Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

1965-жылы 16-ноябрда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн.

Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун изденүүчүсү.

Кандидаттык ишинин темасы: «Эсенаман менен Жеӊижоктун айтышынын» текстологиялык жана идея-тематикалык маселелери;

жетекчиси – академик А.Акматалиев.

Эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинде (курьер, кабарчы, ага кабарчы (1989-90-ж.ж.)) болуп баштап, «Кыргыз маданияты» гезити, кабарчы (1990-92), «Кутбилим» гезити, бөлүм редактору (1992-93), Талас шаардык кеӊеши, башкы адис (1993), Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясынын Талас областы боюнча өз кабарчысы (1993-95), «Кутбилим», бөлүм редактору (1995-96), «Атажурт» гезити, бөлүм редактору, башкы редактордун орун басары (1996-97), «Эркин Тоо» гезити, саясый баяндамачы (1997-99), «Кыргыз Туусу» гезити, саясый баяндамачы (1999), «Утро Бишкека» гезити, редактор (1999-2000), «Кыргыз Туусу» гезити, саясый баяндамачы (2000-2004), «Кыргыз Руху» гезити, редактор (2004-2009), “Аалам кыргыздары” журналы, башкы редактор, “Жаӊы Ала-Тоо” журналы, жооптуу катчы (2009-2010), “Параграф” гезити, башкы редактор, “Алиби” гезити, кабарчы, башкы редактордун орунбасары, баяндамачы (2010-2013), “Кыргыз Туусу” гезити, кабарчы (2013), “Улутман” гезити, башкы редактор (2013-2016) болуп иштеген. Учурда “Кыргыз Туусу”, баяндамачы (2016), бөлүм башчы (2021) болуп иштейт.

«Кароол чоку» (1999), «Бүтпөгөн жол» (2001), «Тоолор кулабайт» (2012), «Жети күн» (2013) ырлар жыйнактары, «Бек» проза жыйнагы (2012) жарык көргөн.

«Эсенаман», «Үмөталы», “Эшмамбет”, Ырыскүл”, “Акындык өнөрдүн алтын доорунун алп ырчылары” – китептеринин түзүүчүсү.

Орус тилинен тарых илимдеринин доктору, академик А.Асанкановдун “Шинжан кыргыздары” (2013), О.Безбородованын “Эс тутумдагы эн белги” (2014), КР УИАнын автордук коллективинин Москва шаарынан жарык көргөн “Кыргыздар” китебин, казак тилинен казак жазуучусу жана драматургу Р.Отарбаевдин “Баш” (2016) романын кыргызчага которгон.

 

Макалалар, сындар, эсселер

“Өлгөндөн калган адабият”: “Жоголгон муун”

Жадыра БАЙБУЛАНОВА: “Эки ашык силер болсоң, мен киммин, / Эй, жолуң болгур Ромео-Жульетта?!”

Болот Таштаналиев: Топчугүл Шайдуллаева – аңгеме чебери

Болот Таштаналиев: Акын Марат Токоев

Табылды Муканов: реформатор жана интеллектуал акын

З.Назарматовдун “…сынчыга сынына” зарыл тактоолор

Ким «Арзымат»? Арзыматпы же адабият тарыхын бурмалагандарбы?

Токтогул менен Арзымат айтышканбы же…

Кыргыз калмактар… Калмак кыргыздар…

Жеңижокту Аксыга “качырган”?

Бирөөгө зар, бирөөгө кор таланттар

“Ашыке”

 

Ырлар

 

* * *

Алыссың, алысмын, алыспыз…
Алыстап баратат ай-жылдар,
Узарып баратат алыстык.
Кашайгыр,
ың-жыңсыз, белгисиз, дарексиз
не деген алыстык эле бул.
Дүлөй да, дудук да,
сокур да жылдарда жашайбыз,
Оо, кайда же чындык, калыстык.

Үнсүзсүң, үнсүзмүн, үнсүзбүз,
Жымжыртпыз,
не деген учу жок, чеги жок жымжырттык.
А балким, бирөөнүн тагдырын жашайбыз,
күнөөсүз күнөөлүү , күнөөлүү күнөөсүз,
үнсүздүк жанды жейт, мээни жейт,
күндү жейт, жылды жейт.

