Жыргалбек Касаболот: Гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасы
Гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасы
(“Улуттук кызыкчылык” түрмөгүнөн)
Өткөн макалада (“Балдарды динге тартпай, улуттук тарбия берели”) ушу тапта Билим берүү министрлиги баштаган айрым иштердин оош-кыйыштарын кеп кылган элек. Ишке чын эле теологдор тартылып жатканын кабарлаган министрликтин “Акипресске” чыккан түшүндүрмөсү тынчсызданууга негиз бар экенин көрсөттү. Мурунку жылдарга салыштырмалуу окурмандардан түшкөн колдоонун көптүгү эл бул маселеге чын эле түйшөлүп, көзү ачылып келатканын тастыктады. Ал эми ага тескери пикир жазган айрым мекендештерибиздин колдонгон лексикасы, демек көргөн тарбиясы, нарк-насилинин деңгээли бул маселе канчалык актуалдуу экендигин ого бетер далилдеп отурат.
Эми ошондо убада бергендей эле маселени алда канча кенен алкактан кароого мезгил жетти. Буга бир эсе мамлекетибиздин 30 жылдан ашуун тажрыйбасы, бир эсе өлкө ушу тапта туш келген чакырыктар себеп болууда. Кеп гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасынын зарылдыгы тууралуу болмокчу.
Буга чейин айтылгандай, маданият менен билим берүү жарандык аң-сезимди калыптандыруучу стратегиялык тармактар болуп саналат. Булардын ичинен гуманитардык багыттагы сабактар, айрыкча тил, тарых, адабият, география жана тарбия узак мөөнөттүү масштабдан караганда өлкөнүн келечегин аныктай турган муундардын дүйнө таанымын калыптандырган предметтерге кирет. Эгемен Кыргызстандын шартында, улуттук кызыкчылыктын позициясынан алганда алардын ар бирин окутуунун негизги максаттары, принциптери кандай болушу керек? Бул предметтердин ар бирин карап көрөлү.
Билим берүүдөгү тил саясаты
Тил жаатындагы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы орус тилинин расмий статусун алып таштоого түздөн-түз байланыштуу. Антпесе орус тили бардык деңгээлдерде кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып келатканы далай жолу айтылган. Ушуга чейинки тажрыйбанын баары ошону көрсөтүп турат.
Мындан келди, өлкөдө кыргыз тили мамлекеттик жана расмий статуска ээ болгон жалгыз тилге, мамлекеттеги жарандардын улут аралык тилине айланганда гана ал жалпы элди бириктирүүчү күчкө ээ болот. Бул, мисалы, кыргыздар тургай кыргызстандык дунган менен корейлер да өз ара орусча эмес, кыргызча эркин сүйлөшүүсүнө жетишүү деген сөз. Өз тилин билбеген кыргыз Кыргызстанда калбашы керек деген сөз. Кыргыз тилинде сүйлөөдөн атайын расмий баш тарткан адам кыргыз тили мамлекеттик тил болгон Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылышы зарыл деген сөз. Мунун баары жаңы нерсе эмес, биз илгери эле жарыялаган “Улутчул платформанын” талабынын уландысы. Өзүн цивилизациялуу деп эсептеген бир катар мамлекеттердин, анын ичинде бизге бул боюнча доомат койгон улуу державалардын өзүнүн колдонуп келаткан тажрыйбасы.
Демек, Кыргызстанда мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында билим берүүнүн баары толугу менен кыргыз тилине өткөрүлүшү керек. Ал арада бийликте, бизнесте, окуу куралдарында, маданиятта байыркы кыргыз жазуусун жайылтуу иши баштала бергени оң. Ал ишти жүргүзүүнүн алгоритми тууралуу зарыл болсо кийинки макалалардын биринде кеңири кеп кылабыз.
