Барпынын ырлары менен дарыланган «Барпычы Чырмаш»

(же төкмөлөрдүн чыгармаларын өздөштүрүүдө аткаруучулук чеберчилик маселесине карата)

Кыргыз элине тагдыр берген касиеттүү көркөм өнөр – манасчылык менен төкмөлүктүн алтын бешиги эл. Аны окутуп-чокутуп, билим-тарбия берип, машыктырып-үйрөтүп жарата албайсың. Бул касиеттүү өнөрдүн касиети ушунда белем, кээде күтпөгөн жерден жаш курагына, билимине, коомдогу ээлеген ордуна карабай, кайсы бир адамзааданын көкүрөк дили ойгонгондо, сезим оту “дүрт” эте тутанганда эл ичинен чыга келет. Ошондой инсандардын бири – Барпычы Чырмаш. Анын азан чакырып атасы койгон Чырмаш ысымына “Барпычы” деген эпитетти эл кошуп берген. Төкмөлүк өнөрдүн өзүнө таандык өзгөчөлүгүн жараткан Барпы апыздын чыгармачылык эстафетасын Таир аксакалдан кийин улантып, эл ичинде анын ырларын өзүндөй аткарып жүргөн Барпы аймагынын ырчысы.

Барпы
Барпы

Чырмаш Кочкоров Барпы апыз туулуп, жашап өткөн Сузак районунун Ачы кыштагында жарык дүйнөгө келип, акындын ыр чөйрөсүндө чоңойгону менен, мындай элдик атакка ээ болорун өзү деле билген эмес. Жаштыкта, мастыкта Барпынын эл ырдаган ырын угуп, кээде элге кошулуп ырдап койчу. Өзү жашаган аймакта Барпы акындын эл чогулган жерде тынымсыз айтылган ыр-дүйнөсү билинбей дилине кыттай орноп жатканын, ал кийин-кийин рухуна канат байлап, аны тагдырына чоң бурулуш алып келерин балалык доор кайдан билсин. Ал апыздын адамдын рухун тазартуучу касиетин эр ортосу элүүдөн өткөндө, жаман-жакшынын даамын татып, өмүрдүн чак түшүнөн ооп баратканда сезиптир.

Чырмаш Кочкоров жаштыктын “алды шаңга, арты муңга толгон” күндөрүнө маани бербей, шапар тээп жүргөндө “досмун” деп, койнуна кирген адам-жыландын уусуна чагылган экен. “Достун” адам көтөрө алгыс кыянатчылыгынан төрт балалуу үй-бүлөсүнөн кечип, талаалап тентип калган. Чыккынчы достун бузукулугу Чырмаштын ырга жакын, сезимтал, назик дүйнөсүнө сыйбай, аны бул жашоодон терс бурулган күндөргө дуушар кылыптыр. Өзүнүн сөзү менен айтканда, дил оорусун эстеп эзилүүнүн ордуна “көңүл алаксыткан аракты эрмектеп, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө (подвалда) өмүр кечиргендерге кошулуп кеткен”. Ошондой тозоктуу күндөрдүн биринде Барпы апыздын ырлары дилине бүлүк салып, өчүп бараткан сезим отун тутандырат; бала кезинде аң-сезимине сиңген, бирок кийинчерээк уктап калган ыр ышкысын ойготот. Барпынын ырлары Чырмашты кыяматтын кыл кепүрөсүнөн алып өтүп, үмүттүү жашоого кайра кайтарат. Анткени ал арактын ордуна Барпынын ырларын эрмектөөгө өтөт. Апыздын ааламына баш багып, андагы ажайып кооздукка, орошон ойлорго арбала баштайт. Барпыны жараткан эл Чырмаштын да кайра жаралышына дем берип, «Барпы апыздын арбагы колдоду сени, акындын ырларын элге жеткиргениң үчүн сен да апызсың», – деген көңүлүн көтөргөн сөздөр менен жанына жөлөк, рухуна канат байлата кайрат беришет да, анын ысмына «Барпычы» деген ысымды кошуп, өмүрдүн жаңы белесине чакырышат. Азыр өткөн күндөрүн жаман түштөй эстегиси келбеген бул ырчы аракты колго кармагандан жийиркенет.

