Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “Орус келин”

аңгеме

Турдукан жеңе желедеги бээлерди саап келди. Чаначтагы кымызды бышып жиберип, эки кол чаначка бөлүштүрүп куйду. Гардимга [1] толо кымыз куюп, ирегеде ээр каптаганы уй терисин аштап олтурган эрине сунду. Ушуну эле күтүп олтургансып эри бир гардим толо жаңы кымызды бир тартып жиберип, ашталган терини бүктөп, чыгдандын бир бурчунда жаткан ташка жибий берсин деп бастыра салды да, өөнгө [2] жөнөшкө камынып калды. Эки кол чаначты ээрге теңдей артынып, жуурулган эки карын майды куржундун эки көзүнө теңдей салып, кыя жолдогу ылдыйыш жол менен өөнгө түшүп кетти.

Жайлоого чыкканына бир жарым ай толбой жатып, эки чоң карын май топтоп алганына Турдукан жеңе ичтен ыраазы. Беш жыл мурун Чүй тараптагы бир орустан сүттүү уйдун ургаачы торпогун атайын сатып алдырткан. Уй сатып алганга деле акчасы бар эле, бирок орустун сүттүү ала уйлары түштүктүн тоолуу аймагына көнүп кетиши кыйын деп кеңеш бергендер болду. Торпогунда алып келсе, жайлоонун бийик тоолуу шартына орустун ую көнүп кетет экен. Ошол торпогунда Чүйлүк орустан сатып келинген уй былтыр тууган, быйыл кыш этектетип дагы тууду. Сүтүн ичип, майын карынга сактап, айранын аталага катыктап, кышкысын курутун эзип ичкен кыргызга орустун ала уюнан өтөрү жок экен. Бир сааганда эле эки чоң чака сүт берет.

Жайлоонун бар тирчилиги сээлдей түшкөн соң, күн аркан бою көтөрүлүп калган маалда Турдукан жеңе Москвада иштеп жүрүшкөн эки кызынын ал-акыбалын сурап койгону Бител-Дөбөгө жөнөдү. Эне курган кыздарынан күнүгө бир маал ватсаптан кабар алып койбосо, ичи түтөп кетет. Жайлоодо телефон бир гана ушул Бител-Дөбөнүн чокусунан тартат. Бул обочо турган дөбөнүн эскиче аталышы – Жетим-Дөбө эле. Кийин жайлоо эли ушул дөбөнүн чокусуна чыгып келишип, телефон аркылуу алыс-жакында турган тууган-урук менен байланышып калышкан соң, эскиче “Жетим” аты өчүп, азыр эми Бител-Дөбө аталып калган. Буга он жылдан ашты.

Телефонду колго кармаган Турдукан жеңе Бител-Дөбөнү кыялай кеткен жол менен анын чокусуна жеткени калганда, телефон чырылдап жиберди, экрандан “Кыз” деп сакталган жазуу көрүндү. Кайын сиңдиси Пардаз экен. Пардаз бир кызын турмушка узатып, небере көрүп, таэне болуп калса да, Турдукан жеңелик ызаатын кылып, аны дале “Кыз” деп тергей турган.

– Алло, кыз, тынч-аман олтурасынарбы? – деди Турдукан жеңе телефонду алар замат. – Өөндө эл-журт аманбы? Биз жүрөбүз жайлоодо, баягы бүтпөгөн…

– Алло, жеңе! Тез кыз таппасаңыз болбойт! – деп шакылдап жиберди “Кыз”, абал ал-акыбал сурашканды жыйыштырып туруп. – Тез кыз табың, жеңе! Антпесе болбой калды…

– Ие, ботом, кыз! – Турдукан жеңе селт эте түштү. – Тынчылыкбы деги?!

– Үч-төрт күн алдын Питерден уулум келген, – деди Пардаз энтигип. – Ошол эми орус кыз алам деп айламды алты кетирмей болду.

– О, кокууй! – Турдукан жеңенин оозу ачылды. – Ээрчитип келип алыптырбы?

