Ыр төгүп жатып жан берүү… Апыздын акыркы ыры
Барпычы Чырмаш «Апыздын акыркы ырын» ырдаган учурда эл бир дем менен уюп да, муюп да тунжураган тынчтыкта угат. Аталган чыгарма Барпынын чыгармалар жыйнагында жок. Анткени менен ырдын апыздыкы экендигин Барпы жөнүндөгү изилдөөлөр да [1, 276-278], чыгарманын мазмуну да айныксыз аныктап турат.
Ырдын ырдалуу мезгили жөнүндө Барпычы Чырмаш мындай дейт:
«1949-жылы Барпы апыз ооруп калат. Ошондо райондун жетекчиси орус улутундагы адам экен. Акынды поезд менен Фрунзеге жиберген. Борборго жеткенде темир жолдун боюндагы ооруканага жаткырышкан экен. Ал жакта сот окуусунда окуп жүргөн барпылык (ал кезде – Таштак) Сатыбалды деген адам жана Түмөнбай абабыз (Байзаков) тосуп алышып, ооруканага келип, акындын алын сурап турушкан. Алар көзү өтөр күнү да жанында болушкан. Ошол күнү таңга маал ушул акыркы ырын узакка төккөн экен. Ушул эки адамдын эсинде калгандары, ооруканадагы адамдардын эсинде калгандары жазылып калган» [2].
Ушул эле маалымат менен бирге «Барпыны акыркы сапарга узаткан адам» аттуу Сатыбалды аксакалдан алынган интервьюда Барпы акындын чыгармачылыгына байланыштуу маанилүү фактылар айтылган:
Биринчиден, башка эмгектерде айтылбаган апыздын чыгармаларын жаздыруудагы Кыргызстан КП Сузак районунун 1-катчысы Федор Кузьмич Зеленскийдин салымына абдан даана баа берилген. Анткени, Ф.К.Зеленский Кыргыз ССР Жогорку Советинин экинчи чакырылышына 1946-жылдын аягында депутат катары көрсөтүлүп, «Большевик» колхозуна аны Сатыбалды аксакал коштоп барган. Эл чогулган жерде Барпыны ырдатып, эл угуп отурган. Депутатка талапкер эл менен жолугушуу учурунда Барпы акындын ырдаганын угуп, Ф.К.Зеленский (ал кыргыз тилин жакшы билген) апызга өтө жогору баа бергенин, «…кыргыздар бул зор талантты баалаганды али биле электиги» тууралуу айткан сөзү өмүр бою бул адамдын кулагында жаңырып турган экен [1, 278].
Экинчиден, Ф.К.Зеленский Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгондон кийин, сессияларда Барпы жөнүндө дайыма маселе койгондуктан, 1947-жылдан тарта апызга өзгөчө көңүл бөлүнө баштаган. Фрунзеге чакырылып, эки ай бою чыгармалары жазылган убакта ал айтылуу акын Жусуп Турусбековдун үйүндө, анын аялы Гүлсүн менен апыз ата-баладай жылуу мамиледе болуптур. Ал кезде Гүлсүн айым СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалында фольклордук фондуну жетектеген. Үйүндөгү кудай конок – Барпы акынга урмат-сыйын арнаган бул аялга апыз «Гүлсүн кызым» деп мээрим төккөн экен.
Чырмаш ырчы айткандай, ал кездеги студенттер: Сатыбалды аксакал Түмөнбай Байзаков менен бирге акынды тосуп алганын мындайча эскерген:
«1949-жылы сентябрь айында Байзаков Түмөнбай мага бир телеграмма алып келди. Анда мен борбордогу юридикалык мектепте окуйт элем, мектебибиз Дзержинский бульварында болчу. Түмөнбай пединститутта (кийин университет болду) окучу. Телеграммада Барпы ооруп Фрунзеге келе жатканы, поезд жана вагону жазылган экен. …Түмөнбай Барпыны вокзалга барып күтүп алалы. Оору адам баса албаса, экөөлөп көтөрөбүз деди. Мен макул болуп, экөөбүз Жалал-Абад – Фрунзе поездин күтүп, вокзалга бардык. Телеграммада жазылган вагонду таптык. Бир медсестра коштоп келген. …Барпыны көтөрүп түшүрдүк. Денесинин бир тарабы (бир кол, бир буту) иштебей калган экен. Вокзалдагы медпунктка көтөрүп келдик. Түмөнбай Жазуучулар союзуна телефон чалды. Осмонкул Бөлөбалаев баш болгон бир топ кишилер келишти. Осмонкул Барпы менен ырдап көрүштү» [1, 278].
