Skip to content
- Обозгер жакшы – кан жакшы, катын жакшы – эр жакшы.
- Оболу өзүң оңол, сөздөрүң өтүмдүү болот, андан соң башканы оңо, айланып кадыр-барк конот.
- Обу жок катын оорсок уй саайт.
- Обу жок катын секирип сийет.
- Обу жок кек сактап жүргөндөн түңүл,
Орунсуз жасалма күлгөндөн түңүл.
- Озунган таз бөрк алат
- Озунган утат.
- Ой – сөздүн сандыгы .
- Ойду омкоруп, тоону томкоргон
- Ойноп сүйлөсөң дагы ойлоп сүйлө.
- Ойнош оттон ысык, эгер калса – боктон сасык.
- Ойчул оюна жеткиче, тобокел барып келиптир.
- Ок жарасынан дагы сөз жарасы жаман.
- Окуган – жарык, окубаган – караңгы.
- Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.
- Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы.
- Окшошконго мушташкан.
- Онтоткон – оору, мөгдөткөн – кары.
- Оң колуңдун ачуусу келсе сол колуң менен бас.
- Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук.
- Оңолуунун жолу бир, бузулуунун жолу миң.
- Ооз деген дарбаза, чыга берет аңдыса.
- Оозу ашка тийгенде, тумшугу ташка тийди.
- Оозу күйгөн үйлөп ичет.
- Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн.
- Оозу менен орок оруп – буту менен машак терет.
- Оозуна сала берген.
- Оозунан кулаган турбайт, бутунан кулаган турат.
- Оозунан сөзү түшкөн.
- Оозуңду тыйсаң, алыска жашайсың.
- Оорду жеңбей жеңил жок, кыйынды көтөрбөй жеңил жок.
- Оору – миң, ден соолук – жалгыз.
- Оору кайда болсо, жан ошол жерде.
- Оору калса да, адат калбайт.
- Оору кишиге дары керек, соо кишиге баары керек.
- Оорулуу өлбөйт, ажалдуу өлөт.
- Оорусун жашырган өлөт, боорун жашырган бөлүнөт.
- Оорууну жашырса, өлүм ашкере кылат.
- Ооруунун алын сурасаң – айыкканга тете.
- Орок оро албаган орок тандайт, саялбаган ийне тандайт.
- Осмо кетет, каш калат, Оомай кетет, баш калат.
- Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат.
- От түтүнсүз болбос, жигит жазыксыз болбос.
- Отко келген катындын, отуз ооз сөзү бар.
- Отту үйлөп күйгүзсө, сөздү сүйлөп күйгүзөт.
- Отуз өлчөп, бир кес – он жолу ченеп, бир жолу кес.
- Отуз тиштен чыккан сөз – отуз уруу элге тарайт.
- Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас.
- Отун – отко, очок – казанга.
- Отун албаганга – от жактырба.
- Отурган киши ойлонгуча, баскан киши мал табат.
- Отурган кыз орун алат.
- Оюндан от чыгат.