Абдиламит МАТИСАКОВ: “Бешик”
(аңгеме)
Билинбей он эки айдын бирине учкашып, отпусканын кезеги да келген экен. Барар жак менен бүтүрөр иштин чети оюлбаса да, айыл менен амандык сурашууну, көзү өткөн жерге көңүл айтып, келин алган үйгө тилек каалоону ыраак жүрсөк да ыймандын иши дедик. Көздүн жашындай болгон отуз күн а-бу дегиче ортосунан ооп, калааны көздөй шаштырды.
Билет кечки рейске алынган. Убакыт бар. Бишкекке он барып, он келсе болот. Эски адат азгырып, Оштун базарын аралап кеттим. Аяк талыганда, кумар таркаганда Ак-Бууранын боюндагы чайканада отурдум. Шашпай бир чайнек чайды дем жедирип, Ак-Бууранын таштары бадырайып, тартылып бараткан жээгине өзүмчө баш чайкайм. Килейген чайканачы менин көзүмчө эле килейген тепшидеги чаманы дарыяга оодарып, аркасынан мурду суусун кошо силкип, кирип кетти. Кезинде жээгинен кечүү бербей күркүрөп, а түнкүсүн шоокуму Сулайман тоосун терметип чыкчу бу дарыя – Оштун көркү.
– Оо бала, жалгыздабай бери, жакын отур! – Аңдабапмын. Алыс эмес жерде көк кыжым чапанынын этегин жамбашына баскан узун моюн кемпир кайнолу көздөрүн адеп мага ымдайт. Жанында карап эле отурчу жаңы бешик бар. Көңүлүнөн өтө албай чайымды көтөрүп коңшунун сөрүсүнө көчтүм.
– Нанга кара… Ыраңың көзүмө жылуу учурайт, каерликсиң? Сөзгө-сөз жалганып, тез ачылыштык. Алайлык кемпирди айылында “Жаннат төлгөчү” дешет экен. Бешикке адеп кылчактаганымды сезген эне:
– Небереме атап алдым, – деп өзү эле кеп жаңыртты.
– Базарга кире бериште ушу бешик көзүмө чалдыгып, шундай бир арбайт. Көзүмү жумуп, бер дегенин кармата бердим. Уста дагы таза күлкүчү неме экен. “Бүтүн неберелериңизди ушу бешикке бөлөп, чоңойтсоңуз болот, аяш. Кеңдигин айтың, баланы бир күн кечке бөлөсөң жата берет. Күлтүгүн караңчы, ченегенбиз да…” деп бир мактайт. Аркасынан дагы имне дейт десең о чал: “Бешик терметкенге бап киши экенсиз, уул-келиниңиз түзүк бага албаптыр. Атаганат, төбөмө көтөрүп багат эдем, мени менен кетпейсизби” деп жердин түбүн айтат. Мен дагы жөн каламбы, азилине азилдей жооп айттым. “Кебиңизди таап сүйлөңүз. Ушу тапта талаада калган кемпир жок”. “Капа болбоң аяш, жаш кезек шок кыял эске түшүп атпайбы…” деп коёт дагы. “Апта сайын беш-ондон бешик сатасыз. Өзүңүздүн бешикке бөлөөр небереңиз барбы?” деп тийиштим. Бечаранын өңүндөгү күлкү качты. “Ээ, аккан суунун кадырын билебизби, аяш. Жок эмес, небере деген бар. Бала-чака небак эр жеткен. Баары өзү менен өзү. Ар биринин эшигинде кеминде бирден-экиден неберем жүгүрүп жүрөт. Баары тең төрт кылдырек арабада чоңойду. Келиндерим түзүк кеп жебейт. “Бешик баланы тайтак кылат” имиш, “бешикке бөлөп терметкен заман өткөн” имиш. Куру намыс да. Болбосо, кайнатасы жасаган, адам карап отурчу бешиктерди тоотпой кетише беле! Мейли, өздөрү билсин. Кыстабайм. Менин ишим – бешик жасамай. Бешикке бөлөнгөн баланын бели бек, дени сак болот. Ишенишпесе койсун…” дейт муңайым. Туура айтат. Өздөрү жатып, чоңойгон бешикти да жеришеби ботом…
Кепке күлүп отурганым менен “дагы беш жыл оодарсам сексендин суусун ичем” деген Жаннат эне бешиги, себеттей түйүнү менен базар күнү быкпырдай кайнаган элдин сүрмөсүндө тээ алыскы Алайга эмне күндү көрүп жетерин ойлоп, ичим эзилет.
– Окушта жүргөн окшойсуң? – Кайнолу көздөрү сыр сурайт. Жүзүмдүн сабагындай майда тамыр тордогон колдорунда майда калтырак байкалат.
– Айткың келбесе тек кой, ыктыяр өзүңдө балам. Биздин милдет сурап коюш…
Кечки рейс менен Бишкекке учуп кетеримди, ошо тарапта иштээримди эшиткен Жаннат эненин колунан пиаласы ыргып кете жаздады.