Жогорудагы интервьюда улуу акындын 9-ноябрда көз жумганы, сөөгү Жусуп Турусбековдун үйүнөн чыкканы, ошондой эле Барпынын сөөгү килем жабылган «ЗИС-5» маркадагы машина менен Ала-Арча кабырыстанына музыканын коштоосунда узатылганы так айтылган.
Дал ошол оо дүйнөгө сапар тартарын зирек акылында туюп турган залкар акын 9-ноябрь күнү таңга маал акыркы демин кайрат менен жыйнап, төгүп ырдаган ырына жогоруда аты аталган эки студент күбө болгон. Оопасыз дүйнөнүн оюну бүтүп, тирүүчүлүк менен, өмүр менен коштошоордо бул асылзаада адам эмнелерге ой токтотту эле?!
1. Апыздын акыркы ой-туюмун ээлеген нерсе анын туулуп-өскөн айылы Ачы болуптур:
Э-эй,
Жылгага бээсин байлаган,
Жылдыздай болуп жайнаган
Элим калды Ачыда.
Арпа буудай айдаган
Жерим калды Ачыда.
Тал чыбыктай буралган,
Келин калды Ачыда.
Адырдын көркүн чыгарган,
Гүлүм калды Ачыда.
Биринчи жолу ырдаган,
Үнүм калды Ачыда.
Киндик каным төгүлгөн,
Алтын өңдүү көрүнгөн,
Өскөн жерим Чоң кыштоо
Ал дагы калды Ачыда,
Буйрабы кудай көз жетпейт
Кайрылып ага барышка.
Мисте мазар бейитте
Мүрзөсү калды кызымдын.
Күндө үч маал жыттаган,
Күрмөсү калды кызымдын.
Ак сакалын бапайткан,
Чалдар калды Ачыда.
Мотураңдап ойношкон
Балдар калды Ачыда.
Көз алдымда чубурат,
Ачыда өткөн жылдарым.
Калайыкка таанылып,
Кырманын ырдын жыйганым.
Той-аштарда солкулдап,
Топту жарып ырдадым.
Өз элинин, жеринин атын алыска, ал эмес ааламга угузууга жөндөмдүү, улуттун АР-НАМЫСЫ укугуна ээ боло алчу адамга гана ӨЛҮМ алдында туулган жердин келбети ушундай көз алдыга келет белем, апыз «киндик каны төгүлгөн, алтындай болуп көрүнгөн» Ачынын кымбаттыгы анын келбети, пейзажында гана эмес, анын наркы айылда калган «биринчи жолу ырдаган үнү»; «калайыкка таанылып, ырдын кырманын жыйганга шык берген касиети, той-аштарда солкулдап, топту жарып ырдаганы» менен, жалындуу жаштыгы өткөн жагымы менен, ошондой эле перзенти токтобогон (Барпынын 23 перзенти чарчаган) жеке трагедиясы – «Мисте мазар бейитте калган кызынын мүрзөсү», көкүрөккө улуу сөздү уюткан чалдары менен, тирүүлүктүн учугун улаган балдары менен бааланат. Ачы апыз үчүн адамдык «менинин» символу. Тирүүлүк менен коштошордо кыйылып, кыя албай турган кымбаты Ачынын элеси эркин ээлеп турган. Ырдын текстин карап олтуруп, эгер Барпы орто кылымда жашаган дуйнөлүк адабияттын шедеврлери: Рудаки тоо койнунда жайгашкан Рудак айылын, жупуну айыл Ширазды Саади менен Хафиз, Азербайжанын аймагындагы Ганджа шаарын Низами өз ысымдарына кошкон сыяктуу Ачыны, сөзсүз, атына кошуп, Барпы Ачы Апыз атамак деген ойго кетесиң. Анткени ырларында өзүн «апыз» атаган саптар кездешет. Балким, орус фамилиясы бизге саясатка жараша таңууланбаса, ХХ кылымда деле Барпы Ачыны өз аты менен бирге алып жүрмөк. Апыздын дал ушул жан таслим болор күнү ырдаган ыры (советтик идеологияга ылайык) анын Токтогулдун шакирти эмес экендигин дагы бир жолу далилдейт; ал өз табиятында чыгыш акындарына жакын экени кадимкидей көзгө урунат. Апыздын ырларында түштүк диалект сөз катары бааланып келген көп сөздун кору (аваз, гөзал, баар, бардаш, ишарат, жаннат, кааба, сааба, салават ж.б.) сөздөр жалпы чыгыш поэзиясында жыш колдонулганы азыр ашыкча далилдөөгө муктаж эмес. Бул тууралуу сөз баккан, кыргыздын даанышманы деңгээлине чыккан Кусейин Карасаев:
«…Барпыны башка жаздап окуп чыгууга туура келди. Окуп алып таң калганымды айтпа: кызылдай эле кен экен. Албетте, ал бардык чоң акындар сыяктуу эле терең изилдөөнү, кеңири чечмелеп берүүнү талап кылат. Мисалы акын мынтип ырдайт:
Жаннаттын гүлү жыттанган,
Жигиттер көрүп суктанган.
