50 жыл сакталып, тагдыры Барпычы Чырмашка тапшырылган махабат…

2-макала (1-макала)

Барпычы Чырмаш “Барнайымды” аш-тойлордо кумарлана аткарып, апыздын ырын сүйгөн элдин көңүлү көтөрүлгөн маанайда, көпчүлүк “дагы” деп суранып калса, анын токтолбой төгүп кирчү дагы бир ыры – Гүлайим ([1]). Аталган ыр акындын чыгармалар жыйнагында жок. Бул ырдын тарыхы жөнүндө аткаруучу мындай дейт: “Адаттагыдай айылды сагынып, Ачыга барсам, Барпы апыздын жакын туугандарынын бири, биздин үйгө коңшу жашаган Айдар аба чакырып калды. Барсам, ал киши мындай дейт:

— Чырмаш балам, апыздын (Ачыда карыялар Барпынын атынан айтпай, апыз дешет) ырларын ырдаганың жакшы болбодубу. Анын кадырын биз билбесек, ким билет. Сен ырдаган сайын бала-чаканын кулагына сиңе берсе, ал ырлардын дагы өмүрү узарат эмеспи – деди, мага ыраазычылык билдиргендей.

Бир азга тунжурап ойлоно түштү да, мындай өтүнүчүн билдирди:

— Менде эч кимге көргөзбөй 50 жыл катып жүргөн бир ыр бар, ошону ырдасаң болот эле…

— Бериңиз аба! Мен эртең эле ырдайм – дедим, табылган олжого куба-нычымды жашыра албай.

— Берерин го берем, бирок сен аны эртең эле ырдаба. Бул ырды азыр ырдаганга болбойт. Менин келин-кесегим, кыз-кыркыным күлбөйбү, мага уят да!

— Эмнеге күлөт?

— Ырдын өзүнчө тарыхы бар.

— Анан качан ырдайм?

— Мен өлгөндөн кийин…

— Сиз качан өлөсүз? – дептирмин, чочуп кетип, колума тийген бир олжомду тарттырып жиберчүдөй алдастап. Орунсуз (адепсиз) суроо бергенимди сезип, осол болуп, эмне дээримди билбей туруп калдым. Айдар абам ойлуу жылмайды… Кудай жалгап, оозума сизден мурун мен өлүп кетсем, кандай болот? – деген сөз келбедиби. Муну менен өз айыбымды жууй салайын дедим окшойт.

— Сен өлбөйсүң, – деди аксакал. Ырчылар өлбөйт, өлсө да алардын өмүрүн эл узартып турат. Ошону үчүн ырдын тагдырын сага тапшырайын деп, сени чакырып отурам. Ал ыр апыздын оозунан чыккан, болгону мен жазып алгам. Ыр – апыздыкы. Сен ырдасаң, элге сиңип кетет. Эл ичинде ырдын өмүрү узарат. Бул менин сага айтар жан сырымдын аманаты.

Айдар абам айткан ырдын төркүнүн толук түшүнө албай ден-дароо болуп турганымда, ал ырдын тарыхын мындайча баян этти:

— Мага коңшу турчу Сапарбектин карындашы Гүлайим эжеңди билесиңби?

— Билем.

— Азыр ал Барпыда жашайт, бала-чакалуу. Бул ырдын каарманы – ошол. Мен Гүлайим 15ке чыкканда ашык болгом. Көзүмө от көрүнүп, күндүзү оюман, түндөсү түшүмөн кетпейт; жанына барганда сүйлөй албай сүрдөп, бүт денемди калтырак басат. Артынан акмалап, кечке караанын издеп, көзүмө көрүнсө бир тиктеп алганыма кубанам. Көпкө азапка түштүм. Ошол кезде ашыктар бири бирине ыр менен кат жазар эле. Же ыр жаза албайм. Мен ошентип кыйналып жүргөндө Гүлайимдин бир күнү тою түшүп, турмушка чыгып кетти. Ансыз деле азапта жүргөн жанымды коерго жер таппай, ичим ачышты. Түндөсү уйкум качты, күндүзү тынчым кетти. Уйку же ойгоо экенимди билбей таң атырам. Ичимдегини эч ким менен бөлүшө албай, туттугуп, жашоо кызыксыз болуп калды. Ашыктыктын күчүн карабайсыңбы, 15 жаштагы кызга айта албаган сырымды ал турмушка чыгып-кеткенден кийин кимдир бирөөгө айткым келди. Айтпасам ооруп калчудай түрүм бар эле. Ойлонуп олтуруп, кайраттанып Барпы апызга бардым. Акынга барып: «Аба, мага ыр жазып бересизби?» – дедим. Мени ойлуу тиктеп калганда, ички сырымды апызга төгүп берип, эс ала түштүм.