Мен көргөн тоолорду көрбөйсүң,
Мен барган талаага барбайсың,
Мен баскан жолдорду баспайсың.
Мен сезген нерсени сезбейсиң,
Мен билген нерсени билбейсиң,
Апапак барактай актайсың.

Алыссың, алысмын, алыспыз,
Алыстап отуруп бир күнү,
Алыстап калабыз, алыстап
Адашкан тагдыр бу, адашкан
ың-жыңсыз, белгисиз, дарексиз…

Алыссың, алысмын, алыспыз…

 

* * *

Эс эсейип,
Акыл тунарат.
Санаа саргарды,
Ой да, көз да тунарды…
Тээ жер бүткөн жерде
Жарык бүлбүлдөгөнсүп,
кайра эле өчүп калат…
Жол арбысачы…
Жарыкка жетпей койдук.

Жарыкка жетпей койдук,
Улам акыркы күчүбүздү жыйнап,
өжөрлөнүп баскан болобуз.
Жол арбыган сайын,
Жарык улам алыстагандай.
үмүт да алыстап барат.
Бири-бирибизди кыртышыбыз сүйбөй,
жедеп чарчап болдук.

Түн улам коюуланат…
Караңгыдан
Бир-экөөнүн гана кекеткен үнү угулат.
Көп арасында,
Көч карасында кимдер болбойт,
Кыжыр кайнап, акыл азып турганда,
Жан-жагыбыздан
Эссиз каткырык, күлкүлөр чыгат…
Арсыздарга, акмактарга эмне?
Дуулдап келатат.

Жер баш болуп бүттүк,
Жалтак болуп баратабыз.
Эссиз күлкүлөрдү,
Кекеткендердин кээрин уккубуз келбей,
Кайран баш жерди карай тыгылат,
бири-бирибизди соороткон болобуз,
караңгыда бизди ким көрмөк эле…

Жарыкка жетпей койдук,
Же көзүбүздө от болсочу,
Же көкүрөгүбүздө сөз болсочу!
Жалтак көздөрдө от болмок беле?
Дудукка качан тил бүтчү эле?
Караңгыда,
өлүү жымжырттыкта,
Жарыкка жетерибизге көзүбүз жетпей,
Бири-бирибизди укпай,
Дүлөй болуп келатабыз…

 

* * *

Биздин айылда эки эле көчө бар,
бири – узун көчө,
бири – чолок көчө.
Узун көчөдө дайыма майрам,
Алар күлүп жүрүшөт.
Үймө үй ырдашат,
Ар бир үйдөн
баланын кыткылыктаганы угулат.
Баары жайдары,
Усталар да ушул көчөдөн чыгат.
Уздар да ушул көчөдө.

Чолок көчөнүн башында молдо,
этегинде ууру жашайт,
молдонун кошунасы да молдо
уурунун кошунасы да ууру.

 

* * *

Ал дайыма шашып, бирок
дайыма кечигип жүрөт.
Мейманга барса да,
Шашкан болуп, кечигип келет.
Жолугушуу белгилеп коюп,
Дайыма күттүрөт…

Ал бүгүн да шашып жатты…
Же ырчы ырын ырдап бүтпөйт.
“Оо оңбогон созолонгон түгөт”,
берки тыбырчылап,
мага угуза улам ашата сөгөт.

Аны карап, ичимден кейийм,
Шашканда эмне,
Башталган нерсенин аягы болот.
Бул ырды жазган акын да,
Обонун чыгарган обончу да,
Көзү өтүп кетпеди беле…
Анан алар жашоо берген ыр деле
Кантип бүтпөсүн.
Ыр эле эмес,
Ырдын бүтсө деп чыдамы кеткен
тыбырчылап күткөн
өзү да бир күнү өтүп кетери жалганбы?

Каякка шашат?
шашкандан көрө,
Кечиккени эле дурус окшойт.

 

* * *

– Ушундайбы?
– Ушундай!
– Болобу?
– Болот!
– Жарайбы?
– Жарайт!
– Мүмкүнбү?
– Мүмкүн?
– Туурабы?
– Туура!
– Уруксатпы?
– Уруксат!
– Эл эмне дейт?
– Дебейт!
– Тарых эмне дейт?
– Дебейт!

