Осмонакун Ибраимов: Биздин замандын кишилери же Шайдуллаеванын прозадагы лирикасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Осмонакун Ибраимов: Биздин замандын кишилери же Шайдуллаеванын прозадагы лирикасы

 Кыргыз адабиятында илгертен келаткан, баарыбыздын акыл–сезимибизге бекем орноп калган бир туюнтма  же формула  бар. Ал — «биздин замандын кишилери» деген туюнтма. Ооба, бул туюнтма Т. Сыдыкбековдун атактуу чыгармасынын, классика катары таанылган романынын бештен белгилүү  наамы. Бул наамды кат-сабаттуу ар бир кыргыз билет десек аша чаппасак керек. Ырас, бул туюнтма согуш убагындагы, өткөн кылымдын 40-50-жылдарындагы элет  калкынын типтүү өкүлдөрүнүн көркөм элестери болчу.

Эми Т. Сыдыкбеков өткөн кылымдын ортосундагы кыргыздардын адабий элестерин жаратты эле деңизчи, анда эч бир талаш жок. А бирок   азыркы кыргыздардын,  биздин замандын, азыркы интернет менен толгон-токой гаджеттердин доорундагы улутташтарыбыздын, айрыкча айыл-апада жашаган карапайым замандаштарыбыздын көркөм бейнеси  кандай? Азыркы калем ээлери буга маани береби, кызыгабы?  деген сөзсүз суроо туулбай койбойт. Маселен, мага, бери жагы 40 жылдан бери шаарда жашаган кыргыз интеллигенти үчүн, адабиятчы үчүн бул суроо бекерчиликтен берилген курулай  риторика эмес. Бул чыны менен эле актуалдуу суроо. Алды менен жазуучуларыбызга, калем ээлерине бериле турган орчундуу суроо. Бул суроонун артында дагы канча маанилүү социалдык-саясий жана руханий маселелер жатканын, адабият деген нерсе өз милдетин, миссиясын аздыр-көптүр аткарып атабы деген чоң маселеге келип такалаарын айтпай эле коеюн.

Биринчиден, «адабият—турмуш күзгүсү» деген хрестоматиялык формула азыр деле маанисинен тая элек. Анткени бул формула  тарых тастыктаган, турмуш далилдеген айныгыс  чындык. Экинчи жагынан бул суроо биздин адабиятка, айрыкча учур адабиятына да адрестелип айтыла турган чоң суроо, кырынан коюла турган маанилүү маселе экенин жогоруда айттым. Ырасында эле, бул суроо учурдагы адабиятыбыз ага тагылган ошол орчундуу коомдук милдетти аздыр-көптүр өтөп атабы, андан азыркы замандын адамдарынын инсандык, моралдык-этикалык, социалдык, керек болсо идеялык-философиялык толгонууларын чагылдырууга чамасы жетүүдөбү деген  суроо. Эгер андай болбосо азыркы көркөм адабиятыбыз ошол эле Т. Сыдыкбеков, Т. Касымбеков, Ч. Айтматов, К. Жусубалиев, М. Байжиев сыяктуу мастерлерден кийин демдери сууп, керек болсо чыгармачылык дендароолукка тушугуп, кризисте турабы дегендей ойго такашы толук мүмкүн.

Коомубузда кандай адамдар жашап атат, алардын жан дүйнөсү, адамдык, кишичилик дараметтери кандай? Алар эмне деген нарк-насилди, руханий асылдыктарды карманышат,  деле азыркы кыргыздар биздин улутту улут кылып сактап, кыргыз деген наамыбызды жоготпой келген дөөлөттөрдү ойдогудай мурастай алдыкпы?

Мен ушул суроолорго бир катар так жана даана жоопторду Топчугүл Шайдуллаеванын сиздердин колуңуздардагы китептен алдым десем болот. Китептеги көлөмдөрү чакан, бирок көркөмдүк салмактары абдан эле чулу аңгемелерде дал ошол биз менен катар, бир өлкөдө, бир системада жашап же бир казанда кайнап жаткан катардагы мекендештердин адабияттагы элестерин таптым десем туура болот го.

Дароо эле ток этээр сөздү айта кетейин: Т. Шайдуллаеванын бул китеби  — учур адабиятындагы жаңы сөз, керек болсо көркөм  ачылыш  деп бааласам эч бир аша чаппайм. К. Жусубалиев, Мурза Гапаровдон кийин өлкөбүздүн, айрыкча күнөстүү түштүк жергесинин адамдары (классика катары таанылып калган “Күнөстүү арал” повестин эстеңиз), алардын кулк-мүнөзү тууралуу жазылган чыгармалар өтө сейрек эле.  Ал эми Топчугүлдүн жакшы көргөн жанры—аңгемемелерди– А. Саспаев менен Орозбек Айтымбетовдон кийин андан ары уланткан чыныгы чеберлер чынында да чукак болчу. Т. Шайдуллаева-прозаик  ушул тараптан алып караганда жазуучу катары өтө зор иш, абдан керектүү жана кылдат иш  жасаптыр. «Гилемчи», «Келин таш», «Кадакчы», «Намазшам гүл», «Орунча» сыяктуу аңгемелер кыргыз новеллистикасындагы бараандуу орунду ээлей турган, ары чебер, ары кызыктуу, ары стилдик жактан эч ким менен чаташтырбай турган, деле  дүйнөлүк  аңгемечиликтеги Чеховдон, андан соң Василий Шукшинден  калган  мыкты традицияларды уланткан жетик  чыгармалар деп айтаар элем.

