Кыздар поэзиясы – 2000: жаңы образ, жаңы табылгалар
2000-жылдардан кийин адабиятка келишкен акын кыздарыбыз: Нарсулуу Гургубаева, Махабат Касейинова, Калича Жакыпова, Лира Камчыбекова, Нуриза Өмүрбаева, Гүлзира Абдимамат, Алиман Абдыкеримова, Сайрагүл Жолборсова, Самара Насырова, Сайра Батыркулова, Максуда Ормонова, Нурзат Мокенова, Турсунай Калмурат кызы ж.б.лардын калемдери кадыресе төшөлүп, акын катары көз караштары калыптанып, өз жолун, окурмандарын таап, такшалып калышты.
Алардын бири – Махабат Касейинова элетте жашап, миң бир кызыкка бай элет жашоосун, элет адамдарынын өз ара мамилелерин көркөм образга салуу менен айыл турмушунун ажайып ыр галереясын жаратып келет. Анын ырлары айыл темасына ойчул өңүттөн караган жаңычылдыгы, элеттик кыргыз аялынын жаңы образын жаратканы менен айырмаланат.
Адатта акындар шаарда туруп, элетке болгон сагынычын жазат, же айылда жашаса да, алардын ырларынан айыл турмушунан оолак экени, элет жашоосун билбей турганы – айылда жашап айылды билбегени оркоюп көрүнүп турат. Бирине ишенсең, башкасына ишенбей кетесиң. Бул бир жагынан акындын чеберчилиги, айыл турмушун канчалык көркөм кабыл ала алганы менен да байланыштуу нерсе болушу ыктымал. Эгер акын элет турмушун үстүртөн кабыл алып, анын ичине үңүлө албаса, ал айыл жашоосун жүрөккө жеткидей жаза албайт.
Ушул өңүттөн алганда, Махабат Касейинова өз көзү көргөн, а балким өз башынан өткөн окуялардын мисалында элет турмушунун биз шаардыктар көп элес албаган жактарын көз алдыга тартып берет:
***
Тээ эки жыл мурун келип тааныштар,
Тегерек чет, короомо көз салышты.
Тоокканамда тооктун жогун айтышып,
Торпоккана, уй сарайга барышты.
Кышта келип халатымды жука деп,
Жазда келип калың дешти жоолугуң.
Айда-жылда айта берип дос-тааныш,
Үйрөтүштү өздөрүнүн жоругун.
Күлүп эстээр, күйүп эстээр учур көп,
Бүктөмүндө мен өткөргөн күндөрдүн.
Коңшулардын коюн, уюн эсептеп,
Короолорго көз салууга үйрөндүм.
Токсон тогуз амалымды кетирип,
Тоокканамдан тоок издеген кайрандар.
Тооксуз деле бүт өмүрүн кечирип,
Тоонун үнүн уга билген жандар бар…
Бул шаарда окуп, элетке турмушка чыккан келиндин турмушунан алынган бир үзүм окуя – төрт сабак ырга лирикалык каармандын эки жылдык өмүрү сыйдырылган. Лирикалык каарман эки жыл мурда эле тоокканасында тоок жок экенин айтып, кышында кийген халатына, жазында салынган жоолугуна сынтаккан тааныштарына үн катпай макул болсо, эки жыл өтүп “коңшулардын коюн, уюн эсептеп, короолорго көз салуу” өтө деле маанилүү эмес экенин түшүнүп, “тоокканасынан тоок издеген кайрандарга”: “Тооксуз деле бүт өмүрүн кечирип, / Тоонун үнүн уга билген жандар бар…” – деп жооп кайтарат. Ырдын “тузу” мына ушул жерде. Бул турмушта өзүнө да кереги жок акылды башкаларга айткандар көп. Алар аны эч ким уккусу келбегенине карабай, артынан кууп жүрүп, акыл айтып, кеп-кеңештерин бере беришет. Ыр мына ошолорго арналгандай жана ошондойлордун портретин эң сонун ачып берген десек болот.
Эми элет ырлар түрмөгүндөгү “Чеховду окуп отурам” ырын окуп көрөлү.
