Мажар акыны Шандор Петефинин поэзиясы кыргыз акындарынын котормосунда

Мажарлардын (венгрлердин) улуу акыны жана улуттук баатыры. Өз аты – Александр Петрович. Petőfi Sándor – анын адабий каймана аты. Ал 1823-жылы 1-январда Кишкёрёште туулуп,  (Венгрия), 1849-жылы 31-июлда согуш талаасында каза болгон.

 

Жыргалбек КАСАБОЛОТтун котормосунда

 

 

 

 

АРЗУУ ЖАНА АЗАТТЫК

Эркиндигим, сүйгөнүм –
Эң кереги дүйнөнүн!
Ашыктыгым тапсам деп
Башты саям кадага.
Азаттыкка, ак сүйүүм
Сени чабам садага!

 

ЛЮБОВЬ И СВОБОДА

Любовь и свобода —
Вот все, что мне надо!
Любовь ценою смерти я
Добыть готов,
За вольность я пожертвую
Тобой, любовь!

 

* * *

Арман – деңиз, шаттык анда
Аппак бермет, күкүмдөй.
Аны да, аттиң, бузабыз ээ,
Алгычакты бүтүндөй!

– – –

Печаль — это целое море,
А радость — жемчужина в нем,
Которую часто — о, горе! —
Калечим, пока извлечем!

 

* * *

Жолду ката ойлоп келдим:
“Эмне деймин энеме?
Байкушумду жылдар бою
Көргөн жокмун дегеле.

Кантип баштайм жылуу кебим
Айтчу сөзүм түзөтүп?
Бешигимди терметчү эле,
Далай түндү күзөтүп”.

Камдап жүргөн сонун сөздөр
Кетпей турду башыман.
Ат араба сызбагансып
Андан бетер ашыгам.

Келсем апам өзү чыкты!
Үнүм буулуп басылып,
Бутактагы жемишиндей
Туруп калдым асылып.

– – –

Всю дорогу к дому думал:
«Что скажу я маме,
Ведь ее, мою родную,
Не видал годами?

И какое слово дружбы
Вымолвлю сначала —
Ей, которая мне люльку
По ночам качала?»

Сколько выдумок отличных
В голове сменялось!
И казалось — время медлит,
Хоть телега мчалась.

Я вошел. Навстречу мама!
Не сказав ни слова,
Я повис, как плод на ветке
Дерева родного.

 

* * *

ГҮЛДӨР

Суктанамын, чөп жыш өскөн
Талаа четин тебелеп.
Гүлдөрүм ай, гүлдөрүм эй,
Чырайыңар керемет.
Кызды көргөн жаш баладай
Көркүңөрдөн сүрдөймүн.
Керээзимде “кабырыма
Тигилсе экен гүл” деймин.

Гүлгө жакын отурам да,
Көңүлүмдү нур чайып,
Арзуумду айтып, андан кайра
Жообун күтөм кылчайып.
Укту баарын, бирок үнсүз
Турганына зилдеймин.
Керээзимде “кабырыма
Тигилсе экен гүл” деймин.

Балким анын жыпар жыты
Айлангандыр тилине?
Ойду кезеп кайрылгандыр
Адамдардын дилине?
Аны уга алган тирүү жандар
Табияты бир деймин.
Керээзимде “кабырыма
Тигилсе экен гүл” деймин.

Ооба, жыттар – гүлдүн тили.
Мен бул ырдын дабышын
Тыңшап өтөм, чүмбөт сыйрып
Жөнөөр кезде табытым.
Жыттар эмес, мен алардан
Угуп кетер ыр деймин.
Керээзимде “кабырыма
Тигилсе экен гүл” деймин.

Аңкыганы бул үндөрдүн
Жайпап турар мүрзөмдү.
Бешик ырдын абазындай
Бейпил кылып дүйнөмдү.
Таттуу уйкумда карды эритип
Жаз келерин билбеймин.
Керээзимде “кабырыма
Тигилсе экен гүл” деймин.

– – –

ЦВЕТЫ

Любуюсь, обходя поля,
Цветами средь густой травы.
Цветы мои, мои цветы,
Прекрасны несказанно вы.
Как мальчик девочки, дичусь
Я вашей дивной красоты.
Я завещаю на моей
Могиле посадить цветы.

Присаживаюсь я к цветку,
И вот, беседою согрет,
Я признаюсь ему в любви
И жду, что скажет он в ответ.
Он понял все, но он молчит
Под видом ложной немоты.
Я завещаю на моей
Могиле посадить цветы.

Как знать, быть может, аромат
Цветка и есть его язык?
Он обращается к душе
И ставит нашу мысль в тупик.
Но мир существ вообразим,
Лишенных этой глухоты.
Я завещаю на моей
Могиле посадить цветы.

