Үмүт КУЛТАЕВА: «Окуясы кан чыкканча сыгылган» чакан аңгеменин көркөм-эстетикалык кубаты
Аңгеме жанры прозалык чыгармалардын ичинен мезгилге курч реакция жасагандыгы менен адабий процесстеги «эстетикалык кыймылды» ыкчам чагылдыруу мүмкүндүгүнө ээ. Илимий адабияттарда «… жанр – көркөм чыгарманын кийген кийими» [1, 3] – деген аныктаманын берилиши бекеринен эмес экендиги айрыкча аңгеменин мезгил менен болгон тыгыз байланышынан көрүнөт. Анткени ар бир мезгилдин өз кийими (стили) болот эмеспи.
Адабий коомчулукка таланттуу акын катары тааныла баштаган Нуриза Өмүрбаеванын аңгеме жанрында саналуу гана чыгармасы бар. Чакан, башкаларга окшобогон ошол аңгемелердеги калемгердин чыгармачылык изденүүлөрү анын турмуш көрүнүшүн көркөм аңдоого жасаган жаңы мамилесинен байкалат. Албетте, калемгердин жаңычыл мамилеси, биринчиден, адабий процесстин учурдагы тенденциясын чагылдырганы менен, экинчиден, жанрдын мазмун-формалык табиятын байыткандыгы менен баалуу.
Адабияттын белгилүү теоретиги М.Бахтиндин сөзү менен айтканда: «Жанр бүгүнкү күн менен жашайт, бирок өз башатын, өткөндөгүсүн дайыма эстеп турат» [2, 122]. Ырас, жанр «жети атасын» унутпаган «эстетикалык чындык тапкан формула» (Ю.В. Стенник) болгон соң, аңгемеге коюлуучу салттуу критерийлер автор тарабынан так сакталган: баяндоодогу локализм, аңдоого алынган окуянын кыскалыгы, чыгармадагы мезгил менен мейкиндиктин, катышкан каармандардын чектелиши – жанрдын классикалык үлгүсүнө жакын. Ушунун өзү көлөмдүн сыйымдуулугун камсыз кылып, аңгеме болгону 1024 сөздү камтыйт да, анын жалпы көлөмү – 3 бет. Катышкан каарман да үчөө: жаш жубайлар жана «өлүп кала жаздап» көчөдө жаткан өсүмдүктүн бир үзүндүсү – Өсүндү.
Аңгемеде жанрга тиешелүү салттуулук сакталган болсо, анын жаңычылдыгы кайда? – деген суроо туулат. Бул багыттагы калемгердин изденүүлөрү азыркы адабий процесстин өнүгүү тенденциясы тууралуу айрым маселелер боюнча сөз козгоого арзыйт. Анткени азыркы доордун өнүгүү динамикасы көркөм форманын жаңырышын табигый түрдө талап кылууда. Ошондуктан көркөм чыгармада турмушту жай-баракат аңдоону, аны каалгыган узун сүйлөмдөр менен сүрөттөөнү азыркы мезгил сүйбөйт. Калемгерлердин ушул тенденцияга ориентир жасаганы жакшы көрүнүш.
Экинчиден, көркөм чыгармалардын идеялык-тематикалык проблематикасын түзүүчү социалдык-нравалык проблемалар өзгөрүүгө учурады. Бул маселеге келгенде дүйнөнүн ачык болушу шарттаган миграциялык кыймыл аңгеменин фонун түзөт.
Үчүнчүдөн, чакан көлөмдөгү аңгеменин ички сыйымдуулугун камсыз кылуу үчүн автор көркөм ыкма, деталь, интерьер, каармандын мүнөзүн өзгөртүүчү турмуш көрүнүштөрү сыяктуу маселелерге жаңыча мамиле жасай алган.
Жогоруда сөз болгон тенденциялар көз карашынан караганда, бактыга жараша, Н.Өмүрбаеванын адабий табити, көркөм-эстетикалык туюму, нравалык-идеялык даярдыгы ойдогудай экени ушул чакан аңгемеден кадыресе байкалат.
