Махабат Саидрахманованын “Бөлмөсү” менен “Кызгылтым дүйнөсүнө” саякат
Махабат Саидрахманова жазуучу катары 2021-жылы Олжобай Шакир уюштурган “Рухэш” сайтындагы адабий сынакта “жарк” этип таанылды. Адатта, кара сөзгө киришкен калемгер, жаңыдан кадам таштаганда бир эсе жүрөксүп, бир эсе тажрыйбасы жоктугунан улам жөнөкөй чыгармадан баштайт эмеспи. Махабат “чу” деген жерден эле мыкты аңгемелерин – “Бөлмө” менен “Кызгылтым дүйнөсүн” окурмандарга сунуштап, алдыбызга таштап койду. Дегинкиси, прозада чыгармалар көндүм стилде курулат: сюжет, композиция түзүлүп, каармандар, окуялар чыгарманын максатына ылайык кызмат кылат. Кара сөздөгү жандуу сызыктардын (каармандардын басып өткөн жолу) ар бири милдетине жараша белгилүү бир багытта өйдө-ылдый жүрүп олтуруп, кесилишет, кайчы өтөт, кээ бири узун-кыска үзүлөт же уланат. Прозада чыгарма жаратуунун белгилүү бир формуласы ушундай. Ал эми Махабат Саидрахманованын сырдуу каармандары көмүскөдө аялуу катылып, аты-жөнү аталмак турсун, турган турпаты да сүрөттөлбөйт.
Махабаттын “Бөлмөсү” менен “Кызгылтым дүйнөсү” аталашы башка болгону менен, эки башка чыгарма болуп жаралганы менен, экөө бири-бирин толуктап турган дүйнө. Бири-бирин толуктап тургандыгы ушунда, сүйүү тууралуу бир ооз сөз айтпай туруп, жазуучу аялзатынын аялуу сезимдерин жеткире сүрөттөп койгон. Башкача айтканда, жазуучу каармандарынын ким экендигин, кандай экендигин атайын айтпай туруп, аялзатынын арзуусун алдыга алып чыгат. Калаадагы көп кабат үйдөгү бөлмөдөгү аялзаты менен кызгылтым дүйнөгө тушуккан аялзатынын образына, арзууга тушуккан аялзаада атмайдын сырдуу бейнеси катылган.
Бөлмөнү байырлаган ажарлуунун ички драмасын каймана чагылдырган жазуучунун чеберчилиги ушунда, аңгемедеги каармандын сезимдери, жан-дүйнөсү биринчи орунга чыгып, анын турпатын, өңү-түсүн, мүнөзүн, кыялын, бактысын, трагедиясын жазуучунун купуя ишаарасы аркылуу туясың. Бул жерде сырткы калып (форма) мааниге ээ болуудан калып, жан-дүйнө биринчи орунга чыгат дагы, көмүскө ички драма аркылуу ажарлуу айымдын аялуу сезими баяндалат.
Адатта, көркөм чыгармаларда, каармандардын сырткы турпаты кенен-кесири сүрөттөлүп, оң каарман кынтыксыз келбеттин, ажардын ээси болуп, жок эле дегенде түсү ийги сүрөттөлүп, ал эми терс каарман жагымсыз кейипти киет эле. Алгач каармандарын каалагандай кейипте (форма) жасап бүткөн калемгер, анан гана анын ички мазмунуна ишаара берип баштачу. Махабат Саидрахманова көндүм болгон ушул стереотипти кесип өтүп, каармандын ички мазмуну аркылуу чыгармадагы жеке драманы ийне-жибине чейин ийине келтире берип таштаган. Бул – жазуучунун ийгилиги жана табылгасы.
Асем буюм-тайымдар менен кымбат баалуу кийим-кече оң келген жерде чачылып жаткан бөлмөдө үнсүз эки каарман бар: бири – жаш, билимдүү, керилген чырайлуу жан, экинчиси – ушул керилген чырайлуунун ички драмасына күбө болгон бөлмөнүн өзү. Көңүлү келгенде жасанып-түзөнүп, чачылып жаткан буюмдардын арасынын тагынчагын чачына тагып, куштай таранып бөлмөдөн учуп чыккан сулуу, ойго батканда кымбат сигаретин тартып, буюмдарга кошулуп ачык-чачык ар кайсы жерде жаткан китептерди да карап койбогон сулуу, бул дүйнөгө ачыrтагысы келбеген сырдуу дүйнөсү менен жашайт. Каарман аялуу сезимин, алтургай, башпаанек кылган ушул бөлмөдөн да жашырат, жашырганы ушунда, бир да жолу үн чыгарбайт. Үн катпай баарын унчукпай көтөргөн сулуу, бирде күлүп-жайнаган гүлгө айланып, назын чачып, бактылуу жыйлмайып арууланып, а бирде бул дүйнөнүн ак-көгүнө кайдыгер, көңүлү калган тейде терезеде телмирет.
