Skip to content
- Чаккан – өлтүрөт, мактаган – жеткирет.
- Чакылдаган катынды үй чечкенде (кыз бергенде) көрөрбүз.
- Чакырганга барбаган, ымдаганга зар болот.
- Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
- Чакырылбаган конок, шыпырылбаган жерге отурат.
- Чала молдо дин бузат.
- Чапанчанга камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
- Чапкан сайын көз чыкпайт.
- Чапсаң – чарчарсың, желсең – жетерсиң.
- Чарчаган кулда жазык жок.
- Чачтарач менен сүйлөшсөң, устара менен кайрагын айтар.
- Чегирткеден корккон эгин экпейт.
- Чегирткенин алын көр, да канын сор.
- Чечен – чечен эмес, өкүм чечен.
- Чечендин – тили орток, чебердин – колу орток.
- Чирикке чымын үйүр.
- Чокой кийген бут куурайт, чогоолга тийген кыз куурайт.
- Чокум барда мал жокпу?
- Чоң аягыңды чоңго атап ич.
- Чоордоюн десем, чоорум жок.
- Чоркок киши төөнү жаза муштайт. Өнөрлүү тырмак менен казык уштайт.
- Чотко түштүң – отко түштүң.
- Чөбү жок деп жерден түңүлбө,
Малы жок деп эрден түңүлбө.
- Чөп көп жерде бука семирет,
Өлүк көп жерде молдо семирет.
- Чөп чыкпаган сайдан кач, кайыры жок байдан кач.
- Чөптөн жапыз, суудан тайыз.
- Чөптү кор көрсөң, көзгө зыян.
- Чубактын кунундай кууду.
- Чыгаша чыкпай, киреше кирбейт.
- Чыгашалуу малга ээси баш.
- Чыдабаганга чыда.
- Чыккан – мээнет, кирген – дөөлөт.
- Чыккан кыз чийден тышкары.
- Чыккан тооң бийик болсо, ыргыткан ташың ыраак түшөт.
- Чыкпаган аштыкка өтпөгөн орок.
- Чылпагың алам деп, көзүн чукуган.
- Чымындуу жерде курт күчөйт, ырымдуу жерде дарт күчөйт.
- Чындыкты танууга болбойт,
Достукту чанууга болбойт.
- Чырайды чылап ичпейт.
- Чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт.
- Чырдуу кыздын чыргоо жомогу ырбайт.
- Чырпыгы сынса сынсын, чынары сынбасын.
- Чырым этсе – көзгө пайда, чымчым ичсе – тамакка пайда.
- Чычкан – жойчу, түлкү – уучу.
- Чычканга түк бүткөн сайын калтырайт.