Вольфганг Борхерт: Калемиш түнкүсүн уктайт / Которгон: Кундуз Касымбекова
Вольфганг Борхерт (1921 – 1947)
Калемиш түнкүсүн уктайт
Немис тилинен которгон Кундуз КАСЫМБЕКОВА,
Котормонун редактору Кубантай ЭРНАЗАРОВ.
АҢГЕМЕ
Жалгыз уранды дубалдагы терезе кечке маал топтоголок болуп батып бараткан кызарган күнгө жарып турду. Жарымы ураган килейген моор түтүктүн айланасында чаң ызгыйт. Урандыга айланган жай таштуу чөл сымал жымжырт, кыбыр эткен жан жок. Ал көзүн жумган бойдон олтура берди. Бир маалда маңдай тушу караңгылаша түшкөндөй болду. Көзүн ачпастан туруп маңдайына бирөө акырын басып келип, жай туруп калганын сезди. «Өлдү эми, мени кармап алышты!» – деп ойлоду ичинен. Бир көзүн акырын ачып караса, бирөөнүн илең-салаң, ийреңдеген буттары көрүндү. Ийри буттардын арасынан аалам көрүнөт. Тобокелге көзүн чоңураак ачып өйдөнү караса, маңдайда бир абышка турат. Бир колунда бычак, экинчи колдо корзина. Манжа учтары ылай болуп жүрөт.
— Эмне, уктап жатасыңбы? – киши андан сурады да, анын саксайган чачтарын үстүртөн карап туруп калды.
Анын бут арасынан көрүнүп турган күнгө көздөрү чагылыша түшкөндөн улам Юрген көздөрүн жүлжүйтүп:
— Жок, уктабай эле. Кайтарып олтурам.
— Кайтарчу жерди да тапкан экенсиң, – киши башын чайкады. – Килейген таяк менен кайтарып олтурам де?
— Ооба, – деди Юрген таякты колуна ишенимдүү кармап.
— А эмне кайтарып олтурасың?
— Айтпайм, – бала колундагы таякты оңтойлоп кармады.
— Бул жерге акча көмдүң беле, ыя? – киши корзинаны жерге таштап, колундагы бычакты шымына сүртүп аарчып кирди.
— Акча көмдүм деп айтымбы сизге? – Юрген кызаңдай кетти. – Башка нерсе.
— Ошо эмне кайтарып олтурасың деп сурап жатпаймынбы?
— Сиздин ишиңиз канча?! Кайтарып олтурам дебедимби.
— Мейли, сен айтпасаң, анда корзинада эмне бар мен да айтпайм, – корзинаны буту менен жылдырып, үстүнө бычакты койду.
— Айтпасаңыз деле билем, – деди Юрген кызаңдай. – Коёндорго деген чөп да.
— О, чечек десе! – киши чочуп кетти. – Билип алдыңбы? Канчага чыктың?
— Тогузга.
— А, баракелде. Анда үч жерде тогуз канча болот, билсең керек?
— Албетте, – деди Юрген, анан убакытты созуш үчүн атайын кеп учугун узартты: – Бул оңой эле, – деди да, кишинин бут арасынан сыртты тиктеп туруп калды. – Үч жерде тогуз дейсизби? – кишиден кайра сурады. – Жыйырма жети болот. Муну дароо эле билдим.
— Азамат! Эң туура. Менин ошончо коёнум бар.
— Жыйырма жети? – Юрген аңкайып кишини тиктеди.
— Ооба. Көпчүлүгү бөжөк. Эгер кааласаң, көрсөтөйүн?
— Каап, – деди Юрген бир аз кейигендей, – Бул жерди кайтарбаганда, сиз менен барып, көрүп келчү экем.
— Эмне, эртеден кечке кайтарасыңбы? – киши сурады, – Ал тургай түнү да?
— Ооба, түндөсү да. Эртеден кечке. Күнү-түнү. – Юрген кишинин ийреңдеген буттарына карады. – Ишемби күндөн бери.
— Иэ, кокуй?! – муну укканда киши чындап таң калды. – Үйгө кетиш оюңда барбы? Курсак кантти анда?
Юрген жанындагы жалпак ташты ачып көрсөттү. Темир идишке жарты нан салып, үстүнө таш көмкөрүп коюптур.
