Таш чегүүнүн чебери…
ЭСТУТУМS түрмөгүнөн
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата
Академик Тургунбай Садыковду жеке эле Кыргызстан эмес, жамы Бордордук Азия мамлекеттери, бүтүндөй аалам тааныган бедизчи экенин жакшы билебиз. Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры. Анын эмгектери эчак эле океан аралап алыскы Америкага да жеткен. Эч кандай мактоого, жактоого, эмгектерин талкуулоого муктаж эмес. Такталып, аныкталып, жиликтенип бүткөн ЭЛ АДАМЫ. Элибиздин даңктуу уулу жөнүндө бир аз учкай сөз.
4-ноябрда, Кудай буюрса сексен сегиздин кырына чыга турган кутман карыбыз. Биз бир аз шашып кеттик…
* * *
Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экенин , биз каалайбызбы же каалабайбызбы тарых шилтемдери тастыктап келатат. Албетте ар бир элдин өз тарыхы бар. Кайсы гана элди албайлы тагдыры оош-кыйыш мезгилдерге туш болуп келишет. Бирок бизде эң байыркы жазуулардын бири түрк элдеринин руникалык жазуулардын болушу көп нерсени ойлонтот. Кол жазмалары Вена менен Каирде сейрек казына катары сакталып турган Жусуп Баласагындын поэзиясын кайда катабыз? Жусуп Баласагын ким? Оозеки-көчмөн маданиятыбыздын түпкү башатын иш жүзүндө даңазалаган кыргыз элинин кылым карыткан энциклопедиясы-биздин улуттук кенч “Манас” эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларды кайда катабыз? Мунун баары тарыхый факт эмеси. Бирок ошондой болгону менен кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн тарыхы негизинен Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жениши жана СССРде социализмдин курулушу менен шартташканын жакшы билебиз.
Кыргыз элдик искусствосун изилдөөчүлөр бир нече жолу анын монументалдуу-эпикалык мүнөзүн, кайгы менен капалык сезимдерге чулганганда сыпайы сабырдуулугун белгилеп келишет. “Манас” эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларды айтуучулардын аткаруу ыкмасына экспрессивдүүлүк таандык болуп эсептелинет.
“Киргизская музыка, – писал известный музыковед В.В.Виноградов, – звучит мягко, созерцательно, плавно, вызывая ассоциации со свободно льющимся повествованием, спокойным раздумьем, просторами горизонтов, открывающихся горных вершин. Даже веселые инструментальные пьесы, или, наоборот, песни безысходного горя и тоски не окрашиваются в эмоционально-резкие, острые тона”.
Мындай өзгөчөлүктөр биздин улуттук саймаларда, т.а. “табиятка болгон жакындык, фондор менен саймалардын өз ара бири-бирине өтүп кетүүчүлүгү жана одоно бурчтардын болбогондугу, көркөм стилинин эпикалуулугу жана тен салмактуулугу өкүм сүргөн”. Бул ала кийизде кездешет. Негизи биздин декоративдик прикладдык искусствобузга тиешелүү.
Ал эми кыргыз скульптурасы менен монументалдык искусствонун башталышына көрүнүктүү венгр айкелчилери Ласло Месарош менен Бела Уитцтер салым кошушкан. Скульпторлор бизде (1936-1938) жылдары иштешкен менен кыоска мөөнөттүн ичинде Кыргыз сүрөт өнөрүнүн тарыхында алардын артында өчпөс из калды. 1940-жылдан тартып бизде скульптор О.М.Мануйлова иштеп баштаган. Быйыл анын 130 жылдыгы белгилениши керек? Анын “Тоголок Молдонун портрети” менен “Советтик Конституция” деген барьелефтери бүгүн да кызыктуу. О.М.Мануйлова республикада өзүнөн мурункулардын ишин улантуу менен жолдошу экөө А.А.Мануилов менен бирдикте согуш мезгилде СССРдин аймагында биринчи жолу 1942 –жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловго эстелик орнотушкан. 50-жылдардагы Кыргызстанда станкалык скульптуранын өнүгүшү О.Мануилова, В.Пузыревский, Н.Лодягин, Г.Тупойдун чыгармачылыктарына байланыштуу. Ал эми азыркы мезгилде Кыргызстандын жетектөөчү скульпторлорунун бири Т.Садыков болуп эсептелет. Ага атуулдуктун жогорку сезим менен пластикалык ой жүгүртүүнун өнүгүшү таандык. Ал тарабынан монументалдык искусствонун кыргызстандагы ири чыгармасы “Революциянын каармандарына” эстелиги – Лениндик сыйлыктын ээси болууга татыган эстелик жаралган. Албетте, андан башка да айкелчилер бар. З.Хабибулин, В.Шестопал,Д.Жолчуев, С. Ажиев, В.Димов, Д.Хеидзе, Б.Садыков жана башкалар Кыргыз сүрөт өнөрүнүн тарыхында ар кимисинини орду бар. Ар бири өз дараметтерине жараша иш кылышат. Эми Кыргыз сүрөт өнөрүнө өлбөс өчпөз из калтырып жаткан айкелчинин чыгармачылыгына көңүл буралы.