 

* * *

Оо, жарык издегендер,
таң атса, күн тийсе дегендер.
Силер издей эле бербей
өзүңөр да
жарык чачып көрбөйсүңөрбү.
Быкшыбай да, түтөбөй
жарык чачып көрбөйлүбү.

Оо, кулактын кужурун алып,
акыл айта бергендер,
Башкаларды да угуп койгула.
Силер да,
ар кимге сынтага бергендер,
Силерге да
сын бар экенин унутпагыла,
Бу жашоонун өзү сыноо эмеспи…

 

* * *

Базарда эмне гана жок?!!
Ким гана соода кылбайт?!!
Ачкалар да, токтор да,
Токпейилдер да,
акчадан көзү каткандар да,
байыгандар, байыгысы келгендер да,
эптеп күнүнкүсүн таап жегендер да,
Эски-ускусун саткандар да отурат…
Базарда эмне гана сатылбайт?
керектүүсү да, керексизи да табылат.
Керекпи – ал, кереги жокпу – кете бер,
Сени эч ким кыйнабайт.
Сатарман сатат, аларман алат,
Барып-келип кеп баага такалат…
Ар бир буюмдун өз баасы бар,
Баалуулугу да бар
арасында
Баасы бар, баалуулугу жок
буюмдар да көп…
Ага да кардар чыгат.

Базарда эки акмак жолукса,
Бири кымбат алгысы келет,
Бири арзан сурайт.
Бирөө сатат, бирөө алат…
сатасың, сатып аласың
баасын ылдыйлатып,
соодалашасың.

Баасы бар, баалуулугу жок
буюмдардай
адамдар да кездешет.
Алар дыгдыйышкан менен
Сокур тыйынга да арзыбайт.
Буюм эмне – акыры эскирет,
жыртылат,
бир күнү ыргытылат
тебелеп-тепселинет…

Адам буюмдар да
акыры тажатат,
Көргөндө кускуң,
Эстегенде жүрөк айланат.
Алар да
күндөрдүн бир күнүндө
Буюмдардын тагдырын киет.

 

* * *

Кыш кычырайт…
Ак карды баскан сайын…
Үшүгөн, жаз сагынган дарактарда
Каргалар каркылдашат.
Бет чымырайт
Ээн бакта жалгыз келем.
Тээтигинде
Бир карга мени тиктейт.
Мен да тиктейм.
Тиктешебиз,
Мына ушул мүнөттөрдө
Эмнени ойлоду экен?
Ордумда туруп калам,
Кокус эле
Артыма бир кылчайсам,
Каркылдап ийеби дейм.

Өздөрүн бүркүт сезген
керсейген чымчыктар да,
зымдарда тизилишкен.
Тимеле көктү тиктейт,
Текебер көздөр менен.
Кудайдын ичи кенен,
Буларың бийиктикти,
асман эмне билер бекен?

Ушул тушта
Шакылыктаган сагызган да бар.
Бу тегеректегилер
үкү көздүү эл.
Торгойдун үнү угулбайт,
Булбулдар жазда сайрайт.

 

* * *

Күнөөлүүбүз!!!
Бизге эч кандай кечирим жок…
Акталбай калган ишеничтер үчүн,
Бүлбүлдөп үзүлгөн үмүттөр үчүн,
Ууру кыялдарыбыз үчүн,
Ишке ашпаган ойлорубуз үчүн,
Жетесиз тарбия үчүн,
Эч кимге пайдасы жок кеп-кеңештер үчүн,
Келжиреген кептерибиз үчүн,
Бурмалаган чындыгыбыз үчүн,
Ушак-айыңдан көтөрүлө албаганыбыз үчүн
Чындай айткан калптар үчүн,
Кат-кат берилген убадалар үчүн,
Каталыктарыбыз үчүн,
Жаңылыштыктарыбыз үчүн,
Күнөөлүүбүз.

Акмактар төрдө отурганы үчүн да,
Акылсыздар акыл айтканы үчүн да,
кашаңдыгыбыз үчүн,
Жашаңдыгыбыз үчүн,
Алсыздыгыбыз үчүн күнөөлүүбүз.