Окуучулар кыргызча эркин сүйлөшүнө жетиш үчүн кыргыз тилине башка улуттарды окутуунун азыркы методологиясы түп-тамырынан бери жарабайт. Окуучуларды эреже жаттатып, орус тургай кыргыз балдар өзү да түшүнө бербеген ырларга шыкап, курулай мээсине күч келтирүүнүн эч кандай кереги жок. Баштапкы максат – Кыргызстандагы мектепти бүткөн балдардын кимиси болбосун КҮНҮМДҮК жашоосунда кыргыз тилин эркин колдонууга жетиш керек. Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрүн окубаса койсун. Эрежени жатка билбесе койсун. Ыр жаттабаса койсун. Сүйлөсүн! Жөпжөнөкөй эле кыргызча учурашканды, коштошконду, жол сураганды, соода кылганды, документ толтурганды, күнүмдүк ишинде колдонгонду жакшы өздөштүрүп, дайыма колдонуп чыкса болду. Күнүмдүк турмушунда суудай сүйлөп, эркин колдонуп калганга жетишсе бизге эң керектүүсү ошол. Ал үчүн TOEFFL сыяктуу жөнөкөйлөштүрүлгөн стандарттарды киргизип, мектепти бүткүчө толугу менен өздөштүрүп чыкса бизге ашыгы менен жетиштүү. Айтматовдун кыргызчасын кызыкса кийин өзү окуп алат.
Азыркы учурда Бишкекте да, Чүй боорунда да орус тилдүү мектептер кыргыз тилдүү мектептерден көптүк кылат. Бул туура эмес. Билимди кыргыз тилинде берген мектептерди көбөйтүп, зарыл болсо мамлекет кыргыз тилдүү жеке мектептердин ачылышына бардык жагынан жеңилдик бергени туура.
Албетте, ушу тапта сырткы дүйнө менен алака-катыш жагы да маанилүү. Муну эске алганда окуучулар кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ал биринчи эне тили катары аң-сезиминде ОРНОП КАЛГАН СОҢ ГАНА ар кайсы мектептерде орус тили, англис тили, кытай тили жана араб тили ЧЕТ ТИЛИ катары окутулушу максатка ылайык.
Орус тили – КМШнын, англис тили – Батыштын жана дүйнөнүн, араб тили – 20га жакын мамлекеттин, кытай тили – жаныбыздагы эң чоң коңшубуздун тили. Бул тилдерди билүү бизге биринчи иретте чалгын, контрчалгын, дипломатия жана соода үчүн керек болот. Болбосо бая Баткен окуясында жоочулардын радио сүйлөшүүсүн угарын угуп, персче түшүнө албай койгон учурлар болгон.
Ошондо өз эли менен өз тилинде эркин сүйлөшө билген, Кыргызстанга таасир эткен башка күчтөрдүн да тилин түшүнүп, альтернативалуу маалымат ала алган муун калыптанат. Бул сөздүн жакшы маанисиндеги жарандык коомдун калыптанышын шарттаган негизги жагдайлардын бирине айланат.
Тарых
Мындан бир нече жыл мурун кызым окуучу кезинде тарых сабагынан кыйналып жатканын айтып арызданып калды. Карасам чын эле китептин тексти балдарга эмес, илимпоздорго арналгандай татаал, сиңбеген тил менен жазылыптыр. Өзүм окуганда араң түшүнүп, анан кайра жөнөкөй сөз менен түшүңдүрүп берсем кызым: “Эмнеге ушундай жөнөкөй эле жазышпайт?” дегени эсимде. Андан бери тарых сабагынын окуу китептери өзгөргөн-өзгөрбөгөнү тууралуу кабарым жок. Бирок сабакты балдардын кабыл алуу жөндөмүнө ылайыкташтыруудан тышкары, андан да терең эки маселе бар.
Биринчиден, Кыргызстандын тарыхын окутууда бул жерди жердеген элдердин тарыхына, тагыраак айтканда жердин тарыхына эмес, биринчи иретте кыргыз элинин тарыхына басым жасаш керек. Анткени байыркы доордо кыргыз элинин ээлиги жалаң эле азыркы Кыргызстандын аймагы менен чектелген эмес. Анын ичинде көчмөн цивилизациянын отурук цивилизациядан айырмасы, ар кайсы тарыхый кырдаалдарга карата артыкчылык-кемчиликтери түшүндүрүлүүгө тийиш.
