктурасынан ызы-чуусу, асфальтынан аӊы, бакытынан зары көп кырктан ашуун жаӊы конуштуу зор кыштакка айланып бараткан Бишкектин көрүнүшү.

Ардагердин образы кемпири менен болгон мамилеси, диалогдору менен кылдат ачылат. Ал абышкасынын эмне тууралуу ойлонгонунан бери билет: “Жетинчи… – деди абышка ар-бери басып, – жетинчи тууралуу жомок эсиӊдеби? Кемпири: “эсимде эмес анан” дегенчелик ым какты”. Экөөнөн бөлөк киши биле бербеген сөздөрү бар: “Адам баласынын түп атасы Кудайга жети мертебе жолугуп, ушундай эл бузарлардын жер бетинен түп тамыры менен жоголушун суранса болмок экен”.

Тарыхчы автор отузунчу жылдардагы репрессиянын тарыхый тарамы Кой-Ташка гана эмес, өлкөнүн ушул сыяктуу аймактарына тарагандыгын аты-жыты белгисиз Добул-Таштагы табылган сөөктөр аркылуу каӊкуулайт. Кыскарта чаап айтканда, автор байыркы доордогу, отузунчу жылдардагы, кийинки токсонунчу жылдардын башындагы жагдайларды, ыӊгай-шартты көркөм тил каражаттары аркылуу көз алдыга аста тартып берет. Саман-топону аралаш жазылган бөлөк тарыхый жазмалардан айырмаланып, тарыхый окуяларды курулай баяндоо менен чектелбестен, элдик аӊыз-уламыштарды (эскертүү, белги, импульс берген окуялар ушунун тегерегинде өнүгөт) жиктештирип арчындап, көркөм аӊ-сезимден өткөрүп, окурманды муютуп, анализдетип, өзүнчө тыянак чыгарууга түртөт.

Биздин байкообузда повестте жети санына басым жасалат. Ардагер полковник такси күтүп жатып, жетинчисине түшүп кетет. Вайнштейн жазган адам баласынын жаралыш тарыхы тууралуу аӊыздын жетинчи адамы белгисиз бойдон окурмандын чечиминде калат. Коммунизм идеологиясына каршы келерин сезген Вайнштейн Кудай жетинчи кылып Сталинди жараткандыгын жалгап коёт. Ошентип, жомокчу Сибирдин суугуна он жылга айдалып кетип, ошол жактан тындым болгон. Мындай жүрүш менен биздин элдик оозеки чыгармачылыктын канчалаган көрүнүктүү өкүлдөрү – К.Тыныстанов, Э.Арабаев, Молдо Кылыч, Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, Казыбек Мамбетимин ж.б. өӊдүү кыргыз каймак-чөбөгөлөрүнүн эмгектери жок кылынбаганда элибиздин рухий мухити мындан да бөксөсү толуп, чалкып турмак.

Бул китептеги дагы бир өзгөчөлүк – даректүү баяндаманын бөлүктөрүндөй ар бир баптын башына аталышынын берилгени.

Жазуучунун кесиптик лексиканы – атайын кызматтын гана кызмат адамдары колдонгон сөздөрдү кылдат, орду менен пайдалангандыгы деӊиз горизонтундагы алыстагы аралдай даана көрүнөт: “… куу тушмукка каршы атайын операция уюштуртуп жатам. Компромат толтура!”

“– Тез арада көзү ачыкты “вербовать” этиш (азгырып жалдоо) керек! – ардагер кесе сүйлөдү.”

Мошенин наристе чагында бешиги менен сууга агып бара жатканда өлүмдөн куткарып калган фараондун тузуна кара санап, фараон анын сары изине чөп салып, көзүн тазалатмакчы болгондо ал качып кетип, чөлдөн мадиандар сактап калган. Кийин Мошенин мадиандарды кыргандыгы – топон суудан кийин да, учурдагы заманда да адам баласынын дегеле оӊолбогондугунун дагы бир далили экендигин туюндурат жазуучу. Өткөн доорлордо болуп өткөн кызыл эт балдарга мууздалган канабайран учурларды азыркы доордо болуп өткөн “интеллектуал” кыргын менен параллель салыштырып берет, окурмандын акыл элегине, тараза ташына коёт.