— Тамеки тартасыңбы? – киши андан сурады, – Мүштөк барбы?
Юрген таягын кармаган бойдон башын саландатып:
— Мен тамеки ороп чегем. Мүштөк жакпайт мага.
— Каап, балам, – деди киши жерде жаткан корзинага эңкейип, – Үйгө барып, коёндорду көрсөң сонун болмок да. Бөжөктөрүн көрөт болчусуң. Кааласаң, бирди өзүңө тандатат элем. Бирок сен бул жерден эч кайда жыла албайм деп жатпайсыңбы.
— Жок, жок, – деди Юрген кабагы салыңкы, – Эч кайда жыла албайм.
Киши корзинаны алды да, боюн түзөдү. Анан артка бурулуп жатып:
— Бечара балам. Бул жерден эч кайда жыла албайм дечи, кургур – дей салып, жөнөп калды.
— Эгер эч кимге айтпасаңыз, анда айтам себебин, – Юрген оозунан ушул сөз чыгып кеткенин аңдабай калды. – Калемиштерден коруп олтурам.
— Эмне дейт бу? – чочуп кеткен киши ийри бутун артка бир кадам таштады. – Калемиш дейсиңби?
— Ооба, ооба. Алар өлүмтүк жешет. Кишинин өлүгүн. Тээтигинде жүрүшөт, – Юрген урандылардын арасын көрсөттү.
— Сага антип ким айтты?
— Бизди окуткан эжей.
— Ошондо азыр сен калемиш кайтарып олтурасыңбы?
— Калемиш кайтарган жокмун! – Юрген кыйкырып жиберди. Анан акырын күңкүлдөдү: – Иним тээтиги урандылардын астында калып кетти, – колундагы таяк менен урандылардын арасын көрсөттү. – Биздин үйгө бомба келип жарылганда, жертөлөдө жарык жалп өчтү. Аны ошондо издеп таппай калдык. Кыйкырып издесек да табылбады. Менден кыйла кичүү эле. Болгону төрт жашта. Ал ушул жерде эле жатат болуш керек. Иним менден кыйла кичүү болчу.
Муну укканда, кишинин башына эчтеке кирбей бир топко дейре мандайдагы жүдөгөн баланы тиктеп турду да, анан айтты:
— Окуткан эжейиң калемиш түнкүсүн уктайт деп айткан жок беле?
— Жок, – Юрген башын жерге салаңдатып акырын күңк этти. Анан шаабайы сууп: – Мынтип айткан эмес.
— Түшүнүктүү, – деди киши. – Калемиш түнкүсүн уктайт, балам. Эжейиң бул тууралуу эмнеге айтпады? Түндөсү үйүңө барып турсаң болот. Түнү бизге окшоп алар деле укташат да. Караңгы киргенде.
Юрген таяктын учу менен шагыл бетине майда-майда чуңкурчаларды жасап жатты. «Мунун баары кичинекей керебеттер» – деп ойлоду ал, – «Кичинекей тыпыйган керебеттер». Бир маалда киши кеп баштады (ийри буттарын кылтаңдатып):
— Мындай кылалы, балам. Мен азыр барып коёндорго чөп берем, анан күүгүм чалыш келип, сени алып кетейин. Сага бир бөжөк ала келем. Кичинекейин тандап туруп. Жарайт?
Юрген таяктын учу менен дале шагыл бетине майда-майда чуңкурчаларды жасап жатты. «Баары кичинекей коёнектер. Ак коёнек, боз коёнек…» – чуңкурчаларды түрдүү түстөгү коёндорго салыштырды.
— Билбейм, карап көрөм го, – чуңкурчаларды жасап жатып акырын шыбырады, – Эгер чындап эле калемиштер түнкүсүн укташса…
— Албетте укташат, – деди киши урандыларды аттап баратып. – Эгер окуткан эжейиң ушуну билбесе, анда мектепте иштебей эле койгону оң.
Юрген ордунан тура калып сурады:
— Мага бир коён бересизби? Түсү ак коён.
— Мейли, карап көрөйүн, – узап бараткан киши арыдан кыйкырды. – Анда мени ушул жерден кетпей күтүп тур. Анан экөөбүз чогуу үйүңө барабыз. Түшүндү? Коёндорго жайды кандай даярдаш тууралуу атаңа айтып берем. Сен да муну билишиң керек.