– Ой, жок, кокуй, ээрчитип келгенден кудай сактасын! – деп безилдеп жиберди Пардаз. – Сүйлөшкөн кызы орус имиш.

– Мен түшүнбөй турам, кыз, – деди Турдукан жеңе. – Уулуң экөөң бул тууралуу ачык сүйлөштүңөрбү?

– Жок, сүйлөшкөн жокпуз. Уулум мени менен жүргөн кыздары тууралуу чечилип ачык сүйлөшсө жакшы болбойт беле, элдин балдарына окшоп. Уулум атасын тартып сөзгө сараң, эч ким менен чечилип сүйлөшпөгөн бала эмеспи, муну Сиз деле жакшы билесиз.

– А сен жок эле нерсеге тарактап жатасыңбы анда, кыз?

– Жок, угуп турсаңыз. Аңдып жүрүп билип алдым.

– Кой, кайдагыны айтпачы, ботом!

– Жеңе, Сиз угуп туруң, мен шашпай айтып берейин.

– Ии, айта бер. Анда кулак сенде, кыз.

– Бул мындай болду: Түзүк жерден кыз чыкса, жалгыз уулубузду үйлөп койсок дегенде, чалым экөөбүздүн эки көзүбүз төрт. Питерден учуп келген күнү: “Чоттогон кызың барбы?” – деп сурасам, “Жок” деп жооп берип гана тынчыды. Башка эчтеке айтпады. Анан төркү үйгө өзүнчө төшөк салып бердим, таң аткыча бирөө менен телефондо уктабай сырдашып чыкканынан, эртеси аңдыйын деп чечтим. Кийинки түнү терезе тушка акырын байкатпай басып келип, байкатпай сөзүн тыңшадым, балам таң агаргыча сүйлөшкөн кызы менен кирпик ирмебей телефондо сырдашып чыкса болобу. Анан оюма…

– Эркек балаңдын кыз менен сүйлөшкөнүнөн деле кыр таап, урунуп-беринип батпай жатасыңбы, кыз? – Турдукан жеңе сөздү жула тартты.

– Жок, жеңе, сүйлөшө берсин, мен каршы эмесмин буга, – деди энтиккен Пардаз. – Сүйлөшкөн кызы орус болуп жатпайбы?

– Иэ, кокуй! Эмне дейт?! Ошол кызга байланып калган окшойт.

– Ошондой, жеңе. Балам түнү бою орус кызы менен телефондо сүйлөшүп чыкты. Баламдын башын айлантып алган бул. Телефондо коштошкондо балам орусчалап: “Жакшы жат, жаным. Мен сени сүйөм! – деп жатпайбы бул жакта аңдып жаткан менин жанымды кашайтып.

– А сүйлөшкөн орус кызы эмне деди?

– Ал да орусчалап: “Кайрадан көрүшкөнчө! Мен да Сизди сүйөм!” десе, бул жакта туруп менин күйбөгөн жерим күл болуп кетти, жеңе.

– Деги кандай орус кыз болду экен?

– Билбейм, жеңе… Такылдап сүйлөгөнүнө караганда, беш диплому бар орус кыз окшойт. Балам ардемелерди андан тажабай сурай берет, сурай берет. Анысы жооп бергенден тажабайт. Кыздын билбегени жок, жеңе. Илгери мектепте Тиллаш агайдан сурасаң бардыкты билет деп калышчу эмес беле. Бул да ошондой, Тиллаш агайдан ашса ашат, асти кем калышпайт. Баламдын бардык суроосуна такалбай так жооп берет, балама кээде ырдап берет, анекдот айтып берет. Аябай сылык сүйлөгөн ийкемдүү кыз.

– Ой, тооба, – деди Турдукан жеңе чындап таң калып. – Эми балээ болгон турбайбы.

– Ооба, жеңе. Чалым экөөбүз өз ара кеңешип, Питерге кетирбей үйлөп салалы деп чечтик.