Экинчиден тарыхый инсандарга баа берүүдө алардын аракеттери, кабыл алган чечимдери кыргыздын улуттук кызыкчылыгына, тактап айтканда:
1. Кыргыз тилине;
2. Кыргыз жерине жана;
3. Кыргыз элинин экономикалык абалына
канчалык туура келгенин талдап, окуучуларга так, даана маалымат берүү зарыл. Бул айрыкча орус империясы келген мезгилден тартып азыркы убакка чейинки аралыкка тиешелүү. Ошондо биз мисалы совет мезгилинде көп имарат салдырды деп мактаган далай жетекчилерибиздин тилибизге, республиканын аймагына болгон кайдыгерлиги, Компартия үчүн кызмат кылган бир катар адамдардын улутка кылдай пайдасы тийбегени, тескерисинче репрессияланып кеткен бир топ адамдардын башкага жаман көрүнсө да кыргыз үчүн кылган эрдиги ордуна келет. Ак-карасы аныкталат. Буга чейинки макалалардын биринде айтылгандай, бир эле адамдын эрдиги иттигин, иттиги эрдигин жокко чыгарбайт. Ушулардын баарын билгенден кийин гана окуучуларда толук баалуу жарандык позиция калыптанат. Албетте, бул үчүн илимий деңгээлде ушундай принциптин негизинде Кыргызстандын жаңы тарыхын толугу менен ревизиялап чыгышка туура келет. Жана бул айтылгандарга каршы чыга тургандар да четтен табылат. Айрыкча эл өзү макул болуп ууру-кескилер менен жегичтердин атын көчөлөргө коюп калган азыркы заманда жалпы көз карашты өзгөртүү оор. Бирок эгерде улут катары азыркы дүйнөгө туура көз караш менен киргибиз келсе, бул да эртедир-кечтир сөзсүз жасала турган нерсе.
Кыргызстандын тарыхын эң мыкты билүүдөн тышкары, бизге чектешпеген Орусияга караганда биз менен коңшулаш Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын, аларга байланышкан цивилизациялардын тарыхын билүү биздин жарандар үчүн алда канча пайдалуу. Калган дүйнөлүк державалардын тарыхын дүйнөлүк тарыхтын жалпы контекстинде окутуш керек.
Тарыхый фактылар, адамдар улуттук кызыкчылыктын позициясынан гана бааланууга тийиш. Кыргызга тийгизген пайдасы менен зыянын аныктап алып, окуучуларга туура түшүндүрсөк эле бир топторунун аң-сезиминдеги баш аламандык ордуна келе түшөт.
Кыргыз адабияты жана дүйнөлүк адабият
Кыргыз адабияты ушу тапта улуттук кызыкчылыктын позициясынан талдана элек. Совет мезгилинде Компартиянын идеологиясына эле кызмат кылган адамдардын чыгармачылыгын биринчи орунга койгон, эстетикалык жактан анча берери жок болсо да көтөрмөлөгөн парадигма дагы эле күчүндө. Ал башкасын кой, өткөн кылымдын башындагы төкмө акындардын чыгармачылыгына да берилген баага таасир эткен жайы бар. Айталык, ушул күнгө чейин советтик идеологияга туура келгенинен улам гана улуттук философиянын туу чокусу болгон Өтө (Жеңижок) Көкө уулу кийинки Токтогул Сатылгановдун көлөкөсүндө көп жылдар бою анча айтылбай келген.
Билим берүү системасына киргизүүнүн принциптери да ошол эски системанын эрежелерин сактап калган. Мисалы, кайсы бир акындын же жазуучунун чыгармаларын окуу китептерине киргизиш үчүн ал адамдын тиешелүү мамлекеттик наамы, Жазуучулар союзунан колдогон пикири ж. б. болушу керек экен. Мен барып бир маселе боюнча кайрылганда ошентип түшүндүрүшкөн.
Эгерде бул эрежелер, бул принциптер күчүндө турган болсо, бул таптакыр туура эмес. Жаңы окуу китептерине кире турган чыгармалардын тизмесин педагогдор менен акын-жазуучулар чогуу отуруп жаңыдан бирге түзүп чыгышы зарыл. Бирок анын критерийлерин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мезгил эчак жетти. Компартияга же кайсы бир режимге гана кызмат кылып, эстетикалык ырахат же тарбиялык маани тартуулай албаган чыгармалар ага дегеле кирбеши керек. Ар бир акындын, жазуучунун мезгил сынынан өткөн, улуттук тарбияга кызмат кылган, эстетикалык ырахат тартуулай ала турган чыгармаларын гана киргизүү – мезгил талабы. Алган сыйлыктары, наамдары, союзга мүчө болгон-болбогону эч кандай роль ойнобошу керек. Айрыкча азыркы заманда анын баары тышкы гана атрибуттар.
