Skip to content
- Үйдө баатыр – жоодо жок.
- Үйдө чоочун болсоң, сырттан жакын болбойт.
- Үйдөгү ойду базардагы нарк бузат.
- Үйдүн ашы үйгө сонун.
- Үйрөнбөгөн бейиштен, үйрөнгөн тозок жакшы.
- Үйрөнүп көрбөгөн уста боло албайт.
- Үйүндө сүтүң төгүлсө,
Талаада музооң ээмп кетет.
- Үйүнө келгенче – үйдөй таарынычыңды айтпа.
- Үйүңдө көптү талаада урбайт.
- Үйүрүн сагынбас – ат болбойт, элин сагынбас – эр болбойт.
- Үндөбөгөн – үйдөй балаадан кутулат.
- Үнөмчүл дайым утушта.
- Үшүгөнгө жылдыз от көрүнөт.
- Үшүгөндү шишиген жетелеген.