Да, верно, запах — это звук,
И я услышу песнь цветов,
Когда спадет с меня в гробу
Глушащий эту песнь покров.
Не дух я буду обонять,
А слушать музыку мечты.
Я завещаю на моей
Могиле посадить цветы.

Могилу будет овевать
Их, ставший благозвучьем, дух
И усыпительно ласкать
Мне колыбельной песнью слух.
Я буду спать, и вновь весна
Расплавит снежные пласты.
Я завещаю на моей
Могиле посадить цветы.

 

 

Толук Бек БАЙЗАКтын котормосунда

 

 

 

 

Мажар акыны Шандор Петефинин 200 жылдыгына карата жалпы түрк дүйнөсүндө котормо боюнча сынак жарыяланып, кыргыз акыны Толук Бек Байзак жеңүүчү болду.

Толукбек мырзаны чын дилибизден куттуктайбыз!

 

СҮЙҮҮ ЖАНА ЭРКИНДИК

Баарынан мага эң керек –
Сүйүү жана эркиндик!

Сүйүү үчүн керек болсо
өлүмгө да барамын.
А сүйүүнү эркиндикке
курмандыкка чаламын.

– – –

ЛЮБОВЬ И СВОБОДА…

Любовь и свобода —
Вот все, что мне надо!

Любовь ценою смерти я
Добыть готов,
За вольность я пожертвую
Тобой, любовь!

 

* * *

ПОЭЗИЯ

Касиеттүү поэзия, кандай гана кор болдуң!
Мынча неге тебелешти баркыңды.
Сөз баалабас наадандарга кордолдуң,
ар убакта чыгарышкан тарпыңды.
Жасалмалуу аалым атка конгондор,
сыйлык, ургаал, атак даңкка тойгондор,
поэзия – заңгыраган зал дешип,
байлыктуунун этегине эрмешип,
короздонгон коомду издеп көнгөндөр,
сылык сыпаа, мода үчүн өлгөндөр…
Машаяктар жаагыңарды жапкыла!
Бир чындык жок сөзүңөрдө сайраган.
Поэзия – салон да эмес, зал да эмес,
тандалмалуу жамаатыңар чардаган,
согон окшоп салаттагы даамдаган.
Поэзия – ушундай бир үйгө окшош,
кенен, эркин кире билген бардыгы,
сыйынганды, ойлоно алган, сезе алган,
жан аттууга такыр болбос тардыгы.
Бул ыйык үй дал ушундай керемет,
кабыл алган ким барса да кудайлап,
чарыкчан да же болбосо жыңайлак.

– – –

ПОЭЗИЯ

Как ты унижена, поэзия святая!
Растоптано достоинство твое
Глупцами, что, стремясь тебя возвысить,
Безмерно унижают каждый раз!
Такие самозванные жрецы
Повсюду проповедовать берутся,
Что будто бы поэзия — чертог,
Парадный зал, великолепный терем,
Куда входить позволено лишь тем,
Кто разодет по моде и любезен…
О, замолчите! Правды ни на грош
Нет в проповеди вашей, лжепророки!
Поэзия не зал и не салон,
Где избранное общество расселось,
Как лук порей в салатнице… О нет!
Поэзия — такое это зданье,
Куда войти свободно могут все,
Кто хочет думать, чувствовать, молиться…
Что знаете о храме вы таком?
Поймите: это храм, в который можно
Войти в лаптях и даже босиком!

 

 

Махабат КАСЕЙИНОВАнын котормосунда

 

 

 

 

СҮЙҮҮ ЖАНА АЗАТТЫК

Сүйүү жана Азаттык,
экөө гана керек мага.
Сүйүүм үчүн өлүмгө да барармын.
Азаттыктын​ баасы үчүн бирок да,
Махабатты курмандыкка чалармын.

– – –

ЛЮБОВЬ И СВОБОДА…

Любовь и свобода —
Вот все, что мне надо!
Любовь ценою смерти я
Добыть готов,
За вольность я пожертвую
Тобой, любовь! любовь!

 

