Мʏнʏшкɵр Адилбек Кудайбердиев: «Эркин учкан кушту табына келтирсең, эч жакка кетпейт»
«Бирин айтат боз куш деп,
Бирин айтат суу куш деп.
Карчыга деген кушу бар,
Кадиксиз мерген ушу бар», — деп айтылуу Тоголок Молдонун «Куштардын аңгемеси» чыгармасында айтылгандай канаттуулар ааламы да ар тʏрдʏʏ. Ноокат районунун тургуну, мʏнʏшкɵр Адилбек аба карчыга кушун кармоодо 25 жылдык тажрыйбасы менен бɵлʏштʏ.
«Адамга ʏйрɵнʏшʏ, тапка келиши ʏчʏн кɵп убакыт талап кылат»
— Айбек аба, карчыга кушун кармаганыңызга канча убак болду?
— Карчыга кушун менин чоң атам салган. Андан кийин атам салды. Дароо эле мʏнʏшкɵр болгон жокмун. Кичинекейимден чоң атама, атама кɵзɵмɵлчʏ болуп жʏрʏп, кушту таптоону, тапка келтирип салууну ʏйрɵндʏм. Карчыга кушун ɵзʏм кармаганыма 25 жыл болду. Бул куштардын карасы, кара куштар кыйык болушат. Адамга ʏйрɵнʏшʏ, тапка келиши ʏчʏн кɵп убакыт талап кылат. Тапка келгенде адамга ɵтɵ жакын болуп калат. Үйдɵ карчыга кушун ɵзʏм эле карайм. Иштер менен бир жакка кеткен болсом, балдарым, кыздарым, келинчегим жемин берип коё беришет.
«Бирине 4 жыл, 4 тʏлɵк болду»
— Биздин тоолор кандай куштарга ыңгайлуу?
— Кыргызстандын тоолору жайык эмес, зоо-таш болгон ʏчʏн ителги салыш ыңгайсыз. Салса болот, бирок жоготосуң, башка болот. Менин эки карчыга кушум бар. Бирине 4 жыл, 4 тʏлɵк болду. Бири быйылкы балапан. Быйыл жаңы тʏлɵк болот. Бозум тʏлɵк деп коёт. Карчыгадан сырткары башка куштарды кармабайм. Бир жылы ителги багып, салып кɵрдʏм.
«Тапка келтирер маалда тʏнʏ менен уктабай кɵтɵрʏп чыгасың»
— Куш салып кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз, дегеле куш кармоо кыйын болуш керек?
— Салбуурун федерациясы тʏзʏлɵ электе аш-тойлордо эле Ноокат районундагы мʏнʏшкɵрлɵр тирʏʏ жандыкка куш салып калчу элек. Азыр федерация тʏзʏлгɵндɵн кийин Алмаз Акун агайыбыз тʏштʏктɵгʏ мʏнʏшкɵрлɵрдʏ да федерацияга мʏчɵ кылып, кɵптɵгɵн иш-чараларга катышып келебиз. Быйылкы кушумдун ийгилиги Нооруз майрамында Ошто болду. Анда 1-орунду алдык. 9-майда жеңиш кʏнʏнɵ карата ɵткɵн иш-чарада 3-орунду алдык. Булар быйылкы жылдыкы эле.
25 жылдык тажрыйбамда иш менен болуп тʏлɵккɵ кармап отургуза албайт элем. Кʏздɵ сезон ачылган маалда салып, жазында кушту агытып жиберчʏмʏн. 4 жылдан бери кушту тʏлɵтʏп атам. Сɵзсʏз кыйынчылык болот. Ысык, тирʏʏ жандык бериш керек да. Бирок эт деле жей берет. Бак-шакка конгон чыйырчыктарды атып, ошону таштап тʏлɵктɵн чыгарам. Карчыга кушунун мʏнɵзʏ ар кыл болот. Жаңылышпай, табына келгенде алып чыксаң эч жакка кетпейт. Эрте чыгарып койсоң кекилик, коёнго барбай эле башка жакка учуп кетиши мʏмкʏн семиздиктин айынан. Жоготуп жиберген кʏндɵр болот. Кɵзɵмɵлчʏ кɵрбɵй калып, 1-2 кʏндɵн кийин таап келген кʏндɵр болот. Эркин учкан кушту табына келтирсең, эч жакка кетпейт. Карчыга кушун 7-8 жыл жашайт деген чындыкка дал келбейт. Бир карчыга кушту чоң атам 17 жолу тʏлɵтʏп, 17 жыл баккан экен.