Терезе каармандын жан дүйнөсүн чагылдырган, бирок жазуучу атайылап фокус жасабаган, билинер-билинбес ишаара менен калтырган сырдуу түйүн. Анткени бөлмө күңгөй тарапта, терезеден Күн тиет, ал эми Күн каармандын үмүтү жана тилегинин жашыруун символу. Бирок ошол жаркын тилеги акталбаган үй ээси, терезеден дүйнөнү телмире карап, оң-солго кайыл болуп, бир чечимге келгенден кийин үмүтүн актабаган күнөстүү бөлмөнү жыйып-терип, буюмдарын алып эшигин жаап кетет. Кеткенде, күнөстүү бөлмө божомол кылгандай, ажарлуу каарман жерде жайгашкан жапыз, күңүрт, бирок жайлуу бөлмөгө кетет. Күн тийген күнөстүү бөлмө, каармандын жанынына жаккан, баарына тегиз бийиктен караган, алып-учуп, кайра өчүп турган сезимдерине күбө болгон таалайына жазылган уя болчу. Ал эми кеткен бөлмөсү жапызда жайгашып, жайлуу болгону менен, жашоосу бир кылка тегиз болгону менен күңүрт экени айтылат. Башкача айтканда, Күн тийбеген күңүрт бөлмө сыздуу, нымдуу болоору бышык, каарман андан эртели-кеч кайтып келээри бышык. Ошон үчүн күнөстүү бөлмөгө качандыр бир келээринен үмүт берген креслосу менен килеми калат.
Аңгемедеги негизги дагы бир ишаара болуп, бөлмөнүн бийик кабат үйдө жайгашканы жана анын терезесинен шаардын алаканга салгандай көрүнгөнү. Башкача айтканда, жазуучу, балким өзү да анча билип-билбей, атайлап шөкөттөп олтурбай, ушул бөлмө күбө болгон сезимдин бийиктигин ушул ишаара аркылуу белгилеп өтөт. Адатта, жазуучулар жазып жатканда, окуянын миң тарабын аң-сезимдүү баяндап берген күндө дагы, акыл астында катылган ишааралар чыгараманын сөөгү менен кошо жаралып, жазуучунун көрөңгөсүндө катылган, айтылбай калган жактарын сууруп чыгып, чыгарманын көркүнө көрк кошуп, түрдүү боёк берип коёт.
Калдайган калаада жашаган белгисиз бир ажарлуунун тагдырын чачылып жаткан кийим-кечеси, буюмдары, терезеси, бийик кабат үйдө жашаганы, кээде өчпөгөн чырагы аркылуу психологиялык драмага жеткирүүдө, Махабаттын акыл астындагы көрөңгөсүнөн жаралган сырдуу ишааралар “Бөлмөнү” көркүнө чыгарып койгон.
Махабаттын жазуучу катары дагы бир өзгөчөлүгү, ал жалган, жасалма образды жараткандан жаа бою качат. Кымбат баалуу кийим-кечеси бөлмөдө апырык-сапырык болуп жаткан, кымбат сигерет чегип, үшкүрүгүн түтүн менен кошо үйлөп олтурган, баарына кол шилтеп койгон каармандын образын болгонун болгондой сүрөттөп, дагы бир көндүм стереотипти жокко чыгарды. Аң-сезимдеги мындай төңкөрүш, заманбап кыргыз аялзатынын кайсы бир ирмемдеги бейнесин танып, чанып кабыл алгысы келбеген коомго жана коомчулукка күмүш сырга. Кыргыз адабиятында бала кезинен жумушка бышкан тартиптүү кыздын, кийин камыр жууруп, кир жууган, бала тууп, бешик терметкен ыймандуу келиндин, андан кийин нускалуу байбиченин образын түзүү көнүмүш адатка айланган. Ал образдан алыстаганды коомчулук чийинден чыккан адепсиздик катары кабыл алат.
Кыргыз коомчулугу эске ала турган жагдайды Махабат Саидрахманова “Бөлмөсүндө” астейдил айтып кеткен. Ал жагдай – жыйырманчы кылымдын орто ченинен баштап, кыргыз аялзатынын жаңы доордун шарданы эпкини менен, илим-билимдин ургаалы менен эбегейсиз трансформацияга тушукканы. Бул трансформация кыргыз аялзатынын сырткы турпатын, кийим-кечесин канчалык өзгөртсө, аң-сезимин андан бешбетер өзгөрүүгө алып келди. Албетте, бул өзгөрүү жагымсыз жагдайлар менен да коштолду жана коштолууда (улуттук баалуулуктарды тануу, адеп-ахлак ченеминде чектен чыгуу ж.б.). Бирок, мурдагы, совет заманы менен келген транформация шарданы андан ары уланып, учурда дүйнө кезген кыргыз кыз-келиндери дүйнө элдеринин түрдүү маданияты менен жуурулушуп, андан ары өзгөрүп жатканы факт. Доордун ушундай шарданы менен кыргыз коому өзгөрүп жатканы да факт. Бул өзгөрүү маданият менен адабиятка сөзсүз таасирин тийгизет. Анткени маданият менен адабият коомдогу процессти чагылдырып турган күзгү. Махабаттын “Бөлмөдөгү” каарманы заманбап аялзатынын жашоосундагы бир ирмемди чагылдырып кеткен жана бул бөлмөнүн каарманынан көпчүлүк кыргыз кыз-келиндери өздөрүн көрө турганы анык.