Кайра турмуш күтүп, куттуу очокко ээ болуп, бала жытын искеген Чырмаш өзүн сактап калган “рух дарысы Барпынын ырларын” эл ичинен кумдан алтын издегендей издеп келет. Колу куру эмес. Кызыгы, ал Барпыны гана эмес, Барпы аркылуу адабият дүйнөсүн аралап, акынды изилдеген окумуштууларды кошо аздектегенине баа берүүгө туура келет. Сынчылардын ичинен К. Даутовду туу тутат. Сынчынын “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү” эмгегинен өзүнө жаккан бир нече бетти үтүр, чекитин койбой жатка айтканы сыйлоого татыктуу. Контракт акысын төлөгөн соң, мындай эмгектин баркын билбеген жогорку окуу жайынын студентине зордоп окута албаган бул илимий эмгекти Барпычы Чырмаш жазданып уктайт. Барпыга баа берген башка төкмөлөрдүн, окумуштуулардын залкар ой мурастарын жатка айтып, ырдай төгөт.

Биз Барпычы Чырмаш менен мындан бир нече жыл илгери Жалал-Абад облусуна барган иш сапарда таанышканбыз. Барпы атындагы облустук театрда өтүп жаткан элдик чыгармачылыктын тобунан улгайган киши сахнага чакырылып, ал аткарчу Барпынын «Барнайым» деген ыры экендиги жарыяланганда, чынымды айтайын, апыздын дагы бир көңүл ышкысы обонго салынарын алдын-ала боолголоп, “Мөлмөлүмгө” жетмек беле дегендей, кайдыгер олтургам. Жок, жаңылыптырмын…

Жаңылыштыктын дагы бир олуттуу себеби сезилди. Бул акындар поэзиясына таандык чыгармалардын чыныгы көркөм наркын адамдын дилине (угуучуга, көрүүчүгө, окурманга) жеткирүүдөгү аткаруучунун ролу жөнүндөгү маселе. «Барнайым» сыяктуу Барпыдай нукура таланттын дил кайрыгы болгон кайталангыс чыгарманын текстин окуу аны түшүнүүнүн жарымын камсыз кылчудай… Аны ийине жеткире аткарган аткаруучунун чеберчилиги көрөрманды «айсбергдин» сырттан көзгө көрүнбөгөн ички тереңдигине жетелейт тура! Барпычы Чырмаштын аткаруусунда «Барнайымдын» тексти күүгө келген комуздай көркүнө чыгып, анын апыздын өз обонуна салынышы капыстан келген чагылгандай сезимди силкинтип жиберди. Жазылган тексттен окуган сөздөр ырдалганда, дагы башка кошумча сыйкырдуу күчкө ээ болгондой, жан дүйнөгө жарык чачып, ыр саптарына жашынып алган жаркын ойлор ажарлана улам арбап барат…

Эээ- ээ-ээ!
Базары өтүп өмүрдүн,
Баари өчүп көңүлдүн
Бардаштан тайып турганда,
Барнайым не деп, көрүндүң?!

Түшүмө кирип ар дайым (аа!),
Тумандап турат жаз-жайым

Туңгуюк ойго нур чачып (йе!),

Туш келдиң не деп, Барнайым?!