Чындыктан тайыганыбыз үчүн,
Акты каралаганыбыз үчүн,
Өз сөзүбүзгө тура албаганыбыз үчүн да,
Жандимилик үчүн да,
Арсыздыгыбыз үчүн да,
Чагымчылдыгыбыз үчүн да,
Куйтулугубуз үчүн,
Бактысыздык үчүн да күнөөлүүбүз.

Талкаланган тагдырлар үчүн,
Бейкүнөө аккан көз жаштар үчүн,
Урандыга айланган шаарлар үчүн
Элсиз калган айылдар үчүн,
Төрөлбөй калган балдар үчүн
Ачкачылык, ачарчылык
Чыккынчылык үчүн да
Бары үчүн да, жогу үчүн күнөөлүүбүз!!!

Акмактардын айынан эмес,
Акылдуулардын айынан бактысыздар көп.
Баатырлардын айынан жетимдер көп.
Байыгандардын айынан жардылар көп.

Күнөөлүүбүз,
Бизге кечирим жок.
Итиркейди келтирип, кыжырды кайнатышат:
Ичинде иттер өлгөн ичим таптар,
Кылтыйган арамзалар,
Тыңсынган арсыз кулдар,
Көралбай шыпшынгандар,
Койнунда котур ташын жашыра албай,
Былтыйгандар, тылтыйгандар
Чындыкка көр казгандар,
Эки жүздүү намыссыздар
Кошоматчылар, баштарын шылкыйткандар –
Тирүүнүн өлүүлөрү…

Ачкөздүк үчүн да,
Сараңдыгыбыз үчүн да
Бизди жазалаш керек!!!
Канчалар ачка жүрөт
Канчалар жылаңач жүрөт.
Үй-жайынан тентигендер
Эл-жеринен безгендер үчүн да,
Дилин саткан, тилин саткан,
Элин саткандар үчүн
Саткындыгыбыз үчүн
Бизди жазалаш керек!!!

Кудайдан коркпогонубуз үчүн да,
Кудайдын эли экенибизди тааныбай,
Кудайга кул болгонубуз үчүн да
Аталарыбыз үчүн да,
Балдарыбыз үчүн да бизди жазалаш керек…

Мактанганга качан да болсо жетишебиз!!!

 

* * *

Сен мага дос болгуң келсе,
Эң жөнөкөй нерселерди эсте.
Мага чындыкты гана айт –
Көңүлүмө карап,
курулай мактай бербе.
Ким мактоону жактырбасын,
Ал адамды бузат, адаштырат.
Каталыктарымды,
Кыйшык жерлерими түздө,
Кемчиликтеримди айт бетиме.
Кылычтай курчут, канжардай бүлө.
Тулпардай тапта,
Күлүктөй сүрө.

Эгер мен сага дос болгум келсе,
Жамандыгыңды жашырып,
Жакшылыгыңды ашырып…
Жеңилиңди жерден алып,
Ооруңду колдон алсам,
Жарты нанды тең бөлүшүп жесем жарашаар,
Асти сенин жашооңо көз артканым болбойт.

Эгер биз дос болгубуз келсе,
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп,
Ачуу-таттууну тең бөлүшсөк да
Жакшылыктарыбызды эстеткенибиз,
Бири-бирибизден пайда издегенибиз,
Эсептешкенибиз болбойт.
Үзөңгүлөш жүрсөк да,
үзөңгү кагыштырганыбыз,
кыянаттык, карасанатайлыкка барып,
Бири-бирибизди сатканыбыз болбойт.
Бери карап күлүп, нары карап ыйлап,
Жашообузга кийлигишкенибиз,
Чылбырга чалынып,
Тизгин талашканыбыз болбойт.

 

* * *

Чачтарын буурул баскан,
Адамга көп ачыла бербеген адам экен.
Кыштын узун түнүн кыскартып
Сүйлөшүп отурдук.
Оо, бир топто барып жибиди…
Барбаган жери, баспаган тоосу,
Кечпеген суусу калбаганын,
Акыркы деңиздин суусуна
Жүзүн чайыганын айтты да,
Оор күрсүнүп алды.
Энесине топурак салбай калганын айтканда
Көзүнөн жаш ыргып кетти.
Чоң эле киши ыйласа кызык көрүнөт экен.
Көңүл улап сөз айткан болдум.
Ал өзүн эч качан кечире албастыгын,
Азыр ар бир энеден энесин көрө турганын,
Аялзатына – улуу болсо эжесиндей,
Кичүү болсо карындашындай,
Кыздарга кызындай мамиле жасарын айтты.