— Макул, күтүп турам! – Юрген кыйкырды. – Күүгүмгө дейре кайтарып турбасам болбойт! Мен сизди күтөм ушул жерде!
Ушинтип айтты да каканактап ыйлап жиберди. Ыйлап жатып узап бараткан кишиге карап:
— Биздин үйдө тактайлар бар. Уя жасаганга керектүү тактайлар.
Узап кеткен киши муну укпады шекил. Батып бараткан күн тарапты көздөй буттарын ийреңдетип кетип баратты. Балага кызарып батып бараткан күн жарыгында ийреңдеп басып бараткан буттар гана көрүнүп кала берди. Киши колундагы корзина тияк-биякка термелет.
Корзинага коёндорго бергени чөп салынган. Жапжашыл чөптүн өңү урандылардын чаңынан бозомук тарта түшкөн.
1947 – жыл.
АҢГЕМЕ ТУУРАЛУУ РЕДАКТОРДОН АДАБИЙ НУСКОО: Борхерттин бардык прозасында «адам жана согуш» проблемасы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тагдыры талкаланган жоокердин, жалгыз калган адамдын, карылардын, аялдардын образы аркылуу ачылат. Бирок бул аңгемеде жазуучу согуш темасын бүтүндөй кабыл алып ой-жүгүртүүнү жаш баланын образы аркылуу берген. Согуш чоң кишинин гана тоодой трагедиясы эмес, согуш шартында жашоо-тирүүлүк үчүн күрөшкөн жаш баланын да негизги трагедиясы экендигин айгинелеп көрсөткөн.
Аңгемедеги «Ураган дубал», андагы «жалгыз терезе», жарымы ураган килейген моор түтүк сыяктуу сөздөр согушта талкаланып чөлгө айланган шаардагы жымжырттык өкүм сүргөн картинаны сүрөттөйт. Андан ары астында өлүктөр жаткан уранды жанында эки башкы каарман – жаш бала менен кары кишинин пайда болушу кандайдыр бир мейкиндик боштуктун бузулушун шарттайт. Аңгемеде жалпылыкка таянуу менен жаш бала жана кары кишинин ысымы аталган эмес. Бирок аңгемеден баланын ысымы – Юрген экендигин байкоого болот. Юрген капыстан келе калган чоочунду алгач кандайча кабыл алганы өтө маанилуу: Ал көзүн жумган бойдон олтура берди. Бир маалда маңдай тушу караңгылаша түшкөндөй болду. Көзүн ачпастан туруп маңдайына бирөө акырын басып келип, жай туруп калганын сезди. «Өлдү эми, мени кармап алышты!» – деп ойлоду ичинен. Бир көзүн акырын ачып караса, бирөөнүн илең-салаң, ийреңдеген буттары көрүндү.
Алгачкы жолугушууну шарттуу түрдө бир нече психологиялык этаптарга бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) чоочундун алдында баланын коркуу сезими; 2) өзүн өзү коргоо сезимдеринин инстинк түрүндө пайда болушу; 3) ички сезимдердин чыңалуусу; 4) натыйжада колундагы таякты астейдил кармап коркунучка даяр турушу. Юрген бул жерде олтурган себебин чоочун кишиге дароо эле айта салбайт. Алгач жеткинчек чоочундун үстү-башына акырын көз салып байкап чыгат, андан ары колунда корзина, бычак кармап турганын, манжалары ылай болуп турганын байкайт. Бул учурда окурмандын назары бир маанилүү деталдан экинчи деталга өтүү менен, окурмандык назар бала көрүп турган мейкиндик менен гана чектелет.
Андан ары аңгеменин өнүгүшүндө антитезалык элементтер катталат: бычак/таяк, жаш бала/кары киши, балалык/карылык, тажрыйбасыздык/кекселик. Жеткинчек менен кары кишинин диалогунан гана кары кишинин бул жерге эмне себептен келип калгандыгы аңдоого болот. Ошондон кийин гана жеткинчек бул жерде бир нече күндөн бери эмне себептен олтурганын айтат.