Жаным сүйгөн Дилбарды,
Жетелеп кетсем куптандан.
…Асты сызылган сөздөрдүн төркүнү араб, фарсы тилдеринен кирген. Айталы, «куптан» десе эле диний түшүнүктү элестетебиз, чынында ал фарсы тилинде «караңгы» дегенди билдирет».
2. Оо дүйнөгө сапар тартарда биринчи элеси маңдайына келгендей, сезимине бүлүк салган туулган жери болсо, экинчиси бир боор эли болуптур. Жердин алыстыгынан «калың төөлөс эли», анын ичинде «курдаштары – «эгиз туулган козудай Осмон менен Козубайдын» калдайып караан болуп турбаганына кейиген экен, кайран кашкөй акын. Ошентсе да, алардын өкүлү катары жанында турган Сатыбалды менен Түмөнбайды эш тутуп, узап кеткенче жанында болуусун суранган:
Көзүм көрбөй тумандай,
Жакынсың мага Түмөнбай,
Оңоломбу же жокпу?
Ал мен үчүн күмөндөй.
Ар нерсе келет көңүлгө,
Ишенич кыйын өмүргө.
Өзүм сезип турамын,
Нур калган жок өңүмдө
Сатыбалды сен дагы,
Билбепмин мындай экенин
Эми көрбөйт окшоймун,
Кең Ачы менин мекеним.
Гүлкайыр гүлдөп ачылган
Ажырадым Ачыдан.
Кокус кетсем бул күнү,
Сатыбалды, Түмөнбай
Экөөң болгун жанымда.
3. Апыздын эл-жерден кийин аздектеген асылы рух дүйнөсүнөн сызылып чыккан ырлары эле. Ырларын жазгандар анын жанына жакын бир боору болуп калгандыктан, ошолорду көрүп, коштошкусу келген. (Барпы менен 1946-жылы, 11-августа Медина Искендеровна Богданова менен кезиккенин, анда фольклор жыйноочу катары акындын ырларындагы диалект сөздөргө көңүл бурулгандан уламбы, ал жөнүндө эмнегедир сөз жок). Ырларын биринчи кагазга түшүргөн Ташполот эсине келип, аны менен кошотошо албай кетип баратканына өкүнөт:
Ташполот иним балдардан
Биринчи ырымды жазгандан
Аскердик милдет аткарып,
Алыста жүрөт ал дагы,
Келе албайт окшойт чагымда,
Учурашып калышка.
Өмүрдү кудай береби?
Эми мындан быякка,
Ырдашка тилим келеби?
Акыркы деми менен ырларына санааркап, жазылбай калган ырларынын тагдырына бушайман болгонун окуганда, окурмандын дили сыздайт. Ошентсе да акыркы карманары Түмөнбайдын жанында турганына каниет кылып, ага ак батасын берип, жан сыры болгон керээзин айтат:
Ук, Түмөнбай сөзүмдү,
Азыраак сенде ыр калды.
Ачылбаган сыр калды.
Ак карга көзүң карыгат,
Алдыңа минсең аргымак,
Ачыдан барып сугаргын.
Өмүрүң берип, Түмөнбай
Арбактар колдоп узарсын!
Эгер текстке ой токтотсок, Түмөнбай жазып алган ыр «азыраак» гана, ошондуктан ырларынын «сыры» ачыла элек. Түмөнбайды Ачыга барып, эл ичинен дагы ырларды жыйнаса деген ниетин билдирет. Бирок эл ичиндеги көп ырлары жазылбай калганы мезгил өткөн сайын далилденип келет. Демек, улуттук адабияттагы чыгаан сынчылардын акыркы корифейи Кадыркул Даутовдун Барпы боюнча жазылган эмгектерге берген баасы:
«Акын дүйнөсүнүн имманенттик күчү ички өзөктүк табияты жана аларды ичкертен шарттап өмүр берип келаткан жандуу булактар менен сырттан өздөштүрүлүп кошумча азык, кошумча түрткү болуп кеңири масштабга жол ачкан омоктуу факторлорду конкрет далилге тартып бермейин, баары бир Барпынын өзгөчөлүгү ачылбайт. Анын абдан жогору турган дил сабаты менен ойлоо, ырдоо, сүйлөө манерасынын сыр түйүнү ошол жактарда жатат. Ансыз Барпынын чыныгы философиялык тереңдиги да айсбергдин алды (белгилөө – биздики ) болуп кала берет» [3, 6] – деген пикири менен макул болууга туура келет.
