Skip to content
- Мааниси жок кудагый, чолосу жок сөз сүйлөйт.
- Мага да кезек келээр.
- Май кармаган бармагын жалайт.
- Майга чымын чогулат.
- Майдадан – чоң курулат, учкундан – жалын тутанат.
- Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз.
- Мактаган кыз тойдо осурат.
- Макулук болмок – өлмөк бар.
- Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы.
- Мал ээсин тартпаса арам өлөт.
- Малдын төлүн күзүндө сана.
- Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө.
- Малың барлда баары дос, малың жокто кана дос?
- Мансапка мас болгон, «көлгө көпүрө салам», – дейт.
- Маселени кабыргасынан койгон.
- Мастан жинди качып кутулуптур.
- Меймандын тогу жакшы.
- Мейманыңдын көзүнчө мышыгыңды мыш! дебе.
- Мекендин кадыры башка жерден билинет
- Менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес.
- Менин колума да карга чычаар.
- Миң сөз айтканча, бир иш кыл.
- Молдонун боз үйүнөн жети өгуздүн башы табылат.
- Молдонун өзү тойсо да, көзү тойбойт.
- Молдонун сакалы ак, бирок санаасы кара.
- Момундун ишин теңир мактайт.
- Музоо уурдаган өгүздү уурдайт.
- Мурду менен бир тийген.
- Мурдунан эшек курту түшө элек.
- Мурдуңа ченеп бышкыр.
- Мурун кыйкырган короздун башы кетет.
- Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озуптур.
- Мууну-жүүн бошотуп,
Арык кылган убайым.
- Мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган.
- Мыдыр эткен жан жок.
- Мылтык болбой, ок болбойт.
- Мышык этке жетпей, сасык дейт.
- Мышыкка – оюн, чычканга – ажал.
- Мышыкка – оюн, чычканга өлүм.
- Мээнет болбой, дөөлөт жок.
- Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.