Бул көз караштан алганда мисалы ошол эле Аалы Токомбаевдин:
“Сүрөтүн тарт, кереметтүү Ильичтин,
Кирпигимден кисти жасап берейин”
деген саптары небак эскирди. Бирок ошол эле учурда “Мунарым”, “Түшүмдө” ж. б. сүйүү лирикасы качан болбосун кала берет. Болбосо ошол кезде чоң эле наамдарды алып жүргөн башка бир акындын:
“Сегизинчи март келди матырайып,
Аялдар тосуп алды чатырайып”
деген саптары биздин заманда эч кимдин жүрөгүн да козгобойт, үлгү да боло албайт.
Ошондуктан бул жерде биз жетекчиликке ала турган нерселер – чыгарманын мезгил сынынан өтүшү, тарбиялык мааниси, эстетикалык бийиктиги. Көрүнүп тургандай, бул багытта да окуучуларга бере турган мурасыбыз баштан аяк ревизияга муктаж. Бул оор иш. Көбүнө жакпай турган иш. Далайынын таарынычын козгой турган иш. Бирок зарыл иш. Ансыз биз өсүп келе жаткан муунга чийки руханий азык жедире беребиз. Туура эмес багыт бере беребиз. Кийин аларды күнөөлөгөнгө укугубуз да болбой калат.
Дүйнөлүк адабиятты окутууда да мен илгери байкаган бир орчундуу маселе бар. Ушу тапта маданияттын ар кайсы салааларын таануу көбүнчө европоцентристтик көз караштарга негизделген. Биз окуп жүргөндө “Чет элдик адабияттын тарыхы” деген сабак чү дегенде эле байыркы Грециянын, Римдин убагындагы чыгармалар менен башталчу. Кийин Европанын гана акын-жазуучуларын окутушчу. Бирок дүйнө ошол кезде деле жалаң эле антика цивилизациясынан турган эмес. Азыр деле жалаң Европадан турбайт. Чыгыштын, анын ичинде бизге географиялык жактан алда канча жакын жайгашкан бир катар элдердин мындан кем эмес маданий мурасы, руханий көрөңгөсү бар. Эгер чет элдик адабият жалаң Европанын үлгүлөрүнөн турат десек, капталыбыздагы Индиянын миңдеген жылдарды камтыган Ведалары, мантралары, мифтери, түркүн багыттагы йогасы каякта калат? Мусулман дүйнөсүнүн чок ортосунда жашап жүргөнүнө карабай ошол кезде эле эркин ой жүгүртүп керемет философиялык ырларды жараткан Омар Хаям баштаган акындар кайда калат? Башкасын кой, биздин эле Ала-Тоонун нары жагындагы килейген Кытайдын Ли Бо, Ду Фу, Бо Цзю-И баш болгон акындары, Чоюн Өмүралиев агайыбыз кыргызча окуган Ши Цзин баш болгон адабий мурасы кайда калат? “Балык жеп кеткен кыргыз” деп биз кээде тамашалап атаган жапондордун хоккулары, танкалары, прозасычы? Эмнеге биздин окуучулар адабиятты окуганда жалаң батыш адабияты менен чектелиши керек?
Мындан келди, биз окуучуларга ушунун баарынын программасын түзүп беришибиз абзел. Ошондо алардын дүйнөгө чындап көзү ачылат. Азыр көбүнүн мээсин апийимдей ээлеп алган, “баары бир динден чыккан, кайра ошого баш ийиши керек” деген түркөй түшүнүктүн тамырына ошондо балта чабылат. Жаңырган эски дүйнөнүн ар кандай амалына даяр, баарын салыштыра билген, сынчыл көз караш менен карай алган билимдүү муунду ошондо тарбиялайбыз.
Кыргызстандын экономикалык жана административдик географиясы
Ушу тапта элибизде, айрыкча улуу муундагылардын арасында аймак аралык ажырым күч. Мындан бир канча жыл мурун Ошто райондук гезиттердин маселелери боюнча республикалык жыйын уюшулду эле. Байкасам дегеле өз облусунан чыкпаган кесиптеш агай-эжейлер да бар экен. Бул алардын күнөөсү эмес, бирок журналисттин ой өрүшүнө таасир эте турган жагдай экени ошондо эле белгилүү болчу. Токтогул ГЭСин, пахта талааларын, чек арадагы маселелерди биринчи жолу көргөндөрү болду.
