Топчугүл Шайдуллаева: Кадакчы (Аңгеме)
Топчугүл Шайдуллаева
КАДАКЧЫ
(аңгеме)
Кадакчы бул ирет Мөлтүр-Булакка кыштын кыраан чилдесинде кирип келди.
-Кадакчы келди, кадакчы!
Көчөдө ойноп жүргөн балдар эшек арабадагы ак топучан эркекти көрөөр менен баары оюнун токтотуп, үй-үйүнө чуркашты.
Айыл эли кадакчынын келээрин жол карап күтүп атышкан. Кээсинин үйүндө чай ичээр бүтүн пияласы калбай жүдөй түшкөн эле. Идиш-аяктын таңкыстыгы колхозчуларды ушунчалык сарамжал кылган, экиге, кээде үчкө бөлүнүп сынган идиштерин ыргытчу эмес. Кадакчы келсе кадактатып алып колдонобуз деп катып коюшчу.
Кадакчынын келгенин угуп, топурай түшкөн эл сынган чайнек, чыныларын бири чүпүрөк түйүнчөгүнө, бири куржунуна салып алып айылдагы идарага[2] агылышты.
Уста ушунчалык чебер болчу, ал кадаган чыны, чайнектердин бириккен жеринен суу такыр акчу эмес. Кадакталган идиш-аяктарын колхозчулар көп жыл урунушкан.
Жүзүн өскүлөң кара кашы, сакал-муруту каптаган, бою пас, тили буруу кадакчы эч ким менен ачылып сүйлөшчү эмес. Анын жаш курагы канчада экенин да болжоо кыйын эле. Ысмын да эч ким билбейт. Ким болсо ага “Уста аке” деп кайрыла турган. Ал эркектердин баарын “тага”, аялдарды улуу, кичүүсүнө карабай “аже” дечү. Келген сайын идарага жакын жердеги үйлөрдүн бирине токтойт да, айылдыктардын сынык идиш-аяктарын бирин калтырбай тегиз кадактап бүтүп, анан кетет.
Анын кызмат акысына колхозчулар колунда болгонун көтөрүп келчү. Бири эчкисинин тыбытын, бири өрүк кагын, бири тандырга жабылган нанын, дагы бири жүгөрүсүн, буудайын…. Кадакчы да аларга аны апкел, муну апкел дебейт, ким эмне сунса ошону ала берет эле. Анын ою боюнча кадакчылык кылуунун өзү чоң соопчулук экен. Кадакталган идишти колдонуп-урунуу андан да чоң соопчулук дейт.
Уста айылга аны-мунусун салган бир кичине темир сандыгын артынып келсе, кетээринде тапкан дүйнөсү арабасына сыйбай калчу. Бала-чака аны келгенде кантип сүйүнүп тосуп алса, кетээринде да арабасынын эки капталына жабышып, айылдан чыкканча коштоп барып, узатып коюшчу. Кадакчы буга ичинен кудуңдап, балдарга карап, ак топусун булгалап, түнт маанайы бир жаркып кетет эле.
Кадакчыны бул ирет да Калбү зайыптын идиштери колун байлап, көпкө убара кылды, дайым ушундай. Бүтүндөй айылдын эли апкелген идиш-аяк бир тең, бу аялдын көтөрүп келгени бир тең эле. Анын апкелген идиштери бир чети көп, бир чети сыныктары майда, элдин чынысы экиге бөлүнсө мунуку үч-төрткө бөлүнүп кеткен. Элдики кокус бала-чаканын, кары-картаңдын колунан түшүп кетип сынган чыны, чайнек болсо, мунуку атайлап жерге, же дубалга урунуп бырчаланган идиштер эле. Калбү элден эрте келип, чоң чүпүрөк түйүнчөктөгү идиштерин кадакчынын алдына жайып, адатынча жалбарып ийди:
– Бир нерсе кылып бүгүн жамап бериңиз, уста аке, чай ичкенге же пиялабыз, же чайнегибиз калсачы…
Калбүнүн бир көзү жумулган бойдон турчу, анын жалгыз көзү бакырайып, чоң, чырайлуулугун айтсаң. Ушул көз зайып жалбарып сүйлөгөндө жашка толуп кетет. Кадакчы жаш сызылган жалгыз көздү карагандан айбыгып, жер тиктеди, унчукпаган тейде алдында үйүлүп жаткан идиштердин сыныктарын бир топко ары-бери оодара кармалап, анан аларды эки жакка иргеп кирди. Кадактоого жарай тургандарын бөлүп алып, калганын аялга кайтарды.
