Рахат Токтобаева: “Балерина” скульптурасын үч жылдын ичинде жасап бүтүргөм”

Скульптура-бул искусствонун бир түрүнө кирип, аны грекче бир нерсени кол менен чаптап, жабыштырып жасоо дегенди түшүндүрөт. Мына ушул аталган искусствого жана сүрөт дүйнөсүнө 13 жылдан бери жан дүйнөсүн арнап келе жаткан, кыргыздын биринчи скульптор кызы, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Рахат Токтобаева менен кызыктуу маек курдук.

Көксөгөн тилегиме умтулуп…
Сүрөт тартуу менин бала чагымдан эле башталган. Биздин айыл тоо-токойго жакын жайгашкандыктан бала-чагым абдан кызыктуу өткөндөй сезилет. Cебеби, үйдөн чыгып эле тоо-ташты, карагай, бак-дарактарды аралап жөнөчүмүн. Жаратылыштын кооздугун көрүп, кандайдыр бир сырдуу сулуулугуна суктанып, илхам алып, ошол сезимдерди сөз менен айтпай сүрөт аркылуу көрсөткүм келип, алгачкы сүрөттөрүмдү тарта баштагам. Ата-энем мен тарткан сүрөттөрдү көрүп, таң калышып “кызым сенден атактуу сүрөтчү чыгаарына ишенебиз”-деп айткандары эсимде. Бой жетип 1994-жылы Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы университетинин көркөм искусство жана моделдөө факультетине тапшырып өтүп кеттим. Ал окуу жайда өз иштерин мыкты билген, Орусиядан окуп билим алган Жумабек Ыбыкеев, Догдурбек Ибраев, ыраматылык Станислав Ивашковский деген кесипкөй агайлардын чоң жардамдары менен сүрөт, живопись, скульптураларды тартып, жасаганды окуп үйрөндүм.

Окуумду аяктагандан кийин мугалимдерим “Сен бул жакта эле иштеп, кал. Студенттерге мыкты сабак берериңе ишенебиз,”-деп болбой, көндүрүп, аталган окуу жайга мугалим кылып алып калышкан. Ошентип ал жакта үч жылдай эмгектенип калдым. Ошондо сабак берип жүргөндө эмнегедир иштеп жаткан ишим аздык кылдыбы же өзүмчө жасаган скульптураларым мен ойлогон даражага жетпедиби, айтор мага башкача сезилип жүргөн кезде, Кыргызстандын белгилүү академиги Тургунбай Садыков менен жолугуу туурасында ойлор пайда болду. Ал максатымды ишке ашыруу үчүн Бишкекти көздөй бет алдым. Борборубузга келип мен ойлогондой эле агайга жолугуп, “скульптураны кантип мыкты жасоо” туурасында кененирээк сүйлөшүп кайра Караколду көздөй жөнөдүм. Көп өтпөй Тургунбай агай телефон чалып мени Бишкекке чакырды. Мен агайга абдан ыраазымын. Анткени, агай телефондон “Бишкектеги Улуттук Көркөм Академиясында сынак болуп жатат, ал жакта эң кыйын, профессионал скульпторлор, сүрөтчүлөр катышып жатышат, сен дагы келип өзүңдүн күчүңдү сынап көр”-деди. Ошентип 2002-жылы “Академик Тургунбай Садыков атындагы Улуттук Көркөм Академиясынын” станоктук скульптура факультетине тапшырып өтүп кеттим. Ал жакта беш жыл окуп, окуумду бүтүрөөрүм менен аталган окуу жайдын аспирантурасына тапшырып, аны да былтыр ийгиликтүү аяктагандан кийин, ушул эле аталган окуу жайында мугалим болуп иштеп калдым.

Скульптура жасоодо чоң эмгек керектелет
Чындап айтканда скульптура иши абдан кыйын. Себеби, скульптура жасоо көп убакытты талап кылат. Бир скульптураны кылдаттык менен жасаш үчүн айлап, керек болсо жылдап созулуп олтуруп анан гана жасалып даяр болот. Андыктан алгач аны кандай материалдан жасоону алдын ала тандап алуу керек. Анткени, ал: шамот, таш, коло, керамика, гранит, мрамор, жыгач сыяктуу ар түрдүү материалдардан жасалат. Анын ар бирин жасоо ыкмасы бар. Мында эң негизги кыйынчылыкты жараткан нерсе, ташты кылдаттык менен чегип жасоо. Мисалы, мрамор ташын алсак, биринчи эскиз ойлоп таап, анан каркас жасалат. Андан кийин ылайды алып каркаска чаптайбыз. Ылайдан жасалып бүткөндөн кийин, ал гипске куюлат. Даяр болгон скульптура пунктирдүү машина аркылуу мрамор ташына которулат. Анан гана скульптура чыга келет.