– Анда неберемди, Бакиримди тааныйт турбайсыңбы?! А да ошо шаарда. Кеткенине ушу күздө алты жыл болот…
Мени ооз ачырбады. Эми ага кебимдин кереги жок болучу. Менимче, кабарым кемпирдеги жылдап жыйналган бук-чердин боосун чечип кетти көрүнөт.
– Ошо жалгызым деп жер үстүндө басып жүрөм, балам. Жараткан эч кимге жалгызды ата кылбасын. Ушу Бакирим экинчи класста окуйт. Кызымдын (эненин жалгыз эле кызы бар экен) күйөөсү бейадеп чыкты. Эртеңкисин ойлобогон, өзүмчүл. Бир күнү жылан чакпай, жылкы теппей туруп: “Кызыңдын кесели көкөйгө тийди. Бир ай басып жүрсө, бир ай ооруканада. Ушундай “оорукчан турмушка тойдум” деп урук-тууганы менен масилеттешпей кызымды жолго салыптыр. Туугандан кийин эле аны шишик басып туруп алган. Кандай илдетке чалдыккан, мээм жетсечи. Баласы мага үйүр алып, атасын ээрчиген жок. Оору акыры жүрүп кызымдын түбүнө жетти. Үзүлөр күнү үстүнө кирсем керебетинде жатыптыр. Чачын бирөөгө жакшына өрдүрүп алыптыр. “Апа, дарманым жок. Туруп отура албайм. Бакирди ээрчитип келиңчи, атасына кабар айттырыңыз. Экөөнө тең айтчу аманатым бар. Атаганат, Бакирдин атасы кашымда турса, узаганыма жеңил болор беле, азбы-көппү бирге өмүр сүрдүк. Ортодо бала турат, келсе болот эле…” – деп көзү жашылданат.
Минтет деп кимдин оюна келет. Көрөр күнү уясына ылдыйлаганын сезип, болгон жамандыктан кечип, жер үстүндө калчу адамдардын көңүлүн бир тазарткысы келген бейм. Дагы “ыйлабаңыз апа, дарыдай небереңиз турат. Эки аягынан шамал өтүп турса, сизге ашык атчу ошо. Менин бары-жогумду билгизбейт” деп коёт-ов. Курган жаным жанында эле отура турсамчы. Шашып, ошо атың өчкүр, “күйөө балага кабар берейин деп почтого жүгүргөм. Дилгирем уруп келгичемди ааламдан өтүп кетиптир. Арман ушул экен да. Көрдүңбү балам, өмүр жолу кылдай ничке. “Чырт” гана үзүлбөдүбү. Күйөө бала келе алмак эмес экен. Ишинин аркасында бир жактарда жүрүптүр. О кыркы өткөндөн кийин келди. Бөлөк болуп калат экен. Өзү да кеткиче шашты. “Ушу адам кызың менен он жыл өмүр сүрдү” десе ишенбес элем. Такыр бөлөк. Бишкекте турсаң, Бакирди билесиң. Сүлпөтү куду атасынын өзү. Сөөгү бузук. Тили саал кекеч. Шоопур. Тааныйсың, шаардын чоң магазини бар имиш. Ошонун жүгүн ташыйт.
“Ой жарыктык, уулуңузду каяктан жүрүп тааныйм. Бири-бириңди тааныгандай шаар деген айыл эмес. Андан көрө адресин бериңиз, таап, барып жолугайын” дегенге, сөздүн ырасы оозум барбады. Мага үмүт байлап, түпкүрүндө жүргөн сыр, өксүгүн бөлүшкөн карыдан эки ооз сөз менен кутулууга акым бар беле? Анын үстүнө энеге “ашык атчу” неберенин жоругу азгырып турган. Сөз учугун уламакка:
– Аты тааныш. Чоң дүкөндө иштесе, көрсө көрүп жүргөндүрмүн, – дедим.
– Ии, ии, келиним да шаардын бир жеринде көпчүлүккө оокат бышырат. Анын колунан нечендеген адам тамак жейт имиш. А өзүм болсо келиним жасаган оокаттан ооз тие элекмин. Өңү-түсүн да көрө элекмин, ушундай да болот экен, тооба. Бирөөнүн баласына күлгөнүм жок эле…
– Кантип, кызык го. Уул-келиниңиз сизден кабар алып турбайбы?
Сурарын сурап, кайра катуу тийдиби деп иймене түштүм.
Бакирдин үй бетин көрбөгөнүнө үч жыл болот. Шаарга жаңыдан барганда “оору-сыркоодон сырткары турасызбы? Салган пулум жетип атабы, орто жолдон кымтыгандар жокпу?” деп жаркылдап келип-кетип турчу. “Ким кымтыйт эле… Бирөөгө бирөөнүн тыйынынын кереги жок. Андан көрө тапкан-ташканыңды өзүңө жумша. Пенсиям турат. Алма-салма бар, күч келсе ошону сатсам да оокатым өтөт” дейм. Көңүлү чөкпөсө, бирөөнүн колун карабаса экен дейм. Тооба, ошояктан үйлөнүп алыптыр. Мага бир ооз айтпайт. Окууда жүргөн биздин айылдын балдарынан билип жүрөм. Ошондон кийин үй жакка каттаганын койду. Оюн билбесе да, ырай-ороюн көрүп жүрөт деп, келген-кеткенден келинимдин жөн-жайын сурайм. Каерлик? Ата-эне тарбиясын көргөн бекен?..