-Буларыңыз жарабайт, сыныктары өтө эле майда экен…
Калбү жерге эңкея түрдүү түстөгү гүлдүү сыныктарды көңүлсүз термелеп түйүнчөгүнө кайра салып жатып кадакчыга билдирбей ичинен үшкүрүп алды. Аялдын эри ачуусу келсе эле анысын идиштен чыгарат. Айрыкча ичип келген күндөрү көзүнө урунган чыны, чайнектерди туш келди ыргыта берет, өчү бардай… Дубалга же жерге тийип, талкаланган идиштен “шарак” деген үн чыкканда эри эсине келип, ачуусу кайта түшөт. Ал тынчып калганда кайын энеси уулуна наалып кирет:
– Балам, ай, качан эсиңе кирет экенсиң! Чыны,чайнектин да убал-сообу бар, же артып-ашып аткан идишиң болсочу…, пайда-залалды аликүнчө билбейсиң! Элге окшоп катыныңдан чыгарбайсыңбы күчүңдү?! Бейкүнөө буюмда не айып… – Кемпир колундагы ийигин адегенде уулунун жүзүнө кезеп, анан сүйлөп бүткөндөн кийин жерге бар күчү менен уруп-уруп алат. Ийиктин учу тийген жер бети оюла түшөт эле.
Кайын энеси келинине угузуп да, угузбай да өлөр-өлгөнчө ушинтип сүйлөнүп өттү. Эри энеси эчен жыл какшап айтса да күчүн аялынан чыгарып, ага кол көтөрбөдү. Баягы эле идиштери биринин артынан бири сына берди. Ким билет, бу кадакчы болбогондо булардын үйү эчак чайнек,чынысыз калмак.
Кадакчы маңдайында үнсүз отурган зайыптын башкалардан бөтөнчө муну зарыгып күтөөрүн билчү. Жок дегенде бир эки пияласы менен чайнегин тезирээк бүтүндөп берейин деп шашты. Ар дайым ушинтет, элдикинен мурда Калбүнүкүн жан үрөп кадактап берет, кайра келгенче бу зайып дагы бир баштык сынык идиштерин топтоп алат. Айылдыктар да буга көнгөн, бу зайыптын күйөөсү Кайнардын адатын билишет, ошон үчүн эч кимиси андан кезек талашышпайт.
Ушинтип идишин атайылап сындыргандар кадакчынын маанайын түшүрүп, кыйнайт эле, андайларды кадакташ оңой дейсиңби, андайлар бардык айылдарда бар эле.
Кадакчы чайнектин эки сыныгын бири бирине тийиштирип, өлчөп, ар-жак бер жагын жакшылап карап, адегенде ак жабыштыргычты бириктире турган жерлерине тегиз сыйпап чыкты. Анан аларды териси чорго айланып катып калган манжалары менен кылдат тийиштире бекем кармап, чайнектин адегенде сынган “мурдун”, анан “кулагын” жамады. Бир аз катыгандан кийин чайнекти сылап, сыйпап, жамалган жерин таза чүпүрөк менен аарчып, тазалап, кочушуна абай кармап, бир сыйра тегерете дыкат карап чыкты. Кылган ишинин кынтыксыз бүткөнүнө ынанган соң, чайнекти тизесине коюп, жамаган жерлеринин үстүнөн майда, мыкка окшогон ичке жылмакай темирди теше кадап, кичинекей балкасы менен аны “чыңк” дедире акырын ургулап дагы бекемдеди. Бул учурда Калбү бүтөлгөн чайнегин көрүп сүйүнүп кетти. Көзү күлүп, уурту жылмайды. Кадакчы чайнекти Калбүнүн колуна бир тутам гүл берип аткандай кош колдоп абай сунду. Койкойгон гүлдүү чайнек да чын эле гүлгө окшош эле. Чайнегин колуна алган аял аны бир саам ыраазы боло тиктеп, анан чүпүрөк түйүнчөгүнө акырын салып койду.
