Skip to content
- Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты.
- Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
- Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
- Абийир үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр.
- Абийирди жашыңдан сакта.
- Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
- Абийири жок арачы болот.
- Абийирлүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
- Абийирсиз уул атасына асылат.
- Абийирсизге арачы болсоң, ар кайсы жериң томуйбайбы.
- Абыра-сабыра сөзгө орток,
Атанын сүйбөс уулу малга орток.
- Абысын – аңдышкаи жоо, күнү – күйүшкөн жоо.
- Абысының болсо, ажыным жок дебе.
- Абышка өлсө ат бошойт, кемпир өлсө төр бошойт.
- Ага баласы алкымга чыккан жоо,
Ини баласы ийинге чыккан жоо.
- Ага ордун ини басат.
- Ага өлсө ини бар, тону жерде калган жок.
- Агайын таттуу болсо – ат көп, абысын таттуу болсо – аш көп.
- Агайында чет жүрсөң, көңүлүң бир күн тарыгат.
- Агайындын азары болсо да, безери болбойт.
- Агайындын кадырын жалалуу болгондо билээрсиң,
Ата-энеңдин кадырын балалуу болсоң билээрсиң.
- Агам кимди алса, жеңем ошо.
- Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт.
- Агаңда болсо карайсың, алаканыңды жалайсың.
- Агарган карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат,
- Агарган чач боёлбойт.
- Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
- Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.
- Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
- Агач катуусун курт жыгат.
- Агын сууда арам жок.
- Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
- Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт.
- Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат.
- Адал иш менен аракет кулду да даражага жеткирет.
- Адал ишти айлыңдан аяба, арам ишти аялыңдан ая.
- Адал өлсө – бир казан эт, арам өлсө – ит менен кушка жем.
- Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
- Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
- Адал эмгек нурлантат, арам эмгек кырдантат.
- Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.
- Адалдын тамыры миң, арамдын тамыры бир.
- Адалсынган молдонун үйүнен алты камандын башы чыгыптыр.
- Адам – акылы менен адам.
- Адам адам менен адам.
- Адам адам үчүн табылгыс дары.
- Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында.
- Адам аласынан сөз аласы жаман, эт чаласынан сез чаласы жаман.
- Адам алсызы – урушчаак.
- Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
- Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.
- Адам баласы тетиксиз сандык сыртынан сынчы жаңылат.
- Адам баласы үйгө киргенден мурда үйдөн чыгып бара жатканын ойлошу керек.
- Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста.
- Адам болор кишинин адам менен иши бар,
Адам болбос кишинин адам менен неси бар.
- Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
- Адам да көктөмдө арыктайт.
- Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
- Адам дүйнөдө бир жаралат.
- Адам көркү – адеп.
- Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
- Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
- Адам тилинен табат.
- Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен.
- Адамга – ишарат, айбанга – келтек.
- Адамга конгон касиет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
- Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
- Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес.
- Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын.
- Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
- Адамдан айла качып кутулбайт.
- Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт.
- Адамды акылга бай кылган – эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
- Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
- Адамды алыстан тааныш кыйын.
- Адамды бузган – байлык менен бийлик.
- Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
- Адамды кордобо, акмакты бордобо.
- Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн,
Акмакты өзунөн түшүнбөй, элден түшүн.
- Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
- Адамдын адамгерчилиги ачуусу келгенде билинет.
- Адамдын акысын жер жебейт.
- Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман.
- Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
- Адамдын бири тентек, бири жөнтек, бири эпчил, бири кекчил.
- Адамдын жалангычы да адам.
- Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
- Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
- Адамдын иши – жемиштин мөмөсү.
- Адамдын керкү – адилеттүүлүктө, жигиттин көркү – адептүүлүктө.
- Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара.
- Адамдын көзү өлгендө (бир чымчым) топуракка тоёт.
- Адамдын көркү – адеп.
- Адамдын көркү – акыл.
- Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
- Адамдын кыйноосу – санаа, өлүмү – оору.
- Адамдын ойлогону миң, аткарганы бир.
- Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт.
- Адамкерчиликтин өлчөм-чени: өз абийиринин үнүн өчүрбөө.
- Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
- Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабаанак итке окшош.
- Адепсиз жигит – жүгөнү жок аттай,
Адеби жок аял – кабанаак иттей.
- Адептүү алкыш алат, адепсиз каргышка калат.
- Адептүү киши – азаптан алыс.
- Адилет соттун кылычында кын жок.
- Адилет сөз – ачуу сөз.
Айтсаң – тилиң күйөт,
айтпасаң – дилиң күйөт.
- Ажал айтып келбейт.
- Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
- Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
- Ажалдуу карга бүркүт менен
- Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
- Аз ашка жасоол болбо.
- Аз болсо да, саз болсун.
- Аз көбөйөт, азган оңолот.
- Аз сүйлөп, көп тыңша.
- Аза – арыбайт, каада – карыбайт, алтын чирибейт.
- Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыӊшайт.
- Азганды кууп, тосконго жолукпа.
- Азды аяган, көптөн кур калат.
- Азды жок дебе, барды көп дебе.
- Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
- Азоого – тушоо, күлүкө – чалма.
- Азуулуулар алышса, бечаралар бүлүнөт.
- Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок.
- Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып.
- Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт.
- Ай чырайлуу, бал сөздүү – акылман адам элеси.
- Айбанга – келтек, адамга – ишарат.
- Айгыр көпсө – үйүрүн кажыйт, Хан көпсө элин кажыйт.
- Айдаганы беш эчки, Ышкырыгы таш жарат.
- Айдай чырайыӊды иттей узун тилиӊ бузат.
- Айды этек менен калкалай албайт.
- Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
- Айдын жарымы – жарык, жарымы – караңгы.
- Айкөл адам: дыңылдаганды, ырылдаганды көтөрүмдүүлүктө кабыл алат.
- Айкөлдө – жок болсо да бар.
Акмакта – бар болсо да жок.
- Айланайын бакыраң көз сен мага тийбе, мен сага тийбейин.
- Айран ичкен качып кутулду,
Чаканы жалаган колдон тутулду.
- Айран ичкен кутулуптур,
Челек жалаган тутулуптур.
- Айран сураган – аягын жашырбайт.
- Айт да болоор, айттын эртеси да болоор.
- Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман.
- Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
- Айтсам сенден өлөрмүн,
Айтпасам сындан өлөрмүн.
- Айтыла элек сөз – сенин кулуң,
Айтылып кетсе – сен анын кулусуң.
- Айтылган сөз, атылган ок.
- Айтып кылган иштин айыбы жок.
- Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө – чогулат.
- Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат.
- Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
- Ак ийилет – сынбайт.
- Ак ит, кара ит – баары бир ит.
- Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт.
- Ак төөнүн карды жарылганда.
- Аке-уке деген көңүлгө жакшы.
- Аккан арыктан суу агат.
- Аккан сууда арам жок.
- Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка куйса толбойт.
- Акмак достон акылдуу душман артык.
- Акмак өзүн – эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт.
- Ак-Сайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
- Акыйкат сөзгө – арсыз жооп кайырат
- Акыл – баштан, асыл – таштан.
- Акыл – тирүүдө урмат, өлгөндө даңк.
- Акылдуу бала – элпек,
Акылсыз бала – тентек.
- Акылдуу бир сөздөн түшүнөт,
Акылман айттырбай билет.
- Акылдуу миң азаптан кутулат,
Акылсыз бир азапка тутулат.
- Акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт.
- Акылдууга – насаат, акылсызга таяк.
- Акылдуулар сөз алышат,
Акылсыздар өч алышат.
- Акылдуунун сөзү – кыска,
Айта салса – нуска.
- Акылмандык бар жерде, акыйкат болуп, жалган жок.
- Акылсыз – атасын акмалайт.
- Акылсызга арачы болсоң, ар кай жериң томуйт.
- Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө,
Эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө.
- Акылсыздын белгиси,
Арка жагын ойлобойт.
- Акылы аздын азабы көп.
- Акылы жетсе, атаны уул билет.
- Акын болбойт талантсыз,
Молдо болбойт сабатсыз.
- Акыркы ашка каскак түшөт.
- Акырын баскан – аксабайт.
- Акырын бассаң – аксак, катуу бассаң – таскак
- Ала байтал акылың болсо сууга тарт.
- Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт.
- Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык.
- Ала карганы атынан чакыр.
- Аларманга алтоо – аз,
Берерманга бешөө – көп.
- Албан түрлүү жорго бар,
Алына карай жорголойт.
- Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
Баккан ээси жарашса, куйпул күчүк сак болот.
- Алгандын бермейи бар.
- Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.
- Алдыга өбөк, аркага жөлөк.
- Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч.
- Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат.
- Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
- Алдыраар күнү – жаздыраар.
- Алжеке кызга – жалжеке күйөө.
- Алма быш – оозума түш.
- Алма сабагынан алыс түшпөйт.
- Алпагай кызга салпагай күйөө.
- Алты аял кошокко баратып өз-арманын айтат.
- Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
- Алтымышта атаңдын, алдап- соолап күчүн ал.
- Алтын – жерден, баатыр – элден.
- Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
- Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат.
- Алтынды дат баспайт, акыл бузулбайт.
- Алтынды дат баспайт,
Кеп чынынан бузулбайт.
- Алтынды чыккан жеринен каз.
- Алы жетпеген – акыйкатчыл.
- Алы жетпеген акыретчи.
- Алыбек алына жараша.
- Алыс жерге куда болсоң – артынчактап аш келер,
Жакын жерге куда болсоң – түрдүү ушак кеп келер.
- Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык.
- Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн – дос жаман.
- Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.
- Аныраңдак аялга, шаныраңдак күйөө.
- Аңгектен качсаң – дөңгөккө, дөңгөккө качсаң – сөңгөккө.
- Аңдабаган төө көрбөйт.
- Аңдышкан – айыл конбойт,
Эсептешкен – дос болбойт.
- Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
- Ар бир жылкы жорго эмес,
Ар бир куш кулаалы эмес.