* * *
Тургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар кыштагында 1935-жылы 4-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти бүткөн соң Фрунзеге келип Көркөм өнөр окуу жайында окуган. Скульптор Владислав Пузыревский менен таанышып, ага чопо, жыгачын ташып жардам берип жүрүп көп нерсени өздөштүрдү. Тажрыйба деген тажрыйба. Айкелчи Владиславдан көп нерсени үйрөндү. Эмне Тургунбайдын айкелчи болуп калышына Пузыревский эле жардам бердиби? – деген собол туулат. Жок. Талант жерде калбайт. Анын бүгүнкү даражага жетишине тууган жери Түштүк Кыргызстан, кен мекени, атасы Тургунбай чокой тигип, жыгач уста болуп эшик, терезелерге оймо түшүргөндүгү себеп болгон. Апасы Ырыс сайма сайып, бычмачылык менен алектенип, бүт Говсувар айылы анын тиккен чапанын кийген. Кыскасы, белгилүү инсандын үй-бүлөсү көркөм өнөргө жакын адамдар эле. Балалыгы согуштун оор жылдарына туш келип, кыйын кезеңде өткөн.
Доордун улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жаш айкелчиге кандай таасир бергендиги тууралу: “Когда я впервые прочитал “ Материнское поле” Чингиза Айтматова, то подумал, что это он написал о нашей семье. Так живо я представил пшеничное поле молодых родителей, их тихое крестьянское счастье. И война… Так же жестоко, как с Толгонай, обошлась она с моей матерью. Но именно в том величие эпической повести Айтматова, что писатель рассказал о судьбе Толгонай так, что в этом рассказе услышали о себе тысячи и тысячи матерей – русских, киргизских, украинских, белорусских, грузинских, татарских, узбекских…” – деп жазган скульптор Т.Садыков балалык кезин эскергенде.
1947-жылы Т.Садыков Ош мектеп-интернатына кабыл алынат. Эртеден кечке сүрөт тартып, кескилеп, бирине бирин жабыштырып жаны тынбайт. Ошентип жүрүп Ош областтык олимпиадасында Тургунбайдын “Бүркүтчү” жана “Жайлоодо” деген акварелдик иштери Ардак грамота алды. 1954-жылы Фрунзедеги сүрөт окуу жайына тапшырайын деп келген кыялы ишке ашпай калган. Ал кезде окуу жайды скульптура бөлүмү жок эле. Акыры айласы түгөнгөн Т.Садыков Сүрөтчүлөр союзуна баш багып ал жерден кыргыздын алгачкы айкелчиси Ольга Максимиллианова Мануйлованын эмгектери менен таанышат. Биринчи жолу тирүү скульпторду көргөн Тургунбайдын көзү жайнайт. Эмне кылуу керек? Мануилованын иштери Садыковдун жан дүйнөсүн арбап “ Бир кездеги Сен сүрөтчү болосун!” деген үндөр кулагына жаңырып, акыры эмне кылсаңар да скульптор болом деген ой пикирдин туткунунда калды.
Демек, Т.Садыковдун скульптор болушуна О.М.Мануйилованын чыгармачылыгы да таасир берген. Кайра-кайра О.Мануйлованын көргөзмөсүн көрүп жүргөндө скульптор Владислав Пузыревский менен таанышат. Айкелчинин өнөрканасын биринчи жолу көрөт. Бедизчилик өнөрдү жакшылап өздөштүрүү үчүн чопо менен жыгач тазалап-жууп, эзип, ташып, болгон чыгармачылык жолду басып өттү. Биринчи Ленинграддагы Көркөм сүрөт академиясы, А.Т.Матвеев жана Г.М.Манизер сыяктуу атактуу скульптор-педагогдор тууралуу, Эрмитаж менен Париждеги Роден музейлери жөнүндө В.Пузыревскийдин эскерүүлөрүн угат. Анын өнөрканасы жаш айкелчи үчүн өзүнчө бир мектеп болгон. Бир күнү В.А.Пузыревский атактуу Микеланджелонун “Давидинин” “Көз” чыгармасын гипстен чампалап жасоо ишин тапшырат. Антени анын өнөрканасында “ Давиддин” – “Көз”, “ Кулак”, “ Мурун” чыгармаларынын гипстен жасалган көчүрмөлөрү илинип турган.
