Генрих Гейне
(1797-1856)
АЯЛ
Шылуун менен шуркут өмүр сүрүштү,
Шыкылдашып, жанын чаап сүйүштү,
Келе жатса кытмыр эри кыбыңдап,
Керебетке кулап кетип күлүшчү.
Өтүп жатты шайыр-шатман күндөрү,
Өбүү менен эзилишип түндөрү.
Бара жатты эри бир күн айдалып,
Басылган жок сойкусунун күлгөнү.
Эри айттырды: “Шай түгөндү ал куруп,
Эркем, келчи, сагынычым кандырып,
Бассам-турсам кетпей койдуң оюмдан”,
Башын чайкап барбады ойсок каткырып.
Жер жарыга – аянтка асып салышты,
Жети ченде – мүрзөгөалып барышты…
А сегизде – башка менен шуркуту
Каткырышып каркыттары кагышты…
Которгон Эрнис Турсунов
* * *
Сүйүшкөнбүз жинди болгон немедей,
сүйгөндө да эзилишип эбегей.
Жамандыкка бири-бирин кыйбас жан,
чал-кимпирдей ынак элек сыйлашкан.
кудай күбө, өбүшүп да, жытташып
ортобузда чыр жок эле ыкташып.
Токой жакка жашыл бадал, жашыл бак
ойногону жөнөчүбүз жашынмак.
Жашынган соң издешчүбүз экөөбүз
эми билем, издешпестен өтөбүз.
Которгон Олжобай Шакир
ҮЧ АСЫЛ
Үч аялды сүйөрүм ак чынында
Үчтү жазды маңдайыма жараткан.
Эркек-али эркек эмес ырымга
Үчөөн жазбай өмүр кечип бараткан.
Алгачкысы түшкө кирген керемет,
Кыялымда кыл жукпаган асылзат.
Экинчиси маган али келелек…
Үчүнчүсү маңдайымда какылдап.
Которгон Жолдошбек Зарлыкбеков