Эми чыныларды бүтөөгө киришкен кадакчынын ой-санаасында дагы эле Калбү турду. Аялдын арып-чарчап, сабылып отурган ушул акыбалы аны ар кандай божомолго түрттү. Азыр эле сүйүнүп, заматта муңайым тарта түшкөн жүзүнө уурдана карап алды. “Чыны-чайнектерди ыргыта чаап сындырган эркек зайыбына кол көтөрбөйт бекен?” “Чырайлуу, бакыраң көзүнүн бирин эмне кылып жоготуп алды экен, же тубаса ушундайбы? Постектин жыртыгындай кичине болсо да жараткан буга эки көз берсе эмне…Мынча неге сабыры суз?” Аялдын чыныларын тезирээк жамап берип, жүзүндөгү кубанычты кайра көргүсү келди.
Кадакчынын колдорунун кыймылын көз албай тиктеп отурган аял ушу отурушунда өзү да жерде чачылып жаткан сынык идиштерге окшош эле, жашырганда не, идиштери сынган сайын кошо сына берип, ал да эбак бүлүнүп бүткөн. Эсинде, күйөөсү жуулуп, текчеде тизилип турган аппапак чыныларды кош колдоп көтөрө чапканын алгачкы ирет көргөн күн. Анда турмушка чыкканына ай айлана элек болчу. Эшиктен жаңы кирген Кайнар бир нерсеге катуу ачуусу келген. Ошондо дубалга тобу менен барып урунган пиялалар шарактап сынып кеткенде Калбү “селт” эте катуу чочуган. Быркырап чачылган идиштерди көрүп коркуп, саамга селейе түшкөн. Анан кечке дейре муун-жүүнү калчылдаганы басылган эмес. Баарын өзүнө алды. “Болду болбоду күйөөсү мунун бир көздүү ырайын тиктегенден тажап кетти го?” Калбүнүн жалгыз көзүнөн мөлтүлдөп жаш куюлду. “Же балким башка себептир, иши да оор, эсепчи болуп иштөө оңойбу”. Өзүн алаксытты. Ошол күндөн ушул күн күйөөсүнүн көздөрүн, кабагын тиктеп, санааркап турат. Көбүнчө башын жерге салып жүрөт, жүзүн үйдөгүлөргө ашыкча көрсөткүсү келбейт, жазганат. Үйдөгүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурдуруудан тартынып сөзү да, күлкүсү да улам азая берди. Анан кээ күндөрү туруп-туруп жер-сууга батпай бул да буулугуп кетет. Андай маалда башындагы жоолугун оңдоп, катуу байлап алат да коргон четиндеги мал сарайга келет. Сарайдын кире беришиндеги жыйылып турган каптын бирөөсүн жулкуп чыгарат да, ичиндеги жүндү төгүп алып, аны чыбык менен сабап кирет. Бар күчү менен сабай берет, тал чыбык жерде үймөктөлүп жаткан кой жүнүнө чыпылдап ойо тийген сайын көкүрөгүн тиреген оор сезимден арыла берет. Жүн жибектей жумшарып, созула түшкөндө Калбүнүн да көңүлү көтөрүлүп, үлпүлдөгөн жүндү чогултуп капка кайрадан сала баштаганда кадимкидей жаны жай таап калат. Ушундай, анын ачуусу келип буулукканын да үйдөгүлөрдүн эч кимиси байкабайт эле.