“Мындай эмес. Момундай болот. Сен пропорцияны сактабай жатасың. Адам көзүнүн анатомиялык түзүлүшүн жакшы билишиң керек. Чаптап-жуурулуштуруп жасоонун үнөмдүү ыкмаларын билишиң керек!” – дейт. Бул анын чыгармачылыгында эң оор учур эле. Бирок ошого карабай Т.Садыков бир ай ичинде айкелчи Ленинграддан алып келген иштердин баардыгын көчүрмөлөп чыккан. Ал жерден Владислав Александрович формага келтирип калыпка салууну, гипстен даяр буюмдарды куюп жасоону, таш менен жыгачты чегелөө ыкмаларын-гипстен гипс моделинен туруктуу материалдарга көчүрмө куюп жасоо иштерин үйрөнөт. Скульптуралык композициянын негизин үйрөтүп, акыры жаш бедизчинин балалыгын эске салган “Карышкыр жана атчан” эмгегине ондоолорду киргизет.
* * *
Акыры ал кездеги Кыргызстандын Сүрөтчүлөр Кошуунун төрагасы Г.Айтиев анын чыгармаларын карап чыгып: ”Жашоону, искусствону сүйүү керек. Турмушунда таза бол, искусствонун алдында абийирдүү болгонун жакшы. Бул сүйүү биз үчүн, сүрөтчүлөр үчүн, уландын кызга болгон махабатына жана эненин уулуна болгон сүйүүсүнө караганда күчтүү, жогору турат” – деген насаат сөзүн айтып батасын берген. Ошентип жүрүп Тургунбай өзүнүн биринчи иши “Баланын башы” деген бюстун жасайт. Анын натурщиги болгон Жеңиш он жолку сеанска чыдап туруп берет. 1957-жылы бул эмгек Республикалык жаштардын фестивалынын көркөм сүрөт көргөзмөсүнө катышып, скульптура боюнча лауреаты болгонго жетишет.
* * *
Кыялдар ишке ашып Т.Садыков чыгармачылыктын азаптуу бирок майнаптуу жолуна түшөт. Бирок бул жол өтө оор болду. Тургунбайдын колдору катаал полиартрит оорусуна тушугуп кыймылдабай калды. Оорунун себеби Тургунбайга дайын эле. Акыры күнүнө тогуз жолу аарынын чагышын-уусун алып жүрүп үч ай дегенде калыбына келет. Кара жыгачты чегелеп “Койчуман” деген иш жаратат. “Койчуман” композициясына толугу менен “Баланын башы” өзөк болот. Чынында кара жыгачтан чегилген “Койчуман” айкелчинин автопортрети эмес, лирикалык эскерүүсү болгон…
1959-жылкы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн күзгү көргөзмөсүнө “Койчуман” менен “ Жаш эне” эмгектери элге тартууланган. Ошол жылы мамлекеттик буюртма менен “Кочкор” совхозундагы Социалисттик Эмгектин Баатыры, Баатыр-эне Телегей Сагынбаеванын портретин жаратат. Чабандын үйүндө эки жума жашап иштеген айкелчи көп нерсени түшүндү. Сегиз жүз баш койду, он бир баланы, ага кошуп эрин баккан Телегей айкелчиге демейдегиден башка адам болуп чыга келди.
Чоподон акырындап Телегейди баш тулкусу жаралып келатканда ар кайсы булуң-бурчтан – Ай, ай, карасаңар, карасанар, чоподон апабыз чыгып келатат! – дешип балдар чуркурап калышты – деп жазган биздин скульптор өз китебинде. Ошентип 1961-жылы Бүткүл союздук көргөзмөгө, Москванын Манежинде Т.Садыковдун “Койчуман” менен “Телегей Сагынбаеванын портрети” элге тартууланды. Көргөзмөнү атактуу скульптор, СССРдин Эл сүрөтчүсү С.Т.Коненков көрүп кетти. Жаш айкелчинин иштерин көрүп, С.Т.Коненков сүрөт музейинин директору К.Н.Усубалиевадан Т.Садыковдун башка иштеринин фотолорун сурайт. Акыры жаш скульптор СССР мезгилинде өз заманынын өзүнчө бир дооруна айланган сексенсегиз жаштагы ак сакал карыянын үйүндө болду. Жолугушуунү сүрөттөөгө сөз жетпейт. Үйдө болгон окуялар совет скульптурасынын корифейинин айткан дегени Т.Садыковдун өмүр бою эсинде калды:
“Отправляйся домой. Тебя надо работать там. Ты уже художник: умеешь выражать свои чувства и мысли. А учитсья надо у жизни. Будь вместе с народом — это лучшая школа. Самое страшное для художника, когда он отрывается от родной почвы, когда человек, будучи на большом расстоянии, пытается говорить о своем, родном. Сила его при этом теряется, голос ото дня ко дню слабеет. Художник должен работать согласно характеру своей нации и духу времени, в которое мы живем. Искусство национально и связано со своей эпохой. Национальное своеобразие удается выразить только очень способным, очень трудолюбив художникам…