“Бешимдеп” барат өмүрүм (аа),
Бейишти
эңсейт көңүлүм – деп, сыздаган укмуштуу ыргакты коштогон эне тилдин сыйкырдуу сөздөрү кечиккен махабат арманын, жаш куракты ылгабаган улуу сезим бактысын, тагдыр табышмагын күн шооласындай чачыратып, дилиңди тазартып турса, мындай асыл туюнтмаларды түшүнбөгөндөн улам, «диалект» деп чанган кесирликке жүрөгүң кантип оорубайт?! Көрсө, Барпы колдонгон «гөзал», «баар» (бахар), «бардаш», «ишарат» ж.б. сөздөр жергиликтүү диалект эмес, жалпы түрк тилдүү элдерге таандык орток лексика экен. Ушундан улам Барпынын жалпы чыгыш акындарынан алган таалими, апыздын ой жүгүртүү масштабынын кенендигин камсыз кылып жатканы даана байкалып жатпайбы?! Барпыдагы дал ушул феномен эмне үчүн төкмө акындардын ичинен жалгыз гана Барпы «апыз» (хафиз) наамына ээ болгон? – деген суроого жооп болот. Анын ырларынан кош саптардын бирин-бири толуктоочу касиети кадимки чыгыш поэзиясында бейт жанрын негиздеген, дүйнөлүк адабиятта жаркын талант эсептелген Хафиз Ширазини эске салат.

«Барнайым» илимий жактан бир гана К. Даутовдун “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү” эмгегинде талдоого алынганын билчүмүн. Андан башка бул арзуунун бардык пенде туя албаган, адамзааданын асылына гана таандык ашыктык сезимдин имманенттик купуя сырларын таң каларлык көркөм-эстетикалык деңгээлге чыгарган бул чыгарма жөнүндө илимий макала да жок экендигине өкүнүп, эл ичинен чыккан карапайым Барпычы Чырмаштын Барпыны даңазалооого опол тоодой салым кошуп жатканына, анын аткаруучулук чеберчилигине башымды ийип олтурдум.

Андан калса, төкмө акындарга таандык биз көнгөн обон, ыргактан башка кадимки “Барпы аваз” аталчу ичкилик термелерине таандык өзгөчө обон, ар түрдүү үн толкундары менен коштолгон паралингивистикалык (1) чеберчилик, армандуу махабатты баяндаган көркөм тексттин мазмунуна жарашкан ботосун издеген боз каймал боздогондой муңдуу добуш сезимди чыңалтып, көкүрөктү чарт жарып жиберчүдөй көрүүчүнү эркин ээлеп алат. Түшүнгөн адамга «Барнайымга» ушул обон, ушул добуш, ушул ыргак гана төп келгени ачык байкалат; аны башкача аткаруу маанисин төмөндөтүп, ал эмес ырдын кадырын кетирип салчудай керемет эстетикалык ыракат тартуулоо мүмкүндүгүнө ээ экен.

Аттиң дейсиң, кыргыздын уруулук, аймактык сокур намыс, кесир дымагын жок кыла турган рухий дары качан табылар экен! Мына бу керемет сөздөрдүн поэтикалык касиетин ичкилик говоруна таандык “диалект” деп кераяктанбай, атпай кыргыз баары чогуу түшүнсө кана:

Ишенсең Барпы сөзүнө,
Ишарат берчи өзүмө.
Илабиңдан чыккан от
Ирмеле түшсүн көзүмө.

Атаганат, аралыкты бөлгөн ашуу болбосо, көчмөн турмушта жайыт талашкан көр оокаттын азгырыгынан келип чыккан уруучлуктун сасык саясаты болбосо мындай не бир аяр, жалаң тил каражаты менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон АДАМ СЕЗИМИН “ыр-күзгүсүнөн” чагылдырган бул керемет чыгарманын маанисин жалпы кыргыз бирдей түшүнүү ыракатына ээ болбойт беле?! Апыздын ырларында элдик маданияттын эң бир аяр көрүнүшү таң калтырат. Айталы, «ишарат» белги берүү, бирок белгини ачык, түз, одоно эмес, анын семантикалык маанисинде белгини тымызын, жашырын, аяр берүү боёгу камтылган. Ал эми ырдын кийинки эки сабындагы контексттик түстү караңыз. Эмне деген тереңдик… «Илабинан чыккан от» ички сезимдин, ашыглыкка берилген оң жооптун, жан дүйнө кубанычынын жалындуу аптабы эмеспи.