Калемгер көркөм изилдөө объектисине жаңыча мамиле жасоо үчүн көркөм ойлоп табуунун (вымысел) жаңы каражатын пайдаланган. Бул аңгемедеги окуянын кыймылдатуучу күчү – кан базардын көчөсүндө жаткан, эмне экени белгисиз жашыл Өсүндүнү автордун кадимки каарман деңгээлине алып чыга алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Өсүндүгө «тил бүтүп» окуяны баяндайт, ой жүгүртөт, өзүн жерден алып, үйүнө алып келип, сууга салган келинчекке баа берет, аны менен баарлашат, жандуу жаратылыштын кичинекей «перзенти» катары «жашоону» сүйөт. Өсүндүнүн ташка тамга баскандай, кыска мүнөздөмөсүнөн анын өмүрү байланышкан адамдар – кыйыр каармандар: гүл сатып тиричилик кылган кожейкеси, кучагында жашатып жүргөн «апасы» жөнүндө маалымат берилет.
Аңгеме миниатюралык беш бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө кан базардын көчөсүнөн ушул үйгө кандайча келгени; экинчиде – буга чейинки башка үйдө «сүйүлбөй, болгону товар» катары жашоосу; үчүнчүдө – базарда сатылып, бирок сумкадан жолго түшүп калгандагы абалы жана жаңы келген мейкиндиктен орун алышы; төртүнчүдө – жаш жубайлардын турмуш-жашоосунан бир үзүм; күйөөсүнүн жумуштан келиши менен алардын бири бирине болгон мамилесинин өзгөрүшү, бешинчи жыйынтыктоочу бөлүмдө – Өсүндүнүн «сүйүлүп» жашоо бактысы менен ак жана аруу тилеги.
Ар кандай көркөм чыгарманын негизги түйүндүү проблемасын чечүүгө ачкыч болуп берүүчү көркөм ойдон жаратуу реалдуу турмуш менен байланышы болбосо, анда ал эстетикалык милдет аткара албаганын сезе билген автор биринчи бөлүмдө өзгөчө деталь – интерьер аркылуу аңгеменин тематикалык проблематикасын чебер аныктоого жетишкен. «Мени күтүүсүздөн сууга салып жиберди – дейт, Өсүндү. Ичиркенип кеттим. Алгач үшүгөндөн тулку боюм титиреп, ичке кан тамырларым дирилдеп атты. Бирок бир аздан кийин эле сууга байыр алып, ал тургай бүткөн боюм сергий түштү… Ыстакан экөөбүздү чай ичкен үстөлдүн үстүнө койду. Айланама көз жүгүртө баштадым. Үстөлдүн үстү бытырайт. Бош шишелер, салфетка, кружка, бычак, ваза, күзгү, туз салгыч, атыр, дары-дармек айтор эмне гана жок. Мен дагы ушул буюмдардын катарын толуктап, бир жерден орун алдым. Деги эле буюму көп үй экен. Дубалдын ар кайсы жерине асылган картиналар, жасалма гүлдөр, жасалма чымчыктар, сааттар. Ооба сааттар. Бир бөлмөдө үч саат турат. Аша чапкандык. Андан башка майда-чүйдө буюмдарды эсептеп болбойт. Сувенирлер, ичимдиктин кооз шишелери, ар түрлүү шамдар. Бөлмө адам жашаган үйгө эмес эле, белек-бечкек саткан дүкөнгө окшоп турат». Бытыраган буюмдардын үстүндөгү беш эли чаңды көргөн Өсүндү «сүйүлбөгөн буюм каралбай каларын» ойлоп, өзү ушундай «тагдырга» туш болгусу келбейт.