– Некоторые скульпторы словно и не подозревают, что есть в природе такая тонкая материя, как национальные анатомические пропорции. Их надо почувствовать, философски осмыслить. Отправляейся,Тургунбай. Говорил он величественно и просто. И слово его было крепче памирских и тянь-шанских скал”. Атактуу скульптор С.Коненковдун аксакалдык-аталык батасы жаш айкелчинин өмүр бою коштоп жүрдү. Чыгармачылыгына соолгус булак болуп калды…
* * *
“С момента памятной, сыгравшей исключительно важную роль в моем мировоззренческом и творческом становлении встречи в его доме и до последних дней жизни Сергей Тимофеевич, образно говоря, не спускал с меня глаз. Постоянно, на каждом этапе своего художнического возмужания я ощущал его отеческую заботу и направляющую волю. Нет, не самомнением объясненяется то, что я с того памятного дня первой встречи считаю себя его учеником”. Бедизчинин мындай ымандай сырын эл алдына төгүшү анын бир четинен улуу устаты С.Т.Коненковду сыйлашы, анын таалим-тарбиясы, чыгармачылыгына тийгизген таасиринен улам чыкса керек. Экинчиси, биздин айкелчинин да өз мектеби-турмуш очогу болгонунан кабар берет. А чындыгында Т.Садыковдун скульптор болуп калыптанышына скульпторлор С.Т.Коненков менен Е.Ф.Белашовалардын эмгеги зор. Анткени алар анын 1964-жылы Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында (мурунку Строганов) билим алып бүтүрүшүнө түрткү болгон.
Строгановдо окуп жүргөндө Т.Садыков С.Т.Коненковдун төмөнкү сөзүн: “Микеланджело его глазомера достаточно было для решения задачи любой сложности. Глазомер — наш самый точный инструмент, – говорил он мне. – Надо видеть целое. Если не видишь целого, то все твои труды – пустое занятие” – деген пайгамбарлык кебин туу тутту. Кийин чыгармачылыгына идеалык концепция болду.
Чыгармачылык жолун аныктады. Философиялык ой тутумуна сабак болду. Орус элинин баатыры, улуу скульптор-новатор С.Т.Коненков Тургунбай Садыков үчүн чыгармачылык ак жол каалаган адам гана эмес, анын өсүп, баралына келип, толук иштеп кетиш үчүн үстүндө үй, астында өнөркана болуш үчүн кам көргөн жападан жалгыз адам болуп чыкты.
* * *
Ал республикадагы көркөм сүрөт музейинин директору Күлжеке Ниязалиевна Усубалиевага, Кыргызстандагы жалгыз таанышына жан ачыткан сөздөрүн: “Өнөрканасы жок скульптор болушу да мүмкүн эмес!” – деген катын жазган Сергей Тимофеевич. К.Н.Усубалиеванын камкордугу менен скульптор жумуш менен камсыз болду. Жашаганга жай да табылды. Академик С.Т.Коненковдун насааты айкелчинин өмүр бою коштоп жүрдү. Ошентип айкелчинин колунан жаралган “Эне” чыгармасы пайда болду. Москвада окуган үч жыл скульптордун чеберчилигин жогорулатууга көмөк болду. Москвада окуган жылдары бедизчи Е.Ф.Белашованы тапты. Анын акылын укту. Ал аны А.С.Голубкина менен тааныштырды. Е.Ф.Белашова Садыковго өмүрүнүн аягына чейин акыл-насаатын берип турган. Тургунбай ага Кыргызстанда жасаган иштеринин эскиздерин да көрсөткөн.
Өзгөчө, Белашованын Т.Садыковго жазган каты: “О твоих работах. Идеи создать образ свободного человека Киргизии – хорошая идея. Но решение надо искать. Именно образное решение. В варианте с лошадью слишком много схемы, общего символа – и получилось все само по себе. Лошадь и человек не связаны органически. Вспомни, Менье, делая рабочего, не делает аксессуаров. Сделай так, чтобы все было соблюдено цельно, чтобы каждая часть была значительна по характеру и тонкости пластики. Делай же фигуры одну, как статую. Исходная тема этой фигуры мне нравится, но делай так, чтобы не было нарочитости и излишних подробностей” деген Екатерина Федоровнын сөздөрү көңүл толкутат. Анткени “Жылкычы” деген иши менен Т.Садыков жалпы кыргыз журтуна таанылып жатпайбы?! “Жылкычы” статуясы 1967-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыган Садыковдун үч ишинин бири эмеспи? Мына сага улуу адамдын кеңеши! Анын кеңешин угуп талыкпай иштеген айкелчинин эмгегинин баар табышы!
1969-жылы СССР Сүрөтчүлөр Кошунунун төрайымы Е.Ф.Белашова Кыргызстанга келип, сүрөтчүлөрдүн өнөрканасында болуп, акыл-насаатын айтып, чыгармачыл дем-жигер берип кеткен бедизчилерден болгонун Т.Садыков көп эскерет. Ошондо Е.Ф. Белашова таланттуу кыл чебер Белек Жумабаевдин да өнөрканасында бир жарым саат отурган эке.