Төкмөлүк өнөрдү өз касиети менен жандуу аткаруу акындык өнөрдүн да, акындар жараткан чыгармалардын да жаны окшобойбу (биз бул пикирге Барпычы Чырмаштын ырды аткарып жаткан учурун диктафонго жаздырып, угуудан кийин дагы бекемирээк ишенип олтурабыз). Айрыкча, аны оригиналга жакындатууда рухтун кайталангыс көркөм дүйнөсүн жараткан элдик чөйрөнүн башка жактан табылгыс ролу бар көрүнөт. Ошол чөйрөдөн дилине кубат алган Барпычы Чырмаш айтылуу апыздын айрым саптарын “өзүмдүн тагдырым” деп тааныган:

Жашынмак ойноп жыл менен (аа),
Жашап келем, ыр менен.
Жанашкым келет, Барнайым,
Жадыңда жүргөн сыр менен.

Көңүлүм өсүп гүл менен (йе),
Күн көрүп келем, ыр менен.
Күүгүмдө дилге шам жакпайт (оов!),
Күйүттүн сырын билбеген ‒
(сөздөрдү белгилөө биздики ‒ К. Ү.). Бул саптарды аткарып жатканда Барпычы көзүн жума кадимкидей транска кирип, башка дүйнөгө өтүп кеткен сыяктанат. Бактысын да, кайгысын да ырдан тапкан бул адам-пендеси Барпы апыздын “Барнайымында” өз тагдырына кезигип жатса, кантет… Классикалык көркөм чыгарманын сыйкырлуу күчү ушунда эмеспи. “Күүгүмдө дилге шам жакпайт, күйүттүн сырын билбеген” деген сапты, караңызчы, ырдын баркын, тилдин баркын билген адамга эмне деген табылга! Адам дилине түшкөн караңгылыкты жарык кылган сезим отун сездиңиз беле, окурман? Мындай сөз кереметин комментарийлөөнүн кереги жок, анын баасын ар ким акыл парасатына жараша жүрөк менен туйганы оң.

«Барнайым» чынында да, «Мөлмөлүм» эмес. «Мөлмөлүм» жаштыктагы ашыглык лирикасынын туу чокусу болсо, “Барнайым” адам-пендесинин акылга дыйкан, жашоого ойчул, өмүргө сараң курагында келген арзуу сезиминин бир тил жеткис бийиктиги. Анда жаштыктын алоолонгон сүйүү аптабына караганда, токтолуп калган курактагы санааркоонун, өмүргө жылуулук ыроолоп, адам баласына капыстан келген зор бакытка чалкыган сезимди акыл менен башкаруунун өзүнө тиешелүү азабы көбүрөөк:

Көргөнүм үчүн салават,
Көктөм чак жанга аманат.
Көчөнү тоскон бул ким деп,
Кетпесең болду табалап… ‒ деген саптарга келгенде, бул сезим-ышкысы Барпынын эмес, аткаруучунун керт башынан өтүп жаткандай. Ырчынын жаш курагы да тексттин маанисине төп келип, экөө кынтыксыз бир бүтүндүккө биригип кетет.

Ошол эле учурда жашоо философиясына түз караган Барпы акындын тагдырына келген мындай таалайын колдон чыгаргысы келбегендигин, улуу сезимдин адам эркине баш ийбеген табигыйлыгын моюнга алып, мындай арзуу бактысын тартуулаган аруу аялдын тазалыгына болгон таазимин, апыздын ышкылуу демин аткаруучу кошумча каражаттар менен (балким өзүндөй деңгээлге умтула) чегине жеткире жар салат экен:

(Ааааа) Үмүткө үмүт уланат,
Үмүттөн үмүт куралат (йе-е!).
Үмүттүн жолун тосо албайт (оо-в!),
Үркүнбай молдо дубалап…

Токтонгон сүйсө жазабы? (йа!)
Толукшуган тазаны?

Мойсопут сүйсө жазабы? (йе!) (2)
Моймолжуган тазаны?

