“Кар” сынагы: Жыпар Акунова
Аячумун
Үшүгөндөй сезилчү эле дарактар,
Көтөрө албай калың кардын салмагын.
Аяз таңда турган сымал дирилдеп,
Аячу элем бутактарын арчанын.
Аячумун кыштын ызгаар таңында,
Тереземден тиктеп турган даракты.
Үшүп, үшүп мен тарапка талпынып,
Кол булгалап келаткандай каратчу.
Айды аяп, түн кечирген күн болгон,
Кышта суукта сыртта калды жалгыз деп.
Үшүдү го, үйү жокпу айдын деп,
Балалыкта айды аяп, кайгы жеп.
Жыпар Акунова,
“Кар” сынагына
Соц тармактар:
Мааниси жакшы бирок толук чагырдырып берилген эмес.
Мага ошондой туюлду.
менимче энелик мээримди дагы бир жолу айтып берген