Юрген менен кары кишинин диалогунда «адам жана согуш» проблемасы толугу менен ачылат. Жазуучунун согуш темасына арналган башка чыгармаларында башкы каармандар чоң кишилер болуп эсептелсе, бул аңгемеде башкы каарман катары жеткинчек бала тандалып, согуш болмушуна (бытие) принципиалдуу жаңы көз караштар туулат. Муну менен согуштун кесепети жаш балдардын – келечек муундун трагедиясы деген кайгылуу ойго жетелейт. Бул жерде жазуучу тагдырдын өгөй балдарынан бирөөнү башкы каарман катары тандап, согуш аркылуу адамзат өзүн өзү – келечек муунду жок кылып жаткандыгын айтып жатканы.
Аңгемеде дагы бир көңүл бурчу жагдай – кары кишинин ийреңдеген буттары тууралуу:
- …Бир көзүн акырын ачып караса, бирөөнүн илең-салаң, ийреңдеген буттары көрүндү. Ийри буттардын арасынан аалам көрүнөт…
- …Юрген кишинин ийреңдеген буттарына карады...
- …Эмне дейт бу? – чочуп кеткен киши ийри буттарын артка бир кадам таштады. – Калемиш дейсиңби?
- …Бир маалда киши кеп баштады (ийри буттарын кылтаңдатып)…
- …Батып бараткан күн тарапты көздөй буттарын ийреңдетип кетип баратты…
Мындан көрүнгөндөй жазуучу кары кишинин ийри буттарына кайта-кайта басым жасаган. Мунун себеби тууралуу адабий сынчылар тарабынан бир беткей пикир жок. Ар кимиси ар кандай анализ берүү менен гана чектелген.
Акыркы абзацка назар салалы: Корзинага коёндорго бергени чөп салынган. Жапжашыл чөптүн өңү урандылардын чаңынан бозомук тарта түшкөн.
Муну жазуучу Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Германиянын абалы менен салыштырган. Урандылардын чаңына бозоргон жапжашыл чөптүн өңү. Жапжашыл чөптөй өсүп келаткан жеткинчек муундун согуштан кийин бозоргон өңү. Согуштан кийин чаңга буланган жапжашыл чөптөй өлкө – Германиянын келечекке болгон өчпөгөн үмүтү.
ЖАЗУУЧУ ТУУРАЛУУ УЧКАЙ МААЛЫМАТ: Вольфганг Борхерт (1921–1947) – немис акыны, театр актёру, антифашисттик маанайдагы жазуучу, драматург. 1921-жылы Германиянын Гамбург шаарында төрөлгөн. Апасынын жолун жолдоп он беш жашынан ырлары жарык көрө баштаган.
1941-жылы театр мектепти аяктап, театрга ишке орношот да, ал жайда болгону үч ай иштеген соң, аскерге чакыртылат. Аскерде фашисттик Германиянын чыгыш фронтунда СССРге каршы согушкан. Вольфганг Борхерт согушка түп тамырынан каршы болгон. Эч качан адам өлтүргүсү келген эмес. Согуш талаасында советтик жоокер менен жекеме-жеке кармашта октон жарадар болот. Согуштагы кайдыгер мамилеси жана согуштан кутулуу амалында өзүн өзү атайын жарадар кылды деген айып тагылып, Нюрнберг түрмөсүнө камалат. Аскердик сот ага карата атууга өкүм чыгарып, аз жерден атылып кете жаздап, бактыга жараша кийин мунапыска илешип, фашисттик Германиянын ар кайсы түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жүргөндө дифтерия жана гепатит дартын жугузуп алат.
1945-жылдын жаз айлары фашисттик Германия аскерлери толук жеңилип баштаганда, Францияда түрмөдө жаткан жеринен качып, туулган шаары Гамбургга чейин 600 км жолду жөө баскан. Ата-журтуна келгенде аны толук талкаланып, ачарчылыкта жашап жаткан өз шаары тосуп алат.
Үйүнө кайтып келген соң театрга ишке орношуп, андан сырткары чыгармачылык ишине баш-оту менен киришет. Чыгармаларында негизинен согуштун кесепети баяндалып, согуш эч качан адамзатка пайда алып келбешин баса белгилеген. «Адам жана согуш» проблемасына арналган «Эшик артындагы жайда» пьесасы немис адабиятында гана эмес, дүйнөлүк адабиятта да өз ордун тапкан. Вольфганг Борхерттин кыска аңгемелерди жазууда өзгөчө стили тууралуу бүгүнкү күнгө дейре ар кандай журналдарда илимий макалалар жарыяланып келет.