Ажырым өз ара түшүнбөстүктөн келип чыгат. “Оору кадырын соо билбейт” деген кеп бар. Бир аймактагы адамдарды эмне кыйнап, эмне түйшөлдүрүп атканын түшүнбөгөн башка аймактагы адамдарга өз башындагы көйгөйү алда канча орчундуу көрүнүп тура берет. Мындай ажырымды азайтуунун стратегиялык жолдорунун бири – мектептерде милдеттүү түрдө Кыргызстандын экономикалык жана административдик географиясы сабагын киргизүү.
Ар бир окуучу ар бир облуста, керек болсо райондо эмне багылып, эмне өстүрүлөрүн, кандай адамдар жашай тургандыгын, калктын жыштыгын, улуттук курамын, кайсы жери кайсы өлкө менен чектешерин, кандай ишканалар бар экенин, кандай белгилүү адамдар чыкканын ж. б. билип чыккыдай болушу керек. Колдон келсе окуучуларды бир аймактан экинчисине экскурсияларга алып барып, башка теңтуштары менен тааныштырып, алар ошол жактан жаңы досторду күткөнү жакшы. Ошондо жалпы улуттук көз карашы калыптанат. Өлкөнүн ичинде ачылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу жаңы идеялар пайда болот. Өз аймагынын кулуну гана эмес, жалпы кыргыздын жараны катары бышып жетилет.
Улуттук оюндар
Улуттук оюндар – жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша балдарды физикалык жактан жетилдирүүнүн, аларда тапкычтыкты, шамдагайлыкты ж. б. сапаттарды өнүктүрүүнүн эң жакшы жолу. Албетте, эр сайыш же тыктуу кылыч сыяктуу опурталдуу оюндар тарых барактарында гана калды. Бирок ордодон тартып күрөшкө чейин, таяк тартыштан баштап улак тартышка чейин көп оюндарды ойнотуп, жок эле дегенде түшүнүк берип турса балдар, айрыкча шаардагылары улуттук кыртышына жакындайт.
Андагы өтө маанилүү нерсе – оюндардын маанисин, эрежелердин өзгөрүшүн кошо түшүндүрүү. Мисалы, өткөн кылымда көкбөрү азыркыдай ипподром шартында тартылган эмес. Кыргыздын улуттук күрөшү деп аталып жүргөн азыркы версия деле убагында Байман аттуу профессор киргизген гибриддик вариант. Болбосо “Манас” баш болгон эпосторду карасак курдан албай эле белден өйдө чечинип алып коюн-колтук алышып күрөшкөн. Кийин башка элдердин таасири менен кирип кеткен эрежелер эсеп эмес. Ар бир нерсе өзөгүнө кайтышы керек. Кайтпаса кайтара тургандардын алдын тоспой, өзөк ушундай болгонун түшүндүрүш керек.
Мындан тышкары, мектепте баштапкы класстардан тартып эле балдар-кыздардын өзгөчөлүгүнө жараша өзүн коргоонун ыкмаларын үйрөтүшүбүз зарыл. Жашы өйдөлөгөн сайын ар бир бала атуучу жана атпас куралдын бардык түрүн колдонууну билип чыккыдай болууга тийиш. Тегерек-четибиз тынчыбай, улам жоо тийишип аткан шартта жарандарыбыздын ар бирин даяр жоокер кылып чыккандан башка айлабыз жок. Ошондо духу да бекем болот, мекенчилдиги да керектүү жөндөмдөргө, ыктарга таяна баштайт.
Улуттук тарбия
Улуттук тарбиянын негизги милдети – өз ара кыргызча мамилеге, салт-санаанын негиздерине, нарк-насилге, улуттук жүрүш-туруш маданиятына үйрөтүү. Кичүүсү улуусуна, улуусу кичүүсүнө, балдар кыздарга, кыздар балдарга, балдар ата-энесине, ата-энеси балдарына кандай кайрылып, кандай мамиле кылышы керек деген нерсенин баарын кайра баштан көрсөтүп чыгыш керек болуп турат. Болбосо мисалы азыркы заманда өзү чалып алып, учурашпастан: “Ало, ким бул?” деп сураган кем акылдар көбөйдү. Өзүнө керектүү ишке кайра суранган кишисин жумшагандар чыкты. Оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан немелерди тыйып кое турган мамлекет да, коом да калыптана элек. Акыркы үлгүлөрүн бир катар дин фанаттарынан жана “дакансалардан” көрдүк. Алар өз тарбиясын ушул айтылгандарга каяша айтып жатып деле көрсөтөрүнөн шек жок. Көрсөтүп да жатышат. Анткени итке темирдин баркы жок. Бүкүрдүн бели түзөлбөйт, болору болду. Кеп алардын жүрүш-турушунда эмес, андай жүрүш-турушка мындан ары эч качан барбай турган адамдарды кантип тарбиялайбыз деген маселеде болуп жатат.