- Ар бир кечтин эртеси бар.
- Ар бир өз дартын билет.
- Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
- Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.
- Ар киши өз болбос, ар нерсе түз болбос.
- Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот.
- Аракет кылсаң – берекет.
- Арам тамак аш болбойт.
- Арамзаанын куйругу бир тутам.
- Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле,
Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
- Арачыга алты таяк.
- Арбашкан – алышат, кагышкан – кармашат.
- Аргымак аттын куйругу – бирде жибек, бирде кыл.
Эр жигиттин белгиси – сыртта – мырза, үйдө – кул.
- Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
- Арзандын тузу татыбайт.
- Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы.
- Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо кас элге.
- Артык дөөлөт баш жарбайт.
- Артык кылам деп, тыртык кылба!
- Ары жат, бери жат – төшөктүн тардыгы,
Сеники, меники – көңүлдүн тардыгы.
- Арык атка куйругу жүк.
- Арык – семирет, ач – тоюнат.
- Арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне.
- Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт.
- Асыл ой, адал иш, ак сөз – турмушка баш, көз.
- Асыл таштан,
Акыл баштан.
- Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
- Асылуу казан – бышылуу аш.
- Ат – мингендики, тон – кийгенди ки, аял – тийгендики, эр – элдики.
- Ат адамдын канаты.
- Ат айланып казыгын табат.
- Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
- Ат баспаган жерди тай басат.
- Ат баспайм деген жерин үч басат.
- Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет.
- Ат жалына казан ас.
- Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт,
Эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
- Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат.
- Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет.
- Ат сийген жерге чөп чыкпайт.
- Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
- Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
- Ата даңкы, эне баркы – балага дем.
- Ата сыйлаган абийир табат,
Эне сыйлаган элге жагат.
- Ата энеңди урматтасаң, өз балаңдан сый көрөсүң.
- Атада алтоо болсо, ар жалгыздык башта бар.
- Атадан – акыл, ападан – тарбия.
- Атадан алтоо болсо да,
Ар башта бар жалгыздык.
- Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
- Атадан каргыш алган оңбойт.
- Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
- Аталуу жетим – арсыз жетим, энелүү жетим – эрке жетим.
- Атам өлсө – өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
- Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
- Атан төө мас болсо, тайлагы менен дос болот.
- Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
- Атанын гана эмес, адамдын, эненин гана эмес, элиңдин уулу бол.
- Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
- Атанын салган жолу бар,
Эненин бычкан тону бар.
- Атанын уулу болуш урмат,
Эл уулу болуш кымбат.
- Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
- Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн.
- Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер.
- Атасы болушчаактын уулу ыйлаак,
Энеси болушчаактын кызы ыйлаак.
- Атасы көрбөгөндү уулу көрөт,
Энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
- Атасын көрүп баласына тий, үйүн корүп кызмат кыл.
- Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан жакшылык көрөсүң.
- Ата-энеңдин ак сөзүн кулагыңдан учурба,
Акыл тапсаң өзүңчө шылдыңга алып кутурба.
- Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
- Атка жеңил, тайга чак.
- Аттан түшсөң да ээрден түшпө.
- Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле.
- Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.
- Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
- Атын атаса куту сүйүнөт.
- Атына жараша – заты.
- Атың чыкпаса, жер өрттө.
- Ач – кекиртет, ток – секиртет.
- Ач бала ток баладай ойнобойт,
Ток бала ач болом деп ойлобойт.
- Ач иттин артын, сук ит жалайт.
- Ач кадырын ток билбейт.
- Ач карга ташты чокуйт.
- Ач кулактан – тынч кулак.
- Ачка киши – урушчаак, арык киши – тырышчаак.
- Ачка кишиге таң атпайт.
- Ачка кишинин ачуусу жаман.
- Ачканын аңы жүрбөйт.
- Ачкөз карыны тойсо да, кезү тойбойт.
- Ачтын тогу, бардын жогу болот.
- Ачуу – душман, акыл – дос.
- Ачуу болсоң түкүрүп салышат,
Таттуу болсоң жутуп алышат.
- Ачуулунун астынан чыкпа.
- Ачууну акыл жеңет.
- Ачууну ачуу басат.
- Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар.
- Ачуусу чукул – айыпка жыгылат.
- Ачыктым ууру болдум,
Ачындым сүйлөк болдум.
- Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар.
- Аш кадырын билбеген, үй ээсин уялтат.
- Аш көп болсо, каада көп.
- Аш турган жерге оору турбайт.
- Ашка жүк, башка жүк.
- Ашка тоймок бар, башка тоймок жок.
- Ашуудан ат алмаштырбайт.
- Ашыкпаган араба менен коөнго жетет.
- Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы.
- Ашың жок болсо да, кашың болсун.
- Ашың калса калсын, ишиң калбасын.
- Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
- Аял жакшы, эр жакшы,
Вазир жакшы, хан жакшы.
- Аял жакшысын – эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт.
- Аялың мыкты болсо – бактың, аялың кыйды болсо – каттың.
- Аялың мыкты болсо – бактың,
Аялың кыйды болсо – каттың.