Эри эшиктен кирип келатканда кабагы бүркөө болсо пияла, чайнектерин жанталаша көздөн далдоо ката коёт, кээде жетишпей калат. Ошондо Калбү сынган идиштер үчүн күйөөсүн эмес, бекал[3] калган өзүн тилдеп кирет. Кийинки маалда чекеси кетилген, жамала берип эскирген чыныларды атайын көрүнөө жерге коюп коё турган болду. Тапкан айласы ушул.
“Бу уста аке эч качан идишти ыргыта чаап сындырбаса керек…, дегеле ачуусу келгенин көргөн эмес…”. Калбү баш көтөрбөй күжүлдөп иштеп аткан кадакчыга шашпай тигиле карады. Пешенеси тердеп чыгыптыр, суусады го. Тура калып азыр эле бүтүндөлгөн чайнегине чай демдеп, устага бергиси келди. Көп жылдан бери кадакчы мунун сан эсеби жок чыны-чайнектерин жамап берип жүрөт. Акысына эптеп бир нерсе беримиш болот. Түзүгүрөөк ыраазы кылгыдай кадакчынын кадырын же эри билсе кана. Бул киши акысын аз да дебейт, эмгегин милдет да кылбайт. Башкалардыкындай эмес, талкаланган идиштерин бир сөз айтып наалыбай элден алды жамап берет. Маңдайындагы адам көзүнө бүгүн ушунчалык ысык көрүндү, “жакшы адам” деди ичинен. Анын ушул отурушунан бир чымчым кемтик таба албады. Көз илешпей кыймылдаган бодуракай манжаларын, коюу каштарынын астында тереңге чөгүп кеткен чүңүрөйгөн көздөрүн, ак топусунан чыгып турган тармал чачтарын Калбү биринчи көрүп аткансып телмире тиктеди. Баягы келгендегидей сабылып, чачылып отурбай, жоолугун оңдоп, дене-боюн жыйнады. Кадакчыга көз таштаган сайын аялдын жүзүнө кызыл жүгүрүп, чарчап, шалдайып турган колу-буттарына жан кирди. Ордунан турду да сыртка чыгып, очоктогу чайдөшкө от жага баштады.
Калбүнүн кадакчыга чай бергени эртеси эле айыл ичинде сөз болду.
Калбү кадакчыга эртеси да барды. Бул ирет дасторконуна ысык нан, анын бетине сары май коюп көтөрүп келди. Идиштери толук кадалып бүткөнчө Калбү кадакчыга же нанын, же ашын колтугуна кысып күн сайын келип-кетип жүрө берди. Анын бул жоругу эрте кетип, кеч келип, район борборуна каттап иштеген күйөөсүнө да жетти. Кайнар буга этибар бербеди. Эзели Калбүнү кызганып көргөн эмес. Бир көзү көр аялынын кимге кереги бар. Анын үстүнө чыны-чайнектерин мыктылап кадап берип жүргөн адам Кайнарга да жакчу. “Чай берсе бергендир, кыштын күнү болсо”.
Кадакчы ушул күндөрү Калбүгө не сөздөрдү айтып-дегенин уккан, билген жан болбоду. Бир гана көзгө урунган чындык кадакчыга каттаган Калбү өзүнүн бир көзүм жок деген өксүгүн такыр унутуп салгандай, басканда баштагыдай эңкейип албай, койкоюп, бою түзөлүп, балбылдаган жалгыз көзү жолуккан адамды жазганбай тик карап, пейил, мүнөзү ачык тартып, башкача боло түшкөн эле.
Эки апта өткөндөн кийин айыл ичинде “ Калбү кадакчынын кийим-кечесин жууп бериптир” деген сөз тарады. Күн сайын бу эки адамдын мамилесинен бир таң калтырган жаңылык кеп чыга берди. Адегенде айыл эли бу нерсеге көп маани деле бербеди. Анан кадакчы да өзгөрө баштаганын байкашты. Өмүрү кабагы ачылбаган, кемсөз адамдын иштеп отуруп ырдап атканын, сөзү көбөйүп, күлкүсү чыгып калганын көргөндөр болду. Буга чейин бу эки адамдын мамилеси тууралуу сөз болгондо айылдаштар тамашалап, шылдың аралаш күлүп алышса, бара-бара алардын сөзү кабатыр чыгып, Калбүнүн жоругун шыбырап сүйлөгөнгө өтүштү: “Чекесине чертпеген эри, бой жетип калган айдай кызы, уулу турса, мунун көзү кайда, бу келин сокурлугун билдирди”. Эл деген элчилик экен, арасында: “мейли эми, бу бир байкуш майып, кичине көңүлүн көтөрсө көтөрүп алсын, жөн койгула” дегендери да болду.