Бала кезинен баштап Барпынын ыры ырдалган чөйрөдө турмуш кечирүү аткаруучуну акындын өзүндөй дымак, интонация менен ырдоого мүмкүндүк берип, текстке кошулган “ха!”, “йе!”, “аа”, “оо” сыяктуу сезимге от койгон сырдык сөздөр апыздын курч темпераментин, жашоого кумар жаркын жан дүйнөсүн көз алдыга келтирип, төкмөлүк өнөрдүн жан сырларын таанууга мүмкүндүк берет. Акын ырдаганда жан дүйнөсүнө батпай, чалкар көлдөй толкуган акыл-сезимине күбө болуп, ачылып-жабылып турчу Барпынын көкүрөгүндөгү үрүн (ашыкча мүчө) аткаруучу кошумча үн каражаттары ме­нен толуктайт экен.

«Барнайым» эки адамдын эле көңүл ышкысы эмес. Ырда айтылган ойлор сүйүү сезимине кошуп, биз баркына жакшы жете албай, көзүн өткөрүп жиберген бир улуттук даанышмандын философиялык өзгөчө дүйнөтаанымынан кабар берет. Денесинде перзентке жан киргизип, тирүүлүккө өмүр берчү аял кудуретин ааламдагы бири-бирисиз жашай албаган жаратылыш түгөйлөрүнүн жаратман касиетине салыштырган акындын ой чабыттары сөз кунун баалаган кишини эстен тандырат. Аны талдаганды окурмандын өз эркине коёлу:

Барнайым ‒ шоола,
Мен ‒ адыр (аа!),
Барнайым ‒ ноода (3),
Мен ‒ тамыр.

Барнайым ‒ жаркын,
Мен ‒ күңүрт,
Барнайым ‒ сүйүү,
Мен ‒ ашык (йе!!!)

Барнайым ‒ алтын,
Мен ‒ күгүрт,
Барнайым ‒ күйүү,
Мен ‒ жашык.

Барнайым ‒ баар (4),
Мен ‒ жарчы,

Барнайым ‒ шаар,
Мен ‒ дарчы.

Барнайым ‒ жибек,
Мен ‒ кардар (оо-в),
Барнайым ‒ тилек,
Мен ‒ арсар.

Барнайым ‒ асман,
Мен ‒ жапыз,
Барнайым ‒ дастан,
Мен ‒ апыз (ха!!!)

Жашоону чексиз сүйгөн Барпыдай акын гана жоктон бар болбостон, улам түрүн өзгөртүп, жаңы кубулушун жараткан жаратылыштын философиялык мыйзамына ылайык, өзүнүн ар бир ашыглык дартына чалдыгуусун жоголуп кайра табылганга, өлүп кайра тирилгенге тете даңктагандыгын аткаруучу жан дили менен чыгарманын ички дүйнөсү аралап жүргөндөй аткара алат:

(Оо-о) Адашсам дагы акылдан,
Адашпайм сендей асылдан.
Адашсам дагы тумандан,
Адаша албайм кумардан (йе!)
Өзүң ‒ кааба (5),
Мен ‒ сааба (
6),
Өзүң ‒ талаа,
Мен ‒ паана,
Өзүң ‒ алоо,
Мен ‒ калоо (аа!)
Өзүң ‒ жагоо,
Мен ‒ тогоо,
Өзүң ‒ тараз,
Мен ‒ мажас,
Өзүң ‒ аваз,
Мен ‒ кагаз.

_______

1 Паралингивистикапык чеберчилик – үн каражаттарынын өзгөчө мимика, дикция, ритмика, жест менен коштолушу, паузанын, үндүн тонунун тексттин маанисине карата бөлүштүрүлүшү.

2 Мойсопут – токтолуп калган (40-50-жаш) курак.

3 Ноода – дарактын негизги өзөк бутагы

4 Баар – жаз, көктөм

5 Кааба ‒ Мекке

6 Сааба (сахаба) – Мухамед пайгамбардын жолдоштору

 

Үмүт КУЛТАЕВА, адабият таануучу

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.