А.Койчиев бул чыгармасында кыргыздын көөнө, мукам сөздөрүн уӊкур-чуӊкурунан таап чыгып, ыгына карап жалгап, эптештирип, дагы бир жашоо, жүз берген салымын айта кетүү абзел.

Иритки, макталуусу, үйүт, бучкактап-тооруган, бардаш кылып, жар кабагын түйдү, калкыта карады, сүлү, чыбаш чач, сыйралап окуу, туттукчудай деми кыстыгуу, непадам, сол ыйыгы, чаӊдак көчө, арпа бурагы, чүйгүн, түрлүү урку, керстендей керилүү, такмаза чегүү, капортолоо, ымырт түшүү, тапатамдан эле табышмактатып, үӊкүнүн колуна түшүү, төтөн, туйгунт жаткан тоо, атазар, кырчаӊгы тилдүү, ажына, аласапыран, ылмайыштуу көрүнгөн имарат, арка боруму, тер сиӊген жаздык, учуктап жыйноо, алпейим жашоо, башы жумур, буту айры, күн нуруна чайынса күнөстүү, ай нуруна бөлөнсө айдыӊдуу, жан бүткөн, киши баласы, ускат (кебете), азарын тартуу, кыбасы кануу, урку, чыргайлоо, кылкан чөптүн данындай бир өӊчөй, каркыны мокоо, жуйкурлук, шашкеге тогоп, аккулак орус, коӊурдоо дабыш, элөөсүз, билгирлик, тоӊсунуу, коёнчук (нервность), кемечтөө, аты угулуу редакция, бирер, алакчы дүйнө, учмак (бейиш), кумгактуу топурак, анчейин бир теңтушу, эндүү учу, баш-орой, көзгө көрүнбөй аздатуу, ныл караӊгы, кулгуна (сифилис), сүзөк (гонорея), коросон балта, жүрдөөк, текбир (величание бога), абалтадан, оптуу (аккуратный), каратаман, меселдеген кеп, жолоюн улоо, сүйөмөлүү көзү ачык, көӊүлдү зилдеткен муӊ-зар, өзөлөнө ыйлоо, жазмышына кейүү, ажына тийүү, сойгок чөп, аздоо, үлөсүн берүү, өрүш чалуу, жел аргылуу жер, үйүт-үгүт, сурдана тиктөө, өктөлүү, изги ниет, аруу тилек, жайран түшүү, сыйкы, конолго, көөн жипкирүү, белимчи, беймаалданган дабыш, куттуу-баяндуу, көйтүндүү Сибирь, атазар, бакырчылык, оолжу, ашкеби, баш үйүртмө, жолой, кер дүйнө, мунарыкта калкуу, жөлөө, эгеш, Ибилис тийүү.

Жогоруда айтылган менен катар чыгармада айрым сөздөрдүн жазылышынан, тыныш белгилердин коюлушунан, ташымалдан бир топ бел баскактарга жол берилген.

Чыгарманын терминдер менен шөкөттөлүшү кошумча түс берерин танууга болбой тургандыгын эске алган күндө дагы, “оперкызматкер”, “оперативник”, “начальник” терминдеринин жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге куралдуу күчтөрдө, укук коргоо органдарында “ыкчам кызматкер”, “башчы” катары кеӊири колдонулуп келе жаткандыгына он жылдыктын бир нечеси болду.

Президенттин жарлыгы менен 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы болуп кайра уюштурулган Кыргыз мамлекеттик медициналык институту 1992-жылы “Андан ары күн ысый электе эртелеп, Медакадемияга жөнөшмөкчү ээрчишип” (185-бет) деген сүйлөм менен эртелеп медакадемияга айланып кеткени ашыгычтуу кадамдай сезилет.

