Нурмолдо

nurmoldo

(XIX-кылым)

Колго калем алып бул макаланы жазышыбызга улуу акын Нурмолдонун адабий мурастары (Нурмолдо. Кыргыз медресесиндеги ырлар. Алабука, 1997-жыл; Чыгармалардын 1 томдугу. Бишкек, 2003-жыл) жана андагы айрым мисалдар менен соӊку маалыматтардын ортосундагы зарыл тактоону талап кылган жагдайлар түрткү болду демекчибиз. Өзгөчө соӊку мезгилдерде жарык көргөн айрым эмгектерде улуу акындын өмүр таржымалына байланыштуу андай жагдай катары Нурмолдо жана Жеӊижок маселесин көрсөтүүгө болот. Соӊку маалыматтарга таянсак, айрыкча журналист Калмурат Рыскулов аксакал менен белгилүү адабиятчы Советбек Байгазиевдердин эмгектеринде (Байгазиев С. Нурмолдо – 19-кылымдын туӊгуч агартуучу-педагогу жана эне тилдин дааанышман патриоту. –Бишкек: “Эркинтоо” ААК, 2005; Рыскулов К. Нурмолдо жана биздин таржымалыбыз. Китепте: Нурмолдо. –Бишкек, 2003, 540-585-бб.) Жеӊижоктун өтө тереӊ урматтаган акындарынын бири Нурмолдо Наркул уулу (1838-1920-жж.) экендиги баса көрсөтүлүп келет. Бул маалыматтарда Өтө Нурмолдо Наркул уулун чоӊ акын, эскиче сабаты ачылган мударис же шарият илими боюнча жогорку чекке – олуялык касиетке ээ болгондугу үчүн эле сыйлап, этегине таазим кылбастан, өз устаты катары да кадырлап, анын диний жана табият илимдеринен, эӊ башкысы – рухий-эстетикалык көрөӊгөлөрүнүн алтынга алмашкыс нарк-насилин баарынан жогору коёт. Жеӊижокту Жеӊижок катары таанытып, ааламга анын акындык көзүн ачкан да Нурмолдонун таалим-тарбиясы, окуган дарстары экендигин Жеӊижок өзү оозунан түшүрбөй айтчу экен. Анткени, айылдык молдодон кат-сабаты ачылган Жеӊижок ырчы ошол убакта атак-даӊкы айтылуу Фергана өрөөнүнө дайын болгон аксылык Кыргызбай молдонун Наманган шаарына салган атактуу медресесинен эки жыл билим алган. Ал жерде ошол эле аймактан чыккан көрүнүктүү мударистер, уламалар сабак бербестен, бүтүндөй Орто Азия чөлкөмүнө таанымал илимпоздор, таланттуу адамдар дарс окушуп, чоӊ илимий, маданий борборго айланган.

Жеӊижок устаты Нурмолдодон жети түрдүү билим алып, андан эки жыл окуган экен. Андай жети түрдүү билимди ал заманда медресе сыяктуу жогорку тепкичте турган окуу жайлары гана бере алган. Мындан биз орошон төкмө, ойчул акын катары таанылган Жеӊижоктун азыркы адамдарга албан-субан шык-жөндөм, бийик чыгармачылык таасир ыроологон алп акындык аруу, ары бийик ички көркөм дүйнөсү ошондой нукта, ошондой чен-өлчөмдө калыптангандыгын айканыбыз алда канча жөндүү болмокчу. Демек, биз бүгүн суктанып, бир чети, таӊ калган улуу төкмө, орошон ойдун ээси аталган атактуу Жеӊижокту да бир кезде мугалим окутуп, устат тарбиялаганын көп этибарга албай келебиз.