Баса, мен  таланттуу актер, режиссер, жазуучу жана кайталангыс инсан Василий  Шукшинди сөзгө алып, бекеринен эске алып жаткан жокмун. Анын учурунда орус новеллистикасынын жаңы кыйыры катары таанылган, «деревенская проза» деп аталган адабий багыттагы ачылыш катары кабыл алынган  «Сельские жители» деген аңгемелер жыйнагы азыркыга чейин нака адабий классика катары саналып келет. Топчугүл Шайдуллаеванын колуңуздагы жыйнагында  ошол элеттеги элдин эстен кеткис элестери, биздин замандын карапайым адамдарынын аябагандай берилүү менен, арзуу менен, түшүнүү менен тартылган көркөм бейнелери жатат.

Баса, «карапайым» десе эле биз кепичин жемире басып, жаман калпагын кыйшайта кийген, качан болсо чала кызуу адамдарды элестетебиз. Жок, бул көз караш–жаңылыш көз караш, натуура штамп. Биринчиден, ошол «чала кызуу» адамдарды  кадимки Алыкул Осмонов алгачкылардан болуп ырга салып (“Маляр”), ошол эмгек менен оокат кылган, кара күчү, таза ниети менен өрнөк болгон жөнөкөй адамдарды даңазалап кеткен, алардан  «бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагын көргөн. Ал эми улуу Айтматов адамзаттын эң мыкты   өкүлдөрүн, альфа жана омегасын эгин оруп, кырман баскан, араба айдап, жылкы баккан койчу менен жылкычылардын арасынан тапканы бештен белгилүү. Толгонай менен Субанкул —орокчу, Танабай – жылкычы, Эдигей—темир жолчу ж.б.

Топчугүл адабиятта дал ошол чыныгы реалисттик жана терең гуманисттик жол менен чыгармачылык  сапар улаганы  кимди да болсо кубантпай койбойт.

Эми Топчугүлдүн татынакай калемгерлик стилистикасы, чыгармачылык индивидуалдуулугу тууралуу да эки ооз сөз айтпасам болбос. Мен билген жазуучулардын ичинен Т. Шайдуллаева Кубатбек Жусубалиевден кийнки эле  жазуучулук стили даана, образдык тили абдан колориттүү калем ээси.

Турду аттуу айылдык чебер килемчинин жалаң өз өнөрүнүн арты менен өткөн байкалбаган өмүрүнө сереп сала келип, лирикалык каарман мындай деген философиялык  санаага чөмүлөт:

“… Арадан жылдар өттү.  Төр жайнаган “магазин” гилемдер кирдеп, бир жуугандан кийин түйдөктөлүп, түгү катып калдырап, жукарып, жылуулугу жоголду.  Жеңил, жасалма жиптен токулган кооз  гилемдин  өмүрү да кыска болду. Эл кайрадан  кол гилемди эңсеп, гилемчилерди издеп, гилем кайчы, гилем бычактарды издеп, гилемдер кайрадан токула баштады.  Эми гилемдин баасы да, гилемчилерге  берген кол акы да көтөрүлдү.  Чет элдиктер алыскы Мөлтүр-Булакка келип, алакандай гилемдерди долларга сатып алып, гилемчилер болсо  дүйнө кыдырып, көргөзмөлөргө  каттап, гилемчилик чоң бизнеске айланды. Кайран Турду гилемчи  ушул доорду көрсө, сүрсө болот эле, жетишпеди (“Гилемчи” аңгемеси).

“Постектин жыртыгындай кичине  болсо да жараткан  буга эки көз берсе  эмне…” (“Кадакчы” аңгемеси).

Шайдуллаева-стилисттин аңгемелер жыйнагында мындай лирикалык чегинүүлөр, биздин замандын эмгекчилери, каймактары тууралуу байкоолор, портреттер, далайга эсте кала турган салыштыруулар, реалисттик манайдагы сүрөт-эпизоддор көп жолугат.

“Балакана” аңгемелер жыйнагындагы дагы бир кызыктуу нерсе бу. Топчугүлдүн көркөм дүйнөсүнүн чордону, тартылуу орду—“Мөлтүр Булак” аттуу чакан айыл. Бул айыл Василий Макарович Шукшиндин эч качан кол үзбөгөн, ааламдын кайсы жериндо болбосун кайрылып келген алтын тууру – Сростки деген айылы  же  Кубатбек Жусубалиевдин Кердегейи,  Чынгыз Айтматовдун Шекер айылы сыяктуу нерсе.

Соңунда айта турган дагы бир маанилүү сөз мындай. Мен кириш сөздү бекеринен биздин замандын кишилери деген формуладан баштаганым жок.   Байыртадан эле жердин ээси же куту –эмгек адамдары болуп келген жана мындан ары да ошондой болот. Топчугүлдүн негизги каармандары да ошол элдин куту, жердин куту болгон эмгек адамдары. Бул өтө кубандыра турган көрүнүш. Демек, Т. Шайдуллаева калем ээси , прозаик катары эң бир туура жолдо баратат.

Т. Шайдуллаеванын аңгемелери — прозадагы лирикалар, биздин элеттен келген  элестер. Жөн эле элестер эмес, эстен кеткис элестер.  Дээрлик баардык аңгемелер негизинен бир эле айылдын—“Мөлтүр-Булак” аттуу чакан айылдын эли-журтунун турмушунан алынса да, бул китеп—дагы баса белгилегим келет—азыркы кыргыз элетинин көркөм  элестери, ар кимге эле байкала бербеген маанилүү эпизоддору.

Бул китеп биздин замандын кишилеринин Т. Шайдуллаева тарткан таасын элестери, бейнелери деп айтсам адилеттик болоор эле.

Калемиң курчусун, Топчугүл! Тандаган жолуң даңгыр, ээрчиген устаттарың улуу экен. Сенден дагы жаңы ачылыштарды, чыгармачылык табылгаларды күтөбүз!

 

Осмонакун Ибраимов,

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги,  профессор,адабиятчы

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.