ЧЕХОВДУ ОКУП ОЛТУРАМ
Көркөмүн ойдун издөөгө,
Көк асман беттеп кол сунам.
Башка ишим деле толтура,
Чеховду окуп олтурам.
Кошунам келдиң кечте сен,
Баягы сөзүң бүтпөгөн.
Кыжалат боло карадым,
Кыжырга толгон жүз менен.
Анымды деле байкабай,
Агытып сөздүн чабытын.
Кайнене келин кармашын
Абысындардын чабышын…
Балдардын камы, нан-чайы,
Коңшумдун сөзү кайдагы.
Чеховду окуп олтургам,
Калтырдым экен кайда аны?
Түгөнбөс ойдон күндө миң,
Түгөнүп барат күлгөнүм.
Ордосу менин үй-бүлөм
Ортосу менмин дүйнөнүн.
Ансайын тилим күрмөлө,
Айткым бар эми бирдеме.
Айтсаң айт Чехов тууралуу
Айтпасаң анда сүйлөбө!
Күттүрүп көпкө саргайтып,
Көктө бир жылдыз жангансып.
Чеховду окуп олтурам
Башка ишим бүтүп калгансып…
Бул ыр ушул турушунда классика. Бир караганда жөнөкөй эле ыр. Ырдын сюжети деле татаал эмес. Ырдын лирикалык каарманы Чеховду окуп отурса, кошуна келип, “Кайнене-келин кармашы / Абысындардын чабышы…” тууралуу айтып оюн бузуп кетет. Улуу жазуучунун дүйнөсүн аралап кеткен келиндин ою онталаа болуп, турмуштук ушуга окшогон майда барат кеп, ушак-айыңдардан улам күлгөнү азайып баратканына кейийт. Анан ал үй-бүлөнүн ыйыктыгы, очоктун ээси аял экенин белгилей келип, мага сөз айтсаң Чехов тууралуу айт, майда-чүйдөнү айтып, алагды кылба, көңүлүмдү карайтпа деп эскертүү кылат.
Бул ырда аялдын тагдыры, үй-бүлөнү үй-бүлө кылган куттуу очоктун ээсинин аялуу тагдыры тууралуу айтылат. Кыргыз аялы бир мезгилде бети-башы көө болуп, казан-аяктан башы чыкпай, башы чыкса да, ушак-айыңга басырылып, бүт өмүрү майда-барат, көр тириликке басырылып өткөн учурлар болду.
Орустун улуу жазуучусу А.Чеховдун ысымы ырда бекеринен аталган эмес. Автор аны лирикалык каармандын жан дүйнөсүн, ким экенин айтып берүү атайы кошкон. Чехов аркылуу бүгүнкү кыргыз аялы баягы күйпөлөктөп, бети-башы көө болуп, казан-аяктан, ушак менен айыңдан башы чыкпаган, ушак кеп тараткан аялзаты эместигин, ал Чеховду окуган интеллект болушу керек деген ой кыйытылат.
Чындыгында, атам замандан кыргыз аялдары жаратман болушкан, баатыр күйөөлөрүнө ок өтпөс тондорду тигип, күлазыгын камдап, жоого аттантып, баатыр уулдарды төрөшкөн. Демек, ошол салт бүгүн да кайталанышы керек. Бул ой акын кызыбыздын улуттук поэзияга кошкон табылгасы экендиги эч талаш жаратпайт.
Дегеле, Махабат Касейинованын ырларында анын акындык беделин көтөргөн философиялык ойлор арбын:
* * *
Бир кат жаздым, пенделерге байыркы,
Бир кат күтөм пенделерден азыркы.
Дүйнө мени алыс сапар узатаар,
Алып колдон мен кармаган казыкты.
Мага деген татым суудан кошо ууртап,
Мага айтылган сөздүн угуп далайын.
Жүрөгүмдө түпөйүл ой, адамдар…
Дүйнөсү тынч болор бекен баламдын?!..
Кол салышты мага, мендик дүйнөмө.
Кандай кылам, жашап келем үндөбөй.
Бир таарыныч чөнтөгүндө күрмөмдүн,
Бир таарыныч кошо кетет мүрзөмө.