* * *
Биринчи кыргыз профессионал скульптору филармониянын алдындагы Манас баатырдын скульптуралык ансамблинин, бир нече жыл “Ала-Тоо” аянтында туруп, кийин алып салынган “Эркиндик” статуясынын, “Эл куту” монументалдык эстелигинин автору.
Т.Садыков учурунда кыргыз элинин кылым кыйырына кеткен энциклопедиясы “Манас” эпосунун үстүндө көпкө иштеди. Манас дегенде биз манасчыларды да түшүнөбүз. Негизи кыргыз көркөм сүрөт өнөрүндө манасчы атыккан манасчылардан Саякбай Каралаевге көп кайрылышкан.
Атактуу С.Чокморов С.Каралаевдин образын жаратууга бир нече жолу кайрылып, жыйынтыгында живописте эки портрет жаратса, графикада Белек Жумабаев Саякбайдын образын барак бетине батырган. Живописчи Э.Токталиев дагы Саякбайдын образына кайрылды. Живописчи С.Төрөбеков да кайрылды. График Т.Герцен “ Манас” эпосун шөкөттөдү.
Скульптурадагы Манас темасы бир башка. Биринчи кыргыз профессионал скульптору филармониянын алдындагы Манас баатырдын скульптуралык ансамблинин жаратты. Кытайда (2001-ж), Москвада, Нью-Йоркто, БУУнун имаратынын жанында (1995-ж) Т.Садыковдун колунан жаралган Манас баатырдын эстелиги турат. 1982-жылы “Манас” скульптуралык комплексиндеги манасчылар Сагынбай Орозбак уулунун, манасчылар Саякбай Каралаев, Тыныбек Жапыке уулунун, Найманбайлардын эстелигин жана эпостогу каармандар Бакай менен Каныкейдин образдарын жасап элге тартуулады. Бедизчинин Каралаев менен жолугушуусу анын чыгармачылыгында бурулуш жылдардан болду десек болот. Кыргыздын улуттук пластикасынын принциптерин иштеп чыгууда ага дем-таяныч болду.
Манасчы Саякбай Каралаев “Чоң казат” темасындагы өзүнүн импровизациясы менен кыргыздын эпикалык ырларынын жаралыш булагынын көзүн ачты. Композициянын ритмикалык түзүлүшү (ар бир айтылышы ар башка боёк берип турганы), эпикалык муундары, монолиттүүлүк-чулуулугу, “Чоң-Казаттын” бөлүнүүгө мүмкүн болбогондугу, чын жүрөктөн чыккандыгы, жандуу кептин ачык эмоцианалдуулугу, мунун баары Каралаевдин аткаруусунда мага ачылыш болгонсуду деген Т.Садыков.
Ошондо ал эпикалык айтуунун-пластикасы калыптанып жаткан улуттук скульптурага курулушу жагынан жакын экенине таң калат.
Акыры, бул сезим анын эстутумунда скульптуралык образды ишке ашырууга түртөт…
“Бул 1962-жылдар эле. Менин көз алдымда чүкөдөй болгон абышканын образы туруп алды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, андан «Манас» айтууну сурандым эле… Күн сайын иштейбиз. Кээде унчукпай отура берет, мен тарта берем. Манас айткан учурларын магнитофонго жаздырып алчумун. Бир күнү өзү эле, айттырбай эле “Манасты” төгүп кирди. Узакка айтты. Төрт саат айтты окшойт… Магнитофонумдун пленкасы да бүттү. Араң токтоду. Менин алдымда бир алп пайда болгондой сезим калтырды. Айтып бүттү да, өнөркананын короосуна чыгып кетти. Бир нече убакыттан кийин эшиктен кирсе, мен бир аз мурда көз албай тиктеген алп манасчы эмес, баягы эле жөнөкөй абышкага айланды. Бул деген улуу дух экенин ошондо сезип, таң бердим”, – деп эскерген скульптор Садыков. Негизинен бедизчи Саякбайдын образын ачууда үч эскиз жана көптөгөн сеанстардын жемиши этюддарды жасоого жетишти. Анын баарын гипске которду. Акыры барып бир топ убакыттан соң манасчы Саякбай Каралаевдин образы жаралды.
Жыйынтыгында, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели 2015-жылы 4-декабрда Бишкектеги “Манас айылы” этнографиялык комплексинде орнотулду. Доорубуздун кеменгери Чынгыз Айтматов манасчы Саякбай Каралаев менен бир үйдө (ал биринчи кабат, жазуучу үчүнчү кабат) жашап, кеп-кеңешин угуп баарлашса, айкелчи Т.Садыков манасчынын образын кызыл гранит ташка өлбөс-өчпөс кылып чегеледи.