Тексттен көрүнүп тургандай, автор тарабынан сүрөттөлгөн интерьер адаттагыдай (эстетикалык кооздукта) эмес, тескерисинче. Мындай ыкманы колдонуунун сыры келиндин ыстаканга жайгашкан Өсүндүгө айткан монологунда ачыкка чыгат: «Адатта бир буюм аларда, бир жандык багарда, бир өсүмдүк өстүрөрдө Мекениме (астын сызган – биз) кетсем, өзүм менен кошо алып кете албай калам деп ойлоно берем. Бул жолу кетип калсам бул эмне болот деп сен жөнүндө ойлонгон жокмун. Жолдо калып, өлүм алдында жаткан гүлгө жашоо берип атам, эмнеси болсо да аны жашатышым керек деп ойлондум, – деди».
Натыйжада, зирек окурман аңгемеге объект болгон турмуш үзүндүсү миграцияда жүргөн жаш адамдын көңүлсүз, супсак, аргасыз жашоо кечирген абалы экендигин дароо сезет. Өз мекенинде эмес, бөтөн өлкөдө мигрант катары жашоо кечирүүнүн кунарсыздыгы жаш жубайлардын социалдык эркиндигин гана чектебестен, аларды үй-бүлөлүк бакытты сезүү ыракатын да чектеп жатканы байкалат. Анткени ал үйгө ээ эмес. Аны каалагандай пайдалана албайт. Үй-бүлөлүк уя жылуулугунун жоктугу алардын жубайлык мамилесин муздатып бараткан. Аңгемедеги ушул пафос анын төртүнчү бөлүмүндө – жумуштан нан көтөрүп келген күйөөсү экөөнүн муздак диалогунда дагы тереңдейт:
— Тамак жейсиңби?!
— Жейм да! Мени бирөө тойгузуп жиберди дейсиңби?!
Негедир экөө тең ороңдоп сүйлөп атты. Келин үстөлдүн үстүндөгү буюмдарды колу менен түртүп, бир бурчту бошотту. Бир табакка тамак салып, жигиттин алдына койду да, өзү үстөлдөн четтеп туруп калды.
— Сен жебейсиңби?!
— Жебейм!
— Жебесең деле жанымда отурсаң болбойбу? Ансыз деле күн бою эки бөлөкпүз. Күн өткөн сайын арабыз алыстап баратат.
Келин үндөгөн жок. Унчукпай келип, отургучтун бирин артка жылдырып, күйөөсүнүн маңдайына отурду.
— Биз неге минтип калдык деп бир жолу ойлонуп койсоң боло?
Күйөөсү тамак жеп дагы, сүйлөп дагы жатты. «Бир үйдө жашап, бир төшөктө жатып эле ажырашып баратабыз» – деди да, салфеткага колун узатты. Капыстан ыстаканды көрө калып:
— «Бул эмне?» деп сурады сөөмөйү менен мени көрсөтүп.
— Билбейм. Гүл окшойт.
— Кайдан алдың?
— Жолдон таап алдым. Өстүрүп көрөйүн деп сууга салып койдум.
— Өстүрүп көрөйүн деп, ээ? Таң калыштуу, кубанычтуу дагы… Баш кошконубузга эки жыл болду. Бир дагы жолу ушул жер менин үйүм, колумду тийгизейин, бирин эки кылайын, жогун алайын, барын барктайын деп дитиңди бербедиң. Билесиңби, биринчи жолу биздин үй үчүн, биздин жашообуз үчүн кылган аракетиң ушул гүл болду.
Баш кошкондон бери эки жыл өтсө да, үй-бүлөлүк жашоого кайдыгер караган келинчегинин биринчи жолу жасаган аракетине жигит таң калып турганда:
— Боюмда бар – деди, жубайы.
— Эмне?!
«Жигиттин үнү каргылданып, өзү сүйүнүп, жанатан бери ороңдоп аткан неме дароо өзгөрүп кеткенсиди. Ордунан тура калып аялын кучактап: «Кечирип койчу» – деп, шыбырады. Экөө ошол калыбында үн-сөзсүз көпкө турду».