Ортодомун, сактап бирдей араны,
Ортолукка бекем кагып казыкты.
Бир кат алдым пенделерден байыркы,
Бир кат күтөм, пенделерден азыркы…
Байыркы пенделерге кат жазып, азыркы пенделерден кат күтүүнүн өзүндө далай подтексттер жатат. Бул турмушта “балдар кандай болоор экен, балдар кандай чыгаар экен?” – деп санааркап, бир таарыныч күрмөнүн чөнтөгүндө калып, бир таарыныч мүрзөгө адам баласынын өзү менен кошо кетмеги бар. Мындан эч ким эч кайда кача албайт.
Мындай ырлар Махабат Касейинованын чыгармачылык чабытынын бийиктигин, акындык дүйнө таанымы кенен экенин, буюрса мындан ары да кыргыз ырынын мыкты үлгүлөрүн жарата берерин тастыктайт десек болот.
Акын кыздарыбыздын бири Гүлзира Абдимаматтын ырларында бу жашоонун түркүн-түс ирмемдери, адамдар ортосундагы бери карап күлүп, нары карап ыйлаган мамилелер жаткандыгы менен окурманды өзүнө тартат.
* * *
…Айымдар чөйрөмдөгү кечиргиле –
“Башкасың, өзгөрүлдүң, көңүлүң суз.
Өзүңдү обочо алып четтеп бизден
калыпсың” деген бүгүн – сөзүңөр чын!
Кечелер.Табити жок кымбат кийим.
Анан да аягы жок – супсак суроо.
Куурчактай жасалма наз, кайдыгер сөз,
калп күлүү, көңүл үчүн – калп куттуктоо…
Ким – кимдин болгон азыр көңүлдөшү,
Кимдиндир көптөн бери көрүнбөөсү,
Маанисиз, зериктирме боз түстүү сөз –
Жаңы алган кымбат таштар жөнүндөгү…
Жасалма мамилеңер мага да суз,
Ырларым – силерге да кызык эмес,
“Ыр жазат…имиш…” деп да айтаарсыңар,
Талкууңар үчүн болом – бир күн себеп…
Мен башка – кечиргиле, мени демек…
Автор өзүнүн лирикалык каарманы аркылуу турмуштан өз ордун тапкан, жашоонун ак-карасына, ачуу-таттуусуна өз көз карашы бар аялзатынын образын ачып берген. Ал өзгөчө жаралган жан -башкалардай калп күлүп, калп сүйлөй албайт. Аны кымбат кийим, убакыт өлтүрмө зериктирме кечелер кызыктырбайт. Ким-кимдин көңүлдөшү экенине да көңүл бурбайт.
Жаңылбасам, Гүлзира жараткан образ да – бул улуттук поэзиядагы жаңы образ. Махабат Касейинова элеттик келиндин жаңы образын түзгөндөй, Гүлзира Абдимамат да кыргыз аялзатынын, анын ичинде акын кыздардын кымбат, асыл баа образын жараткан.
Гүлзира Абдимамат турмушка олуттуу карап, жашоонун ак-карасын акындын жүрөгү менен аңдап ойлуу ырларды жазган акын. Ал бир келген өмүргө үстүрт, жеңил баа карабайт, жаман менен жакшыны ылгайт. Эмнеге жана кимге болбосун адамдык жана акындык позициясы бар:
* * *
…Булуттар буулукканда ыйласаңар –
Силерге шылтоо күздүн түнөрүшү,
А мага желге ыргалган жалбырактай,
Үмүттүн үзүлө албай дирилдеши…
Булуттар түгөнбөстөй төгүлсөңөр –
Бирөөнүн айтылбаган сөзүн эстеп,
Топтолгон таарынычым көздөрүмдө
Куланып кетпеш үчүн тегеренет…
Өзүмдөн качып дагы кетким келет,
Өзүмдү алсыз, күчсүз сезген кезде!
…Жылмайган жарашаарын мага неге,
Жашымды көрбөгөндөр айта берет?
