Юлиан Тувим (1894-1953)

Бакыт

Азыр мага баары бир,
Алтын шаар гүлдөгөн.
Артык эмес, аны бил,
Ал жупуну дүйнөдөн.

Мага болду – баары бир,
Маалыматтуу миң киши.
Мага кымбат, аны бил,
Маектешер бир киши.

Мейли күлгүн-күлбөгүн,
Мээмди жейт китептер.
Китеби жок билгемин,
Ким эмнеге кирептер.

Бир түп бактын түбүндө,
Билдим бейпил жашоону.
О, жараткан, ыраазымын,
Ойлонтконго ошону.

(Эрнис Турсуновдун котормосунда)

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.