“Алиппени үйрөтүп,
Арабчаны с
үйлөтүп,
Кат жаздырып к
өрдүӊүз,
Кош-кош тамга сыздырып.
“Ажынаам” ат
үгүл,
Айттырды
ӊыз түз кирип.
Не десе
ӊиз, ошону
Ниет кылдык биз билип.
Алдык к
үчтүүрөп да,
Ар кыл
өзүн сүрөп да,
Аалымдыктын ушпасын”
, – деп ырдап отурган жаш акынды өз устаты менен айтыштырып, аны “эл алдында сөзгө жыгып, жеӊип кеткен, ошондон Өтө Жеӊижок ырчы аталып, акындык чоӊ аброй тапкан” деп элге түшүндүрүшүбүз кайсыл фактыга, кандай эрежеге сыят? Акыркы жарык көргөн маалыматтарга таянсак(Абдыразаков А. Өтө (Жеӊижок) Көкө уулу. Китепте: “Залкар акындар” сериясы, 1-китеп, Жеӊижок. –Бишкек, 1999; Тиллебаев С. Унутулган адабият, 1-китеп. –Бишкек: “Бийиктик”, 2006, 143-б.), анда биздин буга чейинки айткан-дегенибиз, макалалардан, китептерден алган жогоркудай такталбаган түшүнүктөр менен ой корутундусун чыгаруу бул өтө эле опурталдуу, анан калса илимий олдоксон мамилеге жатарын моюнга алышыбыз керек. Андай болбосо, анда жаӊыдан элге үнү угулуп, жаш ырчы аталып, “жээн келгенче, жети бөрү келсин” демекчи, таякелеринин доорунда өзүн эр ойлоп, беттеген жагынан кайтпай, жаштык-курчтук кылып, өзүн эркин сезген Жеӊижок менен айтышып, андан жеӊилип отурган Нурмолдо ким? Бул кадимки ойчул, агартуучу, акын, олуя, Жеӊижоктун устаты Наркул уулу Нурмолдобу же айрымдар айтып жүргөндөй, башка Нурмолдобу? Же болбосо, Нурмолдо өз шакирти Жеӊижокко карай:

“Чоӊ атаӊ Күсөй курч эле,
Чоо-жайды билген сырчы эле.
Молдо Кыргыз медресе

Окуган укмуш ырчы эле”, – деп эскерип отурушунан дайын болгондой, Же
ӊижоктун акындык өнөргө аралашып, илим-билимге умтулуусу да бекер жеринен эмес экен деген ой туулбай койбойт.

Караӊгылык каптаган доордо айрым окуя, фактылар чаташып, эл оозунан алынган маалыматтар так болбой орун алмашып айтылып калышы да мүмкүн. Муну айтып жатканыбыздын себеби, жогоруда мисал келтирилген Нурмолдо Наркул уулунун ырынан улам белгилүү болгондой, атактуу ырчы Жеӊижоктун чоӊ атасы Күсөй да билимдүү, акын адам болуп, андагы элге белгилүү болгон Намангандагы Молдо Кыргыз медресесинен окуган экен. Насип кайып демекчи, чоӊ атасы билим алган ыйык окуу жайдан арадан канча жылдар өткөн соӊ небереси Өтө Көкөуулу да анын улагасын аттап, акын катары ата жолун улап отурат. Ошондон улам маалымат берген айрым адамдар чоӊ ата менен неберенин оозунан чыккан сөздөрүн, эсепсиз кумдай төгүлгөн ырларын, кээ бир адамдар менен болгон мамилелерин, айрыкча айтыштарын чаташтырып айтып, азыркы муунду туюк түшүнүккө кабылтып отурабы деген ой да туулбай койбойт. Кандай болсо да, бүгүнкү күндө атактуу ырчы Нурмолдо Наркул уулу жогору баа берип отурган (“Окуган укмуш ырчы эле”) Күсөй ырчы жана анын чыгармалары жөнүндө азыр бизде жарытылуу маалымат жок десек болот. Эгерде чын эле ошончолук оозго алымдуу, билимдүү-илимдүү, “укмуш ырчы” (Нурмолдо) болсо, кантип эле эл оозунда бир-эки сап ыры, баштан кечирген-көргөн күнү айтылбай, эскерилбей келет деген түпөйүл ой-сезим да бизди бура бастырбай кыйнайт. Мурунку доорлордо жашап өткөн атактуу өнөр адамдары, акын-ырчылар, комузчу-чоорчулар, куудулдар, чечендер жөнүндө биздин күндөрдүн алп акындары Коргоол (“Сен, сен дүйнө”), Ысмайыл Борончиев (“Кош, Алымкул!”) ж. б. өздөрүнө чейинки залкарлардын аты-жөнү, жеткен өнөр чеги тууралуу, учкай болсо да, маалымат бере ырдаган чыгармаларында да биз сөз кылып жаткан “укмуш ырчынын” (Күсөйдүн) аты-жөнү таптакыр эскерилбейт. Улуу муундагы залкар акындардын соӊку өкүлү катары арабызда жашап жүрүп, кечээ жакында эле аркы дүйнөгө сапар салган айтылуу төкмө Ысмайыл Борончиевдин жогоруда көрсөтүлгөн белгилүү чыгармасында Нурмолдо ырчы жөнүндө да маалымат берилип, анда:

“Акындыгы зор экен,
Аккыялык Нурмолдо.
Аргендей
үнү шаӊкылдап,
Аксакалы жаркылдап,
Карыганда
өттү дүйнөдөн”, – деп айтканына караганда, мындагы Нурмолдо өзүнүн туулуп, турук кылган жери боюнча алабукалык Наркул уулу Нурмолдо эмес, аккыялык Нурмолдо жөнүндө сөз болуп жаткандай туюлат. Чынында, сөз мында алабукалык Нурмолдо жөнүндө болууда. Ал эми атактуу акын жана комузчу Арстанбек Буйлаш уулу кадимки Нурмолдо (Наркул уулу) жөнүндө:

“Адыгине Нурмолдо,
Аят с
өзү бир жорго,
Сымбаты ашкан жан экен,
Шарияттан шар экен.
С
үйлөгөнү курч экен,
Кол жетпеген м
үлк экен”, – деп жогору баа берген. Ал эми “өз шакиртинен жеӊилип калган” деп бүгүнкү күнгө чейин тотукуш сыяктуу ушул түшүнүктү тажабай кайталап келаткан биз үчүн парадокс ушул: жезтаӊдай акын Жеӊижок устаты Нурмолдо Наркул уулунун акындык, инсандык беделинин канчалык экендигин билбесе же билгиси келбесе, анда эч качан минтип ырдабас эле:

“Ыргап колдо каламды,
Молдо кылып чыгарган
Кара
ӊгыдагы адамды.
Илимий жолго жетелеп,

Тай-тайлатып кадамды.

Т
үбөлүк кантип унутам
Нурмолдодой абамды?!”