Китепте берилгени Туурасы
таӊ калыштуу таӊ калычтуу
купуя-сыр купуя сыр
кайсы-бирин кайсы бирин
түркүн-түрү түркүн түрү
кетээр кетер
ээнооз ээн ооз
тармалчач тармал чач
Адам-ата Адам ата
Валаар-кечил Валаар кечил
алмуздак алмустак
башталаар башталар
башаламан баш аламан
жалаңкат жалаң кат
богооз бок ооз
жүнбаш жүн баш
апкалып алып калып
даа дагы
атамы атамды
өтөлү өтөсү
кадалана каадалана
чүркөө чиркөө
коюга коюуга
маанаке майнаке
болойлу бололу
кабыргаларымын кабыргаларымдын
мынабулар мына булар
алакетип ала кетип
бир-бирине бир бирине
кымгууттуу кымгуут
болоор болор
оготер ого бетер
барын баарын
корочка күбөлүк
мынаминтип мына минтип
алигүнчө али күнчө
норма ченем
эсими эсимди
жарыкчылык дүйнө жарык дүйнө
вербовать азгырып жалдоо
сөрөйлөрчылап сөрөйлөрчүлөп
Сталиндик сталиндик
Сиз сиз
түбөлүктүү түбөлүк

 

 

 

Жогоруда берилгендей эле орфоэпия мыйзамынын эрежелерине ылайык “башталар”, “кетер”, “барар”, “келер” сөздөрү созулуп айтылат, орфографиянын эрежелеринин талаптарына ылайык кыска жазылат, башкача айтканда үнсүз тыбыш менен аяктаган  этиш сөздөргө  -ар мүчөсү уланганда  созулуңку айтылат, бирок жазууда жол берилбейт. Эгерде этиш сөз үндүү тыбыш менен аяктаса, созулуп айтылат дагы созулма болуп жазылат. Маселен: башта+ар=баштаар, сакта+ар=сактаар, ойло+ор=ойлоор ж.б.

Сөздөрдүн айтылышы менен жазылышы шайкеш келе бербеген жагдайлар дүйнө тилдеринин көпчүлүгүндө бар.

Мисалы: кыргыз тилинде

айтылышы                            жазылышы

таӊ калыштуу                        таӊ калычтуу

ушчул                                       уччул

богооз                                      бок ооз

ава                                            аба ж.б.

орус тилинде

што                                            что

малако                                      молоко

галава                                      голова ж.б.

англис тилинде

[neІt∫ǝ] [нейчө]                         nature

[opǝ`reІ∫(ǝ)n] (оперейшн)     operation           

[`eІdʒ(ǝ) nt] (эйжнт)               agent ж.б.

Тилдин күрмөөсүнө, айтылыш ыгына карап жаза бергенди тил илиминин кыртышы сүйбөйт, ошондуктан кайсы илим болбосун, анын ой-чуӊкуру, жыбыт-жылгасы бар, бир гана сүӊгүп окуу, изилдөө талап кылынат.

“Бирок”, “анткени” байламталарынан кийин тыным болгондугуна карап, үтүр коюла берген: Анткени, гезит аттуунун баары жабыла жазып чыгышкан тура. (100-бет). Бирок, ириде көзү ачыкты кетирбей айткан кебин аягына чейин моокуму кана угуусу керек. (129-бет). Каршылагыч байламталардын бардыгы татаал сүйлөмдүн курамындагы жөнөкөй сүйлөмдү тутумдаштырганда, өзүнөн кийинки жөнөкөй сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылат, ошондуктан үтүр белгиси дайыма бул байламталардан мурун коюлат.[1] Мисалы: Түн ортосу небак ооп кеткен, бирок уйку келбейт. Ч.Айтматов.

Узун сызыкча менен дефистин коюлушунда баш аламандык орун алгандыгын байкоого болот. Мисалы: Туулгандан тутунганыӊыз – адилдик. Эс тарткандан самаганыӊыз – жалпынын бакыбаттуулугу! (124-бет). Келтирилген мисалдарга (-) дефис эмес, (–) сызыкча коюлууга тийиш болучу.

Дефис кош сөздөрдүн, жер-суу аталыштарынын, жандооч сөздөрдүн, кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды ортосуна коюлат. Мисалы: ага-ини, Ысык-Көл, котормочу-лингвист, пай-пай, тез-тез, тарс-турс ж.б.

Эл аралык уюмдардын элегинен эленип, данегин мөмө байлаганга даярдап жүрүп, жазмакерликке зор даярдык менен келип, кара сөздүн чамгарагынан түшүп, жаӊы көз караштагы, ракурстагы эмгектерди жаратып жаткан жазуучунун калеминин учу мокобосун, көтөрсүн дайым зоболосун.

Эрмек Шоруков

2022-жылдын 17-июну

 

[1] А.Турсунов “Кыргыз тилинин тыныш белгилери”. Бишкек – 2013, 60-бет

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.