Чыгармадагы окуянын кульминациялык чекити менен анын чечилишин бир эле мезгилде кошо камтыган дал ушул эпизод калемгердин чыгармачылык чеберчилигине кепил болот дегенге негиз бар. Анткени мындай көркөм жалпылоону камсыз кылуу үчүн автор аңгеменин окуясын «кан чыкканча сыгып» (Ю.Нагибин), пресстөөгө жетишкен. Буга аңгемедеги жубайлардын перзенттүү болуу кубанычын сезүү эмоция толкунунда «үн-сөзсүз көпкө» кучакташып турган эпизоду күбө. Аңгемеде идеяны көркүнө чыгарган көп сөздүүлүк эмес, каармандын жорук-жосуну, кыймыл-аракети маанилүү экендигин сезген калемгер адамдын ички туюмундагы албуут дүрбөлөңдү «үн-сөзсүз» бергени көркөм жалпылоонун эффективдүүлүгүн арттырып, каармандардын жан-дүйнөсүн аңдоонун психологизмин тереңдеткен. Жубайлардын кучакташып көпкө турушу алардын денесин эмес, муздап бараткан мамилесин жылытып жатты; алар үн-сөзсүз бири-биринен кечирим сурап жаткандай, аларды бириктирген жашоонун үзүлбөс учугу табылгандай таасир калат. Буга чейинки алардын көңүлсүз турмушун кубанычтуу кабар кескин өзгөртүшүн кыймыл-аракетке сыйдыруу – сюжеттик сыйымдуулукту күчөткөн. Анткени «ороңдоп» сүйлөп турган эркектин терс эмоциясын өзгөрткөн көркөм деталдын салмагы оор, мааниси терең эле. Наристе – үй-бүлөнүн данакери. Ал эми эр адам үчүн табияттан берилген негизги вазийпасы – тукум улоо бактысы. Аңгеменин идеялык өзөгү эсептелген ушул маселени көркөм жалпылоого келгенде автордун ойдон жаратуу аркылуу жараткан жаңычыл эстетикалык табылгасы – Өсүндү эстетикалык милдетин толук актаган. Жаш келиндин Өсүндүгө өмүр берүү аракети менен наристе күтүп жаткандагы абалынын ортосундагы ассоциациялык байланыш жандуу жаратылыштагы табигый мыйзам ченем. Жубайлардын турмушундагы «бир үзүм» окуя менен өсүмдүктүн бир үзүмү – Өсүндүнүн ички байланышы турмуштагы эң баалуу нерсе өмүрдүн уланышына негизделген. Анын эстетикалык кубаты ааламдагы жаратмандыктын эң эле ыйыгы – өз денесинде жан жараткан энеликтин улуу энергетикасын камтыганында. Болочок эненин тебеленип, «өлүп» кала жаздаган Өсүндүнү жерден алып, ага жашоо бергиси келгени – боюна жаңы бүткөн наристесин күтүүнүн, ага кам көрүүнүн метафорасы. Жан жаратып жаткан мезгилде аялдагы энелик сезимдин ойгонушу. Дал ушул зор идеянын эң эле алсыз, назик, ошол эле учурда табиятында тирүүлүктүн деми бар Өсүндүнүн жашоого умтулуусу аркылуу берилиши окуянын өнүгүшүнүн ички динамикасына импульс берген.
Көбүнчө жаш калемгерлердин аңгемелеринде каармандар ортосундагы сырткы конфликттин тамыры ички конфликтте экендиги көркөм аңдоого алынбай калган учурлар кездешет. Ал эми бул аңгемеде «ороңдоп» сүйлөшүп жаткан жубайлардын ички конфликтиси алардын тагдырын чечүүчү чыңалууга жетип калганы күйөөсүнүн: «Бир үйдө жашап, бир төшөктө жатып эле ажырашып баратабыз» – деген сөзү аркылуу бир гана сүйлөмгө кулпуланган. Жашоого старт алган Өсүндү сыяктуу, аялдын денесинде жаралган түйүлдүк алардын ички психологиялык конфликтисинин оң чечилишине таасир этип, кунарсыз турмушту өзгөртүү кудуретине ээ болуп жатат. Натыйжада окуянын чиелениши оптимизм пафосунда чечилет.
