Skip to content
- Өз агасын агалай албаган, өзгө агасын сагалайт.
- Өз күнөөсү менен жыгылган, даттанбайт.
- Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол.
- Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.
- Өзү тойсо да, көзү тойбойт.
- Өзүнүн башындагы тоону көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.
- Өзүң кылчу ишиңди башкаларга жүктөбө.
- Өзүңдү өзүң мактаба, сени эл мактасын.
- Өкүмсүнүп өспөйсүң, кыйынсынып ашпайсың.
- Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
- Өлө жегиче бөлө же.
- Өлөр кой койчунун таягына жөлөнөт.
- Өтүгү жаман төрдү булгайт.