Кадырбек Керимбаев
Акын “Саяковский”
Керимбаев Кадырбек убагында “Асаба”, “Күлкү”, “Республика” гезиттерине куйкум сөзү менен андагы саясатты тууроо менен жазып жүргөн жазмакер. “А.Акаевдин туура эмес жоруктарын ыр менен элге жеткирген Шайлообек Дүйшеев экөөбүз болдук” дейт өзү. Ошол кезде Барчынбек Бугубаев “Кыргыз-Туусу” гезитине “Акындар ата дейли Аскарды” деген ода жазат. Кадырбек ага акынга жооп катары жазган “Мама деп алгын Майрамды” деген ыры “Ордо” гезитине чыгат. “Ордо” гезитинин жабылышынын көп себептеринин бир себеби да ошол ыр болгон. Азыркы учурда Кадырбек Керимбаев Сокулуктун Асылбаш айылында кой багып жүрүп да калемин түшүрбөй жазып келет. Жакында Барчынбек Бугубаевге, “Кат жазды бала атага” деген ырдын чоркоктугун кошо жазган ырын ж.б. ыр-пародия, достук азилдерин көтөрүп келиптир. Анча-мынчасына орун бердик.
Тааныбасаң таанып ал
(Өзүм жөнүндө)
Чоң окуу бүткөн эмесмин,
Чоң тебетайымын элеттин.
Чоңдоруң менен ойнобойм,
Чокойчон элге керекмин.
Түркүн түс, сүрткөн боегум,
Түгөнгүс ырым, жомогум.
Токтогулдун кулуну
Керимбаев Кадырбек
“Саяковский” боломун.
Чор болгон колдор
Кайран гана менин колум чор болгон,
Көр түбүнө кетерсиңер чор бойдон.
Элжиретип комуздан күү чертесиң,
Эпсиз, сынсыз болуп туруп колжойгон.
Ушул колдор кыз саамайын сылаган,
Ушул колдор кышты тиксиз кынаган.
Абийириме кепил болуп ушул кол
Анттай, шерттей убадалар бекилди.
Убаралуу уста колум, шок колум
Узанганда кармайт көмүр чокторун.
Ушул колдон уятсыздар жалтанып,
Ушул колду бек кысышат досторум.
Кең мейкиндей сезип аппак кагазды,
Кээде кыял керет учкул канатты.
Көзүмдөн нур көңүлдөн ыр чыкканда
Чор колума жорго калем жарашты.
Эл кубанса кубанычын ырдаймын,
Эл ыйласа мен кошулуп ыйлаймын
Отко салган, чокко салган кыргызды
Чоңдоруңа чор колумду сунбаймын.
Барчынбек Бугубаевге
“Кат жазды бала атага”
– деген сөз эмес шакаба.
Боору таш кандай немесиң,
Кат жазсаң боло “атаңа”!
“Атаңда” … пачка… пачкалар,
“Мамаңда” алтын…башкалар…
Тезек терип калдым деп,
Тезирээк сурап акчаны ал.
Андан да сонун жолу бар,
“Атакең” менен жолугаар.
“Болоюн ата колуңа”
– деп, барып эле “болуп” ал.
Балалык милдет өзүңдө,
Барчынбек келгин чечимге.
“Зар болдум ата батаңа”
– деп, жигит кийин өкүнбө.
«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.02.2010-ж.