— Апыздын улуулугун кара! Мени шылдыңдап күлбөй, кайра сырыма кунт коюп кулак төшөп, ошол замат, эле «жазып ал, балам» – деди. Ырды жаздырганым менен аны Гүлайимга бере алган жокмун. 50 жылдан бери табериктей менде сакталды. Ошондо апыз төккөн ыр ушул, – деп саргайып калган кагазды сунду. Ошондо пайгамбар жашына келип калган Айдар абама жарым кылым жан кишиге билгизбей сактаган аялуу жан сырын бир гана ырчыга ыраа көрүп, тапшырып жатканына ыраазы болдум. Анын үстүнө апыздын эл ичинен табылган ар бир ыры мен үчүн баалуу байлык эле. Ошондуктан абдан кубандым. Абама ырды аспиеттеп сактап, жаттап, сөзсүз элге алып чыгам деген убадамды бердим. Жарыктык кишинин ушунча жыл көкүрөгүндө кирдетпей сактаган арзуусу кеч да болсо ашыгына жетерине кубандыбы, көзүндөгү «жылт» эткен учкун жүзүнө жарашып, бир оор милдет аткаргандай, көңүлү жаркый түштү.

Кагаз жыртылайын деп үлбүрөп араң турат, бирок жазуусу даана экен:

Беш колума cap келген,
Бармагымсың Гүлайим.
Мээнет менен көбөйткөн,
Чарбагымсың, Гүлайим.
Атыңдан айтсам, эл билет
Ашыгым десем, ким билет?
От боюнда бөз күйөт,
Көңүлүм кетип, көз күйөт,
Жалт карасаң ич күйөт…
Оббо сулуу, Гүлайим
Ич күйгөнду билбейсиң,
Көбүн көзгө илбейсиң,
Күлүмсүрөп сүйлөйсүң.
Жашыл жибек чаласың,
Жайдар көз Гүлай баласың.
Жашчылыктан ырдасам,
Жалжылдап тиктеп каласың.
Кызыл жибек чаласың,
Кыйгыр көз Гүлай баласың.
Кызыглыктан ырдасам,
Кылгырып тиктеп каласың.
Ак кыйгырдай жем жейсиң,
Адамды көрүп дегдейсиң.
Айнектей сулуу, Гүлайим,
Айтышкан жерге келбейсиң.
Боз кыйгырдай жем жейсиң,
Бозойду көрүп дегдейсиң.
Бойго жеткен Гүлайим,
Болжошкон жерге келбейсиң.
Айтып ырдап жүргөнүм,
Гүлайим, сенсиң, сүйгөнүм.
Сени ойлоп дайым жүрсөм да,
Канаке, дардим билгениң?
Көпшөгөндөй боюң бар,
Кош алма бүткөн койунуң…
Армандуу ырдап болдум зар,
Ай чырайлуу Гүлайим.
Акыры болсоң сүйгөн жар,
Жашылды кийген боюңдан,
Жай кетпейсиң оюмдан.
Жайдары бала Гүлайим,
Күтөм сенин жолундан.
Кызылды кийген боюңдан,
Кыш кетпейсиң оюмдан.
Кымбат баа Гүлайим,
Кармагым келет колуңдан.
Суу көтөрген мүрүңдөн,
Батма-Зуура пириңден.
«Койчу!» – деген тилиңден.
Уксам дейм азем үнүңдөн.
Агын дайра улуу суу,
Кечелиби, Гүлайим?
Макул болсоң биригип,
Кетелиби, Гүлайим?
Ай тоодон чыгат кылайып,
Айда ырдадым муңайып.
Айда ырдасам билбедиң.
Оббо сулуу Гүлайим,
Айтканыма кирбедиң.
Күн тоодон чыгат кылайып,
Күндө ырдадым муңайып.
Күндө ырдасам билбедиң,
Оббо сулуу Гүлайим,
Бир кылчайып күлбөдүң.
Ай төбөдөн кыядан,
Алтындан сенин пиалаң
Айда айлыңа барууга,
Оббо сулуу Гүлайим,
Сенин алганыңдан уялам.
Күн төбөдөн кыядан,
Күмүштөн сенин пиялаң,
Күндө айлыңа барууга
Оббо сулуу Гүлайим,
Сенин күйөөңдөн уялам.
Айлындын үстү Ташмойнок,
Айылдаш болсок бирге ойноп.
Үйүңдүн үстү Ташмойнок,
Үйүбүз жакын бир болсок…

Ырдын тагдырына жоопкерчиликти сезген Барпычы ошол көз ирмемди мындайча эскерет: «Абам ырды берип жатып дагы бир жолу: «Менин көзүм өткөнчө ырдабайсың» – деп мойнума милдет такты. Көрсө, жарыктык кишинин жаны да өзү жан сырын катып жүргөн кагаздай үлбүрөп турганын билбей, катуу айткан сөзүмө эмдигиче өкүнүп жүрөм.