Көргөзмөлөргө катышам
Борборубуздагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм музейи жыл сайын, “жазгы” жана “күзгү” деген көргөзмөлөрдү уюштуруп турат. Мындай түрдүү көргөзмөлөргө скульптурачылардын эмгектеринен тышкары сүрөттөр да коюлат. Мен дагы сүрөтчүлөрдөн, скульпторлордон кем калышпай өзүм тарткан сүрөттөрдү, эмгегимди алып барып көргөзмөгө коюп, жылда катышып келем. Дагы бир эскерте кетчү нерсе, аталган музейдин өзүнүн эрежеси болгондуктан, ошол уюштурган музейдин көргөзмөлөрүнө сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон адамдар гана катыша алат. Бул сүрөтчүлөрдүн өзүнүн жогорку деңгээлдеги чыгармачылык иштерин койгонго гана уруксат берет.

Мен баалаган белгилүү сүрөтчүлөр
Кыргызстандан биринчи чыккан скульптор, академик Тургунбай Садыковдун зор эмгегин баалайм. Бул адам кайталангыс талант экенин далилдеп, сүрөтчүлөр искусствосуна өзүнүн чоң салымын кошуп жана Кыргызстандын белгилүү адамдарынын скульптураларын жасап кыргыздын тарыхында калды десем жаңылышпайм. Агайдын кол өнөрчүлүк эмгегинин арасынан белгилүү болгон “Манас” жана “Революциянын каармандарына” деген монументалдык, архитектуралык комплекстик скульптурасы мага абдан жагат. Ал эми чет мамлекеттен болсо, италиялык скульптор Микеланджелону баалайм.

Орусиядагы симпозиумга барганда
2009-жылы Орусияда скульптура боюнча эл аралык симпозиум өткөрүшүп, бизге чакыруу келген. Ал жакка баруу туурасында биздин Улуттук Көркөм Академиясында чогулуш болгон, анда өздөрү мени тандашып ошол жакка жөнөтүшкөн. Ал симпозиумга КМШ боюнча: Белорусия, Украина, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандан жана башка өлкөлөрдөн жаш скульпторлор келишти. Бул эл аралык симпозиумду искусствонун доктору, академик, Орусиянын белгилүү скульптору Александр Бурганов жетектеди. Ал жакка барганда бизге эки тапшырма беришти: биринчиси, бири-биринин портретин жасоо. Экинчиси, эркин темада композицияны ойлоп табуу. Биринчи тапшырмасын аткарыш үчүн ошол жактагы катышуучу скульпторлордун арасынан бирөөнү тандап келбетин тартып, сүрөттө анын образын бергенге аракет кылдым. Экинчи тапшырмам эркин тема болгондуктан, аны абстрактуу түрдө жасадым. Бул иште кыргыздын боз үйү жана ай жасалып турат, ошол эле мезгилде мусулмандын белгиси жана балык жасалган, жакшылап карасаң көз да болуп көрүнүп турат. Мындайча айтканда бул композицияда философиялык көз караш жана ой жүгүртө турган иш чагылдырылган.

Өзүмө жаккан иштерим
Бир фигурадан турган “Балерина” деп аталган чыгармачылык композициям өзүмө жагат. Аны жасар алдында атайын А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына барып, ал жакта бийлеп жаткан балериналардын машыктыруучусуна “мен скульпторчумун, балерина кыздын скульптурасын жасайын дегем. Ошого сизден суранып бир кызыңызды алып кетсем болобу”-дедим. Машыктыруучу абдан түшүнүктүү инсан экен, мен айткан сөздөрдү угуп дароо макул болду. Анан экөөбүз барып бийлеп жаткан кыздардын бирөөсүн тандап алдык. Ошентип ал кызды устаканама алып келип, анын биринчи батман барагына сөлөкөтүн түшүрүп, анан ага карата каркас жасай баштадым. Бул ишимди үч жылдын ичинде жасап бүтүрүп, былтыр аспирантуралык ишимди ушуну менен жактагам. Мээнетимдин акыбети кайтып аспирантурадагы агай-эжейлеримдин бардыгы жакшы пикирлерин айтышты. Мындан тышкары башка иштериме токтоло кетсем, көп жылдан бери Л.В.Бетховендин келбетин жасагым келип жүргөн. Жасаардын алдында, кандай адам болгондугун билгим келип, анын өмүр баянын толугу менен окуп чыккам. Бетховендин жашап кеткен өмүр жолу менен таанышып, кандай адам болгондугун толук элестете алдым. Андан кийин анын атактуу классикалык музыкаларын таап угуп, илхам алдым. Ал кишини келбетин китептен бир эле жолу көргөм. Анан анын элесин элестетип жасай баштагам. Мен Бетховендин келбетин жөн гана карап тургандай эмес, башкача айтканда, ал ушунчалык берилип жан дили менен чыгармаларын жазып жаткандай кылып жасадым. Бул эмгегим өзүмө да жагат жана аны көргөндөрдүн бары жактырып келишет. Мындан тышкары “Жалгыз ак куунун” скульптурасын жасагам. Анда келбети кадимки кыздыкындай, ал эми моюн жагынан баштап ак куунукундай узун. Мен скульптураларды ушнтип өзгөчө кылып жасаганды жакшы көрөм.

Даярдаган Абдырай кызы Бегайим , “Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.