Улуттук тарбия сабактарында боз үй тигүү, анда жайгашып отуруу, мал союу, устукан тартуу, конокторду жаш даражасына жараша отургузуу, келген кишини тосуп алып, узатуунун маданияты, сүйлөө маданияты, кийинүү маданияты, аял-эркектин орду, кыскасы үйрөтө турган толгон-токой материал жатат. Ушунун баары улуттук маданияттын эң мыкты үлгүлөрүн алып чыгып, иргеп, талдап, байытууну талап кылат.
Корутунду
Бул айтылгандар – жасала турган иштердин толук тизмеси эмес. Гуманитардык билим берүүнү мезгилдин саман-топонунан, сырткы таасирден сууруп чыгып, улуттук кызыкчылыкка баш ийдирүү – чоң иш. Бир күндө бүтпөй турган, татаал иш. Бирок биринчи иретте педагогдор, улутчул активисттер, адистер ушул принципти негиз кылып талкууну баштаганга азыр деле негиз бар. Жолду баскан арбытат.
Жыргалбек Касаболот
Шилтемелер:
1) Устатым Чоюн Алптын дүйнөлүк жүгү
2) Балдарды динге тартпай, улуттук тарбия берели
3) Кыргызча сүйлөбөгөн “Манас”
4) Кыргыз жазуусу, маданий мурас жана геосаясат
5) Өзөгү жок өксүк, кабык жеген каргаша
6) Ара жолдо калган тарбия
7) Өзөктөн чыккан өрт жаман
**********************************
Балдарды динге тартпай, улуттук тарбия берели
“Бастырганды билбей Жол бузган бар, баштаганды билбей Эл бузган бар”.
Кыргыз макалы
Окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды. Андыктан былтыртан бери талаш-тартыш болуп келаткан дин таануу сабактарын мектептерге киргизүү маселесинин оош-кыйыштары ачыкка чыга баштады. Көпчүлүк адистер эскертишкендей эле, бул сабактар дин таануу эмес эле, балдарды динге тартуу сабактарына айланып кетүү коркунучу бар экен. Атап айтканда, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынын айрымдарында педагогдорго бул сабакты дин таануучулар эмес, дин чөйрөсүндөгүлөр өтүп жатканы айтылууда. Мисалы Ч. Айтматов атындагы Кембридж мектебинде дин таануу боюнча мугалимдер үчүн уюштурулган курстарга ушундай жүйө менен нааразы болгондор бар.
Албетте, ал жерге чакырылган адамдарда кеп жок. Кимди эмне максатта чакырсаң ошого жараша сабак берет да. Кеп чакырган жана уюштурган министрликте, анын бул ишке карата позициясында.
Эгерде бул жалпы тенденция болсо, анда бул сабакты берүүнүн стратегиясы таптакыр туура эмес нукта кетип баратканынан кабар берет. Ал тургай өлкөнүн билим берүү системасы, жарыкчыл түзүлүшү коркунучта деген кеп. Министрлик мындай принцип менен иш алып бара турган болсо бул сабактын өлкөгө пайдасынан зыяны алда канча көп болгону турат.
Эмне үчүн? Анткени бул предметти мектеп программасына киргизүүдө анын максаты ашыкча динчилдикке чек коюу, дүйнөлүк диндердин тарыхын окутуу менен өспүрүмдөрдө эркин ой жүгүртүү маданиятын калыптандыруу экени айтылган.
Албетте, бул максат туура.
Бирок биринчиден дин таануу – динге тартуу эмес. Экөө таптакыр башка максатты көздөгөн нерсе. Жарыкчыл, дүйнөбий мамлекетте дин таануу сабактары дин тууралуу диндин ичиндеги түшүнүктөрдү да, алар келип чыккан тарыхый-географиялык шарттарды да, ал тууралуу илимдеги түшүнүктөрдү да сунуш кылып, бардык нерсеге сын көз карашты калыптандырууга өбөлгө түзүшү зарыл. Динчилдер өздөрү диндин гана көз карашын айта алышат. Алардан түшүнүк алган мугалимдер да балдарга ошону гана бере алат.