Бөлмөдө кээде күнү-түнү өчпөгөн жарык өзүнчө бир сырдуу түйүн. Кээде күнү-түнү өчпөй туруп калган чырак бөлмө байкуштун тажаткырына айланып чарчатат. Күндүзү да, түнү да өчпөгөн чырак каармандын жеке драмасын көрсөткөн деталдын бири. Анткени ким болбосун кереги жок учурда чыракты өчүрөт эмеспи. Ал эми бөлмөнүн ээси аны этибарга да албайт. Сырткы дүйнө эмне болуп жатканы менен иши жок калган, ага караманча кайдыгер, өз дүйнөсүнө чөгүп кеткен каармандын абалын даана ачып берген ушул чырак. Башкача айтканда, тажаткыр өчпөс чырактын жарыгы – каармандын буга чейинки жашоосундагы жасалма жарыкка, б.а. телегейи тегиз болуп көрүнгөн, эл көзүнө тутунган турмушуна жедеп тойгон аялзатынын абалы. Каарман ошон үчүн чырактын тажаткыр жарыгына кайдыгер жана көңүл бурбайт. Себеби, андай тажаткыр, кутулгус жасалма жарык жашоосунда болгон жана ага көңүл бурбай күн кечиргенге жедеп көнүп бүткөн болчу. Ошол жасалма жарыктан качып келип, үмүт менен күнөстүү бөлмөнү башпаанек кылган аялзатынын абалы жазуучу тарабынан мыкты берилген.
“Кызгылтым дүйнө” сезимтал жандын аялуу дүйнөсун дал өзүндөй чагылдырган өзгөчө чыгарма. Буга дейре гүлдөй назик, мөлтүр, аруу, баёо, ажарлуу деген не бир көркөм салыштыруулар менен берилген сулуулардын образына көнүп калган окурман журту, Махабат Саидрахманованын “Кызгылтым дүйнөгө” тушуккан ажарлуунун өң-келбетин, ажайып дүйнөсү аркылуу туюп, билет. Анткени сырдуу кызгылтым дүйнө, көңүл кушу көпөлөктөй дирилдеген, сезимге аккуудай берилген, куштай таранып учуп-конгонго даяр, гүлдөй назик, аруузат айчырайды гана кабыл алышы мүмкүн эле. Кызгылтым дүйнө – аялзаты тушуккан ажайып сыйкырдуу абал, тагыраагы, тунук арзууга тушуккан сулуунун драмасы. Арзуусу үчүн баарын садага чаап, сүйүүнүн койнунда бактылуу жашайм деген ажарлуунун аруу тилегин кызгылтым дүйнө кабыл албайт. Ажарлуу өзү баалабаган кунарсыз жашоосу менен түгөл болгонун, ошонусу менен баалуу болгонун сырдуу дүйнө туюнтат. Ажарлуу акылдуу жан кунарсыз жашоосундагы адамдар ишенген канат-бутак болчу. Сырдуу кызгылтым дүйнө айчырайга: “Мен сенден кызгылтым дүйнөнү издедим эле…” деп баалуулукту туюнтуп коёт. Тагдырына айланган жакындарына канат-бутак болуп жүргөн кезинде гана кызгылтым дүйнөгө да канат-бутак болгонун, ал үчүн баалуу болгонун соңунда түшүнөт. Адамдын адамдыгы тагдырын моюбай күтүп алганында экенин түшүнөт.
Мына ушул жердеги собол, б.а. өткөнүн чанып, танып келген ажарлууну ажайып дүйнө кабыл албай койгон жери – аңгеменин кульминациясы, түйүндүн чечилиши, жалаңкат сезимдин баалуулук катары жокко чыгышы. Мында, жалаңкат сезим менен жашайм деген жандын эч кимге кызыгы жок калаарын туюнткан чоң собол жатат. Кудай берип, тагдырына айланган жакындарына канат-бутак болуп бере албаган, өзүндөгү баалуулукту баалай албаган, жалаң сезим менен жашайм деген жалаңкат жандын кызыгы жок калаарын туюнткан астейдил накыл жатат. Махабат Саидрахманова алакандай аңгемеде, сырдуу дүйнөгө тушуккан ажарлуунун мисалында, көптөр сабак ала турган соболду каармандын көмүскө драмасы аркылуу туюнтуп койгон. Бул чеберчилик жазуучу катары жетилген калемгерге гана таандык.
Мына ушундай мыкты чыгармаларды жаратуу үчүн жазуучу катары бышып жетилиш керек, бул жашоонун ак-карасын ылгап калган туюм керек, аялдык касиетти аспиеттеп туюнта алган чеберчилик керек. Ушул сапаттардын бардыгы жазуучу кызда бар. Махабатка ийгиликтерди каалап, мындан ары да жакшы чыгармаларды жарата беришине тилектешпиз.
Рахат АМАНОВА, 29.07.2014