Skip to content
- Изденүү – ийгиликтин өбөлгөсү.
- Ийгиликтин эрте кечи жок.
- Ийилген башты кылыч кеспейт.
- Ийилгенге – ийилгин, атаңдан калган кул эмес.
Какайганга какайгын, падышанын уулу эмес.
- Ийлеп – ийлеп итке салба.
- Ийне көзүнөн сынат, чечен сөзүнөн сынат.
- Ийне өткөн жерден шоона да өтөт.
- Ийри жыгач түз болбойт.
- Ийри отурсаң да, түз сүйлө.
- Ийри отуруп түз кеңешүү.
- Илгери баатырлар көп болуптур,
Жомок болсо андан да көп болуптур.
- Илим – ийне менен кудук казгандай.
- Илим – окуу булагы, билим – өнөр чырагы.
- Илим башка жугат, кына ташка чыгат
- Илим өмүрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт
- Илкий – силкий жөө жүрүп, мен да өтөрмүн дүйнөдөн.
- Илээндинин малы көчкөндө жок болот.
- Иретсиз ишке ийгилик жок.
- Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
- Ит жадаса үрөт,
Адам жадаса – күлөт.
- Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
- Ит кабышып өлөт, наадан з_ҢлилҮ у<ув.
- Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
- Ит менен дос болсоң сөөк в_<_и_блч.
- Ит мурдуна суу киргенде сүзөт.
- Ит суусу мурдуна жеткиче сүзбөйт.
- Ит үрө берет – кербен жүрө берет.
- Ит эле болду Сарбагыш.
- Итенген сайын бир боорсок.
- Итке темирдин баркы жок.
- Итке темирдин кереги эмне.
- Итте жээн жок, букада кайын жок.
- Иттер чогулса жолборско да үрөт.
- Итти сыйласаң, килемге чычат.
- Итти эркелетсең да таягыңды таштаба.
- Иттин акмагы күндүз үрөт.
- Иттин ичине сары май жакпайт.
- Ичер ашы жок, үрөр ити жок.
- Ичи тар итине бок бербейт.
- Ичиң күйсө туз жала.
- Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат.
- Ичке жерден үзүлөт.
- Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
- Ичкилик арты – өкүнүч.
- Ичкиликке мактаныч жок, сактаныч бар.
- Ичкиликке тойгон энесин тааныбас.
- Ичтен чыккан ийри жылаан.
- Иш дегенде жата калган, сөз дегенде тура калган.
- Иш сүйгөн колдон тоо кулайт, иш качкан колдон куурай да сынбайт
- Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын.
- Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма.
- Иши жоктун ашы жок.
- Иши көңүлдүү болгондун, эгини түшүмдүү болот.
- Иши оңолордун ити чөп жейт.
- Ишин сүйгөн эр болот .
- Ишиң калганча ашың калсын.
- Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт.
- Иштеген темир чирибейт.
- Иштеген тиштейт, иштебеген тиштебейт.
- Иштеги киши карыбайт, карыса да арыбайт.
- Иштейсиң кулча – тиштейсиң байча.
- Иштесең көл болот, иштебесең чөл болот.
- Иштесең тиштерсин.