Экинчиден дин таануу – жалаң эле исламды таануу эмес. Дүйнөдө диндин жана диний ишенимдердин, ага болгон көз караштын өтө көп түрлөрү бар. “Дүйнөдө бир эле дин бар, калганы адашкандар” деген көз карашты ачыктан-ачык эле расмий карманган динчилдер өз дининен башка эмнени сунуш кыла алат? Эгерде ислам башка диндер менен тең бир катарга коюлуп, дүйнөдөгү көп диндин бири катары тыштан караган көз караш менен окутулса эч ким каршы болмок эмес. Бирок анда буддизмди да, даосизмди да, христианчылыкты ж. б. да ошондой эле терең түшүндүрүшкө туура келет. Андан тышкары атеизм, деизм ж. б. сыяктуу көз караштардын баарынын негиздери жөнүндө маалымат берип, окуучу өзү жыйынтык чыгарышына шарт түзүш керек. Ушунун баарынын фонунда диний ишеним менен илимий фактынын ортосундагы айырма абдан жакшы окутулушу абзел. Ошондо астрономияны жакшы билген бала мындан 15 кылым мурун дин тараткан бир киши Айды тең экиге бөлүптүр деп ишенбейт. Башка диндердеги, окуулардагы баалуулуктардын баарын көргөн бала ак-кара түстүү сыналгыдан кийин түстүү сыналгы көргөн соң кайра дүйнө ак жана кара гана түстөн турарына өлүп баратса ишенбейт. Ошончо салыштыра турган билими кийин тыкса да бир диндин алкагына кайра батпай калат. Эркин ой жүгүртө алган жарандар ошентип гана калыптанат. Антпесе объективдүүлүк, илимий мамиле жана калыстык принциптери түп-тамырынан бери бузулган болот.
Үчүнчүдөн дагы бир нерсени түшүнүшкө убакыт жетти. Тээ Акаев заманында эле “радикалдар көбөйүп кетти, алар жаман, биз жакшысын окутабыз” дегендердин деле негизги максаты – акыры түбү баары бир конкреттүү бир динге тартуу болгон. Базарда алма, өрүк, шабдаалы, жүзүм турса жалаң алма саткандар “сен алманын жаманын алып алыпсың, мен жакшысын берем” деп атса – демек башканы карабасын, алманы гана алсын деген максат көздөйт. Андан тышкары өрүк, жүзүм, шабдаалы бар экенин көрсөткүсү келбейт, алманы гана кеп кылса экен дейт. Бул базарда да, идеологияда да маркетинг амалы. Биз ал амалга жем болбой, окуучуларга дин тууралуу, бизге кирип жаткан ар кандай идеялар тууралуу мүмкүн болушунча улуттук кызыкчылыктын позициясынан билим беришибиз керек.
Ушунун баарын эсепке алганда, билим берүү системасы бул сабакты жогоруда айтылгандай принциптер менен берүүгө ДАЯР ЭМЕС деген жыйынтык келип чыгат. Педагогодор окутуудан өтө элек, аларды диний эмес, жарыкчыл негизде илимий принципте үйрөтө турган адистер да жетишсиз.
Эмне кылыш керек?
Азырынча бул предметти мектептерге киргизбестен, дүйнөлүк диндер тууралуу илимий түшүнүктөрдү мугалимдерге окута турган адистердин чоң тобун даярдай берүү зарыл. Алар өздөрү да эгемен мамлекеттин шартында бул сабакты кандай негизде бериш керектигин чогуу талкуулап, бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгышы талап кылынат. Дин адамдары (жалаң эле ислам эмес, баарыныкы) бул сабакты окута турган адис эмес, мугалимдердин айрым суроолоруна жооп бере турган дин өкүлү катары гана тартылууга тийиш.
Андан да маанилүүсү – ансыз да ар кайсы диндин орбитасына тартылып, башы айланып турган жаштарды улуттук өзөгүнө жакындатуу максатында УЛУТТУК ТАРБИЯ сабактарын мектепке кечиктирбестен киргизүүгө мезгил эчак жетти. Анткени Кыргызстанда баарыныкы келип басып кирип эле кыргыздын өзүнүкү жок калганы, аны айтсаң эле ажылдап баса калып атышканы – маңкурттуктун жеткен чеги. Айтматов маңкурт деп ушул көрүнүштү жазган.