– Кыз таптыңарбы анан?

– Издештирип жатабыз, жеңе, – деди кайын сиңдиси. – Ошого Сизге чалдым эле.

– Иий, токто, – деди Турдукан жеңе бирдеме оюна кылт эте түшкөндөй. – Анабу Апсамат көрдүн кызын сураштырып көрсөңөр кантет?

– Кой, болбойт, жеңе!

– Ии, эмнеге?

– Былтыр сырттан жуучулап көргөм. Канышай классташым макул дегенсип эле калган, кызы: “Баласы эч ким менен чечилип сүйлөшпөгөн түнт, жүүнү бош неме…” – деп бир топ нерселерди тантып айтып, мурдун чүйрүп коюптур каадалы. Топ жарып тарс-турс сүйлөгөн, чучугу толо эркекке тийгенин да көрөм. Апсамат көр атасы бертолотко салып баккансып, менин балама сөз тийгизип сүйлөгөнүн кара, өлүгүңдү кана көрөйүн канчыктын…

– Кыжаалат болбо, кыз, – деди Турдукан жене. – Карагулга катын, Эргүлгө эр табылат. Бирөөнүн бапестеп баккан кызы маңдайына жазылып тургандыр.

– Оозуңузга май, жеңе! Кыргыздын бир кызын Кудайым бизге айтып тургандыр.

– Токточу, – деди Турдукан жеңе бирдемени эстей калгансып. – Мүмкүн сүйлөшкөн кызы орус мектептен бүткөн кыргыз кыз чыгар. Бул жагын алгач…

– Ой, жок, жеңе! – кайын сиңдиси Пардаз кыйкырды. – Аты орусча болуп турбайбы.

– Ким экен аты?

– Алиса дегендей болду окшойт… Же Лариса дедиби, айтор, унутуп калдым.

– Анда Питерге кетирбей, үйлөп салгыла. Үйлөнгөн соң, мага демектен Америкага кетсин.

– Туура, жеңе. Атасы экөөбүз да ошентип чечтик. Сиз да жайлоодон бирөө-жаримдин кызын чоттоп көрүң, жеңе.

– Жарайт, кыз.

Туут-туут-туут…Телефондо сүйлөшүү токтоду. Турдукан жеңе олтурган жеринде шалдайды. Деги буга ылайык жайлоодо кимдин кызы бар? – ушуну ойлоп жатып, башына бир ой кылт этти да, шашып-бушуп ватсаптагы видео чалуу аркылуу Москвадагы кыздарына чалып кирди:

– Туут-туут-туут…

– Алло, жаным апа! – телефондон кыздарынын тең жарыша шаңкылдаган үндөрү угулду.

Эки кызы ашканадагы столдо жанаша олтуруп, чай ичип олтурушат. Москва убактысы үч саатка артта. Булар эми туруп, бети-башын жууп, чайга олтурушкан шекил. Турдукан жеңе кайын сиңдиси Пардаз баштанып саламга алик албай, ал-акыбал сурашпай туруп, кыздарына айкырып-кыйкырып лаңылдап кирди:

– Өлүңгөрөйүндөр, тынч иштеп, жөн жүрөсүңөрбү! Кана, кимиң оруска тийгиң бар?! Көрүнгөн орустун баласын көргөндө, көзүңөр бозоруп, ичиңер тызылдап кетип жатабы, ыя?! Ыя дейм!

Кыздары жарыша каткырып жиберишти. Анан апасына жайдары карашып:

– Ой, жаным апа, Сизге эмне болду?! Жакшы эле уктадыңыз беле?! Жаман түш көрдүңүзбү?

Анда Турдукан жеңе андан бетер өзүнөн кетип:

– Алакандай жериңерди тыйып, жөн жүргүлө, садага кетейиндер! Мени ойлобой эле койгула, атаңарды ойлогула, атаңарды!… Атаңарды эл-журт сыйлаган киши. Кайдагы Сергей менен Андрейди “Чүйүп калдым, мен мунсуз жашай албайм” деп үйүмө ээрчитип келчү болбогула. Атаңардын эл караган жүзүн асти жер каратчу болбогула, алдыңарда кетейин жарыктарым!