Кечээ жакында бирөө келди: “Бакир акам кыздуу болду, сүйүнчү бериңиз!” – дейт. Далдырап тилим күрмөлсөчү. Кечээ эле “келиндүү болдум, кирген-чыккандан көрүндүк алам” деп көңүлүм жай отурсам, каяктагы сүйүнчү… Ушунун баары чынбы, жалганбы деп да кетем. Эл күтүнүп келин алса, эл күтүнүп неберелүү болсо, мен… Көрө элек неберемдин сүйүнчүсүн бердим. Мурда, жалгыз жүргөндө Бакир менен анча ишим жок эле. Үч баш болгондон бери көңүлүм бир жерде эмес. Кайсалактайм. Эмне кармаганымды өзүм билбейм. Жол карайм, зарыгам. Сагыныч көчөгө кубалайт. Бакир салган пулду коротпой бекитип жүрчү элем. Бүгүн Ошко түшүп, небереме атап, бешик алдым. Жаннат эне сары мончок тагылган бешиктин ок жыгачын сылады.
– Бул бешикке ыкыбалдуу-ырыстуу бала бөлөйм, бу бешик байдөөлөт баланыкы…
Кемпир бешикти терметип койду. Тамагым буулуп, муздап калган чайды ууртап, эңкейип отурдум. Жашым мурду учума токтоп баш көтөртпөй койду…
– Бакирге айт, балам. Энеңди базардан көрдүм де, кызыңа атап келишкен бешик алып коюптур де… Неберемди бөлөп, терметсем деп тилек кылып жүрөт де. Силерди сагынгандан эки көз төрт. Жок дегенде, бир сапар келип кетишсин деп калды де. Карыганда небере ширин көрүнөт. Өз колум менен мынабы ак жолтой бешикке бөлөсөм, бир кумардан чыгып терметсем, анан о дүйнөгө жүрүп бергенге кайыл элем… Мынабы нанды жол басып, мазар басып барат, өз колуң менен берип кой, таберик.
Жарты нанды ак чачы жоолукка ороп берди.
– Ушу бойдон энеңдин колунан алдым де, ушу нанды уулума жеткире көр, балам!.. Жер үстүндө биз он күндүк мейманбыз…
Кулагым бүтүп, Ак-Бууранын шоокуму да, эшиктен чубап кирип, чайкананын сөрүсүнө жабалактап чыгып жаткан элдин кобур-собуру да угулбайт. Эненин балага болгон сүйүүсүн, сагыныч черин бүгүн өзгөчө туйган элем.
– Эне, жүзүн көрө элек келиниңиз, небереңиз үчүн көрүндүк менен сүйүнчүнү даярдай бериңиз. Эсен болсоңуз, элге жентек жедирчү күн алыс эмес, – дегенге жарадым.
– Айтканың келсин. Көзүм тирүү турса, Бакир экөөңдү дос кылам, эшиттиңби? – Али көрө элек досумдун кебете-кешпирин элестете албасам да, баш ийкейм.
– Кайыр эмесе, шаардыктардын баарына дуба де!
Чайканадан узаганда кылчайсам көзүмө бешик урунду. Далдаасында чай пиаласын ээк тушка кармап, санаага чөккөн Жаннат эне. Карап тура берипмин. Жан-жагыман базардан таркаган эл өтөт. Карынын ушу отурушу мага айтууга ооз барбаган дагы бир көңүл зардесин жеткизип турду. “Бакиржан, – деген эненин эреркеген доошу кулагыма жаңырды, көчүк айланбаган эки кетек үйдө чоңойгонуң эсиңден чыктыбы? Солдоюп, төрдү кучактап жатчы элең. “Окууну бүтсөм, катырып иштеп, сизди багам. Бойго жеткизген карызыңызды кайтарам, эне. Сиз болбосоңуз хулиган болуп кетишим да ажеп эмес эле” дечүсүң. “Ошо дагы сөзбү, дувана!” деп жилкимиш болгонум менен кыялымда ошо сен жалгыз жашап калчу дүйнөгө кайтып баргым келчү. Ошо сен жалгыз жашай турган күндөрдүн чайыттай ачык бир күнү терезеңе бактек конот да, “куру-куусун” эшитесиң. Ошондо энеңдин “митчелерге дан чачып кой. Бул паранда ток жүрсө, токчулук жыл болот” дегенин эстеп, көзүңө жаш тегеренер. Ошо терезеңдин кашегине конгон бактекти мен деп бил, балам. Келбес болуп кеткен ошо туңгуюк дүйнөдөн “жалгызым менсиз кантип жашап атты экен…” деп келип турганым…”
Чыдай албадым. Чоң көчөнүн четине түшүп, чайканадан узап кеттим.