Өкүнүчтүүсү, жазуучунун чыгармачылыгы көпкө созулган эмес. Эки жыл ичинде көптөгөн чыгармаларын жаратып, түрмөдө жугузуп алган дарт менен алышып жүрүп, 1947-жылы болгону 26 жашында көз жумган.
Жазуучунун чыгармалары кыргыз тилине алгачкы жолу немис жана орус тилдеринен котормочулар – Кундуз Касымбекова жана Кубантай Эрназаров тарабынан 2022-жылдан баштап которула баштаган. Буга чейин котормочулар тарабынан жазуучунун «Бөлкө нан», «Саат» жана «Кудайдын көзү» аттуу чыгармалары кыргыз тилинде жарык көргөн.
Редактордон: Кундуз Касымбекова которгон чыгарманы редакторлоо кезинде пайдалуу кеп-кеңештерин аянбаган Москвадагы РУДН университетинин чет тилдер кафедрасында иштеген айрым коллегаларга өзгөчө ыраазылык билдирем.
Wolfgang Borchert
Nachts schlafen die Ratten doch
Das hohle Fenster in der vereinsamten Mauer gähnte blaurot voll früher Abendsonne. Staubgewölke flimmerten zwischen den steilgereckten Schornsteinresten. Die Schuttwüste döste.
Er hatte die Augen zu. Mit einmal wurde es noch dunkler. Er merkte, daß jemand gekommen war und nun vor ihm stand, dunkel, leise. Jetzt haben sie mich! Dachte er. Aber als er ein bißchen blinzelte, sah er nur zwei etwas ärmlich behoste Beine. Die standen ziemlich krumm vor ihm, daß er zwischen ihnen hindurchsehen konnte. Er riskierte ein kleines Geblinzel an den Hosenbeinen hoch und erkannte einen älteren Mann. Der hatte ein Messer und einen Korb in der Hand. Und etwas Erde an den Fingerspitzen.
- Du schläfst hier wohl, was? fragte der Mann und sah von oben auf das Haargestrüpp herunter.
Jürgen blinzelte zwischen den Beinen des Mannes hindurch in die Sonne und sagte:
- Nein, ich schlafe nicht. Ich muß hier aufpassen. Der Mann nickte: So, dafür hast du wohl den großen Stock da?
- Ja, antwortete Jürgen mutig und hielt den Stock fest.
- Worauf paßt du denn auf?
- Das kann ich nicht sagen. Er hielt die Hände fest um den Stock.
- Wohl auf Geld, was? Der Mann setzte den Korb ab und wischte das Messer an seinem Hosenboden hin und her.
- Nein, auf Geld überhaupt nicht, sagte Jürgen verächtlich. Auf ganz etwas anderes. Na, was denn?
- Ich kann es nicht sagen. Was anderes eben.
- Na, denn nicht. Dann sage ich dir natürlich auch nicht, was ich hier im Korb habe. Der Mann stieß mit dem Fuß an den Korb und klappte das Messer zu.
- Pah, kann mir denken, was in dem Korb ist, meinte Jürgen geringschätzig; Kaninchenfutter.
- Donnerwetter, ja! sagte der Mann verwundert; bist ja ein fixer Kerl. Wie alt bist du denn?
- Oha, denk mal an, neun also. Dann weißt du ja auch, wieviel drei mal neun sind, wie?
- Klar, sagte Jürgen, und um Zeit zu gewinnen, sagte er noch: Das ist ja ganz leicht. Und er sah durch die Beine des Mannes hindurch. Dreimal neun, nicht? fragte er noch mal, siebenundzwanzig. Das wußte ich gleich.
- Stimmt, sagte der Mann, und genau soviel Kaninchen habe ich. Jürgen machte einen runden Mund: Siebenundzwanzig?
- Du kannst sie sehen. Viele sind noch ganz jung. Willst du?
- Ich kann doch nicht. Ich muß doch aufpassen, sagte Jürgen unsicher.
- Immerzu? fragte der Mann, nachts auch? Nachts auch. Immerzu. Immer. Jürgen sah an den krummen Beinen hoch. Seit Sonnabend schon, flüsterte er.