* * *
Т.Садыков бир кезде “Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести биздин үй-бүлөөдөгү турмуш жөнүндө жазылгандай!” – деп жазуучунун сөз куруу чеберчилигине тан берсе, кийин ал жазуучу менен жакындан таанышты.
Бир кезде өзү ташка чегелеген Муратбек Рыскулов Корол Лирдин образында элге белгилүү болду. М.Рыскулов болсо У.Шекспирдин мекени Стратфорд-Эвондо англичандар менен “Чынгыз Айтматовдун жердешимин” – деп таанышканын, Ч.Айтматовду бүтүн дүйнө сыйлаарын эске салды.
Т.Садыков Ч.Айтматовдун образын жаратууга көп даярдык көрдү. Жазуучунун баскан турганын, чогулуш менен конференцияларда сүйлөгөнүн аңдыды. Алар бир жолу үлпөт тойдо да чогуу болушту. Чыңгыз Айтматов кайда болбосун башкалардан кескин айырмаланган узун бойлуу, албеттүү, жан дүйнөсү таза адам экенин эскерет бедизчи. Анын көз алдына Айтматовдун портрети кандай болушу керек деген ой келди. Алдыда ойлуу баскан Чыңгыз, артта анын повесттер менен аңгемелеринин каармандары. Жымжырттка бөлөнгөн өнөрканда Тургунбай бул идеяны сынап да көрдү.
* * *
Айтматовдун эң сонун жазылган кыргыз жана орус, ар кыл муундагы, ар кандай тагдырдагы адамдарын, социалдык топторун бир катарга тизип, ачык-айкын чагылдыруунун үстүндө эмгектенип жатып, ошол учурда иштеп жаткан “Революциянын каармандарына эстелик” чыгармасынын образдык чечилишин түшүндү. Чыңгыз Айтматовдун портретине жасалган эскиздер эстелик үчүн жасалып жаткан иштердин ачкычы жана бекем өзөгү болуп калаарын сезди.
Ошентип Ч.Айтматовдун портрети өз учурун күтүп калды. Бирок бедизчи айтматовдун каармандарын курай берди.
“Чакан, терең, түзүлүшү боюнча эпикалык болгон Айтматовдун прозасы маңызы жагынан монументалдык пластикага абдан жакын эле.
Мен аны менен алектенип жатып ушунчалык көңүлүм эргип, бир дем менен эстеликке делген скульптуралык топтун эки эскизин бүтүрүп койдум.
Албетте, “Ойгонуу” менен “Революцияны коргоодо” топторунун бүткөн варианттарында бул скульптуралык бир шилтемдерден таптакыр алыстап, “Революциядагы эл” темасында камтылбагандай болгону менен өзөндөгү дарыянын суусунда анын тоодогу булагынын бир ууртам суусу бар” – деп эскерет бедизчи.
* * *
Т.Садыковдун чыгармачылыгын Э.А.Бурделдин “Портрет – бул дайыма кош кабаттуу образ: сүрөтчүнүн образы жана моделдин образы” деген учкул сөзү коштоп келет.
Ал сүрөтчү Гапар Айтиевдин портретин жаратабы же актриса Даркул Күйүкованын Толгонайдын ролундагы образын береби, же акын, өзүнүн жакын досу Омор Султановдун образын гипстен колого көчүрөбү, баарында тең бедизчинин зор керемет эмгеги камтылган.
Ал С.Т.Коненков сыяктуу жыгачтын түрлөрүнөн бир топ иш жасаган. Канчалык мактабайлы жыгач скульптурада жетектөөчү материал болуп бере албайт. Эстеликтер менен монументтердин татаал композициясын түзүүдө материалдардын канышасы – коло.
Бекер жеринен 1975-жылы февралда Мытищинск заводунда “Революциянын каармандарынын” ортоңку бөлүгү, сегиз метрлик айымдын келбети колого көчүрүлбөсө керек.
Ал жерден 1972-жылдары бедизчинин “Жылкычы” менен “ Кыргыздын баш келбети” эмгектери да колого куюлган. Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан Уркуя Салиевага арналган “Революциянын каармандарына” деп аталган монументти, долбоордон баштап бүткөнгө чейин Т.Садыков 12 жылда бүтүргөн.
“СССР маданият министрлиги бүткүл союздук конкурс жарыяланган. Ал Москвада өткөн. Москванын ортосундагы Манеж деген чоң көргөзмө залда 500дөй чыгарма коюлган, бүткүл союздук республикалардан скульптор, архитекторлор катышкан.
Анын ичинде кыргызстандыктар экинчи орунду ээледи.
Экинчи, үчүнчү, кызыктыруучу деп 14 киши өттү.