Мында “молдо” деген түшүнүк, өзүӊүздөр баамдагандай, ыйык “Курандын” бир-эки сүрөөсүнүн ички маанисин өзү так ажыратып түшүнбөй, аны кургак жаттап, кайталаган илгерки “молдокелер” жөнүндө  эмес, караӊгыдан жарыкка кадам койгон, илим-билимге умтулган чыныгы интеллектуалдуу инсан жөнүндө сөз болууда. Демек, Токтогул, Жеӊижок, Эшмамбет сыяктуу залкар өнөр адамдарын өргө сүрөп, алардын өзүнүн кадимки бийик чыгармачылык сересине чыгуусуна ички рухий көрөӊгө болуп берген устат-агартуучу Нурмолдо Наркул уулу шакирттеринин биринен болгон Жеӊижоктон жеӊилип калган деп тыянак чыгаруу азыркы илимий-чыгармачылык жагдайга коошпой калууда. Андай түшүнүктүн болушу да мүмкүн эмес. “Атамдай болгон устатым” деп ырдап, жолунан кыя өтпөгөн (“Пайгамбар мөөрүн көрсөткөн, Карматып калем оӊ колго. Илимий жолго жетелеп, Тай-тайлаткан Нурмолдо…”) Жеӊижоктун устаты болгон Нурмолдо Наркул уулу Орто Азияны толук аралап, Үрүмчү, Кашкар, Казанга барып, ал тургай Индиянын Кашмир калаасында беш жыл жашап, өнөр, билим менен кошо көп тил үйрөнүп (Нурмолдо араб, перс ж. б. тилдерде эркин сүйлөп, ырдаган – автор), Мекке менен Мединага чейин жетип, турмуштук жана чыгармачылык жактан кыйла такшалган Нурмолдо шакиртинен жеӊилиши акылга сыярлык көрүнүш эмес. Эми жаӊыдан элге таанылып, азаптуу ала оорусунан элдик дарыгерлердин күчү менен айыккан, жеӊи жок кемселчен бала ошол кезде олуя аталган улуу акын, шарият илими боюнча өз мезгилинин чыгаан адамы саналган кадимки Нурмолдого адаттан тышкары суроо салып, текеберлик көрсөтүүгө чамасы жетмек эмес. Ошондой болгон күндө да, андай көнүмүшкө айланган мазактуу суроолорго олуя акын атанган Нурмолдо биринчи жолу туш болуп, Жеӊижоктой жаш ырчыны биринчи ирет көрүптүрбү?! Соӊку мезгилдеги Нурмолдо ырчынын адабий мурастарынан маалым болгондой, шакирти жеӊи чолок кемселчен жүргөндүктөн, Нурмолдо аны “жеӊи жок бала” деп чакырчу экен. Ошондон улам Өтө ырчы “Жеӊижок” атыгыптыр. Биз болсо эмдигиче эч нерсени элес албай, улуу акын Нурмолдону өз уулундай болгон Жеӊижоктон жеӊилген деп какшап келатабыз. Мындай чындыкка таптакыр коошпогон көрүнүш соӊку “гүлдөгөн социализм” доорунда бир акынды башка бир акындан жогору же төмөн коюп, бирин демократ, элдик акын кылып көрсөтүүнү, экинчисин калкка, саясатка каршы ырдаган реакционер деп түшүндүрүүнү көнүмүш адатка айлантып, айрым адабиятчы-окумуштууларыбыз айтып да, жазып да келишкенин кантип жашырабыз? Экинчиден, эл оозунан мурда көзүөткөн акын-ырчылардын адабий мурастарын жыйноо, жарыялоо ишинде да көӊүлдүөйүгөн көп жагдайлар болуп келгенин жакшы билебиз. ӨзгөчөӨз короомдон кочкор саламын” деген кыргызбай түшүнүк менен кокту-колотко, уруу-урууга бөлүнүүнүн кесепетинен эл оозунан жыйналган адабий материалдарды каалагандай оӊдоп-түзөө, биринин чапанын бирине кийгизүү сыяктуу өнөкөт оору менен ооруп келген адис адамдарыбыз, жыйноочу-түзүүчүлөрүбүз да жок эмес экенин танууга болбойт. Өзүбүздөгү ушундай олуттуу көйгөйлөрдүн терс таасири алабукалык ырчы, алгачкы агартуучу Нурмолдо Наркул уулунун адабий мурастарына, адамдык аброюна да тийген деп бүтүм чыгарууга жогоруда биз учкай сөзгөалган бир эле жагдай (Нурмолдо жана Жеӊижок маселеси) далил болот демекчибиз. Болбосо,

Изгилери адамдын,
Изин сезип ааламдын,

Т
үрүн көрүп пенденин,
Тамырын кармайт замандын.

Ажырымын к
өрсөткөй,
Жакшы менен жамандын.
Алып барар чегин аныктайт
Адымдаган кадамдын,
– деп, чоӊ философиялык ой-санаа менен жашаган Нурмолдо Наркул  уулунун жүзү элге так өзүндөй таанылууга тийиш.

Бакыт Баймырзаев,
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти,
“Шоокум” журналы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.