Ушу тапта балдар башкасын кой, адам менен жөндүү учурашканды билбейт. Бири арабча, бири орусча сүйлөп, тереңирээк бир нерсе айтсаң “прикольно” деп тантып турушат. Айрыкча орус мектептерде балдар кыздардын, кыздар балдардын көзүнчө сөгүнүп атат. Балдар кыздарга, кыздар балдарга кандай мамиле кылышты билбейт. “Улууларга орун бошот” дейбиз, эмне үчүн бошотуш керек экенин көбүбүз жөндүү түшүндүрүп бере албайбыз. Болбосо анын бери дегенде беш маааниси бар. Тура калса ырахмат айтып койгондон оозубуздун желин аяйбыз. Карыларыбыз бата бергенди унутуп калды. Малды касапка сойдуруп, өзүбүз сойгонду да, туура тартканды да унутуп калдык. Башкасын кой, боз үй тиккендер азайып баратат. Боз үйгө киргенде эр-эпчи каякта экенин билбей аял-эркеги аралашып ашмалтайы чыгып атат. Ушул жайда эки тойго катыштым эле, экөөндө тең орто жаштагылары кыргызча-орусча аралаштырып, жаштары жалаң эле орусча сүйлөп калганын көрдүм.
Улуттук оюндар дене тарбия сабактарынын чоң бир бөлүгү катары кирип, мааниси түшүндүрүлүп, балдарга туура маалымат берилсе бул ишке жардам гана болмок. Кудайга шүгүр, “Кыргыздын улуттук оюндары” деген китепте анын толтура түрлөрү көрсөтүлгөн. Болгону эринбей китепканага барып, керектүүсүн алып пайдалануу гана жагы бар.
Акыры ушунун баарын оңдоп, жаштарыбызга туура жол көрсөтүп, кыргыз болууну үйрөтүшүбүз керекпи? Же кимиси каякка айдаса эле мал болуп талаалап басып кетелиби?
Улуттук тарбия сабактарын окутуш үчүн программа түзүү да, адистерди даярдоо да көп каражатты талап кылбайт. Айылдарда илгертен келаткан салт-санааны, нарк-насилди билген карылар, орто жаштагылар калган чыгар. Арасында ушул айтылгандарга кейип жүргөндөрү да болсо керек. Ошолорду ишке тартып, анча-мынча айлык коюп жаштарга эле эмес, жалпыга мугалим кылып алса улуттук нарк-насилдин кадыры гана артат эле. “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койгон президенттин сөзү менен иши ошондо айкалышмак. Ушундай алысты көздөгөн, стратегиялык салмагы бар иштер аркылуу гана улуттук нарк күчүнө кирет. Болбосо тек гана элдин көңүлүн алган кагаздын бири бойдон калары бышык.
Программанын өзөгү жагынан да кыйнала турган жайыбыз жок. Мисалы, чү дегенде эле Мелис Мураталиевдин кыргыз таануу сабактары бар. Даяр программасы турат. Балким көп деталдары жетишпеген чыгар, бирок өзөгү бар. Башка да мекенчил педагогдор даярдап келаткан, сандыкта жаткан программаларын алып чыкса сонун эле болбойбу. Бириникин бири толуктап, жалпы адистердин талкуусунан өткөрүп бышырса иштеп кетерине ишенем.
Болгону Билим берүү министрлиги билбестиктенби, же атайылаппы сырткы күчтөрдүн тегирменин айлантпай, кимдин жараны экенин, кимдин жарандарын эмне максатта окутуп жатканын эстеши керек. Билим берүү системасынын негизги максаттарынын бири – Кыргызстандын толук жарамдуу жаранын даярдоо. Ал улуттук нарк-насил сабактарын киргизмейинче ойдогудай ишке ашышы мүмкүн эмес. Өлкө эч кайсы жагынан даяр болбогон дин таануу сабактарына караганда улуттук тарбия сабактарынын актуалдуулугу алда канча ашып, баарыбыздын корообузга келип калды.
Жыргалбек Касаболот
P.S. Негизинен жалпы эле өлкөдөгү гуманитардык билим берүүнүн парадигмасын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мезгил жетти. Ал тууралуу кененирээк кеп кылабыз.