Ырды окусам, чыныгы ашыктыктын илеби бар экен. Болгондо да жактырган кызга ачык айта албай, азапта жүргөн жаш уландын ышкысы, ички толгонуулары, анын эркине баш ийбеген сүйүүнүн албуут күчү берилиптир. Ал эми жаш кыздын ал ашыктыктык тууралуу кабары жок экендиги да байкалып турат. Тез эле жаттам алдым. Бирок элге ырдай албай, өзүм жалгыз отурганда эрмектеп ырдап жүрдүм.

Эки жылга жетпей Айдар аба оо дүйнө кетти. Убадамды так аткарайын деп, ал кишинин кырк ашы өткөндөн кийин элге ырдап кирдим. Абамдын арбагы ыраазы болсун дедимби, билбейм, башка ырдын баарын токтотуп, «Гүлайимди» тойлордо какшап ырдап калдым. Ошентип дагы бир жаңы ырыма маашырланып жүрсөм, бир күнү мага атайын киши келбеспи. Аны ырдын каарманы Гүлайим эже жибериптир: «Чырмаш деген жинди чыгып, мен чебере көргөн курагымда элге шерменде кылмак болду. Ырын токтотсун!» – дептир.

Мен «жол эки анжы болсо, жолбун иттин башы маңгы» болуп арсар абалда калдым. Ырды ырдагым келет. Анын үстүнө абамдын «ырда» деген керээзи бар, мойнумда. Антейин десем айылдаш жашаган Гүлайим эжем таарынса, эмне кылышым керек? – деп ойлонуп жүрүп бир күнү элге салдым. Эл мени колдоп кетти:

— Ырда эмне айып, сенде эмне айып? Гүлайимди бизге кой, – дешти, байбиченин курдаштары.

Бир күнү айылдагы мааракеде Гүлайим эже менен жолугушуп калдык. Мен бетиме түкүрбөсө болду деген ойдо кооптонуп, чочулап тургам. Жок, теңтуштары түшүндүрүп койсо керек: «Бүгүн да мени ырдайсыңбы, Чырмаш» – дейт, күлө багып тиктегенде, эс ала түштүм. Ошондо ичимен элге чексиз ыраазы болдум. Чыгарманын да, адамдын да, ырчынын да кадырын эл билет экен. Ошондон бери «Гүлайим» «Барнайымга» өзү эле түгөй болуп алды. Би-ринчисин баштасам да, экинчисин баштасам да түгөйүн эл өзү сурайт».

Ырды аткарган соң, өзүнө чыгармачылык канаат алган аткаруучу бир жагынан, абасынын керээзин аткарганына, экинчиден, ырды элге жайылтып, ага өмүр тартуулаганына курсант.

Барпычы ырларды жыйноо менен бирге, аны дароо эл ичине ырдаганы маанилүү. Көбүнчө эл ичинен сүйүү ырлары көп кездешет экен. «Издей берсе анын аягы бүтчүдөй эмес» – дейт, Барпычы. Бул көрүнүш бир жагынан апыздын махабатчыл адам экенин дагы бекемирээк далилдесе, экинчиден, дегеле ашыктык лирикасынын өмүрү башка ырларга караганда узун келет окшобойбу. Анткени бул ыр эл ичинде аткарылып олтуруп, элдин көкүрөгүнө жат болуп калса керек. Андай ырлар муундан муунга өтүп олтуруп, өзүнүн угуу аудиториясын да өзү кеңейтип жибергендиктен, ашыктык лирикасынын эл ичинде сакталуу мүмкүнчүлүгү да чоң көрүнөт.

Барпычы Чырмаштын аткаруусунда апыздын чыгармалар жыйнагына кирбеген ырлары жалгыз эле «Гүлайим» эмес. Эл ичинде андай ырлар көп экенинде талаш жок, бирок аны билген адамдар улам азайып баратканы өкүнүчтүү. Кыргыздын «бири кем дүнүйө» философиясына ылайык, Барпычы Чырмаш да бул маселеде бир топ кечиккени байкалат. Ошентсе да барына каниет. Анын аткаруусундагы апыздын дагы бир адамды ойго салган ыры тууралуу кийинки макалада сөз болсун.

Үмүт КУЛТАЕВА, адабият таануучу

_______

[1] Барпы апыздын 2008-жылы басмадан чыккан Чыгармалар жыйнагында «Гүлайым» аттуу ыр менен чаташтырбоо керек. Бул ырдын жеке тарыхы бар, тексти такыр башка.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.