Таякты алыстыкка ыргытуу

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар таяктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяк ыргытчу жерге чыгышып, өтөөлдө бир аз  күүлөнүшүп  жүгүрүшүп,  таякты  алыстыкка  ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун башка түрү. Казыкты алыстыкка ыргытуу, таякты бийикке ыргытуу, казыкты бийиктикке ыргытуу, баканды алыстыкка ыргытуу, уукту алыстыкка ыргытуу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, күчтү чактоого, ыргытуунун ыкмаларын кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.