Ошол 14 кишиден экинчи тур башталды, ошондо биз биринчи орунду ээледик. 1-2-3 орунду ээлегендерди Москвадан бул жакка алып келип, Сүрөтчүлөр союзуна бир айга койду.
Бүт эл-журт пикирлерин жазышты, ошондон кийин биз иштей баштадык. Москвадан размери менен бүттү, жартысын Москвадан, жартысын Санкт-Петербургдан куйду, анан 1978-жылы расмий ачылышы болду.
Анда бүт союздан, Москвадан коноктор келди, Чыңгыз Айтматов башында туруп ачты. Ошондон бери турат” – деп эскерет Т.Садыков.
* * *
Ал 1995-ж. “Жазуучу Ч.Айтматов” деген скульптуралык ишин жасаган. Ч.Айтматовдун портретинде (коло) инсандын сырткы окшоштугун, ички абалын берүүгө аракеттенбейт. Тескерисинче, көрөрмандын көз алдына ички дүйнөсү бай, бүтүмдүү образдын элеси тартылат.
Чыгарманын композициялык чечими жөнөкөй жана жеткиликтүү аткарылып, терең ой термелүүсүнө баткан, тармал чачтуу, айкелдин олбурлуу мүчөсү, шаңдүү дидары көрүнөт.
Образдын мындай жандуу болуп чыгышы үчүн сүрөтчү айкелдин рельефтик өзгөчөлүктөрүнө-көздөрү, эриндери, мүнөздүү мимикасына басым жасаган.
Өтө тааныш адамынын ички түйшөлүүсүн, турмуштук жана чыгармачылык дигеринин бекемдигин, социалдык активдүүлүгүн терең изилдей алган.
Ч.Айтматов: “Скульптор катары Садыковдо биздин күндөрдөгү реализмдин универсал тажрыйбасы менен сүрөткерлик шыбаганын улуттук уюткусу табигый түрдө жуурулушуп турат” – деп айтканы көп нерсени үмүттөндүрөт.
* * *
“Садыковдун чыгармачылыгында совет искусствосунун гуманисттик концепциясы, анын турмуштук күчү адамдын асылдыгын таанып-билүүдөгү сүрөткердин өз заадисинде оргуштаган өстөнгө кошулуп, мөлтүр тунуктугу жана тереңдиги менен кашкайып көрүнүп турат.
А бул болсо дүйнөлүк искусствонун түйшүгү түмөн, татаал жолундагы –кудайлардан адамды көздөй өнүгүп жүрүп отурган эстетикалык эволюциядагы- адамдан жана анын рухий дүйнөсүнөн тирүүлүктүн башкы тирөөчүн көрө билүүдөгү негизги, эң башкы нерсе.
Ташты чегелеп, жандуудай сүйлөтө билген өнөрдүн тили ырастан эле түбөлүктүү тил экен го деп ойлойм, болбосо, Садыков менен азыркы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн искусствосун байыркы түркий искусстводон – кыпчактардын бир кезде Азиянын жана Түштүк Европанын талаа-түздөрүнө кеңири таралган таш эстеликтеринен асман менен жердей алыс, айырмасы чоң тарыхый аралык бөлүп турат, ошентсе да алардын бири-бирине жакындашкан жактары көп. Ошол доорлордон бизге мурас болуп калаган бабалардын ыйык көрүстөн статуяларынын фонунда азыркы сүрөтчүлөрдүн өлчөөсүз өскөн кесипкерлик чеберчилиги менен реалисттик терең жетиктиги дүйнө таануу жагынан бизди күндөрдөгү эстетиканын бийиктигин жана өрүшү кенендигин көрсөтөт.
Кыргыз скульптору Тургунбай Садыков-өркөнү өскөн ошол жаңы искусствонун эң мыкты өкүлдөрүнүн бири” – деген ойду кеменгер жазуучубуз калтырып кеткен.
* * *
Табиятынан берген шык, эмгекчилдиги жана адам чыдагыс чыдамдуулук гана Т.Садыковду эл тааныган бедизчиликке жетиштирди.
Өз чыгармачылыгында бедизчи өмүр бою портрет жанрына өзгөчө көңүл бөлүп келди. Чыныгы турмуштагы адамдар чебердин көрүнүктүү чыгармачылык өзгөчөлүгүн чагылдырып терең мазмундуу, ачык айкын пластикалык формаларга камтылган.
Т.Садыков чыгармачылыгын 1954-жылдан тартып республикалык, бүткүл союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүндө катышуу менен баштаган. Портрет, скульптуралык композиция, монументалдык скульптура жанрларында чыгармаларды жараткан. Негизгилери: “Койчуман” (1958), “Эне” (1958), “Дем алуу”, “Дирижёр” (1961), “Саанчынын портрети” (1965), “Айтиевдин портрети” (1966), “СССР эл артисткасы Д. Күйүкованын портрети” (1968), “Кылым таштары” сериясы (1970), “Муратбек Рыскулов Лирдин ролунда” (1974),”Тигүүчү” (1978), “Чабан” (1984). Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Станкалык жана монументалдык пластика боюнча кыргыз элинин руханий жашоосун байыткан ири чебер. Садыковдун монументалдык искусствосу идеялык-көркөмдүк мазмунунун масштабдуулугу, пластикалык чечмөлөсү боюнча оргиналдуулугу, жалпысынан ачык улуттук колорити менен айырмаланат.