4. Барпы болгону 65 жыл өмүр сүрдү. Апыз акылга дыйкан кезинде, чыгармачылыгы гүлдөп турган кезде дүйнө салганы анын көкүрөгүндө арман бойдон өзү менен кошо кеткен экен:
Көөдөнгө батпай ташкындайт,
Көз жара элек ырларым.
Оо дүйнө кошо кетеби?
Ачыла элек сырларым.
Байлыгымды баа жеткис,
Калтыра албай калкыма
Жатканыма ыйлаймын.
Өзөгүмдү өрт каптап.
Баратканга сыздаймын
Апыздын мындай армандуу өмүрүнө анын башка пендеде кезиге бербеген ашыкча мүчөсү – көкүрөгүндөгү ур себеп болгону да документалдуу материалдар менен тастыкталган. Бул тууралуу кызы Бурул Парпиева мындай деп эскерет:
«Атам көкүрөгүндөгү урун табыпка барып алдырып кайткандан кийин эле иш оңолбой калды. Чамасы, ошол урда колдоп жүрчү бир касиет бар окшойт. Күн өткөн сайын өңүнөн азып баратты. Кээде ойлору чачылып, сөзүнөн жаңылып калчу болду…» [1, 278].
Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, Барпы ырды кара нөшөрдөй төгүп, илхамы күүгө келип ырдап жаткан учурда көкүрөгүндөгү уру жүрөктөн талаша кырк тамырын солкулдата согуп, кыймылга келип турган. Чынында эле апыздын ырларындагы көздүүдөн мыкты көргөндөй, аалам кубулуштары тууралуу ой жүгүртүүсүнө, махабат ырларындагы көркөм-эстетикалык табылгаларына дал ушул урдун касиети жардам береринде шек жок.
5. Апыз өмүрүндөгү арман-асирети менен бирге бул жашоодон канаат алып кетүүгө дем берген кубанычы да бар эле. Ал – анын ырларынын келечегине болгон ишеними. Ошондуктан актыкка моюн сунуп жатканда ошол ишеним көңүлүнө кубат берип, рухуна канат байлатып, түрүүлүккө ыраазы болуп кетүүгө себеп болгон экен:
Акындыгым баалашып,
Айылдан чыгар балдарым.
Өнөрүмдү баркташып,
Өткүр чыгар балдарым.
Тагдырыма бир келген,
Башчы чыгар балдарым.
Кадырымды түшүнгөн,
Катар өсөр балдарым.
Ырларымды иликтеп,
Ыгы келсе изилдеп,
Катчы чыгар балдарым.
Сокур мендей апыздын,
Сообун алар балдарым.
Сезимимдин курчтугун,
Акылымдын тунугун
Айтып калар балдарым.
Көзүм өтүп кетсе да,
Көзү жок мендей акынды,
Кадырлашар балдарым.
Элим барда намыстуу,
Унутулуп калбасмын.
Жакын калып баратат,
Ак кепинге оронуп,
Жер алдында жатарым.
Түгөнүп калды көрүнөт
Тирүүлүктө сапарым.
Тексттен көрүнүп тургандай апыздын акыркы ырынын дал ушундай пафос менен аякташы изилдөөчүлөргө зор милдет тагат. Демек, Барпы апыздын наркын баалоо келечектин иши.
Үмүт КУЛТАЕВА, адабият таануучу
Адабияттар
- Барпы: Изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор. /Түз., баш сөзүн жазган Б.Шамшиев. –Б.: Кырг. Энциклопедиясынын башкы ред., 1994.
- Ютуб: Барпы айылында жашаган Чырмаш Кочкорбаевдин аткаруусунда М.Арстанбек 2016-жылы “Ош-пирим” телеканалынын студиясында жаздырып алган.
- Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү: Монография – Б.: Басма Тамга, 2003. – 6-б.
- Парпиева Б. Атама миң мертебе ыраазымын / Китепте: Барпы: Изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор. /Түз., баш сөзүн жазган Б.Шамшиев. –Б.: Кырг. Энциклопедиясынын башкы ред., 1994.- 239-244-бб.