Аңгеменин сюжети кыскалыгына карабай, анда берилүүчү идея ири эпикалык түрлөргө (повесть, роман) тете проблематиканы чече алса, демек, ал жанрдын классикалык үлгүсү дегенге болот. Жаш калемгер Н.Өмүрбаеванын чеберчилиги анын сөзгө сараңдыгынан, сырткы ар кандай ашыкча фрагментке, жасалма сүрөттөөгө берилбей, каармандардын ички сезимин, эмоциясын аңдоо жөндөмүнөн көрүнөт. Аңгеменин аягында гана бир жолу аталганы болбосо, бир да каармандын ысмы аталбайт, алардын ашыкча кыймыл-аракети жок. Диалогдор кыска, бирок экспрессивдүү. Татаал сүйлөм минималдык өлчөмдө, чоң идеяны жөнөкөй сүйлөмдөр менен эле жеткиликтүү баяндоого жетишкен. Мындай жаңычыл мамиле идеяны логикалык бүтүндүктө жалпылоого тоскоол болгон эмес.
Автор, көркөм изилдөөгө алган бир үзүм турмуш чындыгы кайсы темада болсо да, ал тема аркылуу берейин деген идеясынын туу чокусунда – Мекен турат. Аңгеменин окуясы жайгашкан мейкиндиктеги (үйдөгү интерьердин) буюмдардын баш-аламан бытырап жатышы кайсы бир деңгээлде мигранттардын багытсыз жашоо турмушунун, жөн гана акча табуунун аргасында, үй-жайсыз күн өткөрүүнүн элесин берип турат. Дал ушул эпизоддо лирикалык каармандын үйдөгү интерьердин мындай абалы жөнүндөгү: «Бул буюмдар да, бул үй да, жада калса бут алдымдагы топурак да меники эмес. Аныкы. Меники алыста, өз Мекенимде» – деген монологунун подтекстинде мекенсиз жашоонун көйгөйлөрү катылган. Топурактын мекендин метафорасы катары берилиши улуттук менталдык концепция. «Туулган жердин топурагы алтын» деген макалдагы түшүнүк мекендин ыйыктыгын, кымбаттыгын чагылдыруу менен бирге анын адам үчүн таяныч экендигин, атуулдук эркиндикти бир гана Ата Журт толук камсыз кыларын Өсүндү мындайча бекемдейт: «Азыр балкондомун. Кенен, күнөстүү жерде жашап, тез эле өсүп кеттим. Адамдар сүйгөн нерсесин аздектеп турат экен. Жылдыз топурактын эң мыктысын таап келип, мени күрөң түстүү карапа идишке отургузду. Гезитке оролуп базарда турганда өлүп калар бекем деп коркосуң, ыстакандагы сууда турсаң жашап кетемби деп ойлоно бересиң. А тамырың топуракта турганда өзүңдү ишенимдүү сезет экенсиң… Жылдыз көз жарган маалга гүл ачсам, ээ.»
Чыгарманын жаш жубайлардын турмушунда жакшылык болорун сезген гүлдүн кулпуруп өсө баштаганы менен аякташы жашоого жан берген энеликтин сыйкырдуу күчүн назик даңазалоо деген корутунду пикирге келүүгө болот.
Үмүт КУЛТАЕВА,
филология илимдеринин доктору, адабият таануучу
____
Адабияттар
- Кузьмичев И.К. Литературные перекрестки: Типология жанров, их историческая судьба. – Горький: Волго-Вятское кн. Изд-во, 1983.
- Бахтин М.М. Проблемы поэтики Достоевского. 4-е изд. – М., 1979.
- Литературный энциклопедический словарь. – Москва: Энциклопедия, 2014. – 358 стр.