* * *​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

МЕКЕНДЕ

Алтын түстүү буудай талаа, аңызда,
жайкы аптаптын туман баскан бул күнү.
Сүрөттөрдөй көрүнбөгөн тумандан,
тааныдыңбы, мен уулуңмун, көрдүңбү?
Тээ качандыр теректердин алдынан,
көз салчумун турналарга көктөгү.
Рим санынын бешине (V) окшоп кас- катар,
Түштүк жакка кыштаганы көчкөнүн.
Ошол таңда таштап үйүн атамдын,
кош деп араң айттым кыйнап жанымды.
Апакемдин​ угузбастан батасын,
жулуп кеткен бороон, суунун агымы.
Жылдар өттү, өттү мезгил токтолбой,
жылдар жылды өлтүрүштү. Турмуштун
арабасын тартып анан өзгөрмө,​
ийгиликтин көбүн басып жетиштим.
Жашоо мектеп, а Кудайдын жарыгы,
төгүп салды жылуу, жумшак дүйнөмдү.
Кеттим андан, татаал, узак жол болду,
кудум ошол чөлдөгүдөй жылаңач,
басып өттүм таштуу, тикен жолдорду.
Муну билем, эч ким билбес менчелик,
баскан жолум коркунучтуу өлүмдөн.
Күйүтүм да ачуу болду. Жан дүйнөм,
…сугарылды, ылай толгон чөмүчтөн.
Келдим кайра из калтырбай басууга,
түбөлүккө, түбөлүккө аларды,
Көз жашына жууп салууга бакыттын.
О, билсеңер, мындай жакшы жер кайда?!
Бала эмизген энелери жөн гана,
өзүң үчүн кымбат болгон бул жерде,​
өз баласы сыяктанып Күн күлөт…
Өз баласы сыяктанат Күн мага!

– – –

НА РОДИНЕ

Степная даль в пшенице золотой,
Где марево колдует в летний зной
Игрой туманных, призрачных картин!
Вглядись в меня! Узнала? Я твой сын!
Когда-то из-под этих тополей
Смотрел я на летевших журавлей.
В полете строясь римской цифрой пять,
Они на юг летели зимовать.
В то утро покидал я отчий дом,
Слова прощанья лепеча с трудом,
И вихрь унес с обрывками речей
Благословенье матери моей.
Рождались годы, время шло вперед,
И так же умирал за годом год.
В телеге переменчивых удач
Я целый свет успел объехать вскачь.
Крутая школа жизни — божий свет,
Он потом пролитым моим согрет.
Я исходил его, и путь тернист
И, как в пустыне, гол и каменист.
Я это знаю, как никто другой.
Как смерть, недаром горек опыт мой.
Полынной мутью из его ковша
Давным-давно пропитана душа.
Но все печали, всякая напасть,
Вся боль тех лет теперь должны пропасть.
Сюда приехал я, чтоб без следа
Их смыть слезами счастья навсегда.
О, где еще земля так хороша?
Здесь мать кормила грудью малыша.
И только на родимой стороне
Смеется, словно сыну, солнце мне.

 

 

Кыял ТАЖИЕВА МУРАСКЕРДИН котормосунда

 

 

 

 

СҮЙҮҮ ЖАНА ЭРКИНДИК

Сүйүү жана эркиндик –
Болду ушу, мага керек ушулар!
Сүйүү, сага даярмын мен өлүм менен жетүүгө.
Боштондугум үчүн дагы даярмын,
Кайра сени курман кылып кетүүгө.

 

* * *

БУЛАК ЖАНА ДАРЫЯ

Коңгуроонун тили өңдүү суратпай,
Шыңгыр үндүү булак ырдайт чыдатпай,
Бала күнүм болоор эле обондуу
А жан дүйнөм чачыраган булактай.

Ал ачкычтын күзгүсүндөй болуучу,
Ага асмандан күн чагылып туруучу.
Жылдыз менен ай да сууга суктанып
Толгон балык өңдүү жүрөк туйлачу.

Ошол булак дайра болуп торолгон,
Бейпилдиги, ыры дагы жоголгон.
Соборду да жаркыратчу жылдыздар
Чагыла албайт көбүк чачкан бороондон.

Оо асманым, каяккадыр жүз бур дейм!
Сен өзүңдү тааныбайсың күзгүдөн.
Албуут толкун аласалтты агымды
Ылай дайра калкып чыкты түбүнөн.

Сууда болсо кандуу тактар, бу кайдан?
Токойдогу балык улоо сайрандан.
Зор күч менен ыргытылган көбөттө
Кайырмакка как жүрөгүм кармалган.
Балык сыңар от жүрөгүм кармалган.

– – –

ИСТОЧНИК И РЕКА

Как будто колокольчика язык,
Ручей лепечет, полный благозвучья.
В дни юности моей была певуча
Моя душа, как плещущий родник.

Она была как зеркало ключа.
В ней отражалось солнце с небосвода,
И звезды и луна гляделись в воду,
И билось сердце, рыбкой хлопоча.

Большой рекою стал ручей с тех пор.
Пропал покой, и песнь его пропала.
Не может отразиться в пене шквала
Полночных звезд мерцающий собор.

О небо, отвернись куда-нибудь!
Себя ты не узнаешь в отраженье.
Волнами взбудоражено теченье,
Со дна его всплыла речная муть.

И на воде кровавое пятно.
Откуда эта кровь? Лесой удильной,
Крючком, в поток закинутым насильно,
Как рыбка, сердце, ты обагрено.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.