Көп узабай кадакчы түн катып айылдан чыгып кетти. Ишин аягына чейин бүткөрө албады. Арабасы да бөксө кетти. Анын күтүүсүз көздөн кайым болушун көпчүлүк боолголосо, кээси түшүнбөдү, ишин чала таштап кеткенине нааразы болгондор да аз эмес эле.
Кадакчынын кетип калганын Калбү эртеси укту. Ишенбеди, идарага чуркап келди. Дарбаза сыртында турчу тааныш арабаны көрө албады. Жаңы жааган кар үстүндө анын чоң жолго чыккан изи даана билинип турду. Аялдын койкоё басып калган башы кайрадан жер карады, жалгыз көзүнө жаш тегеренди. “Жок дегенде бир ай жүрчү эле го, эмнеге тез кетип калды?”
Үйүнө келип, печкесиндеги оту эбак өчүп калган суук бөлмөдө бүк түшүп жата берди. Кайнардын келээр маалы жакындады. От жагып, кечки тамакка урунса болмок. Ордунан козголо албай, бүткөн бою талыкшып, чыйрыгып чыкты, жаны жер тартты. Кечинде жумуштан келген Кайнар Калбүнүн “оорудум” деп төшөккө жатып калганын ушунча жыл бирге жашаган өмүрүндө биринчи ирет көрдү. Таң калды, чочуп да кетти. Эркек биринчи ирет суук үйдө, ачка жатты. Калбү биринчи ирет минтип өз жанын өзү тыңшаган эле, анан бара-бара ал муну адатка айлантып алды. Бир күнү башым десе, дагы бир күнү буттары сыздап ооруйт. Идиш-аяктардын сынганы да, Кайнардын кабагы да мурункудай анын тынчын алып, жанын азапка салбай калды. Эри болсо эми күчүн идиштерден эмес, “элге окшоп” аялынан чыгара баштады. Аттиң десе, Кайнардын муштуму да, сөгүп-саккан тили да мурунку Калбүнү кайтарып бере албады.
Жыл сайын жол карап, кадакчыны ичинен тымызын күткөн аял аны ошол кышта өзүнүн эле бир туугандары айылга экинчи келбес кылып кууп жибергенин кийин, кийин билди.
Тоо түбүндөгү айыл ошол бойдон биротоло кадакчысыз калды.
Арадан көп өтпөй бу айыл Калбүсүн да жоготту. Эртең мененки автобуста район борборуна кеткен аял ошол бойдон үйүнө кайрылып келбеди. Эл ичинде ар түркүн сөз, бир даары ага чаң жугузгусу келбей: “Калбү аскердеги уулун көргөнү чек арага кетсе керек, жок, уулуна эмес, жаңы төрөгөн күйөөдөгү кызына кол кабыш кылганы кетиптир” десе, анын так дайынын көргөн-билген көпчүлүк ачык эле жактырбады: “бу баягы кадакчысы экөө табышып алып, Өзбекстан тарапка өтүп кетишиптир”.
[1] Кадакчы – фарфордон жасалган идиш-аяктардын сынганын бүтөгөн уста
[2] Идара- айылдагы дүкөн, мектеп, китепкана, медпункт,колхоздун контору жайгашкан борбору
[3] Бекал – этият болбоо
“Кадакчынын” алгачкы варианты 2017- жылы “Кызыл-Өрүк” аңгемелер жыйнагына жарыяланган. (Ред.КМБ)