Анын Кыргызстандын искусствосуна кошкон баа жеткис салымы бул замандаштарынын портреттери-куруучулар, жумушчулар, маданият жана илим ишмерлери, аял-энелер.
Мунун баары жергиликтүү материалдан жасалган. Ал билим берүүгө да олуттуу салым кошту.
Анын демилгеси менен республикада көркөм сүрөт боюнча үзгүлтүксүз билим берүү системасы пайда болду.
* * *
Садыковдун чыгармачылыгы Кыргызстандын искусствосунда ири улуттук кыл чебер бар экендигинин күбөсү. Анын мыкты делген чыгармалары Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде, КМШ өлкөлөрүнүн чоң музейлеринде жана ыраакы чет элдик музейлерде сакталып турат.
“Манасчы” скульптуралык композициясы АКШдагы Чикаго шаарында, “Жылкычы” скульптуралык композициясы Люксембург шаарында коюлган (1975), 1978-ж. СССР Көркөм сүрөт академиясынын алтын медалы ыйгарылган. Лениндик сыйлыктын лауреаты (1980), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1982), Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин (8-12-шайланган) депутаты.
Скульптордун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына коюлган. Т.Садыков 1991-жылы Бишкек шаарында Улуттук көркөм өнөр академиясын ачкан. Анын алдында атайын мектеп, колледж, жогорку окуу жайы бар. Сүрөтчү Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры азыр дагы жаштарга сабак берип келет.
* * *
Жыйынтыгында доордун улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун: “… река жизни течет вечно, и так же, как и сама жизнь, постоянно движутся и обновляются литература и искусство… И каждому новому поколению художников приходится решать вместе со “старыми” общечеловечскими темами проблемы современные, актуальные…” деген кеменгерлик кептери азыркы күндө да өз маанисин жогото элек.
Кыргыздан чыккан биринчи профессонал скульптор Тургунбай Садыковдун: “Азыркы замандагы искусство – устаттын жан дүйнөсү аркылуу биздин турмуштун реалдуу чагылдырылышы, бүгүнкү күндүн бир бөлүгү. Көркөм амалдар менен заманбап искусство коомдун курч көйгөйлөрүн жана карма-каршылыктарын карап чыгат. Ооба, ал дисгармондуу, мына ушунусу менен искусствону гармониялык көз карашта баалагандардын кыжырын келтирип, сулуулукту гана талап кылат. Биз аларды кабыл алабызбы же кабыл албайбызбы, бирок аларсыз күн көрө албайбыз, анткени дүйнө бир орунда туруп калбайт, антүүгө да болбойт!”
Азыркы кыргыз скульптура өнөрүнүн могиканы айткан сөздөр кандайдыр бир деңгээлде бүгүнкү кыргыз көркөм өнөрүнүн келечегинен кабар берет. Искусстводогу жазуучу Ч.Айтматов менен бедизчи Т.Садыковдун чыгармачылык байланыштары көп изилдөөнү талап кылат.
* * *
Бедизчи Тургунбай Садыковдун эмгектери карап отуруп: “…адам рухунун пластикасын ушунчалык керемет ийге келтирип, табиятында кандай болсо, дал ошол түспөлүнөн түшүрбөй, жандуу абалга жеткирип жасап бере алар өнөр скульптордон бөлөк дагы кимде бар?!. Анан да мезгилдин элесин кайталангыс көрүнүшү менен ташка чегип, тынымсыз агылган турмуштун “көз ирмемин” түбөлүккө токтотуп, өчпөс кылып койгонун атпайсызбы. Ошону үчүн кылымдардын кыйырын арытып бизге жеткен айкелдерден өткөн мезгилдердин айрымалуу мүнөзүн, түзүлүш түспөлүн көрүп, адамдардын өзгөчөлүү жактарын гана эмес, андан да көбүрөөк нерсени – ошол доордун коомдук маңызын туюнткан маданияттын, тарыхтын жана эстетиканын энчилүү белгилерин таанып, алардын алдында эрксизден тамшанып, суктана беребиз…” – деген кыргыз элинин руханий пайгамбары Чынгыз Айтматовдун айткандары эске түшөт.
Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы “Манас” баатырдын скульптуралык ансамблинин, бир нече жыл “Ала-Тоо” аянтында туруп, кийин алып салынган “Эркиндик” статуясынын, “Эл куту” монументалдык эстелигинин авторуна чыгармачылык ийгилик тилейбиз..