Муну укканда кыздары жыгылып калгыча күлүштү го, чиркин. Эки кызы күлкүсүн араң тыйып:

– Алда байкуш апам, аай! Деги эмне болду? Сергей менен Андрей түшүңүзгө кирдиби?

– Мага Сергей менен Андрейдин кереги жок! – деп кыйкырды Турдукан жеңе. – Кыргыздын уругу түгөнүп калса да, кыргыз жигитке гана турмушка чыгасыңар.

Ээ-жаа бербей кирген суудай ташкындаган Турдукан жеңе бир кыйлада өзүнө араң келди. Андан соң кыздары менен шашпай ал-жай сурашып, азыр укканын кыздарына төкпөй-чачпай айтып берип, ич күптүсү таркаган соң, өзүнө келип тынчтана түштү. Сөз арасында кыздарынан:

– Быштакты кантип жасайт, кыздар? Мен жасасам такыр эле окшошпой койду, – деп сурап калды.

Анда кичүү кызы телефонун шарт ала коюп, апасына айтты:

– Азыр мен билип берем, апа. Алисадан сурайынчы.

Кызы телефондон: “Салам, Алиса! Быштакты кантип даярдайт?” – деп орусчалап сурады эле, телефондон такылдаган орус кыз быштакты кантип даярдаштын жол-жобосу тууралуу бир топ нерселерди айтып берди. Кызы Алисанын айткандарын апасына кыргызча түшүндүрүп берди.

Кыздары менен баарлашып, сагынычы таркаган Турдукан жеңе алар менен сагынычтуу түрдө телефондон экөөнү алмак-салмак жүзүнөн өпкүлөп, жылуу-жумшак коштошту.

Турдукан жеңе кыя жолдо акырын басып келген жолуна түштү. Башы зыңылдап ооруп калыптыр. Кыз бала башканын бүлөсү, ата-энеге аманат, бир күндүк конок тура. Кызды сураган жерге бер деген илгеркиден бери келаткан накыл кеп бар. Эки жылдан бери Москвага ээрчишип кетип, чогуу иштеп жүрүшкөн чырактай кыздары басса-турса эсинен чыкпайт: Уй саап жатып кыздарын ойлойт…  Бээ саап жатып деле эки кызын эстейт… Чырактай кыздарым өз теңин таап, барган жеринен агарып-көгөрүп кетишсе экен деп күнү да, түнү да тилейт. Азыр да кыя жолдо ылдыйлап баратып, чүрөктөй эки кызынын бактысын Кудайдан тилеп келатты.

Кетип баратып Турдукан жеңе көп нерсеге таң калды: “Пардаздын баласы менен сүйлөшүп жүргөн орус кызы Алисаны менин кыздарым кайдан тааныйт? Мүмкүн баласы сүйлөшкөн кызын алар менен көзмө-көз тааныштырган чыгар. Болбосо, кызынын бир ооз суроосуна зерикпей жооп бергидей тиги такылдаган орустун кызы бир тууган бөлөсү же бир тууган жээни эмес го. Быштакты кантип даярдашты билгенине караганда, айылда өскөн, тиричиликке тың кыз окшойт. Пардаз коркпой-үркпөй эле келин кылып алса болчудай. Быштак жасаганды билген кыз бээ саап, кымыз жасаганды билбей калмак беле. Орус болсо эмне экен. Мен деле орустун уюн саап, сүтүн ичип жүрбөймүнбү…”

Эх, Алиса, Алисакан… Кыйнадың го жүрөктү, Алисажан.

______

[1]. Гардим – кымыз куйган чоң кесе (түштүк диалекти);

[2]. Өөн – кыштоо (түштүк диалекти).

Сүрөт Kandinsky менен жаратылды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.