Чачтарын буурул баскан киши болчу,
Акыркы деңизге жүзүн чайыганын айтты эле.
Узун түндү кыскартып сүйлөштү элек,
Андан кийин жолубуз кесилишкен жок,
Азыр андай адамдарды табуу кыйын…

 

* * *

Турмуш – бүтпөгөн университет. Ал күн сайын сынайт, күн сайын экзамен алат, бирок эч качан диплом бербейт. Ал ар күнү адамды каалагандай калчап, кааласа күлдүрөт, кааласа бийлетет, каарданса ыйлатат. Бүгүн “5” алып, төбөң көккө жете кубансаң, эртең “2” коюп, башыңды томуйтат.

Не деген даанышмандар жашоонун философиясы эмне, адам баласы бу жашоодо эмнеге умтулуп, эмнени максат тутуп, эмне иштерди жасашы керек, кандай жашап, артыбызга эмне из калтырышыбыз керек, чындык эмне да, жалган эмне дегенге акыл карытышкан. Арийне, азырынча турмуш тууралуу ал жана башка суроолорго так кесер жооп табыла элек. Турмуш чындыгы жөнүндө суроолорго жооп тапкандай, жакындагандай болгонубуз менен, ошончолук алыстап бараткандайбыз.

Кыскасы, турмуш чындыгын түшүнүп болбойт. Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу деген канаттуу кептин төркүнү ушул жакта.

Андыктан, адам кайсы куракта болбосун, бактылуу күндөрүндөбү, же кайгырган болобу, ар бир жолу артка кылчая карап, өткөн-кеткен күндөрүнө сереп сала жүргөнү, турмуш чындыгын болбосо да, жок дегенде өзүнүн чындыгын издей жүргөнү дурус.

Бул ыр ошол туурасында.

* * *

Мен кандай жашап келатам,
Кандай өмүр сүрдүм?
Кандай ойлорду ойлодум,
Кандай сөздөрдү сүйлөдүм,
Эмнени кыялдандым?
Кандай каталык кетирдим,
Эмнеден жаңылдым,
Эмнеден чалындым?
Кандай жар күттүм?
Кимдер менен дос болдум,
Кимдер менен насиптеш болдум?
Кимдердин жолун кестим,
Кимди ак жеринен күйгүздүм,
Канчаны ыйлаттым.
Кимдер менен тирештим?
Кимдерден корктум?
Эмнеден жалтактадым,
Эмнеге кызыктым,
Эмнеге кубандым,
Эмнеге териктим,
Эмнеден ызаландым?
Кимдерди кубанттым,
Кимдерди таарынттым?
Кимдин шоруна калдым.
Эмнеге жеттим.
Эмнеге жетпедим?

Бул суроолорго жооп тапса,
Актанса, өзүмдү актасам болот.
Башка суроолор бар,
Ойлогон сайын жүрөк козголот –
Атанын үмүтү,
Эненин ак сүтү акталдыбы?
Адамдык жолдон тайыбадымбы,
Акмак болбодумбу?

Алдыда буюрган өмүр тургандыр,
Кандай жашасам,
Эмнени кармансам?
Эмнеден тартынсам,
Кимдерден сактансам?
Кимге жолуксам,
Кайда барсам?..

Жашоо – жообу жок суроо,
Жандырмагы жок табышмак.
Өзүңдү алдап жашасаң да,
өкүнбөгөндөй жашай албайсың.
Мына ушул азап…
Болбосо
өзүбүздү алдап жашап,
алданып келатканыбыз,
алдап да, алдана да,
алдай да берерибиз калппы?!!
Бизге өзүбүздү соороткондон,
алдагандан башка…
Колубуздан эмне келет?

Адам болуп төрөлгөн соң,
Адам бойдон кала алабызбы?

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.