Адам баласы качан да болбосун, кайгысын ичине жутуп, көз жашын көрсөтпөй жашайт. Өзүн өзү сооротуп, өзүн өзү алдап, өзүн өзү сүрөйт. Бул турмуштун жазылбаган мыйзамы. Гүлзира мына ушул ачуу чындыкты “көз жашымды көрбөгөндөр мага жылмайган жарашарын айта берет” деп көркөм чечмелеп, канаттуу ырга салып, адамдын жан дүйнөсүн аралап да, жаралап да өтө тургандай элестүү айта алган.
Поэзиянын керемет күчү – акын өз ырында биз баарыбыз билген чындыкты көркөм сөздүн күчү менен жүрөккө жете тургандай айта алгандыгында.
* * *
…Күлгөндө коштоп күлгөн көптөр болот,
Жалгыздап ыйлаганды билүү керек,
Түтөйбүз, түгөнөбүз, күйгөн оттой
Жандарга – баркыбызды билишпеген.
Санаасы окшош – окшош ойлор менен,
Жалгыздап жашап жаткан жандар канча,
Каталык кайра баштан кетирбешке –
Чоочундап адамдардын арасында.
Же кайра – медер тутуп көпчүлүктөн,
Өзгөчө мүнөз күткөн бир адамды,
Эсинде тагы калган сүйүүсүнүн –
Эрксизден айланабыз дарысына.
Башкадан жүрөктөрдө калган такка,
Окшотуп салыш үчүн эн тамгабыз –
Көңүлдүн сыныгынан биз да анан
Кимгедир өз белгибиз калтырабыз…
Акын кызыбыз жазгандай, адам жалгыздап да ыйлаганды билүү керек. Дайым эле көз жашты көрсөтүп кереги жок. Себеби, турмушта күтүлгөн күтүүсүздүктөр көп. Адам басып өткөн жолунда өзүнүн кадырын билгендерге да, билбегендерге да жолугат. Канаты кайрылат, сынат. Жашоо айлампасындагы күнүмдүк нерселер адамды миң жолу санаага салып, миң алакетке салып, кайгы-кубанычка тартуулоо менен, көңүлүбүзгө билинип-билинбеген из, өчпөгөн так калтырат.
Гүлзира жан дүйнөнүн жалгыздыгы тууралуу көп жазат. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Кыргызда “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” деген кеп бар. Адам өз өмүрүндө “өз ичинде жат, жат ичинде өз” болуп жашаган күндөргө да кездешмеги турулуу иш. Ар адамда бир жалгыздык бар. Жаныңда топ адамдар тегеректеп турса да, жалгыз экениңди сезесиң. Жалгыздык менен өзүңдү дарылайсың. Жан адамга айта албаган бир сыр көкүрөктү өйүп турса, сен жалгыз эмей ким жалгыз!?. Гүлзиранын ырларында ушул ой кызыл сызык болуп кеткени байкалат. Кийинки биз мисал келтирген ырында да “Санаасы окшош – окшош ойлор менен / Жалгыздап жашап жаткан жандар канча” – деген саптарда адамдын жалгыздыгы тууралуу ой камтылган.
Гүлзира Абдимаматтын ырларында катмар-катмар подтексттер көп. Бул окурмандан ички даярдыкты талап кылат. Ал подтексттерди абайлап ачпасаң, автор айтайын деген ойлорду аңдабай, үстүрт баа берип калышың да ыктымал. Андыктан, акын кызыбыздын ырларын окуганда, эч эринбестен ар бир сабына үңүлүп, түшүнүп окуганда гана анын ырларынын сырдуу дүйнөсү ачылат .
Нарсулуу Гургубаева, Махабат Касейинова, Калича Жакыпова, Лира Камчыбекова, Нуриза Өмүрбаева, Гүлзира Абдимамат, А.Абдыкеримова, Сайрагүл Жолборсова, Самара Насырова, Сайра Батыркулова, Максуда Ормонова, Нурзат Мокенова, Турсунай Калмурат кызы ж.б.лар баштаган акын кыздарыбыздын кимисин албайлы, алардын ар бири жылуу маанай менен сөз кылууга татыктуу. Алар тууралуу удулу келгенде сөз кыларбыз.