- Aber gehst du denn gar nicht nach Hause? Du mußt doch essen. Jürgen hob einen Stein hoch. Da lag ein halbes Brot. Und eine Blechschachtel. Dur rauchst? fragte der Mann, hast du denn eine Pfeife?
Jürgen faßte seinen Stock fest an und sagte zaghaft:
- Ich drehe. Pfeife mag ich nicht.
- Schade, der Mann bückte sich zu seinem Korb, die Kaninchen hättest du ruhig mal ansehen können. Vor allem die Jungen. Vielleicht hättest du dir eines ausgesucht. Aber du kannst hier ja nicht weg.
- Nein, sagte Jürgen traurig, nein nein.
Der Mann nahm den Korb hoch und richtete sich auf. Na ja, wenn du hierbleiben mußt — schade. Und er drehte sich um.
— Wenn du mich nicht verrätst, sagte Jürgen da schnell, es ist wegen der Ratten.
Die krummen Beine kamen einen Schritt zurück:
— Wegen der Ratten?
— Ja, die essen doch von den Toten. Von Menschen. Da leben sie doch von.
— Wer sagt das?
— Unser Lehrer.
— Und du paßt nun auf die Ratten auf? — fragte der Mann.
— Auf die doch nicht! Und dann sagte er ganz leise. Mein Bruder, der liegt nämlich da unten. Da. Jürgen zeigte mit dem Stock auf die zusammengesackten Mauern. Unser Haus kriegte eine Bombe. Mit einmal war das Licht weg im Keller. Und er auch. Wir haben noch gerufen. ER war viel kleiner als ich. Erst vier. Es muß hier ja noch sein. Er ist doch viel kleiner als ich.
Der Mann sah von oben auf das Haargestrüpp. Aber dann sagte er plötzlich:
— Ja, hat euer Lehrer euch denn nicht gesagt daß die Ratten nachts schlafen?
— Nein, flüsterte Jürgen und sah mit einmal ganz müde aus, das hat er nicht gesagt.
— Na, sagte der Mann, das ist aber ein Lehrer, wenn er das nicht mal weiß. Nachts schlafen die Ratten doch. Nachts kannst du ruhig nach Hause gehen. Nachts schlafen sie immer. Wenn es dunkel wird, schon.
Jürgen machte mit seinem Stock kleine Kuhlen in den Schutt. Lauter kleine Betten sind das, dachte er, alles kleine Betten.
Da sagte der Mann (und seine krummen Beine waren ganz unruhig dabei):
— Weißt du was? Jetzt füttere ich schnell meine Kaninchen, und wenn es dunkel wird, hole ich dich ab. Vielleicht kann ich eins mitbringen. Ein kleines oder, was meinst du?
Jürgen machte kleine Kuhlen in den Schutt. Lauter kleine Kaninchen. Weiße, graue, weißgraue.
— Ich weiß nicht, sagte er leise und sah auf die krummen Beine, wenn sie wirklich nachts schlafen.
Der Mann stieg über die Mauerreste weg auf die Straße.
— Natürlich, sagte er von da, euer Lehrer soll einpacken, wenn er das nicht mal weiß.
Da stand Jürgen auf und fragte:
— Wenn ich eins kriegen kann? Ein weißes vielleicht?
— Ich will mal versuchen, rief der Mann schon im Weggehen, aber du mußt hier so lange warten. Ich gehe dann mit dir nach Hause, weißt du? Ich muß deinem Vater doch sagen, wie so ein Kaninchenstall gebaut wird. Denn das müßt ihr ja wissen.
— Ja, rief Jürgen, ich warte. Ich muß ja noch aufpassen, bis es dunkel wird. Ich warte bestimmt.
Und er rief:
— Wir haben auch noch Bretter zu Hause Kistenbretter, rief er.
Aber das hörte der Mann schon nicht mehr. Er lief mit seinen krummen Beinen auf die Sonne zu. Die war schon rot vom Abend und Jürgen konnte sehen, wie sie durch die Beine hindurchschien, so krumm waren sie. Und der Korb schwankte aufgeregt hin und her.
Kaninchenfutter war da drin. Grünes Kaninchenfutter, das war etwas grau vom Schutt.