Эми бул мʏнʏшкɵрлʏк деле оңой нерсе эмес. Тили жок канаттуу менен алпурушасың. Тапка келтирер маалда адамга жакындатыш ʏчʏн тʏнʏ менен уктабай кɵтɵрʏп чыгасың.
Мʏнʏшкɵрлʏк – азарт
— Карчыга куштун мага жаккан жери ителги асманда кыйын болгондой эле карчыга кушу токой, жарлардын арасында жакшы учат. Орустар токойдун карышкыры деп коёт. Ɵтɵ шамдагай, ɵтɵ учкул куштар болот. Ошонусу жаккан ʏчʏн кармаганмын. Мʏнʏшкɵрлʏк да азарт. Куш салып кекилик алдырып калганыңда ой-тилегиңе жетесиң да. Ак-Булактык балдар менен Карагой жайлоосуна кетип аткан жолдо Эчки-Атар деген жер бар, ошол жерде салабыз.
— Куш таптаганга кызыккандар аз болсо керек…
— Азыр бул ɵнɵр менен алектенгендер аз. Менин айылымда карчыга кушун билет деп ойлойм. Кызыккандар бар. Бул ɵнɵрдʏ кошо алып кетет белек. Жаштарга беребиз, ʏйрɵтɵбʏз. Азыркы жаштар куш оюндарын билбей калып атат. Кɵп жаштар кушту кɵрʏп, бʏркʏтпʏ деп сурашат. Жɵнɵкɵй эле кʏйкɵ, жагалмай куштарын билбейт. Жаштарга колдон келишинче кɵрсɵтʏп ʏйрɵтʏш керек.
«Кыргызстандан учуп ɵтʏп аткан маалда кармашат»
— Кушту кайдан, кантип кармашат?
— Бул куштар сентябрдын 10-15теринде биздин жерден учуп ɵтʏшɵт. Бир эле Кыргызстанда эмес, Европадан ысык жактарга учуп келишет. Булар Кыргызстан аркылуу Ооганстан, Пакистанга ɵтʏп кетет. Жазында кайра келген жагына учуп ɵтʏшɵт. Ошол маалда тор жайып астына кекилик, кɵгʏчкɵн байлап кармашат. Чоң атам ɵзʏ кармап, ɵзʏ таптап салчу экен. Мен куштарды ɵзʏм кармап алганым жок. Быйылкы кушумду Таластан сатып алдым. Биз жакта куш жакшы ɵткɵн жок же кармай алышпады. Кушту кармап алган балдар бар. Ошолордон сатып алабыз.
Карчыга куш оюнунун эрежеси
— Ушул кушка байланыштуу карчыга куш деген оюн бар эмеспи, эрежеси кандай?
— Ооба. 400 метр аралыкка убакыт коюлат. Аралыктын бир башында кушту бирɵɵ кармап турат. 400 метрге барып кыйкырып чакырасың. Куш колдон чыгып сага барганга чейинки убакыт эсептелет. Эң эрте, тез убакытта ордуна барып конушу керек. Ордуна барбай башка жерге отуруп калса оюндан четтетилет. Биздин оюндар убакыт ченеми менен ɵлчɵнɵт.
— Маегиңизге рахмат.
Бʏкалча Маматали кызы, “Ош шамы”, 28.08.2023